КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

  • 02.11.2021
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) каржылаган “Илимдеги кыздар” долбоорунун биринчи баскычы жыйынтыкталды. Алгачкы беш айда 113 ментор 800 окуучуга кеп-кеңешин, кесипти туура тандоого багыт берди.

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

Долбоор “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиянын Америка университетинин колледжи жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырылып келатат.  “Илимдеги кыздар” долбоорунун пилоттук мектептердин 14-17 жаштагы окуучу кыздардын так жана табигый илимдерге кызыгуусун арттырып, ийгилик жаратууга шарт түзүлүп келүүдө. Долбоордун алкагында Кыргызстандагы ишкер айымдар окуучуларга беш ай бою менторлук кылышты.

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

— Азыр бүткүл дүйнөдө санариптик, акылдуу технологиялар, жасалма интеллектер келе жатат. Кыргызстанда суу, күн ресурсу, креативдүү өндүрүштөр бар туруп, ошого кыздарды тартуу, кесипке багыт берүү жок. Ушуларды жөнгө салуу максатында биз мектептен баштап кыздарды так илимдерге тартуу боюнча иштеп жатабыз, — дейт  «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору  Догдуркүл Кендирбаева.

«Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасына Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй облусундагы Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун пилоттук мектептеринен 3000 кыз катышат. Беш ай аралыгында насаатчы айымдар өздөрүнүн баардык билимдерин, жөндөмдөрүн, өздөрүнүн кесиптик жана жашоодогу тажрыйбасын кыздар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ментор кыздарга «айымдарга тиешеси болбогон» кесиптер жөнүндө стереотиптерди жоюуга жардам берет. Ошондой эле STEM-билим берүүсү жөнүндө айтып берип, өз тагдырын аныктоо жана келечекте кесипти тандоо жагынан да жардам берет.

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

— Бизнес-ассоциациялардан жана STEM кесиптерден тартылган Кыргызстандын ийгиликтүү айымдары «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары болгон жана болот. Мурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду насаатчылыктын жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында менторлор үчүн тренингдерди өткөргөн. Баардык жагынан калыптанган, техникалык, эл чарбалык багыттар жагынан бутуна турган адис аялдар, ЖОЖдордун окутуучулары, эксперттер, компаниялардын башчылары ментор катары чакырылган. Учурдан пайдаланып «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ кайдыгер эмес, өзүнө зор жоопкерчиликти алган жана кыздардын ийгиликтүү келечегине салым кошууга ниетин көрсөткөн долбоордун менторлоруна долбоордун атынан терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап кетет элем. Быйыл дагы атайын менторлук курстарды уюштура баштадык. Биз учурда 150 ментор даярдайбыз деп турабыз, бирок андан да көп даярдашыбыз мүмкүн. Менторлор техникалык тармак менен тааныш айымдар болушу керек. Себеби долбоордо жалаң кыздар. STEM тармагында эмгектенген айымдар негизи азыраак экен, табуу кыйын болду. Бирок ошентсе дагы уучубуз кур эмес экен. Бүгүнкү күнү 113 ментор иштеп, 800 кызды менторлук курстан өткөрүштү, — дейт фонддун директорунун орун басары Роза Кайыкова.

ЮНИСЕФ менен Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы Меморандумдун негизинде  Бишкек шаарынан 51 мектеп, Чүй облусунан 10 мектеп жана Ош шаарынан 20 мектеп, жалпы 81и пилоттук мектеп болуп долбоорго бекитилген. Ушул мектепте окуган социалдык жактан начар үй-бүлөлөрдүн кыздары долбоорго тартылган. Аларга менторлук кылуу үчүн технология, илим, креативдүү экономика, медиа, искусство, бизнес тармагында ийгиликтүү эмгектенип жаткан белгилүү 113 айым тандалып алынган. Алардын бири искусство таануучу Чолпон Тентиева:

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

— Кыздарга убагында колдоо көрсөтүп, өзүнө болгон ишенимин арттырып, дүйнөгө болгон оң көз карашын калыптандырып, максатка жетүүдө эч кандай чек жок экендигин түшүндүрүү маанилүү. Эгер мындай колдоо ата-эне тарабынан эмес, башка адам тарабынан көрсөтүлсө кыздар өздөрүн эркин сезип, натыйжа дагы жакшыраак болот деп ойлойм. Бул долбоор ушундай уникалдуу мүмкүнчүлүктү түзүп берди. Азыркы жасап жаткан иштерибиздин жыйынтыгын келечекте ушул кыздар ийгилик жарата баштаганда көрөөрүбүзгө мен ишенем, — деди Ч.Тентиева.

Долбоорго катышкан кыздар ийгиликтүү айымдар менен жолугушуп, баарлашып, кеңешин угуп, алардын мындан аркы өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизгенин жашырышкан жок. 11-класстын окуучусу Батма Уран кызы долбоордон кийин келечекте кесибин тандоого олуттуу мамиле кылаарын жашырган жок.

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

— Мектепте деле мен активисткамын. Бирок жогорку деңгээлде эл менен сүйлөшө албай, оюмду так айта алчу эмесмин. Бул долбоорго катышкандан кийин эркин сүйлөгөнгө үйрөндүм. Мектептеги окуучуларга да СТЕМ тармагы тууралуу айтып берип, жардам берип, кенен маалыматты таркатканды үйрөндүм, — дейт долбоордун катышуучусу.

Иш-чарага келген Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаева заманбап дүйнөдө аялдардын потенциалын жана жаратмандык жөндөмүн толук колдонуу маанилүү экендигине токтолду.

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

— Азыр эми конкуренция, башка идеологиялар көп. Афганистанда азыр кырдаал абдан кооптуу. Алар аялдарды сыртка эч уруксатсыз чыгууга болбойт деген нерсени карманып жатышат. Биз болсо кыздарыбызды дүйнөгө чыгарып, билим менен куралдантсак коом өнүгөт-өсөт. Кыргызстанда энергетика, транспорт, логистика өнүгөт. Ага катышуу үчүн терең билим керек, — деди Р.Отунбаева.

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

КЫЗДАРДЫ ТАБИГЫЙ КЕСИПКЕ ТАРТКАН ДОЛБООР

Долбоор мындан ары дагы уланат. 2022-жылга чейин долбоор 3000 кыз 150 ментор менен иштешип, жаңы багыттар боюнча билимин тереңдеткенге мүмкүнчүлүк алышат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер