КЫЯЛГА КАРАЙ ЖОЛ

  • 04.10.2023
  • 0

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы алдында республикалык “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо- сынактарына шайкеш “Жандай көргөн кесибим” аттуу “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими” кесиптик чеберчиликтин сынагы 2-октябрдан баштап старт алды.

КЫЯЛГА КАРАЙ ЖОЛ КЫЯЛГА КАРАЙ ЖОЛ

Бул сынак Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун базасында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Облустук, шаардык баскычтан жеңүүчү болгон райондук балдардын чыгармачылык борборлорунун ийрим (секция, студия) жетекчилери арасында жеңүүчү болгон сегиз мугалим республикалык баскычка катышууда.

Ошол мугалимдердин арасында алыскы баёо сезимге бай балалык кыялына жол тарткан, сынактын облустук баскычынын жеңүүчүсү, Баткен облусунун мекен чегин өз билими аркылуу коргогон Баходир Ишанкулов жөнүндө кеп учугун улайбыз.

— Ишанкулов Баходир 11 жылдан бери Баткен облусунун Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун Арт-эстет ийримин жетектеп, сүрөт боюнча автордук программасынын негизинде жаш жеткинчектерге билим жана тарбия берип келе жатат. Жан дүйнөсүндө уялап, оргуштаган талантын, кызыгуусун көркөм сүрөт дүйнөсүнө арнап, идеяларын түркүн түстүү кыл калемде саймедиреп, балалык кезинен сүрөтчү болом деп кыялданган Баходир бүгүн республикалык сынак аркылуу көрсөтүп жаткан чагы, — дейт баткендик мыкты мугалим Жеңишбек Абдиназаров. — Азыркы И.Раззаков шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде 9-класска чейин билим алган. Мектепте окуп жүргөн окуучулук күндөрдөн тартып 6-класстан баштап учурда эмгектенген “Баластан” балдардын чыгармачылык борборунун керамика ийриминде кошумча билим алып, көркөм сүрөт дүйнөсүнө карай жол тартат. 2003-жылдан Бишкек шаарындагы академик Т.Садыков атындагы Улуттук искусство академиясынын алдындагы көркөм сүрөт колледжинде билимин улантып, станоктук скульптура факультетин 2006-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин сүрөт жана чийүү мугалими адистигин 2010-жылы бүтүргөн. 2012-жылдан тартып Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунда алгачкы эмгек жолун “Скульптура” ийриминен баштаган.

Учурдун талабын эске алып, балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюму жөнүндө Типтүү жобосуна ылайык автордук программа иштеп чыгып, 2017-жылдан “Арт-эстет” ийримин ачып, өзү сыяктуу көркөм сүрөт дүйнөсүнө кызыккан балдарды үч топтук курак менен окутуп келе жатат.

Бул программа ийгиликтүү ишке ашып, акыркы үч жылдан бери натыйжалуулугун көрсөттү. Мисалы, ийримде окуган Бердияров Арапбек сүрөт сабагы боюнча борборго мугалим болуп иштеп жатат. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдигин даңктайбыз!” эл аралык сынагында Атабекова Камила, Маматкулова Севинч, Журавашиева Бибихандар баалуу сыйлыкка ээ болушкан. Ал эми Сапарбаев Адахан “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!” аттуу республикалык кароо-сынагында 2023-жылы сүрөт жанры боюнча 2-орунду камсыздаган. Бул да болсо программанын жүзөгө ашкандыгынын далили боло алат. Өзү ийрим жетекчи катары “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн усулдук кейс — 2020” республикалык сынагында 2-орунду камсыздап, жеңүүчү болгон жана ал усулдук кейси автордук программасын жүзөгө ашырууда, натыйжалуу жыйынтык көрсөтүүдө кызматы салмактуу.

Баходир Ишанкулов Билим берүү жана илим министрлигинин, республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Буюрса, “Жандай көргөн кесибим” аттуу “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими” кесиптик чеберчиликтин республикалык сынагынын финалдык баскычында мыкты жетишкендикти камсыз кылат деп ишенишет анын кесиптештери.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер