КЫЗДАР ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ!

  • 29.11.2022
  • 0

Өткөн аптада «Дасмия» этно-комплексинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары үчүн өткөн жыйынтыктоочу иш-чарада “Мыкты STEM-мектеби” сынагы жыйынтыкталды. 1-орунга Бишкек шаарындагы №41 мектеп чыгып, ал интерактивдүү такта менен сыйланды.

КЫЗДАР ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ!

КЫЗДАР ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ!

Көчөт кыздарды келечекке даярдоо

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева иш-чараны ачып жатып, дүйнө жүзү илимий ачылыштарга, жаңы технологияларды ойлоп табууга муктаж болуп жатканын белгиледи. Ал “Илимдеги кыздар” долбоорунун сынагына кантип катышкандыгы тууралуу кенен айтып берди. Бул долбоорго өткөндөн кийин күчтүү эксперттерди тартып, алгылыктуу иш алып барышканын баса белгиледи. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду долбоордун үч компонентин алган, т.а. билим берүү саясатын иликтөө, насаатчылар менен иштөө жана менти кыздарды Жалпы республикалык сынакка даярдоо.

КЫЗДАР ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ!

— Кыргызстандын өнүгүү стратегиясы STEM багытындагы адистерге муктаж болуп турат. Кыргызстандагы тоо кен өнөр жай индустриясы, суу булактарын, күн энергиясын пайдалануу стратегияда жазылган. Бирок ошол жерде кыздардын орду аныкталган эмес. Келе жаткан эмгек рыногунун талаптары тапткыр өзгөрдү, санариптик рынок жана жасалма интеллект басып келүүдө. Андыктан ушул көчөт кыздарды келечектеги чакырыктарга даярдоо актуалдуу болду. ЖРТга даярдоо үчүн ЮНИСЕФтин индикатору  боюнча кыздардын 70% жогорку окуу жайга өтүшү керек болду. Биз бул талапты 200% аткардык, — деди Д.Кендирбаева.

КЫЗДАР ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ!

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду SECOM борбору менен келишим түзүп,  “Илимдеги кыздар” долбоорундагы 444 кызды бекер окутуп, жыйынтыгында 409 кыз  Кыргызстандагы жана алыскы, жакынкы чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга өтүштү.

Насаатчылар кыздарды санарип дүйнөсүнө багыт берди

Кыздарга кесип тандоодо, жашоого багыт берүүдө Кыргызстандагы төбөсү көккө көрүнгөн, дүйнө илиминде, бизнесте орду бар аялдар насаатчы болушту.

— Менторлор  кыздарды санариптик дүйнөгө, дүйнөлүк технологияга жакындатты. Биз ар дайым Асель Сартбаеваны  үлгү кылып көрсөттүк.  Бизди ата-энелердин пассивдүүлүгү, ошондой эле “кыздар эмне үчүн инженер, программист болуш керек?” — деген суроолору өтө капаландырды. Менторлор ата-энелерге да насаатчы болушту.  Кыздар өспөсө – өлкө өспөйт. ЮНИСЕФ STEM боюнча чоң платформа түзүп берди. Бизнести, мамлекетти, ата-энелерди, окуучуларды, бүт чөйрөнү бириктирип, күн тартибинде STEM деген рельс түзүлүп,  поезд жүрдү, STEM түшүнүгү жайылды, — деди аткаруучу директор.

Андан соң ал Асель Сартбаеванын кремнийден жасаган капсуласына токтолду.  Кыйынчылыктарды жеңүүдө кыргыздын кыздары бомба ойлоп таппастан, адамзатка керек, пайдалуу нерсени таап жатышканы катышуучуларды кайдигер калтырган жок.

Долбоор уланат

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Кристин Жольм насаатчылар илим жана техника жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүп гана тим болбостон, кыздардын өзүнө болгон ишенимин арттырууга да жардам беришкенин белгиледи.

КЫЗДАР ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ!

— Сиздер кыздарды шыктандырып, үлгү болдуңуздар. Өзүңөрдүн мисалыңар менен өлкөдө салттуу түрдө эркектер үстөмдүк кылган аймактарда кыздар ийгиликтүү боло аларын көрсөтө алдыңыздар, — деди Кристин Жольм.

Билим берүү жанан илим министрлигинин кызматкери Аман Ыканов “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондуна жана долбоордун командасына министрликтин атынан терең ыраазычылык билдирди.

КЫЗДАР ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ!

— “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында мамлекетти укуктук ченемдик актыларда STEMдин орду аныкталды. КР билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы, базистик окуу планы, билим берүү жана предметтик стандарттар, STEM жана эмгек рыногу талап кылган кесиптер эске алынып, аталган компоненттердин баардыгы тандалып, сунуштар берилди. Ошондой эле КР эмгек рыногунда, айрыкча, так илимдерге, кесиптерге таянган адистиктерге гендерлик теңчилик сакталган абал боюнча талдоо жүргүзүлдү, — деди Аман Ыканов.

Үч өзгөчөлүк

“Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкова иш-чаранын өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Биринчиси – буга чейинки иш-чараларга ментилер катышпай келген. Бул жолку жолугушууда активдүү кыздар келгени болду. Экинчи өзгөчөлүк — Борбор Азиядан чыккан дүйнөгө кеңири таанылган алгачкы аял окумуштуулардын бири, химия илимдеринин доктору, Бата университетинин профессору, Улуу Британиянын Падышалык илимий коомунун мүчөсү, химиялык биотехнология жаатындагы сыйлыгынын ээси, ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси Асель Сартбаеванын келиши жана үчүнчүсү —  апрель айында Ысык-Көлдө өткөн мектеп жетекчилери үчүн консультативдик жолугушууда эксперттердин, уюштуруучулардын сунушу, ЮНИСЕФтин колдоосу менен “Мыкты STEM-мектеби” сынагы жарыяланган болчу. Ошол сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

— Долбоорго катышып жаткан 81 мектепке Жобо иштелип, бардыгына таратылган. Тилекке каршы, сынакка бардык мектеп бирдей катыша алган жок. Анткени мектеп директорлоруна сынак жарыяланып, жетекчилердин көбү ошол сынак менен алектенип калышты, — деди Р.Кайыкова.

Белгилүү окумуштуу Асель Сартбаева  «Илимдеги кыздар» долбоорунун элчиси болууну сунушташканда, ал  дароо «ооба» деп жооп бергенин айтты.

— Мен төрт жаштагы балдардын сабактарын иштеп чыгуу менен алектенчүмүн. Ар бир баланын жаш курагына жараша сабак өткүм келчү. Анан Кыргызстандын бардык аймактарынагы кыздарга да маалымат жеткире алабызбы, көргүм келди. Эми кыздардын кандай өзгөрүп жатканын көрүп, кубанып жатам. Бул кыздар биздин келечектеги лидерлер, — деди окумуштуу.

“Мыкты STEM-мектеби”

Сынакка «Илимдеги кыздар» долбоорунун максаттуу мектептери катышты. Анын максаты — илим тармагындагы эң ийгиликтүү кыздарды стимулдаштыруу, кыздар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө басым жасоо менен STEM билимин жайылтуу. Бул сынак максаттуу мектептерге STEM билимин өркүндөтүүдөгү ийгиликтерин баалоого жардам берет.

КЫЗДАР ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ!

Жеңүүчүлөрдү тандоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлгѳн: STEM компоненттерин (буйруктар, пландар ж.б.) ишке ашыруунун институционалдаштыруу жана туруктуулугу үчүн мектеп саясатынын болушу; Билим берүүнүн стратегиялык планынын алкагында аткарылуучу иш-чаралардын сапаты жана саны (өткөрүлгөн иш-чаралардын пландары, окуу-методикалык программалар);  кыздарга STEM билимин жайылтуу боюнча окуу-методикалык программанын алкагында ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын сапаты жана саны; кыздарга STEM билимин жайылтуу боюнча ата-энелер менен жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын саны жана сапаты; мектеп парламенти тарабынан STEM билим берүүнү жайылтуу жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын саны жана сапаты; STEM билим берүү боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана гендердик педагогиканы киргизүү боюнча иш-чаралардын сапаты жана саны (бул сабактарды өткөрүү үчүн мектеп администрациясы тарабынан колдоо көрсөтүү жана шарттарды түзүү); кыздар үчүн STEM билим берүүнү жана гендердик теңчилик маселелерин илгерилетүүгө багытталган теңтуш тренерлер жана мугалимдер тарабынан өткөрүлүүчү класстан тышкаркы иш-чаралардын сапаты жана саны  (Бул сабактарды өткөрүүгө мектеп администрациясы тарабынан колдоо көрсөтүү жана шарттарды түзүү).

Сынактын жыйынтыгында беш мектеп сыйлыкка тандалып жана эки шыктандыруучу сертификаттар тапшырылды. 1-орунга Бишкек шаарындагы №41 мектеп чыгып, Интерактивдүү такта менен сыйланса, 2-орунга чыккан №79 жана №32 мектептер ноутбук, физика жана химия сабактарында эксперимент өткөрүү үчүн SPARKvue, PASCO датчиктердин топтому тапшырылды. Ошондой эле Ош шаарындагы №14, Кара-Суу районундагы №87, Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-түрк достугу” жана №42 мектептер дагы баалуу сыйлыктарга татыктуу болушту.

Сөз соңу

Эскерте кетсек, бизнесте, илимде жана техникада ийгиликтерге жетишкен 217 лидер аялдар Бишкек жана Ош шаарларында 2772 кызга насаатчы болуп иш алып барышты. 2021-жылдын март айынан баштап насаатчылык курстары беш айдан үч фазада ишке ашты. Ар бир насаатчыга STEM адистиги боюнча ЖОЖго тапшырууну пландап жаткан Бишкек, Ош жана Чүй облустарындагы мектептердин 7-10-класстарынын кыздарынан турган топ дайындалды.

ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун насаатчылык программасы “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ тарабынан 2021-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер