КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДҮЙНӨГӨ, КЫРГЫЗ ДЕП ӨТКӨН ДҮЙНӨДӨН

  • 12.05.2026
  • 0

Папан Дүйшөнбаев, жазуучу жана журналист

Макалада Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп беш, биринчи жетекчи болуп 11 жыл иштеген И.Раззаковдун республиканы экономикалык, социалдык жактан өнүктүрүү, анын улуттук руханий дөөлөттөрдү, биринчи кезекте “Манас” эпосун сактоо, анын кыскартылган вариантынын чыгарылуусун колдоо, балалыкты коргоо, мектеп окуууларына шарттарды түзүү, улуттук жаш адистерди жана илимий кадрларды, алардын ичинде кыз-келиндерден көбүрөөк  даярдап, өстүрүүнү кескин жакшыртып, гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча аткарган иштери  Президенттин мындан эки жыл мурда кабыл алынган “Улуттук дем-Дүйнөлүк бийиктик” Уңгу жол доктринасынын алкагында каралып, ал Кыргызстандын жогорку билим берүү, илим системасын калыптандырып, калкыбыздын руханий жактан кайра жаралуусуна,  илим-билимдүү  элге айлануусуна  мыкты пайдубалды түптөгөн, анын иштери азыркы мезгилге багытталган деген жыйынтык чыгарылат.

    КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДҮЙНӨГӨ, КЫРГЫЗ ДЕП ӨТКӨН ДҮЙНӨДӨН

«Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот».

Исхак Раззаков

«Мен күйбөсөм, сен күйбөсөң, караңгыны ким жарык кылат?»

Назым Хикмет

 

1950-жылы Кыргызстанда “Манас” эпосуна байланышкан маселелер андан он беш жыл мурдагыдай кайра көтөрүлүп, карама-каршы пикирлер айтыла баштаганда И.Сталин Кыргызстан компартиясынын ошол убактагы жетекчиси Н.С.Боголюбовго телефон чалып, “Манастын” маселеси кандай чечилип жатканын сурайт.

И.Сталин жаш кезинде мыкты ырларды жазган, адабий жаңылыктар менен үзбөй таанышып, Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалардын көбүн өзү окуп, пикирин билдирип, айрым чыгармаларды өзү сунуштап, Борбордук адабий журналдардын баарын сыдыргысынан өткөрүп сын-сунуштарын айтып турган. Ал тууралуу фактылар жетишерлик.

Н.С.Боголюбовдун  эпос жөнүндө таптакыр кабары болгон эмеспи же Манас деген бирөө Москвага арызданган деп ойлогонбу, айтор, ал И.Сталинге:

— Манасты кызматка жайгаштырып, батирин да чечип беребиз,-деп жооп берет.

И.Сталин көпкө чейин унчукпай туруп, башка сөз айтпастан, а түгүл коштошпостон трубканы коюп коёт. Мунун акыркы убактарда башкача  варианттары да айтылып жүрөт, бирок негизи чындык.

И.Сталиндин андан эмнени билгиси келип жатканы мээсине жеткенде Н.С. Боголюбов:

-Менин күнүм бүттү Төрөбай. Жолдош Сталин мындай нерселерди эч качан кечирбейт,- деп Кулатовдун кабинетине ыйлактап кирип барыптыр.

Чын эле көп өтпөй Н.С. Боголюбов кызматынан бошотулуп, ордуна Министрлер советинин төрагасы болуп жаткан иштеп жаткан И.Раззаков 1-катчы болуп шайланат. Сыягы, ошондо И.Сталин 1-катчылар титулдук этностон болбосо, сырттан баргандар элдин маданиятына, рухий дөөлөттөрүнө кызыгышпай гастролёрлорго окшоп эле жүрө беришет окшойт деген жыйынтыкка келсе керек.

И.Раззаковдун азыр биздин улуттук «Уңгу  жол» концепциябызга төп келерлик тарыхый иштери кайсылар?

Анын демилгеси менен Кыргызстан КП(б)  БК  1950-жылы 7-октябрда “Манас” эпосун үйрөнүү боюнча илимий конференция өткөрүү жөнүндө” токтом кабыл алган (1:75). Анын негизинде 1951-жылы 5-10-июнда Фрунзеде “Манас” эпосун үйрөнүү боюнча Бүткүлсоюздук конференция өткөрүлгөн. Анын негизги отурумдарынын баардыгына И.Раззаков катышып, багыттоочу сөз сүйлөгөн.

“Ал кезде Кыргызстан Компартиясынын баш жетекчиси И.Раззаков жөнүндө өзгөчө сөз айталы,-деп белгилеген окумуштуу, “Манас” жана Айтматов академиясынын негиздөөчүсү Т.Тургуналиев. — “Манас” — элдик улуу демократиялык мурас экени талашсыз. Бизди иш жүзүндө эки маселе кызыктырат. Бул эпос элдикпи же элдик эмеспи. Элге элдик вариантты берүүнүн жолу кайсы? Конференция ушул суроолорго так жооп берүү керек”-деп, күрөшкө багыт берген. Бул биринчиси. Экинчиси, кийин Б.Юнусалиев жетектеген топ эпопеянын бириктирилген, кыскартылган вариантын даярдаганда, “мага каршылар мени “Манасты” колдойт деп күнөөлөйт, “улутчул”  деген жалаа жабат” деп коркпой, өз кызыкчылыгын ойлобой, “Манасты” колдогон”.

Андагы окуя тууралуу кийин Эл акыны, Эл баатыры Сооронбай Жусуев “Раззаковдун тагдыры аттуу дастанында:

Кыргыздын улуу эпосу “Манас” болуп,

Турганда келечеги талаш болуп,

Эл уулу Раззаков ой издеди,

Элдик деп аны атоого жол издеди…, деп жазган.

И.Раззаковдун эки тизгин, бир чылбыр колуна тийери менен ишти “Манастан” баштап, андан кийин окуучулардын тамак-ашы, орус мектептеринин баардыгына милдеттүү түрдө кыргыз тилин окутууну киргизүүсү, борбордук ЖОЖдордо атайын квота менен окугандардын, Кыргызстандагы ЖОЖдордо кыргыз студенттеринин сандарын көбөйтүү боюнча батыл чечимдерди кабыл алуусуна Өзбекстандагы тарбиясы чоң таасирин тийгизген.

Анткени, тоталитардык мезгилде деле кошуна өзбек элинде эне тилди, маданиятты урматтап, улуттук иденттүүлүктү, биримдикти сактоо тенденциясы күчтүү болгон. Өзбектер урук, уруу сүрүштүрүү, жердештик дегенди билишпейт. Ким жакшы кызматкер, жакшы адам болсо, ошол тууган, ошол дос. Тоталитардык мезгилде деле алардын маданият үйлөрүндө, коомдук жайларында, автоунааларында өзбек ырлары, музыкалары гана жаңырып турчу. Башка тилдердеги ырларды койдуртушчу эмес. Базарларда, дүкөндөрүндө орусча сурагандарга көбүнчө өзбекче жооп беришчү.

Прокатка чыгарылган кинолорду ошо замат которуп, өзбекчелеп салышчу. Алсак, “Золото Макенны” деген кинотасманын афишасы  айыл кыштактарында түгүл, шаарларында деле “Макенбай аканын тиллалары” деп илинип турчу. Алар 1970-1980-жылдарда  кыргыз, тажик, уйгур, казак, дунган ж.б. элдердин көбүн  паспортуна өзбек  деп жаздырып эле титулдук этностун санын кескин көбөйтүп алышкан. Андай процесстер азыр да улантылып жатышы мүмкүн. Кыргызстанда уйгур же тажик “мени кыргыз деп жазгыла” деп кайрылса, сен андайсың, тигиндейсиң деп, А.Атамбаевдей кылып,  ошол замат тегин сүрүштүрүп, сен башкадансың дешмек.

Өзбектер комплиментардык мүнөздөгү сылык-сыпаа, кандай түшүнбөстүктөр болбосун компромисс менен чечүүгө аракеттенген эл. Бирок, эне тил, улуттук маданият сыяктуу принципиалдуу маселелерде эч кандай компромисске барышпайт. Кыргыздардын бир бөлүгү, өзгөчө жаштар тоталитардык мезгилде түгүл, азыр деле орусча так сүйлөгөндөрүнө сыймыктанып, кээде өз ара да ал тилде сүйлөшүшсө (өзгөчө Ысык-Көл, Чүй облустарындагылар,  Бишкектегилер), өзбектер кавказдыктардай кээде орус тилинин грамматикасын, басымдарын буза, акцент менен сүйлөгөндөрүнө сыймыктанышат. Ага мисал катары   Эл жазуучусу Ж.Мавляновдун эскерүүлөрүнөн мисалдарды келтирсе болот. 1984-жылы Ж.Мавлянов Ташкентке Абдулла Каххардын 60 жылдыгына арналган салтанатка барат. КП БКдан профессор, адабиятчы жана драматург И.Султановго  А.Каххар жөнүндө орусча баяндама жасоону тапшырышса, ал “5-6 орус үчүн менен баяндаманы орусча жасабайм” деп, өзбекче жасайт. Ал эми андан аркысы жөнүндө  Ж.Мавлянов төмөндөгүлөрдү айтат: “Салт боюнча акырында юбилярга сөз берилди. Бу киши да өзбекче сүйлөдү трибуна жакта отурган үчүнчү секретардын шыбыраганына карабастан…”Энли русчасини да хам укип койиң” дегенине ал: “Ким үчин окуйман? Акыры залда рус  ёкку?” -дегени секретардын артындагы катарда отурган бизге да  угулду…..Концерттик бөлүмдүн басымдуу бөлүгү —   өзбек тилинде экен. Арасында 3-4 ыр гана орус тилинде аткарылды.Ошону да залдагылар өгөйлөшүп, тактаны тепкилешип, ышкырышып, ага да токтотпосо, ала допу эркектер, атлас көйнөкчөн аялдар топ-тобу менен сыртка чыгып кетип жатышты…Коноктордун арасында отурган Шараф Рашидович улам бир жагы аңырайып бош калып жаткан жакты акырын карап коёт”.

Союздук өкмөттүн токтомуна ылайык, республикалардын пландан ашкан таза кирешелеринин баардыгы, аларды чыгымдоо укугу да өздөрүнө калтырылган. Ал укукка таянып И. Раззаков 1956-1957-жылдары Кыргызстандын пландан ашкан таза кирешесинин бир бөлүгүн башталгыч класстардын окуучуларына бир маал акысыз ысык тамак бердирүүгө бөлүүнү чечет. Ошол убакта балалыкты коргоонун абалы оор болгон, төрөлгөн жаш наристелердин ар бир миңинен 30у бир жашка жетпей чарчап калса, аскерлерге чакырылгандардын 70—80 пайызы салмактары жетпегендиктен, дарттардан улам курулуш батальондорунан башкага алынган эмес.

Мына ошондой абалды оңдоо максатында Кыргызстан КП БК Өкмөт менен биргеликте 1957-жылдын сентябрында республикалык бюджеттин эсебинен 1-4-класстардын окуучуларына акысыз ысык нанүште (завтрак) бердирүү жөнүндө токтом кабыл алат. Ал жакшы натыйжасын бере баштаганда кийинки жылы 1-7-класстардын окуучуларын ага камтуу тууралуу дагы бир токтом чыгарылат. Аны Москвалык айрым жетекчилер (каржы министри Зверев баштагандар)  «андайды биз киргизе албай жатканда перифериядагы кайдагы бир кичинекей республиканын мындай кылганы эмнеси» дешип, өздөрүн мазактагандай кабылдашып, дароо КПСС БКга апыртып, бурмалап жеткиришет. Ага Кыргызстан КП БКнын 1958-жылдын 18-августундагы «Кыргыз жаштарынан атайын орто жана жогорку окуу жайларында кадрларды даярдоону жакшыртуунун чаралары жөнүндө» токтом да кошумча болот. Көрсө, ал чечимдерди кабыл алууда И. Раззаков алдын ала КПСС БКдагылар менен макулдашып, алардан уруксат  албаган экен.

Ал эл чарбасы, маданий жана илимий, башкаруу органдары үчүн улуттук кадрларды даярдоого, мектеп окуучуларынын шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурган. Ал жеке өзү атайын орто жана жогорку окуу жайларында даярдалган, даярдалып жаткан кадрлардын улуттук курамдарын талдатып чыгартканда республикадагы техникалык техникумдарда акыркы 5 жылда даярдалган кадрлардын 15 пайызы, транспорт жана өнөр жайы боюнча даярдалгандардын 10,6 пайызы, КМУда окугандардын 50, ФПИде окугандардын 35, КАЧИде окугандардын 20, дене тарбия институнда окугандардын 23, сырттан окугандардын 8 пайызы гана кыргыз экендиги аныкталган.

И.Раззаковдун мындай чечкиндүү иштери КПСС БКнын бир катар жетекчилеринин кыжырларын келтирип,  аны бир шылтоо менен жазалап, кызматынан четтетүүнү чечишет.

— Силер өзүңөрчө коммунизм кургуңар барбы? Андай болбойт, биз ага жол бербейбиз. Биз силерди өзүңөрдүн гана эмес, балдарыңардын да эстеринен кетпей турган кылып жазалайбыз, — деп ызырынат И. Раззаков менен К. Дыйканбаевди кабыл алган КПСС БКнын 2-катчысы Ф. Р. Козлов.

КПСС БКнын Президиумунун мүчөсү Н.А.Мухитдиновдун эскерүүсүнө ылайык, ал И.Раззаковду кызматынан бошотуу жөнүндө үч ирет Президиумга маселе коет, бирок ага И.Раззаковго симпатиясы бар Н.С.Хрущев көнбөйт. Акыры жадаганда макулдугун берет. Анын үстүнө 1957-1961-жылдарда ар кандай кинелер менен союздук республикалардын, облустардын  жетекчилерин алмаштыруу кампаниясы жүргүзүлгөнүн да эстен чыгарбообуз керек.

Ал Кыргызстанды эң оор убакта же согуштан бүлүнгөндөрдү калыбына келтирип, анан Н. С. Хрущевдин перма­ненттүү реформалары башталып, ички, тышкы саясатта олку-солкулуктар күчөгөн турбуленттик мезгилде иштеди. Анын мыкты иштегендигин ал жетекчи болуп турганда Кыргыз ССРинин 2 жолу, ал эми Раззаков 3 ирет Ленин ордени менен сыйлангандыгы ырастап турат. Андан кийинки 30 жылдын ичинде республикабыз Союздун андай эң жогорку сыйлыгына арзыган эмес.

Чакан макалада анын убагында республикабыздын эл чарбасында курулгандардын, маданий, социалдык чөйрөлөрдө аткарылгандардын баарын чагылдыруу кыйын. Ошентсе да негизгилерин  айтсак, 1945-1960-жылдарда Кыргызстанда бардыгы болуп 59 завод жана фабрика, 46 цех жана участка курулган жана реконструкцияланган. Алардын ичинде М. Фрунзе атындагы айыл чарба техникаларын чыгаруучу завод, Фрунзедеги бут кийимдер фабрикасы, Аламүдүн, Лебединовка, Жалал-Абад, Пржевальский, Үч-Коргон ГЭСтери, «Кыргызавтомаш» заводу, Оштогу электромеханикалык завод, жибек түрүүчү фабрика, Фрунзедеги асфальт-бетон заводу, ТЭЦ, пахтадан кездеме токуучу фабрика, Октябрдын 40 жылдыгы фабрикасы, Сүлүктү, Кызыл-Кыядагы, Таш-Көмүрдөгү жаңы шахталар, Орто-Токой суу сактагычы, жалпы узундугу 172 чакырымдык Кант-Балыкчы темир жолу, Фрунзе-Ош автожолу сыяктуу ири объектилер курулуп, ишке киргизилип, КМУ, политехникалык институт, кыз-келиндер институту, Ош, Пржевальскидеги пединституттар, Кыргыз дене тарбия институту, Илимдер Академиясы сыяктуу жогорку окуу жайлар жана ири илимий мекеме ачылган. Же республикада ЖОЖдор системасы анын убагында калыптанган. Кыргызстандын маданиятынын жана адабиятынын декадасы 1959-жылы Москвада  эң жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.

КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДҮЙНӨГӨ, КЫРГЫЗ ДЕП ӨТКӨН ДҮЙНӨДӨН

1959-1960-жылдар кургакчыл болгондуктан, ага кошумча Н.С.Хрущев айыл чарбасын оюна келгендей реформалап, башаламан кылгандыктан  Союздук республикалардын көпчүлүгүндөй эле Кыргызстанда да айыл чарбасынын көп түрү боюнча пландар аткарылбай калган. Ага 1959-1961-жылдардагы «трикотажчылардын иши» («еврейлердин иши» деп да жазылат) да чоң таасирин тийгизген. Ал уюшкан кылмышты Союздун атайын кызматтары Одессадан бери изилдеп, эки жылдан ашык аңдып жүрүп ашкерелешкен. Анын жыйынтыгы менен 1962-жылы март-июлда өткөрүлгөн сотто 21 адам өлүм жазасына өкүм кылынса, алардын 14ү аткарылган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жетөөнө өлүм жазасы 15 жылдык өзгөчө режимде камоо менен алмаштырылган.

Мында И.Раззаковдун өзгөчө айкөлдүгүн белгилей кетүү керек. Ал өзүнүн кызматтан алынарына аз калганын  1960-жылы эле  билген. Ф.Козловдун Президиумдагы сунуштарына бир нече ирет күбө болгон, өзүнүн   тууганы катары эсептеп, дайыма ылымсып жүргөн  Н.Мухитдинов 2-катчынын сунушун И.Раззаковго айтпай коймок беле. Анын И.Раззаковго ыкласы түшүп калганынын себеби- ал Ташкентке жаңы барганда Н.Мухитдиновдун эжесинин үйүндө жашап жүрүп, аны менен ошерде таанышкан (6: 43). Жаш кезинде көптөгөн кыргыздар менен бирге иштешип, партиянын Наманган обкомунун 1-катчысы болуп турганда Аксылык айрым жетекчилер менен ашына-досторго айланган Н.Мухитдинов  кыргыздарга аябагандай чоң симпатия менен мамиле жасап, айрымдарын Москвадагы үйүнө  чакырып, жумалап коноктоп, ошол убакта эң таңсык делген “Волга” автоунаасын да алып берген.

И.Раззаков  1960-жылы Кыргызстанды кыдырып, айрым жерлерге 2-3 күндөн токтоп, ичинде республика менен коштошо баштаган. Ага мисал катары мурда бир жерге көп токтобогон (аны пленумда ушул жагынан да айыпташкан)  И.Раззаковдун ошол жайда Сары-Челекте бир нече күн эс алганын көрсөтүүгө болот. 1961-жылы январда ордуна ким даярдалып жатканын да так билген, бирок ал мураскоруна кутумдук уюштуруп, аны жаманатты кылып, оюндан чыгарууга аракет кылган эмес. Ага толук мүмкүнчүлүгү болгон. Алсак, жогоруда айтылган “трикотажчылардын”  иши боюнча 150дөн ашык адам камалса, коммунисттеринин басымдуу көпчүлүгү Фрунзеде партиялык эсепте турушкан. Советтик мезгилде партиялык чоң жетекчи бирөөнү жаманатты кылып иштен кетиргиси келсе, эмгек жамаатынан эки коммунист мушташып, милицияга түшүп калса деле идеологиялык, тарбиялык иштерге көңүл бурулган эмес деп, ага өндүрүштөгү кемчиликтерди кошуп, партиялык катчыга катуу сөгүш берип, кээде кызматынан да бошотуп салчу. И.Раззаковдун деле “трикотажчылар” массалык камалып; каткан жерлеринен кап-кап акчалар, ондогон кило алтындар чыга баштаганда эле бюрого маселе даярдатып, потенциалдуу атаандашын бутка тээп салса болмок. Ал үчүн аны эч ким айыптамак эмес. Бирок ал ага барбаган.

Жалпысынан алганда И.Раззаков, орустар “цельная натура” дешкендей, өзөгү бекем, бирөөнүн артынан жамандык издебеген инсан болгон. Ал чоң чогулуштарда державанын кожоюнуна тамаша сөздөрдү айткандан да тартынбаган. 1955-жылы Алматыдагы аймактык жыйында Казакстандын жетекчиси “биз быйыл мамлекетке 1 миллиард пуд эгин тапшырабыз” десе, андан кийин трибунага чыккан И.Раззаковдун “биз боордош казак эли менен бирге мамлекетке 1 миллиард 10 миллион пуд эгин сатабыз” деп элдин баарын күлдүргөнү, дагы башка жыйындардагы чукугандай сөздөр менен Н.С. Хрущевге  каяша айтканы, жогоруда аталгандай чечимдерди кабыл алдырганы  эле жүрөгүндө жалы бар экенин айтып турат. Кийинкилер Союздун биринчи жетекчисине каяша кылмак түгүл, тике карай алышпай, чындыкты да туурна деше албай жалтактап турушканын Жамин Акималиев сыяктуу адамдардын эскерүүлөрүнөн жакшы билебиз.

Ал жаштарды тарбиялап, илим-билимдүүлөрдүн катарын көбөйтүүгө өзгөчө көнүл бурган. Фрунзедеги биринчи кыргыз орто мектеби, кыз-келиндер институту анын демилгеси менен ачылган.Алсак, Кыргыз медициналык  академия­сынын пайдубалы 1939-жылы түптөлсө, 1950-жылдардын башталышына чейин кыргыз кыз-келиндеринен 45 гана врач, айыл чарба институтунан 2, пединституттан 132си гана адистиктерге ээ болуп чыгышкан экен. Бул маселе  1953-жылы Кыргызстан КП БКнын бюросунда талкууланып, И.Раззаков ЖОЖдордо гана эмес, аспирантура, докторантураларда окугандардын арасында да аялдарды көбөйтүү  жөнүндө катуу талаптарды коюп, тийиштүү чечимдерди кабыл алдырткан.

Анын демилгеси менен Кыргызстандын Москвадагы өкүлчүлүгүндө Россияда билим алып жатышкан кыргыз жаштарына жардам берүү үчүн атайын фонду түзүлгөн. Андан убагында А.Масалиев баш болуп, көптөгөн студенттер жардам алышкан. Эгерде борбордук ЖОЖдордо окуп жаткандардан кимдир бирөөлөрү окуудан чыгарылса, аларды кайра окууларына киргизүүгө өзү киришкен учурлары болгон. Алсак, Москвадагы аспирантурага жаңы өткөн Ч.Айтматов-эл душманынын, Р.Тургунбеков -кулактын, К.Курманов -манаптын баласы деген айыптар менен окууларынан чыгарылганда ал КИАнын президенти И. Ахунбаевди, Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы А.Алтымышбаевди эс алып жүргөн жеринен чакырып, үчөөсүн кайра окууларына киргизүүнү талап кылат. Бирок алардын үстүнөн  Москвага “тоголок кат” баргандыктан жана КПСС БКнын катчысы М.Сусловдун  “зыяндуу элементтердин балдарын Москва, Ленинградда окутпоо” жөнүндө жашыруун каты болгондуктан гана ал маселени чече албай калат.

Ал Кыргызстанды Прибалтикалыктардай эли билимдүү, илимдүү, маданияты, экономикасы өнүккөн республикага айландыргысы, ошондой абалда көргүсү келген, ал үчүн кээде мансабын да тобокелге салган. Анын кошуна республикалар менен чек ара, жер,суу ж.б. маселелерди чечүү боюнча КПСС БКга, СССР Министрлер кеңешине жөнөткөн каттарын, сунуштарын окусаңыз анда күчтүү   батылдык, белгилүү деңгээлде тобокелчилик сапаттар болгонуна ынанасыз.

Республиканы ондогон жылдар бою эмес, кичинекей чарбаны беш-алты жыл жетектеген адам деле кемчиликтерди кетирбей койбойт. Менин кемчилигим жок, мен аткаргандардын баары туура деп тубаса демагог, ыйманына түз карабаган адам гана айтышы мүмкүн. Эл да: иш бар жерде-кемчилик да бар деп коёт. Иштебеген адамда гана кемчилик болбойт.

Кытайлар Мао Цзедундун жетекчи болуп тургандагы ишмердигин талдап, ал аткаргандардын 70 пайызы туура, 30 пайызы жаңылыштык, демек, ал биздин жолбашчы бойдон кала берет  деген жыйынтыкка келишкен. Бул өңүттөн алганда    И.Раззаковдун аткаргандарынын 90 пайыздан ашыгы элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келген деп ишенимдүү айтса болот.

Бирок И.Раззаков Москвага кеткенден кийин Кыргызстанда анын ысмына табу жарыялангандыгы да чындык. Ал алтымышка чыкканда расмий куттуктоолор түгүл, жергиликтүү басылмаларда алакандай материалдар да берилген эмес. Баарынан ага оор тийгени, ал Кыргыз ССРинин Фрунзедеги 40 жылдык, 50 жылдык салтанаттары түгүл, 1974-жылы  ноябрда Москвада өткөрүлгөн мааракелик  иш чарага да чакырылбаптыр. Кыргызстандын жетекчилиги ошондой көрсөтмө бериптир. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, ресрубликаны он беш жыл башкарган, төрт Ленин ордени менен сыйланып, Союздук, республикалык Жогорку Кеңештерге жети ирет депутат болуп шайланган, Союздук маанидеги персоналдык пенсиядагы  адам чакырылбаган мааракеге, андан башка ким чакырылышы керек эле?

Андан мурда Өзбек ССРинин 50 жылдыгына арналган  салтанатта Ташкентке чакырылып, республиканын Ардак Грамотасы менен сыйланган  экен. Бирок Кыргызстандын жетекчилиги Фрунзедеги түгүл, Москвадагы иш чарага чакырбай коюшканда  чындап көзүнө жаш алыптыр. 1979-жылы мартта Москвада дүйнөдөн кайтканда  Кыргызстандын жогорку жетекчилеринен эч кимиси барган эмес. Министрлер кеңешинин иш башкаруучусу менен өкүлчүлүккө гана тапшырып коюшкан. Жергиликтүү партиялык басылмаларга некролог эмес, эки саптан билдирүү гана берилген. Анткидей ал мураскорлоруна кандай жамандык кылган? Билишибизче, эч кандай жамандык кылган эмес. Бирок айры буттуулардын көрө албас ичи тарлыктарында, карасанатайлыктарында чек болбойт экен, аны биротоло тарыхтан чийип, унутууга  аракет кылышты эле, бирок мезгил баарын өз ордуна койду,  көз карандысыздыктан кийин анын жылдызы жанып чыкты, өлгөндөн кийин болсо да эл үчүн аткарган иштери адилет баасын алды.

И.Раззаков күндөлүк жазып жүргөн экен. Ал өзүнчө китеп болуп чыгарылганбы же жокпу, аны билбейбиз. Андай китепти көрө элекпиз. Комментариялары менен чыгарылса, анын өмүр жолун, аткарган иштерин изилдегендер, жалпы окурмандар үчүн жакшы белек болмок. Күндөлүк- адамдын дил сыры, ой толгоолорунун жыйынтыгы. Биз макаланы анын күндөлүгүнөн  ар жерлерде үзүндү- кесинди катары жарыялангандар менен жыйынтыктасак,белгилүү деңгээлде  анын жан дүйнөсүн түшүнгөнгө, бейнесин ачканга да жардам болот деп ойлойбуз.

 

              И.Раззаковдун күндөлүгүнөн

 

Ак иштеп, адам акыры жамандык көрбөйт.

Мен эмне иштеп, эмне бүтүрдүм? Ким үчүн эмгек кылдым? Эл калыс…

Касташуудан кач, бирок адилеттүүлүктөн тайба.

Иштен качкан адам- идирексиз адам. Инабаттуу өмүр сүрөм десең иштен тажаба. Иштей  бил…Иш сенин зарылдыгың болгондо гана турмуштун өтөлүнө чыга жашайсыз…

Намыстуу болсоң- жеңишиң арбын болот.

Жакшы кызматкер болсоң да өзүңө, жаман кызматкер болсоң да өзүңө. Бирок жаман кызматкер болсоң зыяның элге тийер.

Бирөөлөрдүн күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн чабалдыгыңан корк.

Тууган-урук керек. Сыйлоо, жардам берүү- парзың. Антпесең журттан чыгып каласың…Бирок ойлонуп сыйла, акылың, кеңешиң менен жардам бер.Эмгекке шилте. Бул- туугандыктагы эң бир туура жол.

Эгер сыйлоо, жардам берүү ушу экен деп ыгы жок көтөрмөлөй берсең, анда да журттан чыгып каласың.

Ишти акыл менен иште. Эгерим сезимге жеңдирбе. Алданып каласың. Сезимди акылдын эркине баш ийдире алсаң, анда пайдаң да арбын болот.

Балалуу болуу-бакыт. А неберелүү болуу- бакыттан да чоң ырыс.

Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын.

Тагдырды болжоп болбойт тура. Бир жерде туулсаң, башка дагы бир жерде жашап калат экенсиң, ал эми дагы бир жерге көмүлгөндөр азбы.

Калыс кызматкер болом десең кек сактаба, калыс бол.

Идиректүү адамдан жардамыңды аяба,  ал кийин иш билги болуп чыгат.

Уйку таттуу, эмгек андан да ширин.

Өлүмдү ойлогондо өмүр дегениң ушунчалык таттуу болуп кетет экен, чексиз жашагың келет экен.А ойлобоюн десең оңбогон ооруу өзүн эстеткени эстеткен…

Жалкоолор эки жолу өлүшөт:  уктай беришип бир өлүшөт, чындап өлгөндө бир өлүшөт…

Жаштарга айтарым: китепти сүйгүлө, тил үйрөнгүлө.

Китеп- белек бермети.Белекке берилген китепти сөзсүз окуу керек.

Бүгүнкү студенттер- эртеңки педагогубуз, агрономубуз, зоотехнигибиз, врачыбыз, маданияттын жүгүн көтөргөн азаматтарыбыз.

Орустар да, алардан башка элүүдөн  ашык улуттардын өкүлдөрү да бизде жашашат. А эмне, аларга жергиликтүү элдин тилин билишсе, жаман болот бекен?

Чыныгы патриот өз элинин аброюн дүйнөлүк масштабга көтөрүү үчүн эмгектенет.

Биз, кыргыздар, үнөмдөөнү, сарамжалды билбейбиз, ал үчүн күрөшүү- биздин милдет.

Адамдын байлыгынын чени — илим.

Мекендин бактысы- өмүрдөн кымбат.

…Бул дүйнөгө мен жылаңач бойдон келгем, ошол бойдон кетемин, мага малдын да, байлыктын да кереги жок. Элим үчүн эмгегим калса гана болду. Ошого ыраазымын.

Өлгөнүмдө өзүмдүн Ата-Журтумдун топурагы буйруса экен. Москвада көмүлсөм кандай гана кейиштүү…Жок, мен сезип турам, албетте, ошондой болот…

Өмүр өтөр, а өлүм татаал…Туулдуң — өлдүң. Өлбөй калуунун жолу барбы? Ал- эмгек…Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат.

P.S.  Исхак Раззаков эл-жер үчүн күйгөн эмгеги менен кыргыз элинин эсинде калды. Ал кыргыз барда түбөлүккө жашай берет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер