КЫРГЫЗ ТИЛИ – УЛУУ ТИЛ, МАНАСТЫН ТИЛИ – КЫРГЫЗ ТИЛ

  • 02.04.2025

“Манастын” тилин үйрөнүү – кыргыз тилин үйрөнүү деген сөздүн башаты “Манас” эпосундагы улуулуктарды, баалуулуктарды, улуттук нарктуулукту келечек муундарга жеткирип, алардын жан дүйнөсүнө сиңирүү ар бирибиздин эмгегибиз, милдетибиз катары кабыл алсак болот. Анткени, ааламдашуу заманында жаш муундарды  техникага гана алагды кылбай, кылымдар бою түптөлүп келген кыргыз элинин улуу көөнөрбөс руханий табылгаларын калтыруу биздин да парзыбыз болушу керек.

КЫРГЫЗ ТИЛИ – УЛУУ ТИЛ,  МАНАСТЫН ТИЛИ – КЫРГЫЗ ТИЛ

Айтылуу Манас бабабыз байыркы кыргыз мамлекетинин түндүгүн көтөрүп, мамлекеттүүлүгүн курганда эң алды менен элдин ынтымагын ойлогон, башка элдин баатырлары менен достук мамилени чыңдаган. Ал курган мамлекет достук улаган, акыйкаттык, теңдик жылоологон мамлекет болгон.

Билим берүү жаатында аздыр-көптүр “Манас” эпосу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Кийинки муундун пайдубалын түптөөдө алардын аң сезим, туюуларын, көөдөнүндөгү элине болгон патриоттуулугунун кызыкчылыгын арттырууда ар бир эле педагог өз предметин терең өздөштүрүп, окуучуну сабакка болгон кызыгуусун арттыра алса болот. Кайсы окуу предмети болбосун турмуштун түрдүү көрүнүштөрүн чагылдырып, билим берүүдө окуучунун кызыгуусун арттырууга, туюу сезимине жеткирүүдө тилдик көркөм каражаттарды пайдалануу менен түшүндүрүү маанилүү экендиги белгилүү.

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаков: “Манаста баарыдан мурда элдик педагогиканын кору, уюткусу топтолгон. Ырасында эле “Манас” кылым тарыхынын жандуу күбөсү, таалим-тарбия жаатындагы даанышмандыгынын соолубас кенчи. Ал жүздөгөн жылдар бою кыргыздын урпактары үчүн ар тараптуу инсанды өнүктүрүүнүн программасы, мектеби, окуу китеби катары кызмат кылып келген” – дейт.

Азыркы кезде жаш муундарды элдик педагогиканын багытындагы улуттук нукта тарбиялоодо бир топ аракеттер болуп жатканына күбө болуудабыз.

Алсак, кыргыз телеберүүсүндө “Манас таануу” боюнча окуучулар арасындагы таймаштар, ар бир топтун даярдыгы окуткан мугалим менен бирдикте өз жетишкендиктерин көрсөтүп келет. Бул биринчиден, “Манас” эпосун терең өздөштүрүп үйрөтүү болсо, экинчиден, жаштардын интеллектуалдык аң сезиминин өсүшүнө, эл алдында өз оюн тартынбастан ачык айтууга такшалуусун калыптандырат.

Окуучуларга билим берүү менен таалим-тарбия, адеп-ахлак, улуттун баалуулуктарын билүү жана руханий жактан тарбиялоо максатында  мектеп ичинде “Көөнөрбөс рухтун көркөм добушу” аталышындагы телеберүүлөрдү жаратып келе жатабыз. Бул  кезектеги көрсөтүүбүздө “Курама жыйып журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым” аталышындагы тегерек стол өткөрүп, “Манас” эпосундагы этностук тилдик өзгөчөлүктөрүн, андагы баатырлардын билимин, көөнөргөн сөздөргө, элибиздин үрп-адат, маданияты жөнүндө талкуулап, көрүүчүлөргө жеткирүү биздин максатыбыз экендиги талашсыз маалым болду.

Даанышман Бакай бабабыздын кылымдар түпкүрүнөн үн каткан: “Байкагыла, балдарым, бөлүнсөк бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет”, — деген эскертүүсү ынтымакка чакырып келсе, Манастын калыстыгы адилеттүүлүктү, кырк чоронун биримдиги, билимдүүлүгү билимге жетелесе, ал эми Каныкейдин сарамжалы кыргыз кыздарына үлгү болуп келе жатпайбы…

Бүгүнкү күндө “Манас” эпосунан эмне сабак алышыбыз керек?

Эл арасында байыркы баатырлардын эрдиктери даңазаланып, элдин аң сезимине эпостогу баатырлар жалаң кылыч менен максаттарына жеткендей туюлат. Баатыр десе эле жүзүнөн каары төгүлгөн, кылычынан кан тамган, баш кескенден башка эч нерсени билбеген, согуш майданында айкырыкты салып, душмандын канын суудай төгүп, курсагы ачса, бир тайдын этин бүтүндөй жеген алп мүчөлүү адамды элестетүү, албетте, туура эмес. Баатырдын баатырдыгын арттырып турган кара күчүнөн да анын акылы, билими мааниге ээ “Манас” эпосунда катагандын хан Кошойдун билим алуунун, илим издеп жер кезип кеткенин көрүүгө болот:

Кордукту койдой көргөндө,

Найзакерден кол башчы,

Манжуулардан өлгөндө,

Мекке кирдим курган жан,

Безип тентип ошондо,

Жеке кирдим курган жан – деп тынч жай издеп Меккеге кетип, ал жерде беш жыл  билим алат. Андан ары билимин өстүргөнүн мындайча баяндайт:

Меккеден ары бурганда,

Мисир кирдим кайран жан

Беделин көрүп чочудум,

Мисирден беш жыл окудум.

Жогорудагы ыр саптарынын мааниси Кошой бабабыздын чет жерде билим алганы таамай айтылып жатат. “Кара кытай, манжудан, абыдан жаман чочудум, Багдадда беш жыл окудум” деп кара кытай, манжудан чочуганынын себеби, алардан өч ала албай калабызбы, кем болуп чачылып калабызбы деген суроолор түйшөлтүп, душмандардын мизин майтарууда билимдин орду чоң экенин сезип окуусун улантып жатат.

Манастын билимдүү чоролорунун бири Аргын кандын Ажыбай. Ажыбай 70 түрдүү тил билген. Манаска котормочу жана элчи катары кызмат көрсөткөн белгилүү баатыр болгон.

Манас баатырдын өмүрлүк жары Каныкейдин акылы, билими чалкыган деңиз экени талашсыз. Каныкей боло турган азапты алты ай мурун сезген даанышман аял. Каныкейдин акылдуулугу, билгичтиги баарыбызга маалым. Манастын жана 40 чоронун жоо кийимдерин чебер, уз Каныкей жасаганы, Кошойго ылайык кандагай тигип берип, бата алганы эпосто айтылат. Ушул сыяктуу “Манас” эпосундагы каармандар жалаң гана кара күчтүн ээси болуп, акылга дыйкан, билимге сугарылган даанышмандар экендиги маалым.

Бакай Чубакка айткан сөзүндө мындай дейт:

Канаты менен учкан куш,

Куйругу менен конуучу.

Манастын Манас болмогу,

Экөөбүздөн болуучу.

Бузулуш бизден чыккан соң,

Бутунан тартып жыккан соң,

Пил да болсок жыгылдык,

Миң да болсок кырылдык.

Демек, Манастын болушуна кеменгер, билимдүү, ар өнөргө ээ болгон баатырлар себепкер болгон. Акыл менен күчтүн айкашынан чыккан чоролор Манастын уугун узартып, керегесин кеңейтип келген.

Жогоруда аты аталган “Манас” эпосундагы каармандар чет жерден болсо да илим алышкан жана ал билимди кыргыздын жаркын келечеги үчүн пайдаланышып, чачылган кыргыздын башын бириктирип зор мамлекет түзгөн. Дал ошонун сыңары биз дагы бабаларыбыздай билимге, илимге умтулуп, акылмандыкты туу тутуп, мекенибиздин өнүгүүсүнө салым кошолу. Учурда кыргызды сырттан келип душман чачпаса да, турмуштун соккусунан ар кайсы өлкөдө мигрант болуп, а турган Кыргызстандын келечегинен үмүттөрүн үзүшүп, башка өлкөнүн жарандыгын алгандар миңдеп саналат.

Манас атабыз: “Эл – жердин ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги” – деп осуят кылгандай келгиле:

“Биригип бир муштумга,

Манасты жайылталы.

Жар салып мектептерге,

“Манастан” айтып түгөнгүс,

Жан дүйнөнү байыталы!!!

“Билимдүүгө дүйнө жарык” дегендей, өлкөбүздүн жаркын келечегин курууда илим билимге таяналы, бабалардан үлгү алалы жана “Манасты” окуйлу!

Замира Абдигапирова,

Баткен облусунун Кадамжай районунун №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү