“КУТ БИЛИМДИН” 2021-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

  • 29.12.2021
  • 0

Гезитибиз менен жыл бою байланышта болуп, билим берүү жана илим тармагындагы, саамалыктарды, жетишкендиктерди кубануу менен жазып, көйгөйлөр болсо күйүп бышып көтөрүп чыгышкан авторлорубуздун ысымын салт болуп калгандай, быйыл да сыймык менен атайлы деп чечтик. Коомдо болуп жаткан проблемаларды көрүп туруп унчукпай коё албаган, маанилүү иште четте карап турууну уят көргөн, атуулдук позициясын коркпой-үркпөй билдире алган, жазган макалалары аркылуу билим, илим тармагынын жакшырышына өз салымдарын кошкусу келген, адамдык парасаты менен кайдигерликти жеңе алган мындай инсандарыбыз элдин туткасы деп айтаар элек. Авторлорубуздун атуулдук позициясын сыйлоо менен бирге биз алардын курч мүнөздө жазылган макалаларын өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформаларга көмөгү тиер деп кубануу менен жарыялап турдук. Авторлорубуз бул аракеттери менен гезитибиздин окумдуулугун арттырууда, кадыр-баркын көтөрүүдө өз салымдарын кошуп келе жатканын айтпай кетүүгө болбос. “Кут Билимдин” кутун арттырган, арышын кеңейткенге ортоктош болгон инсандарыбызды келе жаткан Жаңы жылы менен ак дилден куттуктап, чың ден соолук, чыгармачылык албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

Советбек БАЙГАЗИЕВ

“КУТ БИЛИМДИН” 2021-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Белгилүү окумуштуу, Кыргыз эл жазуучусу “Жапайы капитализмдин компьютер баш бөлтүрүктөрү”( 15.04. №15) аттуу макаласы менен тарбия тармагында чечкиндүү реформалардын зарылдыгын Президентке, Өкмөткө кулак кагыш кылса, “Чыңгыз Айтматовдун планетардык философиясы” (21.05. №19) деген макаласы менен улуу жазуучунун дүйнө гармониясына чакырыгын терең чечмелеп бере алды. Ал эми “Каныкей ала-тоолук кыздардын рухий-адептик идеалы” (05.03. №9) макаласында Каныкей – кыргыз аялзатынын асыл сапаттарын, улуттук мүнөзүн алып жүргөнүн белгилеп, анын образын терең ачып берген.

Жумагул СААДАНБЕКОВ

“КУТ БИЛИМДИН” 2021-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Көрүнүктүү коомдук ишмер “Бизге идеология керекпи?” (23.07. №27) аттуу макаласы менен буга чейин улуттук идеология багытында ар кандай ой жүгүртүп келгендерге чоң багыт бере алды. Ал эми “Кадры решают все” (12.03. №10) макаласында мамлекеттин кадр саясаты кантип чечилиши керек экендигин ачык-айкын көрсөттү. Ошондой эле “О нашей интеллигенции” (09.04. №14) макаласы менен бул аталыштагы катмардын баа-баркын чечмеледи.

Алмаз КУЛМАТОВ

“КУТ БИЛИМДИН” 2021-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Белгилүү коомдук ишмердин “Кайрадан кан төгүлбөсүн десек” (07.05. №17) макаласында эл биримдиги канткенде чыңдалат жана канткенде ыдырайт деген суроого жооп берип, анын ички себептерин талдап берсе, “Черчилдин көсөмдүгү жана бийликтин текеберчилиги” (28.05. №20) макаласында улуу инсандын мисалында дүйнө лидерлеринин адамзаттын алдындагы милдеттерин эске салды. Ал эми “Эгемендүүлүктүн жоопкерчилигин сездикпи” (20.08. №30) макаласы менен эгемендүүлүктүн 30 жылын иликтесе, “Мургаб талашында…” (13.11. №42) чек ара чырында аргументтер жана паритет мамиле керек экендигин ачык-айкын анализге алды.

Муратбек КАСЫМАЛИЕВ

“КУТ БИЛИМДИН” 2021-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Бишкек шаардык улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директорунун “Мектептерде аралыктан окутууну уюштуруунун оптималдуу жолдору” (07.05. №17) деген көлөмдүү макаласы менен пандемия мезгилинде аталган мектептен апробациядан өткөрүлгөн тажрыйбасын башкаларга сунуштап, кенен чечмелеп берди. Макалада аралыктан окутууну толугу менен ишке ашыруу шарттары, технологиялары жазылып, дистанттык окутууда мугалимдердин максат-милдеттери аныкталган.

Марьям ИРИСОВА

“КУТ БИЛИМДИН” 2021-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

“КР билим берүүсүнүн мыктысы”, Ч.Айтматов атындагы адабият жана искусство боюнча эл аралык клубунун лауреаты, катардагы жөнөкөй насаатчы мугалим эжейибиздин “ В мире солнце кипело” (12.02. №6) аттуу залкар акын Рамис Рыскуловдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган баян-сабагы, “Детство – ядро будущей человеческой личности” (19.11. №43) деген коомдук ишмер Исхак Раззаков туурасындагы көлөмдүү макаласы окурмандарга жакшы таасир калтырды. Рухий-адептик тарбия багытындагы бул эки эмгек автордун кан-жаны менен жазылганы сезилип турат.

Акматали АЛЫМБЕКОВ

“КУТ БИЛИМДИН” 2021-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Белгилүү педагог, профессордун “Улуттук тарбиянын урунттуу маселелери” (26.02. №08), “Тарбия ишин кантип тартипке салабыз” (12.03. №10) макалаларында улуттук тарбиянын өксүктөрүнө токтолду. “Адамгерчиликке тарбиялоонун асыл сабактары” (07.05. №17) макаласында ошол эле теманы улантып, улуттук тарбиянын идеалдарын айкындап берди.

Абдыкерим МУРАТОВ

“КУТ БИЛИМДИН” 2021-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Белгилүү педагог, окумуштуу, жазуучунун калеминен жаралган “ Адамдын кош канаты: рух жана адеп” (13.08. №29) аталышындагы көлөмдүү макаласы менен коомдун, бийликтин чалкеш маселелерин терең изилдөөгө алып, рух менен адеп жоголгондо эмне болоорун эскертип, руханий-адеп-ахлактык тарбиянын зарылдыгын көрсөттү.

Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ

“КУТ БИЛИМДИН” 2021-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунун директору “STEM билим берүүгө дүйнө мынчалык кызыгып жатат” (20.08. №30) деген макаласы менен STEMдин негизги артыкчылыктуу багыттарын ачып берсе, “Календардык-тематикалык план” (12.01. №1) макаласында мугалимдерге сабактын жаңы план-конспектиси кандай кызмат аткарарын чечмелеп берди. “Билим кербени ынтымак кербенине айланганда” (09.04. №14) аттуу макаласында билим кербени менен элеттеги мугалимдерге барып, алардын ой-мүдөөсүн угуп, компетенттүүлүккө негизделген таалим-тарбиянын усулдук багыттарын жазды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер