КЫРГЫЗ ТИЛИ: ДУБАЛДАГЫ ҮНСҮЗ САБАК

  • 22.09.2026

Мугалим дегенде кимди элестетебиз? Тыкан кийинген, колуна китеп-дептерин көтөргөн, бир сабактан экинчи сабакка шашып, дайыма баарына жетишүүгө аракет кылган адамды. Бирок мугалимдин түйшүгү мектептин босогосун аттаганда эле башталып, сабак бүткөндө токтоп калбайт. КЫРГЫЗ ТИЛИ: ДУБАЛДАГЫ ҮНСҮЗ САБАК

Анын дагы бир көрүнбөгөн, бирок чоң эмгеги бар. Ал — көргөзмө куралдарды даярдоо.

Бала жалаң китеп окуп, дептерге жазып, доскага чийип отуруп эле билим алып, тарбияланбайт. Билим берүүдө айлана-чөйрөнүн, көзгө көрүнгөн образдардын, түстөрдүн, эмгектин да орду чоң. Мектептин коридорунда, класстын дубалында илинип турган ар бир көргөзмө курал окуучунун аң-сезимине өзүнчө таасир берет. Бала аны көрүп жөн өтүп кетпейт. «Бул эмне?», «Эмнеге мындай жасалган?», «Кандай сонун!» деген суроолор жана эмоциялар жаралат. Ойлонуу башталат. Кызыгуу ойгонуп, көргөнү эсинде калат.

А мындай көргөзмө куралдар кимдин колунан чыгат?

Албетте, мугалимдин.

Бүгүн технологиянын заманы. Компьютерден даярдап, принтерден чыгарып, кесип, чаптап коюу кыйла жеңилдеди. Бирок Ысык-Ата районундагы Будёновка мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Джунушалиева Элмира Дунгановна үчүн көргөзмө курал жасоо — жөн гана маалыматты дубалга илип коюу эмес. Ал үчүн бул — чыгармачылык, улуттук баалуулукту балага жеткирүүнүн дагы бир жолу. КЫРГЫЗ ТИЛИ: ДУБАЛДАГЫ ҮНСҮЗ САБАК

Элмира эже кыргыздын уз-чеберлеринин өнөрүн улап, кийизге түрдүү образдарды түшүрүп, ага өзүнчө көрк берип келет. Анын колунан жаралган эмгектер мектептин ички жасалгасын кооздоп гана турбастан, окуучуларга кыргыз дүйнөсүн тааныткан өзгөчө тарбиялык мейкиндикти түзгөн.

Көп этностун өкүлдөрү билим алган бул мектепте улуттук баалуулуктарды таанытуу өзгөчө мааниге ээ. Ал эми кыргыз тили менен адабияты мугалими үчүн бул — кесиптик милдеттен да кеңири түшүнүк. Эне тилди, тарыхты, маданиятты сөз менен эмес, көркөм образ аркылуу да жеткирүүгө болот. КЫРГЫЗ ТИЛИ: ДУБАЛДАГЫ ҮНСҮЗ САБАК

Бул эмгектин мааниси Мамлекеттик тил күнүнүн алдында өзгөчө сезилет. Анткени мамлекеттик тилди өнүктүрүү — кыргыз тилин сабакта үйрөтүү менен гана чектелбейт. Тил — элдин тарыхы, маданияты, дүйнөтаанымы менен бирге жашайт. Ал эми ошол дүйнөнү балага жеткирүүнүн эң таасирдүү жолдорунун бири — көзгө көрүнгөн образдар. КЫРГЫЗ ТИЛИ: ДУБАЛДАГЫ ҮНСҮЗ САБАК

Улуттук баалуулуктарды даңазалаган эмгектер

Мына, Кыргызстандын желеги. Ар бир нуру аздек менен жасалган. Жанында мамлекеттик герб. Андан ары өлкөбүздүн гимни. Ар бир тамгасын кылдаттык менен жазып, кесип, кынаптап жасаган. Ана, Манас ата! Кыргыздын бийик тоолору. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар. Кыргыз оюулары… Баары кийизде.

Бул көргөзмөлөр сүйлөбөйт. «Мени кара, мени ук» дебейт. Бирок өзүнүн турган турпаты менен эле көп нерсени айтып турат. Окуучунун көзү күн сайын аларга түшөт. Көргөн сайын көзгө сиңет, көнүлгө орнойт. Атуулдук сезим мына ушундай билинбеген, байкалбаган кадамдардан башталат. КЫРГЫЗ ТИЛИ: ДУБАЛДАГЫ ҮНСҮЗ САБАК

Көргөзмө куралдар ушундайча мугалимдин үнсүз сабагына айланат. «Манас», «Мекен», «тоо», «эл», «эне тил», «салт», «нарк» деген түшүнүктөр жөн гана китептеги сөз бойдон калбай, окуучунун көз алдында конкреттүү образга айланат.

Айрыкча кыргыз тили жана адабияты мугалими үчүн бул — сабакты кеңейтүүнүн дагы бир формасы.

Ал сабактын артында болсо чоң эмгек жатат. Кийиз тандоо, ойду образга айландыруу, үлгүсүн даярдоо, майда-барат деталдарын тактоо, кесүү, кураштыруу… Мунун баары убакытты, чыдамды жана чеберчиликти талап кылат. Кээде уйкудан калган убакыт, кээде эс алууга арналган сааттар ушул эмгекке кетет.

Эң маанилүүсү — Элмира Дунгановна муну кимдир бирөө тапшырганы үчүн эмес, өз демилгеси менен жасайт. Анткени ал өз ишин сүйөт.

Мугалимдик кесиптин улуулугу да ушунда эмеспи. Мугалим баланын алдында сабак өтөт, бирок анын эмгеги сабактан тышкары да улана берет. Бир сөзү окуучунун эсинде калса, бир эмгеги анын көз алдында калат. Бүгүн дубалдан көргөнү эртең жүрөгүндө баалуулукка айланышы мүмкүн. КЫРГЫЗ ТИЛИ: ДУБАЛДАГЫ ҮНСҮЗ САБАК

Кээде адам кооз сүйлөй албайт. Бирок кооз иштейт.

Элмира Дунгановнанын эмгеги — ошондой кооз иштин мисалы. Анын Мекенге, кыргыз тилине, улуттук маданиятка болгон сүйүүсү чоң сөздөр менен эмес, өз колу менен жасаган эмгектеринен көрүнөт.

Ал кийизге сүрөт түшүрбөйт. Кийизге маанини түшүрөт.

Кийизге тарыхты, маданиятты, мекенди, эне тилди түшүрөт.

Ошентип, мугалим өз сабагын класста гана өтпөй, мектептин дубалдарына да жазып келет. Ал эми анын үнсүз сабагын күн сайын жүздөгөн окуучунун көзү окуйт.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү