Курсагы ток, куунак маанай балдар

  • 10.09.2024
  • 0

Чорголу айылындагы башталгыч класстардын окуучуларынын кубанычында чек жок. Себеби аларды мектеп жаңы окуу жылында жакшы жаңылык менен тосуп алды.

Курсагы ток, куунак маанай балдар

Мектеп быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасына кирип, жакында эле ашкана жабдуулары менен камсыздалып, кампасын байытылган унга толтуруп алды. Жаңы окуу жылы башталгандан бери ушул ундан таттууларды жасап, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка ысык тамак берүүдө. Бир жумада эки жолу ысык тамак, бир жолу жумуртка менен компот, эки жолу таттуу токоч менен сүт чай балдар үчүн даярдалууда.

– Буга чейин мектепте шарт жоктугуна байланыштуу балдарга сатылып алынган азыктар менен гана: таттуу токоч менен ысык чай берип келгенбиз. Атайын чай бере турган жайыбыз да жок болчу. Дүйнөлүк азык-түлүк программасына киргенден кийин мурунку коридорду ашкана, жыйындар залын тамак ичүүчү жай кылып, китепканабызды азык-түлүк сактоо үчүн бошотуп бердик. Мектептин ичине таза суу, канализация киргизүүгө айыл өкмөтү жардам берди. Дагы бүтө элек иштер бар. Азырынча керектүү гигиеналык каражаттар менен ата-энелер камсыз кылып жатат. Самынды болсо бир жылга жеткидей кылып ЮНИСЕФ гумжардам катары берген. Андан сырткары айыл өкмөтү да колдоо көрсөтүп турат, – дейт мектеп директору Карбасов Султанбек.

Буга чейин ашкана кызматчысы гана иштеп, бир маал эле келип балдарга даяр чайды берип кетчү. Программага киргенден кийин кесипкөй ашпозчу табуу абдан оор болду. Себеби ашкана кызматчынын эмгек акысы болгону 2800 сом эле. Азыр штаттык расписание келе элек болгондуктан ашпозчунун канча эмгек акы аларын деле билишпейт. Бирок ошого карабастан окууну жаңы бүткөн жаш кыз иштеп баштады.

Курсагы ток, куунак маанай балдар

– Мен Кара-Балтадагы кесиптик лицейди жаңы бүтүп келдим. Эмгек акым канча болорун деле билбейм. Өзүм ушул айылдын эле кызы болгондуктан акчасына деле карабай кирип алдым. Колумдан келишинче балдарга таттуу тамактарды жасап берип жатам, – дейт ашпозчу Дамирова Нуриза.

Курсагы ток, куунак маанай балдар

Буга чейин ата-энелер анча-мынча колдоо көрсөтүп турушкан. Мектептерде акча чогултулбасын дегенден бери ал да токтоп калган. Бирок айылдын тургундары өздөрүнүн балдарынын ден соолугу үчүн кам көрүүнү токтотпой, ар тараптан колдоо көрсөтүп туралы деп демилге көтөрүп жаткан кездери.

– Мен өзүм ушул жерде туулуп өскөм. Ушул мектепте окугам. Атам ушул мектепте мугалим болуп иштеген. Айылга турмушка чыгып, балдарым да ушул мектепте окуду. Азыр неберемди алып келип жатам. Мектепте ысык тамак берилип баштаганы жакшы болду. Буга чейин даяр эле дүкөндөн таттуу токоч сатып келип берип койчу. Айыл чоң жолдон алыс болгондуктан кээде өзүбүз ташып берген учурлар да болгон. Шарт деле жок болчу, коридорго отуруп жеп алышчу. Быйыл ашкана жаңыртылып, жаңы жабдуулардын келгенин көрүп бүтүндөй айыл сүйүнүп жатабыз. Буюрса, ата-энелер балдардын тамак-ашын жакшыртуу үчүн колубуздан келген жардамды берели, кол аарчы, самын сыяктуу керектүү каражаттарды алып берели деп демилгелеп жатабыз, – дейт Шабданалиева Салтанат.

Курсагы ток, куунак маанай балдар

Курсагы ток, куунак маанай балдар

Курсагы ток, куунак маанай балдар

Чорголу – Чүй облусунун Панфилов районундагы эң алыскы айылдардын бири. Болгону 73 түтүн жашаган чакан айыл. Мектеп курагындагы балдардын саны жүздөй болсо, анын жетимиши гана бул мектептен окуйт. Калганы коңшу айылдарга жана Кара-Балта шаарындагы мектептерге кетип калган. Мектепте сегиз эле класс-комплект болгондуктан балдар эки нөөмөттө окуйт. Имараты 1961-жылы курулган. 2018-жылы ӨКМ мектепке “авариялык абалда” деген тыянак чыгарып берген. Он жыл өткөндөн кийин гана быйыл жаңы мектептин пайдубалы түптөлдү. Бирок, тилекке каршы, анын долбооруна ашкана, спорт зал, актовый зал кирбей калган. Учурда мектеп директору менен айыл эли биргелешип кайрадан долбоорго киргизүү маселесин чечүүгө аракет кылышууда.

Мектепте ысык тамакты жакшыртуу үчүн атайын көмөкчү чарба да уюштурулган. Отуз сотых жерде 70 түп алма бар. Анын жарымы түшүм бере турган маалга келип калганы менен, тилекке каршы, айыл тоо этегинде болуп, жыл сайын үшүк алып кетет.

Курсагы ток, куунак маанай балдар

Курсагы ток, куунак маанай балдар

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстанда 2013-жылдан бери иштейт. Бул аралыкта көптөгөн мектепке ысык тамак уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. 2027-жылга чейин дагы 300дөн ашык мектепти заманбап ашкана жабдуулары, байытылган азык-түлүк менен камсыздоону пландаган. Мындан сырткары, ашпозчу, ашкана кызматчыларын жана мектеп менен бирге иштеген жергиликтүү фермерлердин потенциалын жогорулатканга жардам берип келет. Алдыдагы жылдарда 30 авариялык абалдагы мектептин ашканасын ремонттоп, программадан сырткары өз алдынча ысык тамак уюштуруп жүргөн 18 мектепке техникалык колдоо көрсөтөт. Бүгүнкү күндө бул программанын жардамы менен өлкөнүн мектептеринин 75% ысык тамак менен камсыздалды.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер