КУУнун журналистика факультети менен жашташ педагог

  • 15.10.2026

КУУнун журналистика факультети менен жашташ  педагог

Кээде бир өмүр замандаш болуп бирге иштеп, алака-катыш менен сыйлашып жүргөн жакын адамың туурасында да толук маалыматың болбой калган учурлар көп эле болуп калат. Жалаң гана саясат, негатив ойлор, пикирлер менен алпурушпай, кээде пенделик парзыбызга ылайык арабыздагы жакшы окуялар, жакшы инсандар жөнүндө да айтып, дилибизди тазартып өмүр өткөргөнүбүз жакшы го. Бүгүн арабызда жашап бир өмүр  билим берүү системасында эмгектенген, тажрыйбалуу педагог, мыкты инсан,  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетитинин профессор, доцент Абдыганы Дарманбекович Халилов туурасында сөз кылууну туура таптык.

Жогоруда макаланын темасында журналистика факультети менен жашташ дегенибиздин себеби А.Д. Халилов 1956 – жылы 1-октябрда Чоң-Алай районунун Карамык айылында туулган. Ошол 1956 — жылы КМУнун кыргыз филология факультетинин базасында журналистика бөлүмү ачылган. Бөлүмдү тейлөө үчүн журналистика кафедрасы ачылып, анын алгачкы кафедра башчысы белгилүү адабиятчы  окумуштуу Мухтар Борбугулов болгон. Бул журналистика бөлүмү 1966- жылга чейин он жыл иштеп, эки жолу бүтүрүүчүлөрдү чыгарып, ортодон кандайдыр бир себептер менен сегиз жылга  жабылып калат. Андан кийин 1974- жылы кайрадан журналистика бөлүмү ачылып, анын биринчи бүтүрүүчүлөрү — бүгүнкү күндөгү кыргыз элинин сыймыктары, белгилүү журналисттер, жазуучулар Эсенбай Нурушев, Абдиламит Матисаков, Мундуз Тентимишев, Абдимухтар Абилов, Алтын Асанова, Таалай Темиров жана башка мыктылар.

Мына ушул 1974 – жылы Абдыганы Халилов дагы алыскы Карамык айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектепти бүтүрүп келип, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы (кыргыз тили жана адабияты адистиги) факультетине студент болуп калат.  Ал кезде Союздук республикалардан Борбордук окуу жайларына (Москва, Ленинград шаарларына) жакшы окуган студенттердин арасынан конкурстук негизде тандап жиберип турушкан. А.Халилов дагы КМУдан 3-курсту ийгиликтүү аяктаган соң Ленинград шаарындагы А.А. Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетине 3-курска  которулат.  1980 –жылы Ленинград  мамлекеттик университетин ийгиликтүү бүтүрүп келип, али ээгине түк чыга элек 24 жаштагы жаш кадр бир жуманын ичинде ал  кездеги республикадагы бирден-бир негизги жогорку окуу жайы болгон Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин курамындагы журналистика бөлүмүнүн журналистика кафедрасына окутуучулук орунга кабыл алынат. Ошол күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин “дарак бир жерден көгөрөт” деген накыл сөздөгүдөй А.Д. Халиловдун тагдыры да, эмгек жолунун тарыхы да журналистика факультети менен бирге жуурулушуп келатат.

Ошентип эмгек жолун Токтосун Мамбетсариев, Мукай Сасыкулов, Абдивали Камилов, Рима Орозалиева сыяктуу тажрыйбалуу педагогдор менен бирге баштап, иштей баштайт. Тажрыйбалуу мугалимдерден үйрөнүп, пайдалуу кеңештерин угуп, мугалимдик кесипти өздөштүрүү менен педагогдук эмгек жолу башталат. Жаш кадр катары факультеттеги окуу-тарбиялык жана коомдук иштерге активдүү катышат. Советтик түзүлүштүн мезгилинде окуу планында бекитилген “Партиялык, советтик журналистиканын тарыхы”, “Советтик журналистиканын теориясы жана практикасы”, “Журналистиканын негиздери”, “Социологиялык изилдөө жүргүзүүнүн методикасы жана журналистика” деген советтик идеологияга багытталган предметтерди өздөштүрүп, студенттерге лекция окуй баштайт. Ал мезгилде жогорку окуу жайында беш жыл иштегенден кийин мугалимдерди, айрыкча жаш адистерди квалификациялык курстан (ФПК) өткөрүп турушкан. А.Халилов дагы 1986-  жылдын 1-февралынан баштап М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде үч айлык курстан өтөт. Белгилүү педагог-лекторлор Я.Н. Засурский, Е.П. Прохоров, С.М. Гуреевич, Р.П. Овсепян жана башкалардын лекцияларын угуп, сабактарына катышып, лекторлук ыкмаларын үйрөнүп тажрыйба топтойт. Москвадан келгенден кийин ага окутуучу болуп дайындалат.

1992-94- жылдары кыргыз филологиясы жана журналистика факултетинде декандын окуу иштери боюнча орун басары болуп иштейт. Өлкөбүз эгемендик алган жылдарда жаңы талапка ылайык окуу ситемасында да жаңылануу процесси жүрүп, жаңы окуу пландарын иштеп чыгуу, окуу процессин жаңыча уюштуруу иштери күн тартибине коюлат. Окуу иштерине жооптуу кызматкер катары  бул иштерге активдүү катышып, жыйынтыгында жаңы багыттагы окуу пландары түзүлөт. Журналистика жаңыча нукка түшүп, окуу планына  кошумча жаңы  предметтер киргизилип окутула баштайт.

А.Д.Халилов 1994- жылдын аягында  Билим берүү министрлигинин жолдомосу менен Европа стандартындагы докторантура (PhD) программасында окуу үчүн Түркиянын Стамбул шаарындагы Мармар университетине жиберилет. 1999-жылы докторантура программасын ийгиликтүү аяктап, ”Кыргызстанда журнал периодикасы: тарыхы жана калыптануу этабы“ деген темада түрк тилинде диссертация жактап, Европа стандартындагы философия доктору (PhD)   деген илимий даражага ээ дипломун алып келет.

Жогорку окуу жайларына билим берүү системасында журналистика багыты башкалардан өзгөчөлөнгөн, дайыма жаңыны талап кылган адистик болуп саналат. Ошондуктан тажрыйба алмашуу, жаңыча иштөө, окуу пландрын жаңыртуу, жаңы мамлекеттик стандартты иштеп чыгуу сыяктуу иштер тынымсыз жүрүп турат. Мына ушундай зарылдыктардан улам 1994-жылы май айында КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин курамындагы журналистика бөлүмү өзүнчө факультет болуп бөлүнөт. Бул өтө туура чечим эле. Анткени, ошол учурда КМШ өлкөлөрүнүн бардыгында жетектөөчү ЖОЖдордо журналистика өз алдынча  факультет катары иштеп турган. Абдыганы Халилов 1999-жылы Түркиядан келгенден кийин өзү иштеп жүргөн басма сөз кафедрасына кафедра башчысы болуп дайындалып, аны 2007-жылдын июнь айына чейин башкарат. Бул мезгил ичинде демократиянын, эгемендиктин талабына жараша жаңы окуу пландары түзүлүп, мурдагы эски окуу планындагы бир топ предметтер алынып салынат. Алардын ордуна учурдун талабына ылайык “Журналисттик иликтөө”, “Басма сөздөгү дизайн”, “ММКнын техникасы” сыяктуу бир катар жаңы предметтер киргизилет. Албетте, жаңы окуу пландарын  түзүүдө жеке эле коллективдин тажрыйбасы менен чектелбей, кошуна мамлекеттерде, Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Алматы ж.б. жактагы университеттерде колдонулуп жаткан  практикалык усулдар, жаңы тажрыйбалар да эске алынган.

Ошентип жаштыгын, күлгүн курагынан баштап бүт өмүрүн, эмгегин ушул журналистика факультетине арнаган А.Д. Халилов 2007-жылдын 1-июнунан 2015-жылдын октябрь айына чейин 9 жыл факультетти жетектеп, декандык кызматты аткарат. Билим берүүнүн табиятына жараша негизги көңүл окуу процессин заман талабына ылайык уюштуруп, факультеттин структурасын кеңейтүү, жаңы адистиктерди ачуу жагына өзгөчө көңүл бурулган. Натыйжада чоң аракет менен 2009-жылга чейин профил катары эсептелип келген “Реклама жана коомчулук менен байланышты” өзүнчө адистик катары ачууга жетишишти. Аны тейлөөчү так ошондой  эле аталыштагы өз алдынча кафедра ачылат. Ошону менен катар факультеттин структурасы кеңейип, студенттердин контингенти өсөт. Бүгүнкү күндө бул кафедра факултеттеги эң натыйжалуу иштеп жаткан кафедралардан болуп калды. “Реклама жана коомчулук менен байланыш” багытынан окуган бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда гана эмес Казакстан, Россия мамлекеттеринде да мыкты кадр катары эмгектенип жатышат.

2010- жылы “Журналистика” адистиги боюнча КРнын билим берүү минитрлигинин жолдомосуна ылайык жаңы мамлекеттик стандарт иштелип чыккан. Стандарт боюнча жумушчу топту А.Халилов жетектеп, билим берүү жана окуу программалары боюнча тажрыйба алмашуу максатында сентябрь айында Грузия републикасына бир жумага иш сапар менен барып, Грузиянын алдыңкы окуу жайларынын журналистика факультеттеринин жана институттарынын иш тажрыйбалары менен таанышып, тажрыйба алмашып келишет. Мындай аракет да окуу процессин жакшыртуу максатын көздөгөн маанилүү иш чара болуп эсептелет. Мына ошентип мезгил менен кадамдашып, дайыма жаңыны өздөштүрүү менен алектенип жүргөн факультет азыркы учурда “Журналистика жана коммуникация институту” болуп кайра түзүлгөнү баарыбызга маалым. Институттун түзүлүшүнө чыгаан журналист, социология илимдеринин кандидаты, доцент, факультеттин деканы Костюк Ширин Аалиевна коллектив менен бирге зор күч жумшап ийгиликке жетишишти.  Инстиуттун директору катары Ширин Аалиевна жаңы багытта ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан учур.

Азыркы учурда А.Д. Халилов журналистика жана коммуникация институтунун тажрыйбалуу педагог-профессору катары бакалавриат, магистратура жана “(PhD) докторантура” адистиктеринде   окуу планындагы “Журналисттик иликтөө”, “Журналистикадагы аксиология”, “Эл аралык гуманитардык укук жана ММК”, “Ааламдашуу жана учурдагы масс-медиа”, ”Азыркы масс-медиа жана саясат”, “Ата мекендик жана дүйнөлүк журналистиканын тарыхы”, “Азыркы масс-медианын типологиясы” ж.б. негизги предметтер деп саналган бир катар жаңы сабактар боюнча лекция окуйт жана алардын илимий иштерине жечекчилик кылат. Лектордун кайсы бир предмет боюнча лекциянын текстин даярдап,   аны аудиторияда студенттерге жеткиликтүү даражада окуп, түшүндүрүү өзүнчө оор, чоң жоопкерчиликти талап кылган иш. Мугалимдер лекция окуу менен эле чектелбестен окуу программаларын түзүү, окуй турган предмет боюнча жумушчу программа түзүү, модулга тест даярдоо, экзамендик билеттердин суроолорун түзүү сыяктуу жумуштарды да аткарышат.

Коомдук түзүлүштүн,  илимдин, илимий- техниканын өнүгүшү менен мурдагы журналистика азыр түп-тамырынан бери өзгөргөн. Педагог деген тарбиячы жана окутуучу. Ошонун алкагында журналист мугалимдин милдети журналистиканын тарыхынан баштап журналистиканын негиздери, жанрлары (маалыматтык жанрлар, аналитикалык жанрлар, көркөм публицистикалык жанрлар), фактыларды кылдат текшерүү, мамлекеттик ММКлардын иш аракетинин ролу, көз карандысыз ММКлардын коомдогу орду, сөз эркиндиги, журналистик иликтөө, жаңы компьютердик  технологияны өздөштүрүү  сыяктуу түшүнүктөрдү, журналистика илиминин элементтерин окутуп үйрөтүү болуп саналат. Студенттердин профессионалдык билимдин негиздерин үйрөнүп чыгышы ушул лектор мугалимдердин эмгеги. Бул татаал иш процесси билинбей, күн сайын ырааттуу иштелип отурган окутуунун стандарттык программасы менен ишке ашат.      Журналистика илими  да азыр гуманитардык илимдердин катарында турган эң абройлуу илим. Анын негиздерин студент окуу жайдын аудиториясында үйрөнөт.

Абдыганы Дарманбекович жалаң гана лекция өтүү менен чектелбестен илимий-педагогикалык билимин өркүңдөтүү максатында Москва, Алматы, Астана, Анкара, Стамбул, Ескишехир жана Сербия мамлекетинин Белград шаарында өткөн эл аралык илимий-прктикалык конференцияларга катышып, баяндама жасап, конференциялардын жыйынтыгы боюнча чыккан журналдарга макалалары жарык көргөн. Мындан сырткары “Журнальная периодика Кыргызстана: история и перспектива развития” деген илимий эмгеги 2015- жылы электрондук форматта жарык көргөн. 2002-жылы “Кыргыз журналистикасынын тарыхы” деген  факультеттин коллективи тарабынан жазылган илимий макалалар жыйнагы чыккан.  Бүгүнкү күнгө чейин республикалык жана чет өлкөлүк илимий басылмаларда 70 тен ашуун илимий макалалары жарыяланган.  “Журналистика Кыргызстана: журнальная периодика и некоторые проблемы СМИ” деген аталыштагы монографиялык эмгеги жакында (2026-жылы) жарык көөрүүнүн алдында турат.

Табиятынан токтоо, жөнөкөй, мен кыйынмын деп көкүрөк какпаган, жасаган ишин рекламалап ар кайсы жакка чуркабаган, кылган иши, турган турпаты менен жаштарга үлгү болгон тажрыйбалуу педагог, мыкты инсан, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Эл агартуунун отличниги, КРнын билим берүү    министрлигинин Ардак грамотасы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун “Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген  ардактуу наам, сыйлыктардын ээси Абдыганы Дарманбекович Халиловду 70 жаш кутман курагы менен куттуктайбыз. Ошондой эле билим берүүнүн флагманы болгон Кыргыз Улуттук Университетинин Журналистика жана  коммуникация институтунун 70 жылдык даңктуу юбилейи кут болсун.

Орозова Гүлбара, филология илиминин доктору

Бөлүшүү