КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: «ОШМУ БОРБОР АЗИЯДА ЛИДЕР БОЛУУ ДЫМАГЫ МЕНЕН ЖАШАЙ БЕРЕТ»

  • 30.12.2020
  • 0

“Даңк” ордендүү Ош мамлекеттик университети бардык көрсөткүчтөр боюнча өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ичинен алдыңкы орунду бербей келет. Көптөгөн жетишкендиктер мурунку ректор Каныбек Исаковдун убагында жасалган. Эми болсо ал иштерди бир жылдан ашуун убактан бери физика-математика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди Кожобеков улантууда. Башталган ишти улап кетүү да оңойго турбайт. Жыл жаңырар алдында артта калып жаткан жылда жасалган иштер жана келечек пландар боюнча Кудайберди Гапаралиевич менен ой бөлүштүк.

КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: "ОШМУ БОРБОР АЗИЯДА  ЛИДЕР БОЛУУ ДЫМАГЫ  МЕНЕН ЖАШАЙ БЕРЕТ"

– Кудайберди Гапаралиевич, өткөн жыл жыйынтыкталып, Жаңы жылга кадам таштап отурабыз. Өзгөчө пандемия менен коштолгон бул жылда ОшМУда кандай ой-максаттарды турмушка ашырдыңыздар?

– Албетте, 2019-2020-окуу жылы бүткүл дүйнө эли үчүн сыноо берилген жыл болду. Адамзат ден соолуктун баалуулугун жакындан сезди десек жаңылышпасам керек. Бүгүн биз өткөн жылдагы жасалган иштерге саресеп салып, Жаңы жылга жаңы демилгелер менен баратабыз.

2020-жылда билим берүүнү санариптештирүү багытында көптөгөн жаңы саамалыктарды турмушка ашырдык. ОшМУда заманбап-санариптик билим берүү чөйрөсүн түзө алдык. Бул багытта электрондук университет долбоору толугу менен ишке ашты. Ошондой эле жамаатыбыздын ар бир мүчөсү пандемия менен күрөшүүгө өз салымдарын кошуп, жамааттын ынтымагын, бүтүндүгүн көрсөтүп турушту. Мындай иштерибиз айта берсе арбын. Ошол эле учурда жамаатыбыз үчүн оор жоготуулар болду. Өтүп бараткан жыл өмүрүн, жаштыгын, жигерин, билимин окуу жайыбыздын өнүгүшүнө арнаган жамаатыбыздагы кадырлуу инсандардан айрылган жыл катары да эсибизде калды.

– Дээрлик бир жылга жакын убактан бери бүтүндөй билим берүү тармагы аралыктан окуп жатат. Албетте, бул бизге бир чети кыйынчылыктарды алып келсе, бир чети кандайдыр бир деңгээлде даярдыктар дагы бар болчу. Бирок ошентсе дагы мурдагыга караганда толугу менен аралыктан окууга өтүү бир топ кыйынчылыктарды алып келди. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн ОшМУда кандай иштер жасалды?

– Алгачкы күндөн университетте окуу процессин дистанттык технологияларды колдонуу менен үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүүнүн түрдүү чараларын иштеп чыгып, кескин чечимдерди кабыл алдык. Ага ылайык буга чейин колдонулуп келе жаткан бир катар техникалык-программалык каражаттар модернизацияланды. Аралыктан байланышты үзгүлтүксүз уюштуруу максатында бир катар кызматташтык келишимдери түзүлдү. ОшМУда аралыктан билим берүүнү эффективдүү жана үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, ошол эле учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоону уюштурган маалыматтык-коммуникациялар иштелип чыкты.

Алгачкылардан болуп KelBil (КелБил) платформасын модернизацияладык. Буга чейин бул мобилдик тиркеме студенттер үчүн электрондук жадыбал жана сабакка катышууну каттаган электрондук журнал катары колдонулуп келген. Модернизацияланган соң сабактардын окуу материалдарын да түз эле KelBil программасындагы сабактын жадыбалына илүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Башкача айтканда, биринчи жолу AVN системасындагы «Билим берүү порталы» менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк
түзүлдү.

Ошондой эле AVN корпоративдик маалымат системасы иштелип чыкты. Бул окутуучулардын жана кызматкерлердин аралыктан иштөөсүнө ыңгайлаштырылды. Учурда окутуучу тарабынан ар бир студенттин онлайн сабактарга катышкандыгын, тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөө жана каттоо, студенттерге кайтарым байланыштарды берүү толук автоматташтырылган.

– Университетте корпоративдик почта да иштейт, бул канчалык деңгээлде жардам берет экен, дегеним, кандай кызматтарды аткарат?

– Туура айтасыз, биз ОшМУнун DATA-борборунда иштеп жаткан mail.oshu.kg почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун өздүк электрондук дарегин түзгөнбүз. Учурдун талаптарына ылайык, ар бир окутуучу (кызматкери) *@oshsu.kg корпоративдик электрондук дареги аркылуу официалдуу университеттин окутуучусу катары башка тараптар менен кат алмашуусуна шарт түздүк. Ошондой эле аталган корпоративдик сервердин жардамында *@oshsu.kg даректеринин ортосундагы ички документ алмашууну официалдаштыруу максатында электрондук кол тамганы коюу мүмкүнчүлүгү киргизилди. Окуу жайыбызда #Конференция_байланыш_системасы колдонула баштады. Мындан сырткары МеgаCom компаниясы менен келишимдин алкагында vks.megacom программасы да университеттин ар түрдүү деңгээлдеги жыйналыштарын онлайн уюштурууга кеңири колдонулуп келди. Булардан сырткары маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында университеттин өздүк bbb2.oshsu.kg деп аталган видеоконференция уюштуруучу байланыш системасы иштелип чыкты. Бул система жогоруда аталган интернет каражаттары сыяктуу сапаттуу видеоконференцияларды, б.а. синхрондук байланышты уюштурууга шарт түзүп, маалыматтарды университеттин датаборборунда гана сакталуусуна жол ачты.

КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: "ОШМУ БОРБОР АЗИЯДА  ЛИДЕР БОЛУУ ДЫМАГЫ  МЕНЕН ЖАШАЙ БЕРЕТ"

 

– Чындыгында узап бараткан жыл сиздерде санариптештирүү багытында жаңы кадамдарды жасоого жол ачыптыр. Билим берүү сапатын жогорулатуу багытында да жетишкен ийгиликтериңиздер менен бөлүшө кетсеңиз?

– “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2020” программасынын жыйынтыгы боюнча да ОшМУ институционалдык рейтингде 1-орунду багындыргандыгын тастыктаган 36 сертификат менен сыйланды. Университетибиз жалпы генералдык рейтингде үчүнчү ирет 1-орунду багындырды. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайлардын, илимий изилдөө органдарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзгөн мониторингинде жогорку окуу жайлардын ичинен университет I даражадагы диплом менен сыйланды. Бул биздин окуу жайдын билим сапатынан кабар берет.

Университеттин жалпы рейтингин аныктоочу тыянактарда 60% университеттин илимий жетишкендиктерине баа берилип келет. Андыктан эл аралык деңгээлде таанылган Web of science, Scopus сыяктуу илимий журналдарга макалаларын жарыялап, өзүнүн Хирш индексин (h-индекс) жана окуткан багыттын (адистиктин) рейтингин жогорулаткан окутуучуларыбыз да арбын. “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги – 2020” изилдөөсүндө 25 ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын илимий-билим берүүдөгү ишмердүүлүгү боюнча изилдөөсүндө ТОП-30га кирген 400 окутуучунун ичинен 65 окутуучу – ОшМУнун окумуштуулары, ал эми ТОП-15 курамында ОшМУнун сегиз окумуштуусу бар.

2020-жылы «EdNet» аккредитациялык агенттиги, Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги, Казакстандын көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) тарабынан 16 бакалавриат, 12 магистратура, алты адистик, төрт орто кесиптик программасы көз карандысыз аккредитациядан өттү.

КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: "ОШМУ БОРБОР АЗИЯДА  ЛИДЕР БОЛУУ ДЫМАГЫ  МЕНЕН ЖАШАЙ БЕРЕТ"

– Окутуучулук курамдын изденүүсүнө, сапаттуу билим берүүсүнө университетте кандай шарттар түзүлгөн, кандай колдоолор бар? Ар бир кызматкердин ишине эмгек акы таасир берет эмеспи.

– Жамааттын ынтымагы, биримдиги эң башкы орунда. Университетте кандай өнүгүү, өсүү болсо анын баарында жамааттын ар бир мүчөсүнүн салымы бар. Жамаатыбыздын ар бир мүчөсү ОшМУнун коомдогу кадыр-баркын, аброюн көтөрүүгө жабыла аракеттенүүдө. Окуу жайыбыздагы жасалып жаткан иштер, аракеттер мунун баары жамаат үчүн. ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын эмгек акылары жыл сайын жогорулап келе жатат. Быйылкы жылы да биз октябрь айынан эмгек акыларды сезилерлик деңгээлде жогорулаттык. Илимдин докторлорунан баштап, катардагы окутуучуга, көмөкчү кызматкерлерге чейин жогорулатып бердик. 2020-2021-окуу жылынан тарта бир ставкада эмгектенген катардагы окутуучуларга 2500 сом, окумуштуулук даражасы бар окутуучуларга 3000 сом, илимдин кандидаттарына 4450, илимдин докторлоруна 6000 сом кошулду.

ОшМУда бир жылда үч илимдин доктору, төрт илимдин кандидаты илимий иштерин ийгиликтүү коргошту. Илимдин докторлоруна 100 000 сом, илимдин кандидаттарына 50 000 сом сыйлык акылар белгиленген. Быйылкы жылы эл аралык деңгээлде таанылган Web of science, Scopus сыяктуу илимий журналдарга жарыяланган макалалар үчүн 10 000 сомдон сыйлыктарды ыйгардык.

КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: "ОШМУ БОРБОР АЗИЯДА  ЛИДЕР БОЛУУ ДЫМАГЫ  МЕНЕН ЖАШАЙ БЕРЕТ"

– Эл аралык билим берүүгө интеграциялануу багытында кандай иш-аракеттер уланууда?

– 2019-жылы ректор катары алгачкы иш сапарым Кытай Эл Республикасына болду. Анда Үрүмчү шаарында Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Пархат Жалал менен жолугушуп, жаңы кызматташтыктар, пландар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Кытайга болгон иш сапардын алкагында Пекин шаарында Кытайдын Борбордук улуттар университетинин ректору Хуан Тайян менен «Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борборун» түзүү жөнүндөгү келишимге кол койгонбуз.

2020-жылдын январь айында Түркиянын Сивас, Анкара, Токат, Амася шаарларындагы жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн иш сапарда болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Пандемия шартында биз онлайн багытта чет өлкөлүк өнөктөш университеттер менен кызматташтыктарды бекемдеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ушул жылдын 9-декабрынан 13-декабрына чейинки аралыкта Түркияда иш сапарда болуп келдик. Түркия мамлекетинин Анкара шаарындагы Түркия Диянет фондунун башчысы Ихсан Ачык жана башка тиешелүү жетекчилер менен жолугушуп, ОшМУ менен Түркия Диянет фондунун ортосундагы түзүлө турган протоколду талкууладык. Жолугушууда билим берүүнүн дагы да сапатын жогорулатуу, жайкы эс алуу мезгилинде кошумча курстарды уюштуруу, окуу китептерин даярдоо, теология факультетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо сыяктуу бир топ маселелердин үстүндө сүйлөшүүлөр болду. Иш сапардын алкагында ОшМУнун базасындагы “Ыйман” гимназиясынын жаңы имаратын кыска убакытта баштоо боюнча сөз болду. Ошондой эле Анкара университетинин теология факультетин да зыярат кылып, тиешелүү маселерди талкууга алдык. Биздин мындай кызматташтыктар Кытай, Россия, Испания сыяктуу бир нече өлкөлөр менен да уланууда.

– Студенттер үчүн дагы жакшы жаңылыктар бар болсо керек?

– Өмүр бою университетте иштеген бир профессорубуз айына
100 доллардан беш студентке стипендия берип келсе, быйылкы жылы бул стипендия 10 студентке ыйгарылды. Бул стипендия үч тараптуу келишимдин негизинде 50 жыл бою жыл сайын улам жаңы стипендианттарга ыйгарылып турат.

Быйылкы жылы студенттерибиз чыгармачылык боюнча, спорт, илим, билим боюнча республикалык, аймактык, эл аралык конкурстарга, олимпиадаларга, фестивалдарга катышып, баш байгелерди, алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Жатаканаларыбыз күн сайын жаңырып, ыңгайлуу шарттар жаралып жатат. Үй-бүлөлүк шарты оор, ден соолугунан өксүгү бар студенттерге окуу төлөмүнөн бир миллион сомго чейин жеңилдиктер берилип келет.

Жаштардын тарбиялуу, мекенчил адам болуп калыптанышына, мыкты адис болушуна сергек жашоо образынын, спорттун мааниси абдан чоң. Бул зарылдыкты эске алуу менен биз университетте спортко ырааттуу көңүл буруп, өлкөбүз үчүн мыкты спортчуларды өстүрүү максатын да коюп келебиз. Университетте спорттун түрлөрү менен машыгууга баардык шарттар каралган. Ачык жана жабык типтеги спорттук комплекстерибиз студенттерибиз үчүн кызмат кылып келүүдө.

– ОшМУ дайыма заман менен тең жарышып, баардык тармактан алдыда баратат. Өзгөчө курулуш жагынан алда канча алдыга кетти. Бул жагынан дагы иштер токтобосо керек.

– ОшМУнун алдында М.Ломоносоватындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу жүрүп жатса, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин үч кабаттуу окуу имаратынын ачылуу аземи Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн. Ак-Буура кампусундагы эки кабаттуу эки окуу корпусу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилгени турат. Жаңы окуу жылында медицина, искусство факультеттерине, “Билим” лицейине, Медициналык колледжге кошумча имараттарды куруу жана заманбап шарттагы спорт комплексин пайдаланууга берүүнү көздөп жатабыз.

Бул саамалыктарды улай Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында РФнын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен эки тараптуу келишиминин негизинде Кыргыз-Россия факультети ачылып, жаңы окуу жылына алгачкы студенттерди кабыл алдык. Бул иш-аракеттерибиздин негизинде эки өлкө ортосундагы достук көпүрөсү дагы да бекемделе бермекчи.

Узап бараткан жылда 2020-2021-окуу жылына карата учурдун талабына ылайык жаңы орто кесиптик STEM инновациялык колледжи жана Эл аралык билим берүү программалары колледжи ачылды. Бул да болсо эмгек рыногуна шай келген адистерди тарбиялап чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк жаратат.

Бүгүнкү ОшМУ салттуулукка негизденүү, инновациялардын ичинде болуу, дүйнөлүк тажрыйбалар менен айкалышуу аркылуу иш билги, мекенчил адистерди даярдоонун, илим-билим, маданиятты жаратуунун Борбордук Азиядагы лидери болуу дымагы менен жашап келет жана жашай бермекчи.

Маектешкен Чолпон КИЙИЗБАЕВА,
«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер