ЛЕГЕНДАРЛУУ №5: 100 ЖЫЛДЫК ЖОЛУ ЖАНА САНАРИПТИК КЕЛЕЧЕГИ

  • 30.09.2026

Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине 100 жыл толду. Гезитибиздин бул санында легендарлуу мектеп-лицейдин тарыхына, бүгүнкүсүнө жана келечегине кадам таштап, анда билим алган, иштеген жана жетектеген көрүнүктүү инсандардын ой толгоолорун сунуштайбыз.

ЛЕГЕНДАРЛУУ №5: 100 ЖЫЛДЫК ЖОЛУ ЖАНА САНАРИПТИК КЕЛЕЧЕГИ

Менин мугалимдик тушоом №5тен кесилген

Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти

ЛЕГЕНДАРЛУУ №5: 100 ЖЫЛДЫК ЖОЛУ ЖАНА САНАРИПТИК КЕЛЕЧЕГИ

1960-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Пограничник орто мектебин бүтүрүп, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физика-математика факультетинин физика бөлүмүнө окууга кирдим. Үчүнчү курска келгенде өзүбүздүн каалообуз боюнча бизди үч адистикке бөлүштүрүшкөн: теориялык физика, эксперименталдык физика жана физика мугалими. Мен бир нече курсташтарым менен акыркы топту тандап алгам. Мында адистикке даярдануунун негизги багыттарынын бири — педагогикалык практика болуп эсептелет. 1963-1964-окуу жылында Фрунзедеги №3 мептепке (азыркы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп) практикага бардык. Жетекчибиз азыркы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын физика кафедрасынын ага окутуучусу Самудинов Садатбек, физика мугалими Сапарбек Жумабаевдер эле. Булар кийин педагогика, физика жана математика илимдеринин кандидаттары болушту. Институтта, университетте чогуу иштедик.

1964-1965-окуу жылында 1-сентябрдан 31-декабрга чейин айтылуу №5 мектепке педагогикалык практикага бардык. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Михаил Рудаков илимий жетекчибиз, профессор Ташмат Карашев агайыбыз менен бирге бизди кабыл алды. Кыргызча таптак сүйлөп, улгайып калганына карабай ийкемдүү кыймылдап, өзүнүн ички маданиятынын жогору экендигин сылык-сыпаа гана көрсөтүп койду.  Мени 9-класска бөлдү. Физика мугалими Зуура Эстебесова экен. Калган курсташтарымды Окен Сулайманова, Ысыкеева, Т.Исмаиловдун кол алдына тапшырышты. Ошентип 4 ай ичинде 4 тогузунчу класска физикадан сабак өттүм. З. Эстебесова эже өтө токтоо, физиканы, адамдын апсихологиялык абалын туура түшүнгөн инсан эле. Сентябрдын аяк ченинде жубайы, белгилүү жазуучу Узакбай Абдукаимов каза болуп, класстагы иштердин баарын өткөрүүгө туура келди. Ошол жерден мугалимдик кесипке багыт алып, балдар менен иштегенге көнүп, чынында эле мугалимдик кесибиме жол ачылды десем болот.

Мен көргөн физика мугалимдеринин жубайлары да тегин адамдар эмес экен. Алсак Окен Сулайманованын күйөөсү Өмүралиев Ашымкан экономика илимдеринин доктору, профессор, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин кафедра башчысы болуп иштеп келген. Ал эми Ш. Ысыкееванын күйөөсү азыр мектеп атын алып жүргөн, экономика илимдеринин доктору, профессор Айдаркан Молдокулов эле. Бул эжейлерим өтө жөнөкөй, билимдүү, маданияттуу, билгиликтүү инсандар болушкан. Ар дайым ал-ахыбалды сурап, кеңештерин берип турушкан. Мугалимдердин кеңештеринде, педагогикалык окууларда, конференция-семинарларда, окуучулардын олимпиадаларында дайыма жолугушуп, пикир алышып жүрдүк. Менин мугалимдик иштеги тажрыйбама ушул эжелердин тийгизген оң таасирин эч качан жашыра албайм.

Ошол жылдары 9-класста окугандардан Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байтобетов, эмгек сиӊирген мугалим, Бишкектеги № 80 орто мектептин директору – физик Баимбетова Амантай, физика-математика илимдеринин кандидаты Султангазиев Адылбек жана башка элибизге таанымал инсандар чыккан.

Окен Сулайманова профессор М.Койчуманов менен биргелешип физика боюнча 10-класстын окуу китебин даярдоого катышты. Ал китеп өзбек тилине да которулган. Ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын кызматкерлери менен бирдикте бир нечелеген окуу китептерин, методикалык көрсөтмөлөрдү даярдоого катышкан. Мисалы, “Астрономия боюнча окуу куралы”, “Физика боюнча маалыматтама”, “Азыркы табият таануунун концепциялары”, “Физиканын тарыхынын кыскача курс” ж.б.

№5 мектептин кийинки өсүп өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон Ниязовдун эмгегин эске албай коюуга болбойт. Андан мурда, андан кийин да иштеген мугалим-педагогдорго, жетекчилерге терең ыраазычылык билдиребиз. Чынында эле Кыргызстанда таалим-тарбиянын илимий-педагогикалык уңгужолу №5 мектептен башталат десек ашыкча болбойт. Юбилейиңер кут болсун! Өркөнүңөр өссүн!

Системалуу жаңылануу жана санариптик трансформация мезгили

Муратбек КАСЫМАЛИЕВ, 2017–2023-жылдары мектептин директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

ЛЕГЕНДАРЛУУ №5: 100 ЖЫЛДЫК ЖОЛУ ЖАНА САНАРИПТИК КЕЛЕЧЕГИ

Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейин 2017–2023-жылдары башкарган алты жыл мен үчүн мектептин даңктуу салттарын сактоо менен катар заманбап билим берүү моделине ырааттуу өтүүнүн жооптуу мезгили болду. Негизги максат — мектепти жөн гана техника менен жабдуу эмес, окутуунун мазмунун, педагогикалык технологияларды, санариптик ресурстарды, башкаруу системасын жана мугалимдин кесиптик өнүгүүсүн бириктирген бүтүндүү билим берүү чөйрөсүн түзүү эле.

Бул мезгилдин негизги көрсөткүчтөрү: 92 электрондук окуу китеби даярдалды; 165 компьютер жана ноутбук менен жабдылды; 4 компьютердик класс толук жаңыланды; 80 видеокөзөмөл камерасы орнотулду; республика боюнча 210 сааттык видеосабак берүү уюштурулду; билим сапаты 59%дан 66%га чейин жогорулады; ЖРТдагы эң жогорку көрсөткүч 210 баллга жетти.

  1. Мектептин жаңы статусу жана стратегиялык өнүгүүсү

2017–2018-окуу жылында мектептин бирдиктүү педагогикалык жана илимий-усулдук темасы — «Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн орто мектепте билим берүүчү маалыматтык чөйрөнү калыптандыруу» деп аныкталды. Анын негизинде стратегиялык максаттар иштелип чыгып, мектеп ичиндеги көзөмөл системасы жолго коюлду жана өнүгүүнүн конкреттүү багыттары белгиленди: окуу процессин санариптештирүү, профилдик окутуу, педагогикалык кадрлар менен иштөө, таланттуу окуучуларды колдоо жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо.

Өзгөчө тарыхый чечим катары КР Премьер-министринин 2019-жылдын 4-мартындагы №98 буйругу менен профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияга «Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи» макамы берилди. Бул мектептин математика, физика, информатика, химия жана биология предметтерин тереңдетип окуткан алдыңкы билим берүү мекемеси катары ордун бекемдеди, мындан аркы инновациялык өнүгүүгө негиз түздү.

2022-жылы мектепти өнүктүрүүнүн 2022–2027-жылдарга карата кийинки беш жылдык этабы даярдалды. Анын темасы «Базистик окуу планындагы предметтер боюнча окуу-методикалык комплекстердин электрондук варианттарын өркүндөтүү менен билим сапатын жогорулатуу» деп белгиленди. 2022–2023-окуу жылында даярдоо этабы башталып, предметтик кафедралар өздөрүнүн изилдөө темаларын жана иш пландарын аныкташты, ал эми электрондук ресурстар олимпиадага жана ЖРТга даярдоочу материалдар менен толуктала баштады.

  1. Санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү

Санариптик трансформация 2017-жылдын ноябрь айында SunRav маалыматтык системасын киргизүүдөн башталды. Директор жана информатика мугалими катары педагогдор үчүн электрондук окуу китептерин түзүүгө арналган атайын курстарды жеке өзүм уюштуруп, өткөрдүм. Чакырылган IT-адистер жана мектептин мугалимдери менен биргеликте электрондук окуу ресурстарынын бирдиктүү түзүмү иштелип чыкты: окуу китебинин тексти, презентациялар, аудио жана видеоматериалдар, практикалык тапшырмалар жана өзүн-өзү текшерүүчү тесттер.

2018–2019-окуу жылында 20 электрондук окуу китеби түзүлсө, 2019–2020-окуу жылында алардын саны 42ге, ал эми 2021-жылга карата 92ге жетти. Бул материалдар негизги предметтерди жана класстарды камтып, Кыргызтелекомдун серверине жайгаштырылды жана мектеп-лицейдин окуучуларына гана эмес, интернет аркылуу аймактардагы мектептерге да жеткиликтүү болду. Жеке өзүм даярдаган автордук материалдардын арасында 5- жана 6-класстар үчүн информатика боюнча электрондук окуу китептери жана усулдук ресурстар да бар.

Ошол эле учурда «Электрондук мектеп» системасы киргизилди. 2019–2020-окуу жылында «ЭлЖур» электрондук журналы жана электрондук күндөлүк апробациядан өтүп, 2020–2021-окуу жылынан тартып «ЯКласс» платформасы окуу процессинде кеңири колдонулду. Платформага кыргыз тилиндеги 63 электрондук окуу ресурсу киргизилди. Мугалимдер тапшырма берүү, жыйынтыктарды автоматтык текшерүү жана электрондук журнал жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, ал эми окуучулар материалдар менен өз алдынча иштеп, натыйжаларын дароо көрө алышты. Мектептин www.ncg.kg расмий сайты түзүлдү.

  1. Материалдык-техникалык базаны жана коопсуздукту чыңдоо

Санариптик долбоорлордун туруктуу иштеши үчүн инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулду. «Газпром Кыргызстан» компаниясынын колдоосу менен 2018-жылы мектепке 20 компьютер алынып, мультимедиалык лаборатория ачылды. Кийинки жылдары компьютерлердин жана ноутбуктардын жалпы саны 165ке жетти. 2021–2022-окуу жылында 2010-жылдан бери колдонулуп келген төрт информатика кабинетинин эски жабдуулары толугу менен жаңы компьютерлерге алмаштырылды.

Мектеп Кыргызтелеком жана Home Line компанияларынын бир нече жогорку ылдамдыктагы оптикалык-була байланыш линияларына кошулду. Интернет тармагын, санариптик ресурстарды жана видеокөзөмөл системасын тейлеген өздүк сервердик борбор түзүлдү. «Коопсуз мектеп» долбоорунун алкагында 2018–2019-окуу жылынан тартып турникеттер ишке киргизилди. 2019–2020-окуу жылында алгачкы 32 видеокамера орнотулуп, 2021–2022-окуу жылына карата алардын саны 80ге жеткирилди. Бул коопсуздукту күчөтүүгө, жалпы аймактарды көзөмөлдөөгө жана окуу процессин уюштуруунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.

  1. Билим сапаты жана олимпиадалык жетишкендиктер

Технологияларды жаңылоо билим сапаты боюнча системалуу иштер менен коштолду. Мектепте окуу жылынын башындагы, чейректик жана жылдык диагностикалык иштер, компьютердик жана электрондук тестирлөө, административдик көзөмөл, класстар жана предметтер боюнча жыйынтыктарды талдоо жүргүзүлүп турду. Натыйжалар педагогикалык кеңештерде жана директор алдындагы кеңешмелерде каралып, окуучуларга даректүү жардам көрсөтүү жана мугалимдерге усулдук колдоо берүү чаралары аныкталды.

Мектептик отчётторго ылайык, билим сапатынын жалпы көрсөткүчү 2017–2018-окуу жылындагы 59%дан 2020–2021-окуу жылында 66%га чейин жогорулады. «Алтын тамга» артыкчылык белгисин тастыктап, артыкчылык аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн саны 2018–2019-окуу жылындагы 3 окуучудан 2020–2021-окуу жылында 9 окуучуга чейин өстү. ЖРТнын эң жогорку жыйынтыгы 197 баллдан 210 баллга чейин көтөрүлүп, 190 баллдан жогору алган окуучулардын саны 7ден 18ге жетти.

Предметтик ийримдердин жана атайын курстардын тармагы кеңейтилип, олимпиадаларга жана ЖРТга максаттуу даярдоо уюштурулду. Мектептин окуучулары кыргыз жана орус тилдери, физика, химия, биология, география, информатика жана чет тилдер боюнча райондук, шаардык жана республикалык олимпиадаларда жыл сайын байгелүү орундарга ээ болушту. Өзгөчө жетишкендиктердин катарына биология жана немис тили боюнча республикалык олимпиадалардагы байгелүү орундар, ошондой эле 2022-жылы Гёте институту уюштурган олимпиададагы бир биринчи жана эки үчүнчү орун кирет.

  1. Пандемия шарттарындагы ыкчам аракеттер

COVID-19 пандемиясы бүтүндөй билим берүү системасы үчүн олуттуу сыноо болду. Алдын ала түзүлгөн санариптик инфраструктуранын аркасында мектеп 2020-жылдын 8-апрелинен тартып аралыктан окутууга ыкчам өтө алды. Сабак өтүү жана кайтарым байланыш уюштуруу үчүн Google Classroom, «Мультиурок», «ЯКласс», Zoom жана башка санариптик куралдар колдонулду. Электрондук окуу китептери менен электрондук журнал окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжаларды көзөмөлдөөнү камсыз кылды.

Мектептин педагогдору республикалык аралыктан билим берүү системасына да салым кошушту. 2020/2021-окуу жылында 33 мугалим ЭлТР телеканалы үчүн кыргыз тили, математика, физика, химия, информатика, тарых, дене тарбия жана башталгыч мектептин предметтери боюнча жалпы 210 сааттык видеосабактарды даярдашты. Бул сабактар республиканын бардык мектеп окуучулары үчүн көрсөтүлдү.

  1. Педагогикалык жамаатты өнүктүрүү жана келечек

Бул мезгилдин негизги жыйынтыктарынын бири катары педагогикалык жамааттын кесиптик өсүшүн белгилейм. Мугалимдер электрондук окуу китептерин жана портфолиолорду түзүүнү, электрондук журнал, аралыктан окутуу платформалары, презентациялар, видеоматериалдар жана санариптик тесттер менен иштөөнү өздөштүрүштү. Мектеп ичинде курстар, усулдук семинарлар, ачык сабактар, предметтик декадалар жана вебинарлар өткөрүлүп турду. Санариптештирүү өзүнчө долбоор болбостон, күнүмдүк педагогикалык иштин ажырагыс бөлүгүнө айланды.

2022-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте «Санариптик трансформациялоо процессинде мектептик билим берүүнүн сапатын көтөрүү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Ага кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулар, жогорку окуу жайларынын, жалпы билим берүүчү мектептердин жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары, аспиранттар, магистранттар жана изилдөөчүлөр катышты. Конференция мектеп менен жогорку окуу жайларынын кызматташуусун бекемдеп, топтолгон тажрыйбаны жайылтуучу маанилүү аянтчага айланды.

Мезгилдин жыйынтыгы

2017–2023-жылдардын башкы жыйынтыгы — мектепте инновациялык өнүгүүнүн бүтүндүү системасынын калыптанышы болду. Мекеменин статусу жана стратегиясы жаңыланып, кыргыз тилиндеги электрондук билим берүү ресурстарынын олуттуу фонду түзүлдү, окууну башкаруунун санариптик куралдары киргизилди, техникалык жана коопсуздук инфраструктурасы чыңдалды, билим берүү көрсөткүчтөрүнүн өсүшү камсыздалып, таланттуу окуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди.

Бул жетишкендиктердин бардыгы мугалимдердин, директордун орун басарларынын, техникалык адистердин, окуучулардын, ата-энелердин жана мектептин өнөктөштөрүнүн биргелешкен эмгегинин натыйжасы болду. Директор катары менин милдетим — бирдиктүү багытты аныктоо, жамаатты жалпы максаттын айланасына бириктирүү жана легендарлуу № 5 мектептин салттарын заман талабына ылайык улантууга шарт түзүү эле. Бул жылдары түптөлгөн негиз мектептин жүз жылдык тарыхынын маанилүү бөлүгүнө айланып, анын мындан ары өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты деп эсептейм.

Кылымдык тажрыйба: инновация жана улуттук нарк

Жайнак ИБРАГИМОВ, профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору

ЛЕГЕНДАРЛУУ №5: 100 ЖЫЛДЫК ЖОЛУ ЖАНА САНАРИПТИК КЕЛЕЧЕГИ

Урматтуу агай-эжелер, кадырлуу ардагерлер, бүгүнкү жана мурдагы бүтүрүүчүлөр!

Жүз жыл — адамзат тарыхында бир кылым. Ал эми мектеп үчүн жүз жыл — миңдеген тагдырлар, муундан муунга өткөн билим, тарбия жана үмүт-кыялдар. Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык мааракеси — өткөнгө таазим кылып, келечекке жаңы багыт аныктай турган сыймыктуу белес.

 

Мектептин чыныгы тарыхы анын дубалдарында эмес, мугалимдеринде, окуучуларында жана коомго берген инсандарында жашайт. Ушул билим уясынан өлкөнүн ар кыл тармагында эмгектенген мыкты адистер, илимпоздор, педагогдор, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, инженерлер, дарыгерлер, чыгармачыл инсандар өсүп чыгышты. Демек, мектеп муундарга билим менен бирге эмгекчилдикти, жоопкерчиликти, мекенчилдикти жана адамдык наркты мурастап келди.

Заман, коом жана технология өзгөрдү. Бирок мектептин эң башкы миссиясы өзгөргөн жок: адамга билим берүү жана инсанды тарбиялоо. Бул улуу милдетти кылым бою аркалап келген мугалимдерге терең таазим этебиз. Анткени мектептин тарыхын кагаздар эмес, мугалимдин эмгеги жазат. Ар бир берилген сабак, ар бир айтылган сөз, ар бир окуучуга болгон ишеним — анын келечегине салынган инвестиция деп кабыл алышыбыз керек.

Бүгүнкү мектептин ийгилиги — окуучунун жетишкендиги менен гана эмес, мугалимдин кесипкөйлүгү, ата-эненин колдоосу жана жалпы жамааттын биримдиги менен өлчөнөт. Республикалык жана дүйнөлүк олимпиадалардагы ийгиликтерибиз — ушул биргелешкен эмгектин жемиши. Ар бир медаль, ар бир диплом — бир окуучунун гана эмес, бүтүндөй мектептин жеңиши.

Келечектеги мектеп — билимдин борбору, инновациянын лабораториясы жана коомдун интеллектуалдык өзөгү болууга тийиш. Өткөн муун бизге калтырган бул улуу мурасты жаңы доордун талаптарына ылайык улантуу — биздин ыйык милдетибиз!

ЛЕГЕНДАРЛУУ №5: 100 ЖЫЛДЫК ЖОЛУ ЖАНА САНАРИПТИК КЕЛЕЧЕГИ

«Улуттук инновациялык технологиялар» деген аталыш биз үчүн жөн гана ат эмес, чоң жоопкерчилик. Биз заманбап технологияны максат эмес, билим берүүнүн сапатын арттыруучу күч катары көрүшүбүз керек. Бизге технологияны жөн гана колдонгон эмес, аны түшүнгөн, туура пайдаланган жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жарата алган мектеп керек.

Ошондуктан алдыдагы жылдарда биздин негизги багытыбыз — билим сапатын жогорулатуу, мугалимдин кесиптик өсүшүнө шарт түзүү, санариптик жана инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, окуучулардын изилдөөчүлүк, инженердик, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана ар бир баланын талантын ачууга багытталган чөйрө түзүү.

Менин көз карашымда, келечектеги мектеп — билимдин борбору, инновациянын лабораториясы, мугалимдин кесиптик өсүү аянтчасы, окуучунун мүмкүнчүлүк мейкиндиги жана коомдун интеллектуалдык борбору болууга тийиш.

Өткөн муун мектепти сактап, өнүктүрүп, бизге мурас кылып калтырды. Эми ошол мурасты жаңы доордун талаптарына ылайык улантуу — биздин милдет. Ал эми бүгүнкү окуучулар — кийинки жүз жылдыктын башкы каармандары. Алардын ар бир ийгилиги мектеп тарыхынын жаңы барагын жазат.

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин даңктуу тарыхы улансын! Билимдин жарыгы өчпөсүн, мугалимдин эмгеги баалансын, окуучунун кыялы канааттансын!

Элибиздин келечеги билимдүү, нарктуу, эркин ой жүгүрткөн, мекенчил жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаша алган муундардын колунда болсун!

Кийинки кылым — билимдин бийиктиги, илимдин тереңдиги, технологиянын мүмкүнчүлүгү жана адамдык нарктын улуулугу менен жазылсын!

Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Маалымат үчүн: 2026-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык мааракесине арналган «Легендарлуу №5 мектептин 100 жылдык тажрыйбасы: жалпы билим берүүчү мектептерде окуу процессин санариптештирүү, инновация жана өнүгүү келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Конференциянын негизги багыттары: Тарыхый мурас жана заманбап билим берүү: салт менен инновациянын айкалышы; «Алтын казык» программасы: мектептеги 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн илимий-методикалык негиздери; Жалпы билим берүүдө STEM жана санариптик трансформациянын теориялык-методикалык негиздери;  Онлайн, аралыктан жана гибриддик окутууну уюштуруунун практикасы; Санариптик мектеп шартында мугалимдин кесиптик өнүгүүсү, билим берүүнү башкаруу, электрондук журнал жана окуу жетишкендиктерин мониторингдөө; Улуттук нарк – адеп-ахлактык тарбиянын өзөгү: окуу-тарбия процессиндеги заманбап ыкмалар жана тажрыйбалар. Конференция гибриддик (онлайн жана офлайн) форматта уюштурулат.

Бөлүшүү