КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

  • 26.06.2026
  • 0

Мамлекеттик билим берүү стандарты бул багыт берүүчү документ. Буга ылайык ар бир предмет боюнча предметтик стандарттар иштелип чыгат. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планы төмөнкү билим берүү деңгээлдери боюнча иштелип чыгат:

башталгыч жалпы: 1-6-класстар;

негизги жалпы: 7-9-класстар;

орто жалпы: 10-12-класстар.

Мамстандартта төмөнкүдөй билим берүү чөйрөлөрү бөлүнөт, алардын ар бири БОПто бекитилген төмөнкүдөй окуу предметтеринен турат:

– филологиялык;

– социалдык;

– математикалык;

– табигый-илимий;

– искусство жана технологиялар;

– ден соолук маданияты.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

Табигый илим тармагы

  • 1-4 класс: Мен жана дүйнө
  • 5-6 класс: Табият таануу
  • 7-9 класс: Табигый илимдер (биология, химия, физика)
  • 10-12 класс: Табигый илимдер – тереңдетип окутуу (биология, химия, физика)

12 жылдык билим берүүдө

табигый илимдердин жетишкендиктери

Алгач тренингди баштоодо мугалимдерди ар биринин тренингден эмнени күтөрүн, максатын, окуу процесс учурундагы кыйынчылыктары боюнча анкета алдым. Анкетанын жооптору мени тренингди адекваттуу пландоого жардам берди.

1-этап: Мугалимдер тренинг учурунда практикалык жана теориялык иштерде активдүү катышышып, 3с+1Е моделин натыйжалуу өздөштүрүп алышты. Топторго бөлүнүшүп, жаңы китеп боюнча сабактардын планын түзүп, ич ара талкуулашып, презентациялап жатышты. Өткөн жылы 5Е моделин жакшы өздөштүргөн үчүн 3С+1Е модели кыйла жеңил түшүнүктүү болду.

Мында мугалимдер 5Е, 3с+1Е моделдери боюнча өткөрүлгөн сабактары боюнча талкуу жүргүзүлүп, жакшы жыйынтыктарды беришти.

2-этап: Мугалимдер өз предмети боюнча төмөнкү моделдерге салып, сабактардын планын жүктөштү. 5-класс табият таануу 5Е модели, 7-класс табигый илимдер 3с+1 Е модели боюнча иш алып барышты. Менин 5 группамда жалпы 186 мугалим сабактардын пландарын Google дискке активдүү жүктөп жатышты. Ал учурда мугалимдер колдонмо китеп, жумушчу дептер, табият таануу 5-класс жана табигый илимдер 7-класстын китептери менен параллель активдүү иштешти.

3-этап: Бул этапта мугалимдер 5-15 минуталык видео-сабактарды жүктөштү. Мында практикалык, долбоорлук жана изилдөө сабактарынын кыскача бир фрагментин көрсөтүштү. Максаты: Окуучулардын илимий түшүнүктөрүн өнүктүрүүгө, илимий процесстерди түшүнүүгө, изилдөө жүргүзүүгө жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү менен алган билимин турмуштук кырдаалда колдонуу.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

Табигый илимдерди окутуунун негизги максаттары

1) Окуучуларга илимий дүйнө таанымды калыптандыруу.

2) Табият кубулуштарын түшүнүүгө үйрөтүү.

3) Изилдөөчүлүк жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү.

4) Экологиялык маданиятты калыптандыруу.

5) Сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.

Күтүлүүчү натыйжалар

1) Окуучулардын компетенттүүлүгү жана функционалдык сабаттуулугу жогорулайт.

2) Өспүрүмдөр тиешелүү жөндөмдөргө (байкоо, гипотезалоо, сынчыл ойлом ж.б.) ээ болуп, табиятка болгон жоопкерчиликтүү мамилелери калыптанат.

3) Окуучулардын келечектеги глобалдык дүйнөдөгү атаандашууга жана жашоосу үчүн зарыл болгон көндүмдөрү жана ой жүгүртүүсү өнүгөт.

4) Мекенчилдикке, эмгекчилдикке, адилеттүүлүккө тарбияланышат.

Окутуунун негизги багыттары

1) Байкоо жүргүзүү жана эксперимент жасоо.

2) Маселелерди чечүү жана жыйынтык чыгаруу.

3) Санариптик технологияларды колдонуу.

4) Командалык жана долбоордук иштер.

Жалпы орто билим берүү мектептеринде табигый илимдерди окутууда 5Е жана 3С+1Е моделин окутуунун максаттары

  • Табигый илимдерди ийгиликтүү окутуу жана үйрөтүү үчүн эң жакшы эки ыкманы айкалыштырат.
  • Билим берүүдө ар кандай муктаждыктары бар окуучуларга, анын ичинде англис тилин экинчи тил катары үйрөнүүчүлөргө комплекстүү колдоо.
  • Мугалимдер жана окуучулар үчүн колдонууга өтө ыңгайлуу жана оңой.
  • Окуучулардын келечектеги глобалдык дүйнөдөгү ийгилиги жана жашоосу үчүн зарыл болгон көндүмдөрүн жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.

Жыйынтык (мугалимдер)

🔰  Мугалимдер тренингдин жүрүшүндөгү алган билимин, көндүмдөрүн өз практикасында пайдалана алды.

🔰 Угуучулар бардык этаптар боюнча конкреттүү иш алып барып, табият таануу, табигый илимдер жана колдонмо китепче, жумушчу дептерди айкалыштырып, 5Е, 3с+1Е моделдери менен сабакатардын планын даярдап, конкреттүү иш алып барышты.

🔰 Окуучуларды жергиликтүү жана глобалдык экологиялык долбоорлорду изилдөөгө, дүйнөлүк атаандаштыкта ийгилик жаратууга, өзүн-өзү баалоого, жети баалуулукка үндөй алышты.

Жыйынтык (Окуучулар)

🔰 Окуучулар илимий сабаттуу, изилдөө жүргүзө алган, билген билимин турмуштук кырдаалдарда колдоно алышат.

🔰 Экологиялык долбоорлорду жазуу менен ишке ашырууга аракеттенишет.

🔰 Маалыматтарды талдоо, салыштыруу жана жыйынтык чыгаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө кызыгышат

Табигый илимдер китебинин өзгөчөлүктөрү

1) Физика, химия, биология, география жана экология боюнча билимдерди интеграциялап окутат.

2) Теория менен катар практикалык иштерге, тажрыйбаларга жана байкоолорго басым жасалат.

3) Окуучулардын изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

4) Экологиялык сабаттуулукка жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрөт.

5) Сабактарда долбоорлук иштер, илимий изилдөөлөр, турмуштук кырдаалдарга жана келечекте глобалдык дүйнөдөгү атаандаштыкта ийгилик жаратууга тарбияланат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

«Алтын Казык» брендиндеги ноутбук

  • КРнын агартуу министри
    Догдуркүл Шаршеевнанын жетекчилиги астында, 2025-жылдын 23-январынан баштап, алгачкы этабында 24 431 даана STEM сабактары боюнча мугалимдерге «Алтын Казык» брендиндеги ноутбуктары салтанаттуу түрдө тапшырылып башталган.
  • Бул ноутбуктар И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Технопарк» мекемесинин базасында чогултулган. Аны менен кошо кызыл журнал таптакыр алынып, электрондук күндөлүк менен иштөө колго алынды.
  • «Алтын Казык» ноутбугунда физика, химия, биология, математика, география предметтери боюнча санарип кампа платформасында электрондук китептер, 3D модели, симуляторлор, видеоматериалдар, инфографика, сабактардын планы жана презентациялары жайгаштырылган. Бул билим берүүдө өзгөчө методикалык технологиялык каражат болуп, мугалимдердин убактысын үнөмдөөгө жана сабактын натыйжалуу өтүшүнө чоң жардам берип
    жатты.КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

Мистер Теп – биздин тренер

Тренингдин жетишкендиктери

Тренинг учурунда мен абдан чыгармачыл, кесипкөй, жоопкерчиликтүү, креативдүү мугалимдерди жолуктурдум. Алар менен атайын тегерек стол өткөрүп, жаңы китепти окутуунун методдору, окуучу жана ата-эне менен иштөөнүн натыйжалуу жолдорун, окуучуларды келечектеги глобалдык дүйнөдөгү атаандаштыкка чыгаруунун жолдорун талкууладык. Канткенде смартфонду, жасалма интеллектти туура колдонууну, мам.стандарттагы жети баалуулукка тарбиялоонун бир канча жолдорун карап чыктык. Бул отурумдун жыйынтыгында жогорку маселелер боюнча мугалимдер атайын мониторинг чыгарууну, атайын тапшырма катары кабыл алышты.

Улуттук мастер-тренер

Данакан Топчубаева

Бөлүшүү

Комментарийлер