КЫРГЫЗСТАНДА ГРОССМЕЙСТЕР ЭМНЕ ҮЧҮН ЖОК?

  • 21.09.2026

Өзбекстанда 28, Казакстанда 32 гроссмейстер бар, ал эми Кыргызстанда – бирөө да жок. Бул жөн гана статистика эмес, жылдар бою интеллект спортуна жетиштүү көңүл бурулбай келгенинин айкын белгиси. Даярдоо системасынын жоктугунан ондогон таланттуу жаштар шахматты таштап кетүүгө мажбур болушкан. Бирок Бишкекте жакында эле эшигин ачкан Улуттук шахмат академиясы жана өлкөдөгү 500 мектепте ачылып жаткан ийримдер бул абалды түп-тамырынан бери өзгөртүүгө багытталган. Кыргыз шахмат союзунун президенти Аида САЛЯНОВА менен болгон маекте ата мекендик шахматты жаңы деңгээлге көтөрүү аракети, Улуттук академиянын артыкчылыктары жана келечектүү пландар тууралуу кенен сөз болду.

КЫРГЫЗСТАНДА ГРОССМЕЙСТЕР ЭМНЕ ҮЧҮН ЖОК?

– Аида Жеңишбековна, жаңы ачылып жаткан Улуттук шахмат академиясынын негизги өзгөчөлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү кандай? Бул борбор мурда иштеп жаткан жеке клубдардан эмнеси менен айырмаланат?

– «Улуттук шахмат академиясы» деген аталыштын өзү эле маанилүү сапатты жана өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Мындай деңгээлдеги билим берүү борбору Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ачылып жатат. Академиянын эң башкы артыкчылыгы – машыгуунун сапатында жана убакытты туура пайдалануусунда. Биз эл аралык мелдештерге барганда казак же өзбек шахматчыларынын такта үстүндө сааттап отуруп, берилүү менен иштегенин көп көрөбүз. Ал эми биздин балдар бир орунда узак отура албай, көп басып кетишет. Буга балдар өздөрү күнөөлүү эмес, анткени бизде буга чейин сабактар болгону 1–1,5 саатка гана созулчу. Кийинчерээк «Гроссмейстер» долбоору ачылганда гана 2 саатка чейин узартылган.

Профессионалдык спортто ийгиликке жетиш үчүн машыгуу күн сайын 3–5 сааттан өтүшү керек. Ал эми жумасына 3 жолу, болгону 1,5 сааттан окуган бала күн сайын 5 сааттан машыккан атаандашына кантип туруштук бере алат? Ошондуктан Улуттук академияда тарыхта биринчи жолу машыгуу убактысы күнүнө 3 саатка чейин узартылды. Балдар жумасына 5 күн чыңалып иштеп, 6-күнү турнирдик беттештерге катышат.

Экинчиден, Академияда сыйлоо жана стимул берүү системасы киргизилет. Өлкө чемпионатында жеңүүчү болгон спортчуларга мамлекет тараптан каржы бөлүнүп, эл аралык мелдешке баруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анткени бир турнирге катышуу, өзгөчө ата-энеси кошо барган учурда, эң аз дегенде 3–4 миң долларга айланат. Жыл сайын ушундай ондогон мелдешке барууга көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошондой эле академиядагы окутуу толугу менен акысыз жүргүзүлөт, бардык чыгымдар президенттик фонддон каржыланат.

– Академияга балдарды тандоо кандай тартипте жүргүзүлөт? Социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары же өзгөчө таланттуу жаштар үчүн атайын жеңилдиктер каралганбы?

– Академияга тандоо жылына бир гана жолу өткөрүлүүчү Республикалык чемпионаттын жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Бизде курактык категориялар боюнча (6, 8, 10, 12, 14, 16, 18 жашка чейинкилер арасында) расмий биринчиликтер өтөт. Быйылкы эрежеге ылайык, ар бир категория боюнча мыкты көрсөткүчкө ээ болгон 35 пайыз окуучу Академияга кабыл алынат. Мисалы, өз категориясында 100 бала катышса, анын эң жогорку натыйжа көрсөткөн 35и бекер окууга укук алат.

Бирок бул орун балада түбөлүккө калбайт, кийинки жылы ал өз даражасын кайрадан чемпионатта далилдеп чыгууга тийиш. Мындай система башка жаштарды да тынымсыз аракет кылууга, чеберчилигин жогорулатууга шыктандырат. Клубдарда окуу акы төлөнүүчү негизде болсо, бул жерде мамлекеттин колдоосу менен толук акысыз билим берилет.

– Академияда сабак бере турган машыктыруучулардын курамы кандай түзүлдү? Эл аралык деңгээлдеги гроссмейстерлерди же чет элдик адистерди тартуу пландары барбы?

– Учурда Академияда өлкөдөгү эң тажрыйбалуу, өз кесибинин адиси болгон 6 машыктыруучу эмгектенип жатат. Муну менен катар эл аралык гроссмейстерлерди жумушка чакыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Албетте, алардын эмгек акысы кыйла жогору, анын үстүнө ар бир эле гроссмейстер жаш балдар менен иштешүүнүн методикасын биле бербейт.

Биз азыр эки багыт боюнча адистерди издеп жатабыз. Бири – улуттук курама команданын улуу чеберлери менен туруктуу иштей турган гроссмейстер. Экинчиси – атайын тартылган каражаттардын эсебинен жаш таланттарга машыгуу өткөрө турган адис.

– Мамлекет башчысынын 500 мектепте шахмат ийримдерин ачуу тууралуу Жарлыгына Шахмат союзунун жетекчиси катары кандай баа бересиз? Бул демилге спорттун калайыкка жайылышына канчалык түрткү берет?

– Бул жарлык массалык спортту өнүктүрүүгө түздөн-түз жана өтө чоң түрткү берет. Шахматта жогорку натыйжага жетишүү үчүн эң оболу кеңири база керек. Себеби 1000 баланын ичинен 100 мыкты шахматчы чыкса, 100 миң баланын арасынан андан бир топ көп таланттар иргелип чыгат.

«Мектептеги шахмат» долбоору массалуулукту камсыз кылуунун эң натыйжалуу жана кыска жолу болуп саналат. Бул демилгенин алкагында миңдеген окуучулар шахмат дүйнөсүнө кадам таштап, интеллектуалдык даражасын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат. Албетте, негизги уюштуруу жүгү Агартуу министрлигине түшүүдө, бирок натыйжасы өлкө келечеги үчүн өтө зор болот.

– Бул мамлекеттик маанилүү жарлыкты ишке ашырууда Шахмат союзу мамлекеттик органдарга, анын ичинде Агартуу министрлигине же Спорт департаментине кандай көмөк көрсөтүүдө?

– Биз ар дайым ачыкпыз жана бардык уюштуруу маселелеринде жигердүү кызматташууга даярбыз. Азыркы тапта биз көбүнчө консультативдик жана методикалык жактан колдоо көрсөтүп жатабыз.

Шахмат союзунун алкагында эмгектенген тажрыйбалуу тренерлерибиз мектеп мугалимдерин окутууга, алардын квалификациясын жогорулатууга жана балдарды даярдоо жараянына түздөн-түз катышышууда.

– Мектептерде шахмат сабагын бере турган мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда же атайын окуу программаларын даярдоодо Союздун салымы кандай болууда?

– Окуу программаларын түзүүгө көп жылдык тажрыйбасы бар биздин адистер түздөн-түз тартылган. Мындай атайын программаларды иштеп чыгуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт, ал терең билимди жана методикалык базаны талап кылат. Ошондуктан Союздун тренерлери мектеп программасынын сапаттуу жана балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу болушун камсыздап жатышат.

– Мамлекеттик деңгээлдеги мындай колдоо келечекте мектеп ийримдеринен кесипкөй спортчулардын өсүп чыгышына канчалык шарт түзөт?

– Негизи мындай Академияларды ачуу, шыктандыруучу куралдарды киргизүү алда качан эле колго алынышы керек болчу. Коңшу өлкөлөрдү карасак, Өзбекстанда 28, Казакстанда 32 гроссмейстер бар, ал эми бизде бирөө да жок. Биз бул көйгөйдүн себебин өзүбүздөн издешибиз керек. Биздин балдар жергиликтүү мелдештерде жакшы ойногону менен, эл аралык аренага чыкканда атаандаштыкка туруштук бере албай калышчу. Мамлекет тараптан системалуу колдоо болбогондуктан, сейрек учурларда гана байгелүү орундарга жетишчүбүз.

Бул маселени чечүү үчүн эң башкысы саясий эрк керек эле. Мамлекет башчысынын чечкиндүү кадамы менен гана бул иш ордунан жылды. Эгерде ушундай темп менен баратсак, балдарыбыз сыйлыктарын алып, эл аралык мелдешке барууга жана чет элдик гроссмейстерлерден дарс алууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындай комплекстүү колдоо бар жерде сөзсүз түрдө чоң жыйынтыктар болот.

– Акыркы жылдары ата мекендик шахматтын өнүгүү динамикасын кандай баалайсыз? Аймактарда бул спорттун жайылтылышы кандай жүрүүдө?

– Буга чейин биз каалагандай тез өнүгүү болгон эмес. Жер-жерлердеги секциялар менен клубдар жеке машыктыруучулардын же ата-энелердин демилгеси менен гана иштеп келген. Мамлекеттин бул тармактагы ролу дээрлик байкалган эмес, атүгүл айрым эл аралык турнирлерге спортчуларды жиберүүдө каражат табылбай калган учурлар болгон.

Азыр болсо абал түп тамырынан бери өзгөрүүдө. Мамлекеттик колдоонун аркасында аймактардагы жаш спортчуларга да жаңы эшиктер ачылууда. Туура багыт жана тынымсыз эмгек бар жерде сөзсүз түрдө өсүш болот.

– Биздин жаш шахматчылардын эл аралык аренадагы жетишкендиктери кандай болуп жатат жана аларды колдоо маселелери кандай чечилүүдө?

– Жогоруда белгилегендей, мурда мамлекеттик деңгээлде туруктуу колдоо болгон эмес. Ал эми азыр биз Мамлекеттик программанын бекитилишин күтүп жатабыз. Бул – Президенттин Жарлыгы менен бекитиле турган, 2030-жылга чейинки шахматты өнүктүрүүнүн улуттук программасы. Бул документте бардык мамлекеттик органдардын так милдеттери, аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

Мамлекет башчысы шахматты өнүктүрүүнү социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыты катары белгилеген. Мурда үмүт да, ишеним да жок болгондуктан, канчалаган таланттуу балдарыбыз спортту таштап кетишти. Кызым шахматка баргандан бери 6 жыл ичинде ушундай өкүнүчтүү учурларды көп көрдүм. Эми мамлекет, маалымат каражаттары жана ата-энелер бир максатка биригип иштесек, шахматка келгендердин саны да көбөйөт, дүйнөлүк аренадагы аброюбуз да жогорулайт.

– Шахмат союзунун жакынкы жылдарга койгон стратегиялык максаттары кайсылар? Эл аралык ири турнирлерди Кыргызстанда өткөрүү пландары барбы?

– Албетте, биз спортчуларыбызды сыртка жиберүү менен гана чектелбестен, ири эл аралык мелдештерди өлкөбүздө өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул багытта демөөрчүлөр жана Эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) менен тыгыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

Экинчи маанилүү багыт – аймактарды өнүктүрүү. Ар бир облуста ири мелдешти өткөрүүгө, спортчуларды сыйлоого ылайыктуу заманбап Шахмат сарайларын курушубуз керек. Акыркы 35 жылда өлкө боюнча болгону 140 секция ачылган болсо, биз жакынкы 4 жылда кошумча 100 жаңы клуб ачууну максат кылып жатабыз. Алардын басымдуу бөлүгү шаарларда эмес, аймактарда ачылат.

– Ата-энелерди кызыктырган суроо: учурда Академияда канча бала билим алууда жана аларды кабыл алуу лимити кандай?

– Азыркы тапта Академияда 160тай окуучу билим алууда. Ар бир машыктыруучуга 10–12ден ашпаган бала туура келиши керек, ошондо гана ар бир окуучуга жекече көңүл бурулуп, даярдык натыйжалуу болот.

– Окуучулардын мектептеги сабактары менен Академиядагы машыгууларын айкалыштыруу маселеси кандай чечилип жатпайт?

– Бул чынында эле абдан оор маселе болду. Бир ай бою балдардын мектептеги сменасын, жаш өзгөчөлүктөрүн эске алып, сабактарды графикти ылайыктап бөлүштүрдүк. Ошондой болсо да айрым окуучулардын убактысы дал келбей калган учурлар кездешүүдө.

Бул маселени чечүү үчүн Агартуу министрлиги тарабынан ачылган онлайн мектептин мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз. Жакында эле ал мектептин жетекчилиги менен сүйлөштүм, алар кесипкөй спортчу балдарды кабыл алууга даяр экендигин билдиришти. Бул кадам машыгуу менен мектептеги окууну катар алып кетүүгө чоң көмөк болот деп ишенебиз.

Маектешкен Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү