КЫРГЫЗГА КЫЗМАТ КЫЛГАН КРЕАТИВДҮҮ МЕКТЕП – 5 ЖАШТА!

  • 18.05.2022
  • 0

«Креатив-Таалим» ББК беш жылдыгын белгилеп, ата-энелерге чоң программадагы концерт тартуулашты. Улуттук баалуулуктарга басым жасап, ошол эле кезде заман менен адымдаш бараткан мектепте балдар комузда кол ойнотуп, мекенчил ырларды ырдап, кыргыздын кара жоргосунан баштап өзбек, шотлан ж.б. элдердин бийлерин бийлеп, спорттук чеберчиликтерин тартуулашты.

КЫРГЫЗГА КЫЗМАТ КЫЛГАН КРЕАТИВДҮҮ МЕКТЕП – 5 ЖАШТА!

Кыскасы беш жылда мектепте алган сапаттуу билимдери менен кошо ар бир баланын шыгына жараша таланттарын, өнөрлөрүн өркүндөтүп жатканын ата-энелер толкундануу менен көрүштү. Айрым энелер да кыздарын менен кошо сахнага чыгып, булбул үндөрү менен ырдап чыгышты. Ал эми сөзү Шекербек Адыловдун,  обону Бакыт Капаровдун “Улут барбы кыргыздай” деген хорун мотурайган бала бакчанын тарбиялануучуларынан баштап жалпы 500гө чукул окуучулар менен мугалимдер ырдап чыкканда ал жерге келген ар бир ата-эненин мекенчилдиги ойгонуп, көздөрүнө жаш алгандар да болду. Мына тарбия деп ушуну айт!

Окуучулардын ар бир аткарган өнөрүн көрүп, билим берүү комплексинде  эң күчтүү команда иштерине күбө болдук. Бул күнү толкунданбаган киши калган жок окшойт.

Улуттук мектептин беш жылдык мааракеси менен куттуктап, “Асылзат Нуру” коомдук фонду мектептин негиздөөчүсү, генералдык директору, “КРнын эмгек сиңирген мугалими” Гүлнара Дайырбекованы «Эл сыймыгынын ээси» медалы менен сыйлады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына, жаштардын интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн республикалык коомдук-педагогикалык, илимий-популярдуу «Кут Билим» гезитинин Ардак грамотасы менен Гүлнара Дайырбекова, комплекстин аткаруучу директору Салкын Карипова жана директордун орун басары Жылдыз Сарыгулова сыйланышты.

КЫРГЫЗГА КЫЗМАТ КЫЛГАН КРЕАТИВДҮҮ МЕКТЕП – 5 ЖАШТА!

Мектеп кылымдап жашасын! Бул мектептен адилеттүүлүктү туу туткан, дүйнөнү багындырган, өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон мекенчил инсандар тарбияланып чыгаарында шек жок.

Ата-энелердин куттуктоолору жана пикирлери (соц.тармактан алынды)

Гульнара Ибраимова, Бишкек шаары

“Креатив-Таалим” ББК чындыгында креативдүү, заманбап мектеп. Алгач биринчи орунга адеп, тарбия, анан билимди коёт. Мааракеңиздер кут болсун, ортоңуздар толсун!

Тамара Мамыровна, Каракол шаары

Мааракенер кут болсун, окуу-тарбия процессин өнүктүрүүдө атыңар затыңарга жарашып ийгилик коштоп турсун!

Алымжан Алибеков, Бишкек шаары

Кыргыз жыттанган жападан жалгыз менчик мектеп, билим сапарыңар байсалдуу болсун! Куттуктаймын!

Суюмкан Джумагулова, Бишкек шаары

Дагы да чыгармачылык зор бийиктик каалайбыз! Билим сапарыңар ийгиликтүү уланып, чыныгы эмгектин акыбети кайтсын, бар болгула!

Махабат Айдаралиева

Маараке кут болсун! “Креатив-Таалим”  кыргыз тилинде билим берүүнүн чыныгы жүзү. Азаматсыңар! Чынында мактоого арзырлык иштериңиздер бар! Сыйлык кут болсун!

Кундуз Исмаилова, Бишкек шаары

Билим берүү тармагында опол тоодой орду бар Гүлнара Дайырбекова эжемдин эмгекчилдигин баалайм. Жоктон бар кылган кыргыз тилинде окуткан мектепти негиздеш оңой эмес. Бирок кол куушуруп отуруп албай күжүрмөн эмгектин натыйжасында ийгилик жаратты. Өлкөбүздө жарк деп билим чачкан мыкты мектептин үлгүсүн көрсөтүп келет. Мектебине кирсең көзүң ачылат. Окуучулар эмес, ата-энелер окуганга кызыккыдай жасалгаланган билим ордосу көз жоосун алат. Ар бир класстын жасалгасы өзгөчө. Гүлнара эже жамаатыңызга ийгилик, бекем ден соолук каалайм. Беш жылдык маарекеңиздер кут болсун. Ийгиликтер кезектешип келе берсин!Сиздер татыктуусуздар!

КЫРГЫЗГА КЫЗМАТ КЫЛГАН КРЕАТИВДҮҮ МЕКТЕП – 5 ЖАШТА!

Ибраим Нуракун уулу, Бишкек шаары

Былтыр эле орусмун деп жүргөн кызым азыр комузда «Жаштар маршын» чертип калды. Өзү биринчи класс болгонуна карабастан, 4-5-класстар менен чогуу күү аткарып бизди сыймыкка бөлөдү. Төбөбүздү көккө жеткирди.

Гүлнара Дайырбекова  эжеке жетектеген «Креатив-Таалим» мектебин тандаганыбызга өкүнбөйбүз. Көрсө, бизде көп нерсе бир эле мыкты менеджерге байланыштуу болуп калат экен. Гүлнара Дайырбекова өзүнүн тегерегине жалаң өзүнө окшош билимдүү, иштерман жана маданияттуу мугалимдерди топтой алыптыр. Бир жылдан бери биз ата-эне катары ушуну байкадык. Биздин класс жетекчибиз Керимкан эжекебиз — өзүнчө эле кенч.

Көптөгөн тааныштарым балдарыбызды кандай мектепке берсек? — деп сурашат. Мектептин кымбаты жакшыбы же арзаныбы, же такыр эле акысыз —  мамлекеттигиби? — деген суроолор ар бирибизде бар. Мен ойлонбостон туруп, кыргыз мектепке бергиле демекчимин. Себеби төмөнкүдөй:

  1. Орус, же англис, түрк тилиндеги мектепке берсеңиз канча жакшы окуса да дүйнөлүк конкуренция чоң, балаңыз өмүр бою лидер боло албайт. Экинчи сорт болуп өтөт бул жашоодон.
  2. Кыргыздын кулк-мүнөзүн, салтын, комузун, маданиятын, поэзиясын, асыл сапаттарын билип чоңойгон бала гана өзүнүн кыргыз болуп туулганына ыраазы болот. Бактылуу боло алат. Кыргыз деген ысымды сыймыктануу менен алып жүрө алат. Кыргызча жашагандан, кыргызча сүйлөгөндөн жийиркенбейт, уялбайт. Тескерисинче, сыймыктанат.
  3. Бишкекте жылына 18 миң доллардан баштап, 3 миң долларга чейин сиздин балаңызды жалаң англис тилинде окуткан жеке менчик мектептер бар. Алар балага биринчи кезекте клиент катары гана карайт. Мындай мектепте окуган балдар өмүр бою бирөөлөргө клиент болуп жашайт. Чыныгы турмуштан четте калат. Бул балдардын көбүн ата-энеси университетин же, андан кийинки жашоосун да каржылап берип турушу керек. Ата-эне бай болобу, кедей болобу бала үчүн гана жашайт. Ата-эне банкрот болгон күнү бала да банкрот болот. Мындай балдардын келечектеги жумушун да, үй-бүлөсүн да, үйүн да, машинесин да ата-эне сатып берет. Билимин сатып бергендей эле сатып берет.
  4. Балдарыбыздын эң билимдүүлөрү чет өлкөлөрдө окуп, ошол жакта жашап-иштеп калганы өкүнүчтүү. Алардын билими, алтын башы кыргыз элинин, маданиятынын өнүгүшүнө пайдасы тийиши керек. Ал үчүн балдар бала бакчадан тартып, мектеп, университетке чейин кыргыз тилинде, кыргыз дилинде билим алышы керек. Англис, орус тилдерин да кошумча окуш керек. Бирок, бул тилдер кошумча гана, кыргыз тилине күч берген гана тилдер болушу керек. Андыктан, ата-энелер мамлекеттен жеке менчик мектептерде кыргыз тилин негизги тил катары окутууну талап кылышыбыз керек. 18 миң доллардык мектептин берген билими балдарыбыздын баш мээсинен кыргыз тилин, кыргыз улутун өчүрүп салуусу — трагедия. Баланы эң кымбат мектепке берүү менен маселе чечилбейт. Эң туура мектепке берүү керек.
  5. Азыркы учурда кыргыз тилиндеги мамлекеттик мектептерде бир класста 40-50дөн бала окуганы да чоң кемчилик. Биз ата-энелер, айрыкча мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер балдарыбыздын билимине инвестиция кылып, «Креатив-Таалим» сыяктуу өтө кымбат эмес жеке менчик мектептерге балдарыбызды акыркы уйубузду сатып болсо да окутушубуз керек. Алма-Ата көчөсүндөгү тойканалардын жана күн сайын өтүп жаткан тойлордун санына караганда эл такыр эле итке минип калган жакыр эмеспиз. Ушуну мойнубузга алып, той-тамашага деген акчаларыбызды балдарыбыздын кыргыз болуп чоңоюшуна шарт түзгөн мектептерге бөлүшүбүз керек.
  6. Гүлнара Дайырбекова сыяктуу мыкты педагогдор, менеджерлерди баалап, барктап, акыл күчүн пайдаланышыбыз керек. Анпесек, мындан кийин нормалдуу адамдар бул тармакка эмгектенгенге келбей коёт.
  7. Мамлекет билимдүү кыргыз атуулунун санын көбөйткүсү келсе, мамлекеттик мектептердин мугалимдеринин гана маянасын көтөрүп коюп олтура бербей, жеке менчик кыргыз тилдүү мектептерге да гранттарды бериши керек, колдоо көрсөтүшү керек. Айрыкча, «Креатив-Таалим» сыяктуу ата-энелерди тонобогон, клиент катары кабыл албаган кыргыз тилдүү мектептер Кыргыз мамлекетине эбегейсиз чоң кызмат кылып жатышат. Кыргызга кызмат кыла турган билимди, келечек муунду Кыргызстан өзү гана бере алат. Англия, Америка же Япония эмес…

Билим бул базар эмес, бааны жогорулатып-төмөндөтүп тургудай. Билим бул буюм эмес, акчага сатып алгыдай.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер