ӨЛКӨНҮН ДАҢКЫН ЧЫГАРГАН ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР
- 22.12.2025
- 0
Жыл сайын Кыргызстандан математика, биология, физика, химия жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга зээндүү окуучулар тандалып алынат. Алар аталган предметтер боюнча өткөрүлгөн улуттук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча аныкталат. Быйыл сентябрь-декабрь айларынын ичинде эле интеллектуалдар 13 алтын, 12 күмүш жана 19 коло медалдын ээси болушту.

Билимдүүнүн колу узун
Билим олимпин багындырган акылдуу, таланттуу, зирек окуучулар биринин артынан бири алтын, күмүш жана коло медалдарды олимпиаданын кутучасына толтуруп келишет. Тилекке каршы, интеллектуалдардын ийгилигине тиешелүү мекемелер менен жакындары гана сүйүнбөсө, жалпы коомчулук негедир кайдигер.
Агартуу министрлиги жыл сайын мектеп окуучулары үчүн республикалык, улуттук олимпиадаларды өткөрүп келет. Республикалык олимпиада 12 предметтен, ал эми улуттук олимпиада беш предметтен сынак жүргүзөт. Бул олимпиадалардын жыйынтыгынын негизинде мектеп окуучулары эл аралык олимпиадага жолдомо алат. Так ушул эл аралык сынакты Агартуу министрлиги каржылайт. Ал эми калган эл аралык олимпиадага катышып жаткандарды министрлик каржылабаганы менен дайыма аларды эсепке алат. Окуучулар математика, информатика, физика, химия, биология предметтеринен ар түрдүү эл аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келаткандары баарыбызды кубантат. Маселен, өткөн 2024-жылдын алты айында эле 9 алтын, 38 күмүш, 57 коло медаль алуу менен Кыргызстандын даңкын чыгарып, желегин бийик желбиретип келишсе, быйыл сентябрь-декабрь айларынын ичинде эле интеллектуалдар 13 алтын, 12 күмүш жана 19 коло медалга ээ болушту.
Кыргызстандын тарыхында математика боюнча биринчи алтындын ээси МИТке өттү
Өткөн окуу жылына көз чаптырсак, Кыргыз Республикасынын математика боюнча курама командасы Улуу Британияда өткөн 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээлеген. Министрлик каржылап, жөнөткөн таланттуу окуучулар бир алтын, үч күмүш жана эки ардак грамотага татыктуу болушту эле.
Кыргызстандын тарыхында акыл олимпиадасынын катышуучулары триумф менен келишкен болчу. Менмен деген өлкөлөрдүн колунан болгондо да математикадан алтын медалды жулуп кетүү – өлкө үчүн баа жеткис окуя экенин учурунда жазганбыз. Кыргызстанды сыймыкка бөлөгөн Назар Киргизбаев тээ 2-классынан баштап эле математикага кызыгуусу арткан окуучу болчу, ал 6-класста геометрия боюнча Иранда өткөн сынакка катышып, күмүш медалды жеңип алган. Ал быйыл MIT университетине тапшырып, кабыл алынды.
Назар Киргизбаев №61 гимназиянын бүтүрүүчүсү. Кыргыздын акылдуу жигити дүйнөдөгү алдыңкы техникалык окуу жайлардын бири — Массачусетс технологиялык институтуна (MIT) кабыл алынды.

Назардын жетишкендиги тынымсыз эмгектин, таланттын жана системалуу даярдыктын жемиши. Эл аралык олимпиадалардагы жогорку жыйынтыктар жана күчтүү академиялык база ага дүйнөдөгү эң белгилүү окуу жайлардын бирине жол ачты. Назарды бул көрүнүктүү жетишкендиги менен куттуктайбыз жана окуусуна ийгиликтерди каалайбыз!
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан 1993-жылдан бери (32 жолу) дүйнөлүк математика боюнча олимпиадада катышып, жалпысынан 1 алтын, 4 күмүш, 12 коло медаль жана 57 ардак грамотасын алып келатат. Спортчулардан кем эмес Кыргызстандын желегин желбиретип, даңкын чыгарып келаткан окуучулар жылда улуттук олимпиаданын лагеринде даярданышат.
Ийгиликтер арбын
Быйыл окуучулар XVII Евразиялык информатика олимпиадасынан жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Кыргызстандын командасы 6 алтын, 9 күмүш, 6 коло медаль жана 3 катышуу сертификатына ээ болду.

Олимпиада 2025-жылдын 15–16-декабрында Казакстандын Алматы шаарында өтүп, ага 200дөн ашуун окуучу катышкан. Кыргызстанды бул таймашта 24 окуучу өкүлчүлүк кылды. Ал эми Президенттик “Акылман” лицейинин окуучулары 2025-жылдын 17-октябрында онлайн форматта Иранда өткөн геометрия боюнча олимпиадада (IGO) ийгиликтүү катышып, 1 күмүш, 1 коло медалга татыктуу болушту.
7–12-класстын окуучуларына арналган бул престиждүү сынакка 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Junior-лигада “Акылман” лицейин 7–8-класстын окуучулары, т.а. 8-класстын окуучусу Абдигапаров Баязет коло медалды, ал эми Ахунбаев Алихан күмүш медалды багынтышты.

Ирандык геометриялык олимпиада (IGO) катышуучуларга төрт деңгээлде татаал тапшырмаларды аткарууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл ой жүгүртүүнү, логикалык аналитикалык жөндөмдү жана геометриялык түшүнүктөрдү тереңдетүүнү өбөлгөлөйт.
Уюштуруучулардын айтымында, IGO геометрия боюнча билимди тереңдетүүгө чоң салым кошот. Геометрия математика, инженерия, архитектура, физика жана информатика сыяктуу тармактар үчүн негизги багыт болуп саналат. Мындан сырткары кыргызстандык окуучулар Омар Хайям атындагы математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 10 медаль, 2 ардак грамота жеңип алышты. Олимпиада 2025-жылдын 5-9-ноябрында Душанбе шаарында өтүп, ага 8 өлкөдөн 96 окуучу катышты.
Кыргызстандын командасы олимпиаданын жыйынтыгында 10 медаль жеңип, 1-орунду ээледи. Алсак, математикадан (кенже категория, 7–8-класстар) Акимов Ариет, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль; Саят Арлан, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль; Жаратов Нурмухаммед, ОК «Маариф» — коло медаль; Турганбеков Артык, СОШ №61 — ардак грамота. Математика боюнча (жогорку категория, 9–11-класстар) Акенеев Тимур, «Газпром Кыргызстан» мектеби — коло медаль; Мусаходжаев Султан, ОК «Маариф» — коло медаль (Тренерлер: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол, Аманов Айбар, Эльчибек кызы Кундуз) Шакиралиев Адилет, Академия Купуева — ардак грамота (Тренер: Абдураимов Шумкарбек); Сапарбеков Умар, лицей Жайыл Баатыра «Сапат» — катышуу (Тренер: Байбаев Сусарбек). Информатика боюнча (кенже категория, 7–8-класстар) алсак: Эмирхан Сыдыкбаев, «Газпром Кыргызстан» мектеби — күмүш медаль (Тренер: Евгений Кичак); Бектен Абдувалиев, International School of Kyrgyzstan — коло медаль (Тренер: Мирбек Бакиров); Айназик Джусупова, Intellect Pro School — катышуу; Ырысбаев Эмир, Intellect Pro School — катышуу (Тренер: Медербек Осмонов). Информатика (жогорку категория, 9–11-класстар) боюнча Рамазан Мананов, Сейтек STEM мектеби — алтын медаль; Али Арапов, Сейтек STEM мектеби — күмүш медаль. Ошондой эле Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы командалык эсепте 1-орунду ээлеп, гран-при —Хайям кубогун, «Рубайят Хайяма» китебин жана 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушту.
KhIMIO – бул таланттуу мектеп окуучулары үчүн илимий жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө, жаш таланттарга дем берүүгө жана математика жана информатика жаатында эл аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган инновациялык эл аралык олимпиада. Кыргызстандык таланттуу окуучулар Stars of Informatics 2025 эл аралык информатика боюнча олимпиадада дагы командалык эсепте беш медаль жана үч ардак грамотага ээ болушту. Тагыраагы, алтын медаль – Рамазан Мананов (“Сейтек STEM” мектеби); күмүш медаль – Абдуллахан Абдирасулов (“Сейтек STEM” мектеби); коло медаль – Саид Джаникеев (“Сейтек STEM” мектеби), Ахмад Алахунов (“Кут Билим” окуу-тарбия комплекси), Актан Мавлянов (“Intellect Pro School” мектеби); ардак грамота – Бектен Абдувалиев (“Ош International School”), Эмирхан Сыдыкбаев (“Газпром Кыргызстан” мектеби), Азирет Исраилов (“Intellect Pro school” мектеби).

Олимпиада ушул жылдын 17–19-октябрында онлайн өтүп, ага 11 өлкөдөн 120дан ашуун окуучу катышты. Ал эми Италиянын Удине шаарында 2025-жылдын 25-сентябрынан 1-октябрына чейин өткөн XXXII Балкан информатика олимпиадасына (BOI 2025) 16 өлкөдөн (Албания, Босния жана Герцеговина, Болгария, Кипр, Греция, Италия, Молдова, Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Словения, Түркия, Кыргызстан, Сауд Арабиясы, Швейцария, Украина) жетимиштен ашуун окуучу катышты.
Кыргызстандын намысын коргогон команда тарыхый ийгилик жаратып, 2 алтын жана 2 коло медаль жеңип алды.
Жыйынтык төмөнкүдөй болду: алтын медаль – Алихан Айдарбеков (Сейтек STEM мектеби, 12-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов; Ян Бобрус (Газпром Кыргызстан мектеби, 10-класс), даярдаган тренери Медербек Осмонов. Коло медаль – Нурислам Карыпжанов (Ч. Айтматов Сапат лицейи, 11-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов; Рамазан Мананов (Сейтек STEM мектеби, 10-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов.
Натыйжада, Кыргызстандын командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. 1-орунду Румыния (2 алтын, 2 күмүш) алды. Мындан тышкары, Алихан Айдарбеков жеке жыйынтыкта олимпиаданын эң күчтүү үчтүгүнө кирди.
Бул натыйжа Кыргызстан үчүн рекорддук көрсөткүч. Кыргызстандын командасы 2023-жылы бир гана коло медаль алган. Бул ийгилик Кыргызстандын билим берүүсүнүн, айрыкча, STEM багыттарындагы жогорку деңгээлин далилдеп, жаштардын дүйнөлүк деңгээлде ийгиликтерге жетише аларын көрсөттү.
Командалар кандай тартипте тандалат?
Агартуу министрлиги окуучулардын атаандаштыгын өстүрүү жана эл аралык олимпиадага мыктынын мыктысын тандап алуу максатында жыл сайын улуттук олимпиададан алдыңкы орундарды алган окуучулары тандоодон өтүп, март айынан баштап олимпиадалык борборлордо тренерлер эл аралык сынактын талабына жооп бере турган тапшырмалар менен балдарды даярдап башташат. Алардан сырткары өткөн жылы IMO, IBO, IOI, IPhO, IchO боюнча эл аралык олимпиадаларга катышкан жана ийгиликке жетишкен окуучулар дагы олимпиаданын республикалык этабына катышуу менен тандоо туруна бара алышат. Тандоо турунда мыкты көрсөткүчтү берген окуучулар квотага жараша тандалат.

Чындыкты айтып коюу керек, жыл сайын эле эл аралык олимпиадага барган окуучулардын токсон пайыздан ашыгын эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси менен №61 лицейдин окуучулары түзөт. Быйылкы зирек окуучулардын тизмесине көз чаптырып көрөлү: «Сейтек STEM» мектебинин окуучулары Алихан Айдарбеков, Мананов Рамазан, Абдирасулов Абдуллахан, Арапов Али, Жаникеев Саид, №61 мектептен Филиппов Андрей, Базаркулов Айтегин, “Газпром Кырызстан” — Сыдыкбаев Эмирхан, Саят Арлан, Акимов Ариет ж.б.
Эл аралык олимпиадага бара турган командаларды түзүү жана даярдоо республикалык олимпиаданын 4-этабы аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын уюштуруу комитети, методикалык комиссия жана калыстар тобу түзүлөт. Уюштуруу тобунун, методикалык комиссиянын курамы Агартуу министрлиги тарабынан бекитилет. Методикалык комиссиянын жана калыстар тобунун курамына эл аралык олимпиадага катышып жүргөн, тажрыйбасы бар, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, илимий-педагогикалык институттардын кызматкерлери кирерин айтып коюу парз.
Предметтер боюнча калыстар тобун министрлик жыл сайын тандоо туруна үч күн калганда бекитет. Жумушчу топтун ар бир мүчөсү компетенттүүлүктү, объективдүүлүктү, ачыктыкты жана кесиптик этиканын нормаларын сактоого милдеттүү. Эгерде алар кандайдыр бир тартип бузууларга барышса, жумуштан бошотулууга чейин барышат.
Адистердин айтымында, тандоо турунун тапшырмалары эл аралык олимпиаданын талаптарына ылайык түзүлөт. Сынак жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Окуучулар бөлүнгөн убакытта берилген тапшырманы аткарып бүтүүгө тийиш. Иштер дароо калыстар тобуна өткөрүлүп берилет. Ар бир тапшырманы балл менен баалашат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер