«КУДАЙ ЖАЗАЛАЙТ» ДЕП КОРКУТУП ТАРБИЯЛАГАН ЭНЕ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ

  • 29.09.2026

(Ата-энелер менен иштешүү)

 

  • Саламатсызбы Асель айым! Бүгүн сөзсүз убакыт таап, мага жолугуп кетесизби. Балаңыз туралуу сүйлөшө турган сөзүм бар…

Баланын жүрүм-турумуна сырттан баа берип кою оңой. Ал эми ошол жүрүм-турумдун артында эмне жатканын түшүнүү маанилүү.

  • Бакчага жаңы келген 5 жаштагы Чыңгыздын жүрүм-туруму көңүлүмдү өзүнө бурду. Жылуу мамиле кылып, колунан кармайын десем, улам улам тартып алат. Көзүнө тиктеп сүйлөсөм, күнөөкөрдөй болуп, башын жерге салат.

Башка балдарга кошулгусу келген жок. Болбой эле колунан жетелеп, өзүм кошо кармашып ар кандай кыймыл аракеттерди жасатууга аракет кылдым. Башка балдар күлүп-жайнап ойноп, көнүгүүлөрдү кайталашты. Тилекке каршы Чыңгыз абдан тартынып, өзүн эркин сезе албай, кыйналып чыкты. Аны көрүп кайра аяп кеттим. Себеби, турган турпаты аянычтуу жана дүйнөсүндө тынчсыздануу, коркунуч бар экенин айтып турдү.

  • Бир жуманын ичинде балдар менен бир нече жолу сүрөт тарттык. Чыңгыз үч жолу тең ачуулуу, каардуу, коркунучтуу образдагы кишинин сүрөтүн тартты.

— Бул ким? — деп сурасам «жаман киши» деп жооп берди.

— Бул киши эмне кылып атат? десем «ачуусу келип баарын өлтүрүп атат» дейт.

Балдар кээде ички дүйнөсүндөгү сезимди, сезимди сөз менен айта албайт. Бирок кыймыл аракети, жүрүм-туруму, тарткан сүрөтү менен баарын айтып коюшат.

  • Бир күнү дептерин карасам, өзүнө жакпай калган жазууларды дептери тешилгиче чиймелеп салыптыр. Жанына жакын отуруп, дептериңди эмне кылып булгап алдың десем, дагы бир нерседен коркконсуп, көзүнөн жаш тегеренип кетти.

Акырын кучактап, дептериң булганса бул коркунучтуу эмес. Эртең жаңы дептер ачсак болот. Анан аны таза кармап үйрөнөбүз ээ деп, кучагыма алып, башынан сылап койдум. Эч кимге сүйлөгүсү келбей, баарын ичине жуткан бала агрессиясын ушундай жол менен чыгарып атканын байкадым. "КУДАЙ ЖАЗАЛАЙТ" ДЕП КОРКУТУП ТАРБИЯЛАГАН ЭНЕ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ

Чыңгыздын бул абалы, анын ата-энеси менен сүйлөшүүгө түрткү берди.

Асель айым чакыруумду кабыл алып, белгиленген убакытта жетип келди. Жумушум бүткөн соң, экөөбүз кофе ичкенче сөзгө өттүк.

Адатагыдай эле, баласы үйдө өзүн кандай алып жүргөнү, уулу менен болгон мамилеси, убакыт бөлүү, баарлашуу туралуу сурадым. Апакесинин жообун уксам баары жакшыдай. Бирок мен бул жоопко ынанган жокмун.

— Асел айым, балаңызга эң көп кайталап айткан жакшы сөзүңүз кайсы?

Сыр бербей жылмая…

— «Сен күчтүүчүң, азаматсың, жакшы окуйсуң»- деген сыяктуу сөздөр менен баламды мактап турам деди.

— Балаңыз сизди укпай, тентектик кылганда кандай сөздөрдү көп айтасыз?

Бир аз ыңгайсыз боло түштү…

— Эжекеси, мен балама жаман сөз айтпайм. Кайра мотивация берип турам.

Кызык, бирок менин көз алдымда, адамдардан корккон, тик карай албай, денесин жыйрып, сүрөттөрүндө коркунучтуу образдарды чагылдырган, ачуусун дептерин чиймелеп чыгарган беш жашар бала турду. Баланын жүрүм-туруму менен апакесинин сөзүн эч бириктире албай койдум.

— Анда келиңиз, дагы бир аз ойлонуп көрөлүчү. Балаңыз тил албастык кылганда аны кандай сөздөр менен тарбиялайсыз? (Бир суроону атайын эки жолу бердим)

Ошондо ал…

Уулума катуу ачуум келгенде «тил укпасаң, колуңду сындыра чаап, мойнуңду жулуп, көзүңдү оюп алам» деп урушам. Мени укпасаң «Кудай жазалайт» деп тарбиялайм.

Апакесинин жообун угуп, өзүм бир саамга унчукпай, кийинки суроону бердим.

— Апакеси, кандай деп ойлойсуз? Сиздин жогоруда айткан сөздөрүңүз, бала тарбиялоого киреби?

Сиз колун сындыра чаап, көзүн оюп, мойнуп жулуп алсаңыз, анан кудай жазаласа анда уулуңуздун дүйнө таанымы кандай багытта өсүп атат? Чоң адам айткан сөздөрдүн баарын, бала көз алдына тирүү элестетип, ишеним менен кабыл аларын билет белеңиз?

Мейли сиздин тарбияңыз туура деп эсептейли. Бирок баласынын колун сындырып, көзүн оюп, мойнун жулуп аткан апа, баласы үчүн кандай мүнөздөгү эне болуп калат?

Апакеси бир аз ойлонуп…

— Ооба эжекеси. Чынын айтса, кээде чарчап балдарымды каттуу урушуп салам. Анча-мынча чыбык менен сабап коюп атам.

— Ооба, уулуңузга кандай чара көрөсүз сиздин чечимиңиз. Бирок, 5 жаштагы балагаңыздын ар бир тентегинде «кудай жазалайт » — деп коркутуу менен тарбия берсеңиз анда керемет кооз аалам менен Жаратканды жек көрсөтүп алуу коркунучу жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле?

Анда апакеси…

— Мен «кудай жазалайт» деген сөздү көп колдонгонум менен уулума Жаратканды каардуу көрсөтүп атканым жөнүндө эч ойлонбоптурмун.

— Эми уулуңуздун ордуна өзүбүздү коюп көрөлүчү. Сиз колун сындыра чапсаңыз, көзүн оюп алсаңыз, кудай ар бир кыймыл-аракети үчүн жазалай берсе, анда уулуңуз үчүн бул дүйнөдө жакшы нерсе барбы? Эгер ушул сөзүңүздү дагы 5, 10 жыл кайталасаңыз, анда балаңыздын келечегин кандай элестетесиз?

Сиз уулуңузга кичинесинде кандай ишенимди берсеңиз, ал ошол ой-максат менен чоңоёт. Ошондо сиз оозуңуздан чыккан сөзүңүз менен балаңызды ким кылып жасап коюшуңуз мүмкүн?

— Бир маалда Асел айымдын көзүнөн жаш тегеренип кетти.

— Эми сизге көйгөйүмдү ачык айтайын эжекеси. Чынын айтсам кайын журт жана жолдошум тараптан көп жылдан бери моралдык кысым көрүп келем. Акыркы күндөрү алардын терс мамилесин көтөрө албай, абдан ачулуу болуп кеттим. Жумуштан чарчап келгенде, балдарымдын ызылдаганын жактырбай, көп сабап коюп атам. Кол көтөрүп алып, кайра өзүм кыйналып ыйлайм. Кыскасы өзүмдү жыйнай албай жүргөн кезим деп көзүнө жаш алды.

Дароо колуна бет аарчуу берип, колунан бек кармап «ыйлап алсын»- деп, сөзүн бөлбөдүм. Анын ооруп аткан дүйнөсүн сезе алдым. Бирок мен сүйлөшүү максатымдан алыстабашым керек.

— Кечиресиз эжеке деп, көзүнүн жашын аарчып кирди.

— Сураныч, эркин болуңуз. Биз экөөлөп уулуңузга жардам берели деп жолун издеп атабыз. Болгону, балаңызга эмне көп таасир берип атканын билгим келди. Сизди түшүнүп турам. Кааласаңыз, бул туралуу да сүйлөшөбүз.

Сизге айткым келгени, сиздин жүгүңүздү беш жаштагы балаңыз көтөрө албайт. Ал өзүңүзгө да оор келип атат. Ар ким алы жеткенине асылары анык. Кайын журтуңузга, жолдошуңузга болгон таарынычыңызды балаңыздан чыгарбасаңыз жакшы болмок. Баары бир уулуңуз алар үчүн сизге кун төлөп бере албайт. Бул бүлөгө келин болуу балаңыздын эмес сиздин тандооңуз болгон.

Келиңиз апакеси, экөөлөп эки жактан аракет кылалы. Сизден абдан суранып кетем, бүгүндөн баштап мыкаачылыкты чагылдырып турган катуу сөздөрүңүздү токтолучу. Анан жыйынтыгын байкап көрөлү. Кандай дейсиз?

Ар бир ачууңузда «Кудай жазалайт» деген сөз менен бүт ааламды, Кудайды жек көрсөтүп сүйлөгөндөн абайлалы. Бул оңой, жөн эле айтып койчу сөз эмес. Себеби кичинекей жүрөктөргө Жаратканды каардуу көрсөткөнүбүздүн өзү Кудайга жакпайт деп ойлойм. Жазалоо ал биздин иш эмес.

Биздин милдетибиз уулуңузга табияттын кереметтери менен тааныштырып, дүйнө таанымын өстүрүү. Сүйүү менен мамиле кылып, жакшы мүнөздүн калыптанышына салым кошуу. Баланын жаркын келечеги бар экенине ишендирүү жана үмүт берүү. Ошондо гана бала жакшы нерселерди кыялдана баштайт.

Апакеси бир аз соороно…

«Мен көп түйшүктөн улам, жакшы ой-жүгүртүүдөн алыстап, үмүтүмдү үзүп алыптырмын. Бүгүндөн баштап балдарыма жакшылап көңүл бурайынчы. Менин катуу сөздөрүм, уулума кандай таасир берерин да эске албай калыптырмын. Эми аракет кылам деп, чечкиндүү сүйлөдү.

— Уулуңуздун кызыкчылыгы үчүн убакыт бөлгөнүңүздүн өзү чоң аракет. Жоопкерчиликтүү мамиле кылганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем деп, бири-бирибизди кубаттап, узаттым.

  • Бул баарлашуудан кийин ата-энелерди шыктандыруу максатта семинар өтүшүм керек экенин түшүндүм.

Дароо пландап, чай үстүндө семинар уюштуруп, дагы жакындан тааныштык. Сыртта ата-энелер менен учурашып атсам Асел айым «эжеке, сизге ыраазымын, мен ойгоно баштадым» деп, кучагын жайып учурашты. Сүйлөшүүбүз текке кетпеген үчүн мен да кубандым.

Эң сонуну, уулунда өзгөрүүлөр боло баштады. Башты көтөрүп, ырларды жакшы жаттап, балдар менен тең таймашып ойноп, сабактарды кызыгуу менен аткарып, бакчаны бир күн да калтырбай (апакесинин айтымы боюнча ишемби күнү да баргысы келген), ыр-бийлерге катышып, эмоционалдык жактан ачылып, өзүн эркин сезе баштады.

Бул көрүнүш мага да чоң сабак болду. Бакчада иштеп жүргөнүмдө мен эң көп байкаган муктаждык, ата-энелердин жоопкерчилигин ойгото билүү маанилүү экенин сездим.

Бирок, бир тепкич ылдыйга түшүп, сүйүү менен «балаңа жакшы тарбия бербептирсиң»- деп дароо критикалап кирбей, ата-энелердин да психологиялык абалын көрө билип, айткыбыз келген көйгөйдү кандай кабыл алары жөнүндө ойлонуп, өзүбүздү жогору койбой чын-жүрөктөн баарлашканда, ата-энелер да ачылат тура…

Ал эми биз ата-энелер «кудай жазалайт» деген сөз менен балдарды коркутуп тарбиялабастан тескерисинче табияттын кооздугун, ааламдын мейкиндигин жана боорукердик, адамгерчилик, меймандостук, ынтымак, биримдик ж.б жакшы жака үндөгөн, жаман ойго түртпөгөн жакшы окуяларды айтып берүү менен балага кыял жаратып, үмүт берсек, ал балада жакшы мүнөз калыптанары анык!

Зарима Игамбердиева,

практикалык психолог, тарбиячы, насааткер 

 

Бөлүшүү