КЫРГЫЗСТАН — КАЗАКСТАН:АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАГЫТЫ
- 23.09.2026
- 0
Бир семестр башка өлкөдө билим алуу — жаңы билим, маданий тажрыйба жана кесиптик байланыштар үчүн өзгөчө баскыч
Бүгүнкү күндө жогорку билим берүү тармагында студенттин өз университетинин гана деңгээлинде билим алышы заман талабына жооп бербей калды. Башка академиялык чөйрөдөн тажрыйба топтоо, жаңы кесиптештер менен таанышуу жана башка өлкөнүн билим берүү ыкмаларын өздөштүрүү жаш адистин кесиптик жактан калыптанышына шарт түзгөн негизги факторлордун бири болуп саналат. Ушул жагынан алганда, Кыргызстан менен Казакстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык мобилдүүлүк өзгөчө мааниге ээ.

2026–2027-окуу жылында академиялык мобилдүүлүк программасынын кезектеги этабы Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университети менен Бишкектеги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ортосунда ийгиликтүү ишке ашууда.
Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин окутуучусу Айнур Базарбаеванын маалыматына ылайык, аталган программанын алкагында Кыргызстандан 6 студент кыз Алматы шаарына келип, бир семестр бою билим алууда. Ошол эле учурда, Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин физика, математика жана санариптик технологиялар факультетинин 12 студенти Бишкектеги өнөктөш жогорку окуу жайларга келип, окуусун улантууда.
Бул жерде негизги маани студенттердин санына гана эмес, алардын эки башка академиялык чөйрөгө толук аралашуусуна берилет. Анткени академиялык мобилдүүлүк жөн гана бир университеттен экинчисине барып окуп келүү эмес. Студент бул аркылуу билим берүүнүн жаңы ыкмаларын көрөт, өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөнөт, жаңы чөйрөгө ыңгайлашып, кесиптик байланыштарын кеңейтет.
Жаңы маданият жана жаңы тажрыйба
Алматы шаарында билим алып жаткан студенттердин пикирлери да бул мүмкүнчүлүктүн чоң практикалык мааниге ээ экенин тастыктайт.
Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинде окуп жаткан Дилназ Усонова академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыгы билим алуу менен гана чектелбээрин белгилейт. Анын айтымында, студент башка өлкөнүн маданиятын, баалуулуктарын таанып, жаңы досторду табууга жана тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк алат. Мындай байланыштар келечектеги кесиптик өнүгүүгө да бекем негиз түзөт.
Ал эми Албина Жумабекова үчүн Алматыдагы жаңы чөйрө өзгөчө таасир калтырган:
«Мага жаңы шаар жана жаңы чөйрө абдан жакты. Бул жерде акылдуу, максаттуу жана достук мамиледеги жаштар өтө көп. Жаңы маданият менен таанышып, бай тажрыйба топтогонумдан чоң ырахат алдым. Жалпысынан алганда, алган таасирлерим абдан жакшы», — дейт студент.
Бул пикирлер академиялык мобилдүүлүктүн инсандык өнүгүүгө тийгизген оң таасирин даана көрсөтөт. Адам үйрөнгөн чөйрөсүнөн чыгып, башка коомго аралашканда анын дүйнө таанымы кескин кеңейет. Университеттеги сабактар менен катар күнүмдүк жашоо, адамдар менен баарлашуу жана башка маданиятты кабыл алуу өзүнчө чоң өмүр сабагына айланат.

Бишкекке келген студенттердин тажрыйбасы
Алмашуу программасынын дагы бир өзгөчөлүгү — анын эки тараптуу мүнөзгө ээ экендигинде. Бишкекке келген казакстандык студенттер да кыргызстандык университеттердин билим берүү чөйрөсү менен жакындан таанышууда.
Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин студенткасы Майра Сагыныш кызы Рахматуллаева Бишкектеги окуу жараяны жана студенттик чөйрө тууралуу жылуу пикирин билдирди:
«Бишкекте абдан ачык-айрым, меймандос адамдар жана жагымдуу атмосфера бар. Университетте алмашуу программасы менен келген студенттерге өзгөчө жылуу мамиле жасалат. Мугалимдер Казакстандын академиялык базасына кызыгуу менен мамиле жасашса, группалаштар бизди достук маанайда тосуп алышты», — дейт ал.
Бул пикир академиялык мобилдүүлүктүн өз ара тажрыйба алмашуу милдетин толук аткарып жатканын айгинелейт. Кыргызстандык студент Казакстандан жаңы билим алса, Казакстандан келген студент да кыргызстандык билим берүү мейкиндигине өз тажрыйбасын ала келет.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп жаткан Альбина Серик кызы Нуртаева да окуу процессине жогорку баа берет:
«И. Арабаев атындагы университетте окуу бизге абдан чоң таасир калтырды. Сабактар кызыктуу жана ар түрдүү өтөт, мугалимдер окуу материалдарын түшүнүктүү жеткирип, дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул жактан биз көптөгөн жаңы билим жана пайдалуу тажрыйба топтой алдык», — дейт ал.
Студенттердин жеке мисалдары программанын натыйжалуулугун баалоонун негизги көрсөткүчү болуп саналат. Алардын сөздөрүндө негизги үч нерсе — жаңы билим, жаңы чөйрө жана жаңы байланыштар кызыл сызык болуп өтөт.
Мобилдүүлүктүн кесиптик мааниси
Академиялык мобилдүүлүктүн узак мөөнөттүү мааниси дал ушул жагдайда айкын көрүнөт. Бир семестрдин ичинде студент кесиптин бардык сырларын толук өздөштүрүп бүтпөшү мүмкүн. Бирок ал башка университеттин билим берүү моделин көрүп, өз адистигине башкача көз караш менен кароого көнөт.
Айрыкча физика, математика, маалыматтык жана санариптик технологиялар, ошондой эле жасалма интеллект сыяктуу заманбап багыттарда мындай тажрыйба өзгөчө зарыл. Бүгүнкү күндө бул тармактын адистери эл аралык командаларда иштеп, түрдүү платформаларды колдонушат. Демек, студенттин кесиптик даярдыгында башка өлкөнүн академиялык чөйрөсүн көрүү чоң артыкчылыктарды берет.
Мындан тышкары, студенттик алмашуу жогорку окуу жайларынын өз ара өнөктөштүгүн да бекемдейт. Бүгүн студент катары келген жаш адис эртең келечектүү илимий долбоордун, кесиптик кызматташтыктын же биргелешкен изилдөөнүн активдүү катышуучусу болуп калары шексиз.
Кызматташтыктын бекем пайдубалы
Кыргызстан менен Казакстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык бул бир жолку долбоор эмес. Акыркы жылдары студенттер, окутуучулар жана изилдөөчүлөр арасында академиялык байланыштарды өнүктүрүү багытында системдүү иштер жүрүп келет.
Кыргыз-казак ректорлор форумунда да академиялык мобилдүүлүк, кадрларды даярдоо жана биргелешкен илимий долбоорлор жогорку билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттар катары каралып келе жатат. Мисалы, 2026 — жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин докторанттары Алматыдагы Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинен илимий-изилдөө стажировкасынан өтүшкөн.
Ошентип, бүгүнкү студенттик алмашуу — мурда түптөлгөн достук жана илимий байланыштардын татыктуу уландысы. Келечекте мындай кызматташтык студенттер менен гана чектелбей, окутуучуларды жана изилдөөчүлөрдү камтыган кеңири масштабдуу академиялык өнөктөштүккө айланары талашсыз.
Бүгүн Алматыда жана Бишкекте билим алып жаткан студенттердин тажрыйбасы бир гана чындыкты далилдеп турат: академиялык мобилдүүлүк — бул жөн гана башка университеттен сабак угуу эмес. Бул билимди салыштыруу, тажрыйба алмашуу, маданияттарды жакындатуу жана кесиптик келечектүү байланыштарды түптөө процесси.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы тарыхый-маданий жакындык бүгүн билим берүү тармагындагы жаңы демилгелер менен толукталууда. Бир семестр — окуу мезгилинин кыска гана бөлүгү болгону менен, ошол убакытта топтогон билим жана топтолгон тажрыйба жаштардын келечектеги кесиптик багытына узак мөөнөттүү негиз болуп берет.
Мадина КУРБАНОВА,»Кут Билим»