КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧ

  • 27.11.2020
  • 0

Редакциядан: 10-ноябрь – Илим күнүн белгилеген жыйында биздин окумуштуулардын көргөзмөгө коюлган табылгаларына ыраазы болдук эле. Ошолордун бири менен окурмандарды тааныштырыӊыз деп техника илимдеринин кандидаты, Н.Исанов ат. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу” кафедрасынын доценти Аманбек АЛТЫБАЕВден өтүндүк.

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧАманбек Алтыбаев

Кыргыз Республикасы – тоолуу өлкө, жолдорубуздун 90%дан ашыгы тоолордон өтөт. Мындай жолдордон каттамдарды үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бийик тоолуу автомобиль жолдорун сактоо, оңдоо жана куруу үчүн жогорку технологиялуу, көп функционалдуу механизация каражаттары керектелет. Бул жолдордо сел жүрүү, кар жана жер көчкүлөр тез-тез кайталанып, тайгак болуп турат.

Биздин бийик тоолуу жолдордо эле эмес, шаар көчөлөрүндө да татаал курулуш, оңдоп-түзөө жана тутуу иштеринде көп орун ээлебей, ар түрдүү иштерди аткарганга жарагыдай машиналар (машиналар комплекси) талап кылынат. Мисалы, жолдун негизги тилкесин кардан, тайгалактан, ылай-баткактан, таштан жана ар кандай акыр-чикирден тазалоо, оңдоо жана сактап туруу сыяктуу технологиялык процесстерге бульдозер, экскаватор, бир сузгучтуу жүктөгүч жана ташуу каражаты (автосамосвал) сыяктуу ар кыл машиналар жана жабдуулар тартылышы зарыл. Бирок буларды тар жерде бир эле маалда иштетиш мүмкүн эмес болгондуктан, бири иштеп жатканда, башкалары күтүп туруп калат.

Базар экономикасынын шартында жеке менчик ишканалардан көп максаттуу техникага болгон суроо-талап абдан өстү. Ошондуктан трансформациялануучу жумушчу шаймандары бар көп максаттуу бульдозер-жүктөгүчтү иштеп чыгууну чечтик.

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧКуттубек Исаков

Негизги илимий жетекчибиз техника илимдеринин кандидаты, профессор Куттубек Исаковдун жетекчилиги менен иш алып барган бир нече жаш илимпоздордун командасы (А.Ш.Алтыбаев, А.А.Бейшеналиев, А.Б.Чопоев ж.б.) тарабынан бул долбоорду ишке ашыруу максатында Евразиялык патент мекемесинин 2 патенти (Москва ш.), КР 6 патенти жана 2 автордук күбөлүгү алынган. Көптөгөн илимий макалалар эл аралык илимий-метрикалык маалыматтар базасына кирген жергиликтүү, эл аралык илимий журналдарга жарык көргөн, ошондой эле бир нече республикалык, эл аралык конкурстага, конференцияларга катышып, доклад жасалып, алдыңкы орундарга жетишкенбиз.

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧАлик Бейшеналиев

2018-ж. Кыргызпатент тарабынан уюштурулган конкурста интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ”Акыл табылга” номинациясы (мыкты ойлоп табуу) боюнча 1-даражадагы диплом алганбыз. 2016-ж. Белоруссиянын Минск шаарында дүйнөгө белгилүү жол-курулуш машиналарын чыгаруучу “Амкодор” акционердик коомунун өкүлчүлүктөрү менен дагы кеңири талкууланып, илимий жаңычылдыгы далилденген. 2015-ж. КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча Мамлекеттик фонду уюштурган “Идеялардын жарманкеси” инновациялык долбоорлор конкурсунда 2-даражадагы диплом менен сыйланганбыз. 2014-ж. Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасындагы Уфа шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин Жаштардын инновациялык форумунда “Эң мыкты инновациялык долбоор” наамын далилдеген 1-даражадагы дипломго жана эксперттик комиссиянын Жарамдуулук сертификатына ээ болгонбуз.

Алдыга койгон максатта жетүү жана аны ишке ашыруу үчүн көп максаттуу трансформациялануучу жумушчу органы менен жабдылган бульдозер-жүктөгүчтүн сунушталып жаткан конструкциясын иштеп чыгуу зарыл (1-сүрөт). Бул жумушчу жабдыкты дөңгөлөктүү гана тракторлорго эмес, каз тамандуу тракторлорго, ар кандай жүктөгүч машиналарга же башка транспорт түрлөрүнө орнотконго мүмкүнчүлүк бар.

 

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧ

1-сүрөт. Трансформациялануучу жумушчу органы менен жабдылган көп максаттуу бульдозер-жүктөгүч: 1-базалык машина; 2-сузгуч; 3-түрткүч; 4-көтөрүп-түшүрүүчү гидроцилиндрлер; 5-телескопикалык түртүүчү брус; 6-ротордук иштөө органы; 7-борт редуктору; 8-кыймылдоочу кронштейн; 9-багыттоочу гидроцилиндр.

Жумушчу органдын трансформацияланышына байланыштуу функционалдык мүмкүнчүлүгү өсөт, тагыраак айтканда, зарыл маалда төмөндөгүдөй иштерди аткара алат (2-сүрөт): а) салттуу бульдозер режиминде; б) бир сузгучтуу жүктөгүч  режиминде; в) машинист-оператордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн (жолдун кырына жакындап келип телескопикалык түртүүчү брустардын жардамы менен түрткүч алдыга 1 метрге чейин жылат); г) бульдозер оңго жана солго түртүп тазалоо режиминде иштөө үчүн түрткүч тегиз планда кандайдыр бир бурчка бекемделип коюлат (оңго жана солго); д) кум чачкыч режиминде; е) аралаш режимде бир маалда эки функцияны аткарат (түртүп тазалоочу бульдозер режиминде жолдун негизги тилкесине кум же реагент чачат); ж) жолду сүргүлөө режиминде шаар жолдорун кардан оңго жана солго түртүү менен патрулдук тазалоо.

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧ

а) салттуу бульдозер режиминде

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧ

б) бир сузгучтуу жүктөгүч  режиминде

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧ

 

в) машинист-оператордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн (жолдун кырына жакындап келип телескопикалык түртүүчү брустардын жардамы менен түрткүч алдыга 1 метрге чейин сунулат);

г) бульдозер оңго жана солго түртүп тазалоо режиминде иштөө үчүн түрткүч тегиз планда кандайдыр бир бурчка (оңго жана солго) бекемделет,

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧ

д) кум чачкыч  режиминде;

е) аралаш режимде бир маалда эки функцияны аткарат (түртүп тазалоочу бульдозер режиминде жолдун негизги тилкесине кум же реагент чачат)

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧ

ж) жолду сүргүлөө режиминде шаар жолдорун кардан оңго жана солго түртүү менен патрулдук тазалоо

Сунушталып жаткан бульдозер-жүктөгүчтүн конструкциясын эске алуу менен механизация каражаттарын конструктивдик өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу классификациялык катарды төмөндөгүдөй түрдө толуктаса болот:

Илимий негизделген аныктама төмөнкүдөй түрдө келтирилген: Трансформациялануучу жумушчу жабдуусу – бул жумушчу органдарын манипуляциялоо аркылуу жумушчу жабдуунун бир түрдөн экинчи түргө айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, бирок ошол учурда жумушчу органдын таяныч-бекемдөөчү механизми катары башка түргө өткөн жумушчу органы же механизми.

Түйүндөрдүн жана механизмдердин иштөөсүнүн дал келишүүчүлүгүн, иштөө жөндөмдүүлүгүн, трансформациялануучу жумушчу органы менен жабдылган көп максаттуу бульдозер-жүктөгүчтүн металл конструкцияларынын (телескопикалык түртүүчү брустар) жүктөлүүсүнө конструкциянын өзгөчөлүктөрүнүн таасирин аныктоо үчүн лаборатория шартында эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында заттык модель иштелип чыккан.

Сунушталып жаткан трансформациялануучу жумушчу органы менен жабдылган бульдозер-жүктөгүчтүн натуралык үлгүсүн жана заттык модель үчүн жасалып жаткан стенддин негизги техникалык параметрлерин айкалыштыруу жолу менен масштабды М:1:3 деп аныктадык (2-сүрөт).

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧ

2-сүрөт. Трансформациялануучу жумушчу органы менен жабдылган бульдозер-жүктөгүчтүн заттык модели

КЫРГЫЗ ИНЖЕНЕРЛЕРИ ИШТЕП ЧЫККАН ӨЗГӨЧӨ БУЛЬДОЗЕР-ЖҮКТӨГҮЧ

Белгилей кетүүчү нерсе, заттык моделдин көлөмдөрү теоретикалык изилдөөлөрдүн математикалык моделдерин колдонуу менен алынган. Бизди кызыктырган параметрлер заттык моделден алынган жана эксперименталдык көрсөткүчтөр менен салыштырылган.

Коюлган максат жана маселелерге ылайык теоретикалык изилдөөлөрдө жүктөө иштеринде сузгучтагы массаны ташуучу транспорттун бортуна чейинки керектүү бийиктикке жеткирүү эсепке алынган, б.а. жумушчу органын максималдуу бийиктикке көтөрүү. Максималдуу керектүү бийиктикке көтөрүүнү тандоодо Кыргыз Республикасынын курулуш объектилеринде, карьерлерде, жеке секторлордо жана башка тармактарда колдонулуучу негизги самосвалдардын техникалык мүнөздөмөсү эске алынган. Жыйынтыгында реалдуу күч келүүлөрдүн максималдуу маанисинин негизинде бульдозердин конструкциясын түзүү жана иштеп чыгууда практикалык негизде колдонулуучу формулалар, көз карандылыктар сунушталган. Көз карандылыктардан алынган жыйынтыктарды телескопикалык түртүүчү брустардын кесилиштерин негиздөөдө колдонобуз. Кесилишти тандагандан кийин белгилүү ыкмалар менен сырткы таасир этүүчү күчтөрдү эске алуу менен чыңалууларды табуу аркылуу сапаттуулук эсептөөлөрүн жүргүзөбүз. Бул жерде, белгилеп кеткендей, бөлүктөрдүн өлчөмдөрү, формалары жана материалдары белгилүү болуп эсептелинет. Андан ары, табылган чыңалуу эсептөөлөрүн белгилүү формула менен уруксат берилүүчү маанилер менен салыштырабыз жана анын негизинде кандайдыр бир шартта бөлүктөрдүн сапаттуулугун баалайбыз.

Жаңы жумушчу шайманды колдонуунун экономикалык натыйжалуулугун эсептөөнүн негизги милдеттеринин бири – бул жаңы жумушчу шаймандын  негизги сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн анын экономикалык натыйжалуулугуна тийгизген таасирин сандык өлчөө. Жаңы жумушчу шаймандын  сапатына болгон талаптын өсүшү анын негизги сапаттык мүнөздөмөлөрүн тагыраак жана объективдүү экономикалык баалоосу аркылуу жумушчу шаймандын  экономикалык натыйжалуулугунун сандык баа берүүсүн жакшыртуу зарылдыгын шарттайт. Жаңы жумушчу шайманды жасоого чыгым башка өлкөлөрдөн сатып алууга караганда бир канча эсе аз жумшаларына шек жок, ошол эле маалда сарпталуучу акча каражаттарын аз убакытта эле актап алууга болот.

Кандайдыр бир жаңы техниканы ишке киргизүүнүн алдында аны жакшылап эксперименттен өткөрүү зарыл. Андыктан, биздин мамлекет же илим тармагын баалаган меценаттар акча каражаты тарабынан колдоо көрсөтсө биз иштешүүгө ар дайым даярбыз. Биздин ойлоп табуулардын жыйынтыгы өзүбүздүн өлкөдө өндүрүшкө кирүүсүнө бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек.

Аманбек Алтыбаев, техника илимдеринин кандидаты, Н.Исанов ат. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу” кафедрасынын доценти.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер