КЫРГЫЗСТАНДЫ АМЕРИКАГА ТААНЫТКАН ОКУУЧУ

  • 05.07.2021
  • 0

Былтыркы жыл Бишкек шаарындагы №19 орто мектебинин 11-классынын окуучусу Арымбаев Жоомарт үчүн унутулгус болду. Анткени анын бала чактан берки кыялы орундалып, ФЛЕКС программасынын жеңүүчүсү катары АКШнын Вирджиния штатында билим алып келди.

КЫРГЫЗСТАНДЫ АМЕРИКАГА ТААНЫТКАН ОКУУЧУ

Апасы – мыкты мотиватор

Учурда адамдарга жол көрсөткөн, кеңеш айткан акылдуу китептер көп эмеспи, анткени менен бишкектик окуучу Жоомарттын окуясында аны алдыдагы ийгиликке багыттаган адамы, башка бирөө эмес, өз апасы болду.

– Апам кичинемден «Англис тилин билсең, Америкага барасың» дей берчү. Апамдын насааты кулагыма сиңип калса керек, Шекспирдин тилин чын дилимден окуп үйрөндүм. «Салам, Нью-Йорк!» фильми да шыгыма шык, каалоомо каалоо кошту, — дейт англис тилине дилгир окуучу.

Курста бир жыл окуган соң, ошол эле жерде офис-менеджердин жардамчысы, кийин офис-менеджер болуп иштеп жүрдү. Мектепте окуп жүрүп, курдаш балдарынан ФЛЕКС программасы тууралуу угуп калат. Бирок биринчи жылы кыялы ишке ашпады. Анан онунчу класста окуган тушта кайрадан бул программага арыз берди.

– Адам эч качан алдыга койгон максатынан кайтпашы керек экен. Экинчи жолу тапшырып, акыры ФЛЕКС программасына өттүм! Тандоо да аябай калыс болду. Биздин жоопторду Вашингтондогу башкы кеңседе карап, баалап жатышты, — дейт америкалык алмашуу программасынын жеңүүчүсү.

КЫРГЫЗСТАНДЫ АМЕРИКАГА ТААНЫТКАН ОКУУЧУ

Салам, Вирджиния!

Ошентип Жоомарттын тилеги орундалып, кыргызстандык башка жеңүүчү окуучулардын арасында алыскы Америкага сапар тартты.

– 2019-жылы 13-сентябрда ата-энебиз менен коштошуп, Бишкектен Алма-Атага учтук. Ал жерден башка учакка отуруп, Франкфурт-на-Майне шаарына жол тарттык. «Европанын аба дарбазасы» аталган бул шаардан Вашингтонду көздөй сапар алдык, — дейт ал.

Бишкекте чоңойгон жигитке Вашингтондун эң чоң аэропорту эстен кеткис таасир калтырат.

– Даллас аэропорту абдан чоң экен. Терминалдардын ортосунда жүрүүчү шаттл поезддине түштүк. Жер асты менен эки минутага жетип-жетпей каалаган жериңе жетесиң, — дейт алдыңкы технологияга күбө болгон окуучу.

АКШнын борборунда бир күн отелде түнөп, эртеси Даллас аэропортунан Түндүк Каролинага сапар алды.

– Америкалык ата-энем мени Түндүк Каролинанын чакан аэропортунан тосуп алышты. Самолёттон түшсөм, менин атым жазылган плакатты кармап турушуптур, — дейт кыргызстандык окуучу.

Атлантиканын ары жагындагы континент өзүнүн укмуштуудай кооздугу, өнүккөн инфраструктурасы менен мекендешибиздин эсинде калды.

– Жолдорунун кеңдиги менен тазалыгына таң калдым. Бир да жерде чуңкуру жок. Баары кынтыксыз жасалган! Дагы бир таң калганым Кошмо Штаттардын чоңдугу болду. Аэропорттон эле мен жашай турган үйгө эки саатта жеттик. Кийин окуп жүргөндө, мектепке машина менен жарым саатта барчумун. Аларда аралык алыс болгону менен, каалаган жерине бат жетишет, — дейт Жоомарт.

КЫРГЫЗСТАНДЫ АМЕРИКАГА ТААНЫТКАН ОКУУЧУ

Кинодогудай жашоо, сабырдуу окуучулар арасындагы топук билим

Билимге суусап турган окуучуну алдыда дагы көп кызыктар күтүп турду.

– Америкалык ата-энемдин үйү кинодогудай кооз экен. Дубалда илинген сүрөттөр жайнайт! Менин бөлмөм экинчи кабатта болчу. Бөлмөмө кирип, жол баштыгымды ачып жатканда да, Америкага келгениме ишене албай турдум, — дейт боордошубуз.

Көптөн күткөн күн да келип, Жоомарт Вирджиния штатындагы Blue Stone High School жогорку мектебинде окуй баштайт.

– Американын билим берүү системасы биздикиндей эмес. Ал жакта окуучулар тандаган предмети боюнча окушат. Жаңы барган окуучуга кысым көрсөтүү жок. Мектепте окуу жүктөмүнө басым жасалбайт. Тескеринче, окуучулардын мектептеги эмоционалдык абалына абдан маани беришет, — дейт ал.

Ошентсе да, буга чейин үйүнөн алыс чыкпаган окуучу өз мекенин, ата-энесин сагынып куса болду.

– Америка мектебинин бир өзгөчөлүгү мугалимдери окуучуларга мээримдүү мамиле жасашат. Мен башында англис тилинен айрым предметтерди түшүнбөй кыйналып жүрдүм. Атайын бир мугалимди бөлүп беришти. Ал жумасына бир жолу мага жардам берип турду, — деп кошумчалайт америкалык мугалимдерине ыраазы болгон окуучу.

Мекенчил жигит

Айтуусунда, беш-алты айда англис тилин башкалардан кем калышпай сүйлөп калды. Окуу менен бирге коомдук иштерин да көмүскөдө калтырган жок. Бош убактысында мектеп китепканасына жардам берди. «Cross country» спорттук ийримине катышып, жаңы досторду тапты. Америкалык ата-энеси менен Атлантика жээгине барып, өзү мурда көрбөгөн деңиз тамактарын жеп көрдү. Бул арада өзү да америкалыктарды элибиздин кылым карыткан маданияты менен тааныштырууга үлгүрөт.

– Алгебрадан сабак берген мугалим менден Кыргызстан тууралуу көп сурачу. Өзүм тарткан сүрөттөрдү көрсөтүп, улуттук оймо-чиймелердин маанисин түшүндүрүп берчүмүн. Бара-бара элибиздин маданиятына кызыккандар көбөйдү. Бул ишимди чоң аудиторияда уланттым. Өзүм да башыма калпак кийип алгам. Абдан таасирлүү болду. «Бизде мугалим класска киргенде, «Саламатсызбы, эжей!», “Саламатсызбы, агай!” деп ордубуздан турабыз» десем, баары аябай таң калышты. Апам үйрөткөн боорсоктон ооз тийгиздим. Эң жакшы жооп бергендерге сувенирлерди белекке бердим, -дейт мекенчил жигит.

Пандемиядан улам Жоомарт онлайн окууга аргасыз болот.

– Мектепке акыркы жолу 23-мартта бардым. Анан «онлайн окуйбуз» деген кабар келди. Баарыбызга мектептен ноутбук беришти. Үйүндө Вайфайы жокторго да жардам кылышты. 22-майда Кыргызстандан баргандар чартердик рейс менен мекенибизге кайтып келдик. 30-майга чейин онлайн окуп, 11-классты аяктадым, — дейт АКСЕЛСтин ФЛЕКС программасынын бүтүрүүчүсү.

КЫРГЫЗСТАНДЫ АМЕРИКАГА ТААНЫТКАН ОКУУЧУ

Өз мектебинин сыймыгы

Жоомарттын билим жолундагы ийгилигине чын дилден кубанган адамдардын катарында, ага билим берген мугалимдери бар.

– Жоомарт – биздин мектептин сыймыгы! Ал мектепте окуп жүргөндө эле өзүнүн эң жакшы сапаттары менен айырмаланып турчу. «Билимкана» уюштурган олимпиадада биринчи орунду ээлеп, мектептин атын чыгарып, бизди кубандырган. Класс жетекчиси менен хосписке жардам берип, ыраазылык кат алып келген. Кийин ковид учурунда да кандай жардам керек деп кайрылганы эсимде, — дейт Бишкек шаарындагы №19 орто мектептин директору Гүлзат Курманбекова.

Жоомарт Арымбаев азыр болгону 19 жашта. Учурда Кыргыз-орус славян университетинде билим алууда. Мындан тышкары, ыктыярчылык иштерин улантып, Баялинов китепканасынын Америка борборунда баарлашуу сабактарын өтүп жүрөт.

– Азыр деле ФЛЕКС программасына катышам дегендер арбын. Мен аларга «Эч качан өзүңөр аткарбаган иштерди жазбагыла!» деп кеңеш берем, — дейт Жоомарт.

А.Алибеков, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер