КР АРХИВ КЫЗМАТЫ: БИР КЫЛЫМДЫК ЖОЛ
- 27.08.2026
- 0
2026-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы өзүнүн 100 жылдык тарыхый мааракесин белгилейт. Бул дата — өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшү менен катар калыптанып, анын тарыхый эс-тутумун сактап келген маанилүү институттун бир кылымдык өнүгүү жолун чагылдырган өзгөчө учур.
Архив ишинин негизделиши 1926-жылдын 30-августунан башталат. Бул күнү Кыргыз автономиялуу облусунун облустук аткаруу комитети «Кыргыз автономиялуу облусунда архив ишин уюштуруу жана мекемелердеги архивдик материалдарды тартипке келтирүү жөнүндө» токтом кабыл алган. Бул чечим өлкөдө архив ишин мамлекеттик деңгээлде уюштуруунун алгачкы пайдубалы болуп калган.
Ушул токтомдун негизинде 1926-жылдын 1-сентябрында облустук аткаруу комитетинин алдында Архив бюросу түзүлгөн. Ага архивдик материалдарды иретке келтирүү, мекемелердеги документтерди эсепке алуу жана бирдиктүү мамлекеттик архивдик фондду калыптандыруу милдети жүктөлгөн. Бул — Кыргызстандагы архив системасынын башталышы болгон алгачкы структуралык кадам эле.
1927-жылы Архив бюросу Борбордук архив башкармалыгы (Центрархив) болуп кайра уюштурулуп, 1929-жылдагы жобого ылайык республика боюнча архив тармагын кеңейтүү, документтерди топтоо жана борборлоштуруу иштери жүргүзүлгөн. Ошол мезгилде архивдик фонддун негизин түзгөн Октябрь революциясынын архиви жана Тарыхый архив калыптанган.
1930-жылы округдар жана кантондор жоюлган. Кыргызстандагы жаңы административдик-аймактык бөлүнүүнүн натыйжасында райондор түзүлүп, бул архив тармагынын өзгөрүшүнө алып келген. Округдук жана кантондук архивдер жоюлуп, райондук архивдер уюштурулган.
1935-жылдын 1-январынан баштап бардык 24 райондо архивдер уюштурулган. Кийинки жылдары административдик-аймактык бөлүнүштө бир нече жолу өзгөрүүлөр болуп, буга байланыштуу архивдик мекемелердин тармагы да өзгөрүп турган.
1938-жылдан тартып Кыргызстандын аймагында 4 округ (Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Тянь-Шань) түзүлгөн. Округдук архивдер эки гана округда — Жалал-Абад жана Ысык-Көлдө түзүлгөн.
Республикада 1939-жылы архивдик мекемелердин тармагы төмөнкүдөй болгон: Борбордук мамлекеттик архив, эки округдук архив, Фрунзе шаардык архиви, 45 райондук архив.
1939-жылдан баштап архивдик мекемелер Кыргыз ССРинин ИИЭК (НКВД) тутумуна өткөн, ал эми Борбордук мамлекеттик архив 1939-жылдын 20-майындагы №210 буйруктун негизинде Кыргыз ССРинин ИИЭК (НКВД) Архивдик бөлүмү жана Борбордук мамлекеттик архиви болуп уюштурулган.
1939-жылы кайрадан округдар жоюлуп, жаңы аймактык бөлүнүш — беш облус (Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Тянь-Шань жана Фрунзе) пайда болгон. 1944-жылы Талас облусу түзүлгөн.
Облустарда 1940-жылы түзүлгөн облустук ИИЭК (НКВД) башкармалыктарынын архивдик бөлүмдөрүнүн карамагында турган облустук архивдер уюштурулган. Облустук архивдер райондук архивдердин базасында түзүлгөн.
1942-жылдын 1-январына карата архивдик органдардын төмөнкүдөй тармагы болгон:
Кыргыз ССР ИИЭК (НКВД) Архивдик бөлүмү
• Борбордук мамлекеттик архив
• Борбордук республикалык фотофонокиноархив (1941–1946-жылдары өз алдынча иштеген)
• 5 облустук архив
• 3 шаардык мамлекеттик архив (Фрунзе, Жалал-Абад, Ош)
• 47 райондук архив
1946-жылы элдик комиссариаттар министрликтер болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу архивдик бөлүм Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигине өткөн.
1960-жылдын 29-июнундагы №343 токтомдун негизинде Кыргыз ССР ИИМдин архивдик бөлүмү Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Архивдик башкармалык болуп кайра түзүлгөн. Облустук архив бөлүмдөрү облустук мамлекеттик архивдер менен бириктирилген.
1963-жылдын 15-апрелиндеги №170 токтомдун негизинде райондук жана шаардык архивдер туруктуу сакталуучу документтери бар мамлекеттик архивдер болуп кайра түзүлгөн.
1964-жылдын 19-декабрындагы №561 токтом менен Архивдик бөлүм Архивдик башкармалык болуп кайра түзүлүп, анын курамына документтерди реставрациялоо жана микрофильмдөө борбордук лабораториясы киргизилген.
1968-жылы Борбордук жана Ош облустук мамлекеттик архивдеринин тармагы ирилештирилип, филиалдардын саны 7ге кыскартылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 626 тескемесинин негизинде «Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхына тиешелүү жана тарыхын чагылдырган» чет мамлекеттердин архивдеринен документтерди издеп табуу жана алардын көчүрмөлөрүн алып келүү боюнча он жылдык Программа бекитилген. Бул программанын алкагында Россия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин архивдеринен Кыргызстан жана кыргыз элинин тарыхына тиешелүү көптөгөн документтер табылып, көчүрмөлөрү алынып келинген. Ошондой эле 1788-жылдын 15-июнундагы Сибир корпусунун командири Н.Г. Огаревдун Атаке Батыр Тынайбиевге императрица Екатерина II тарабынан 800 рубль өлчөмүндө сыйлык берүү жөнүндөгү каты да сакталууда.
Архив системасы ар кандай тарыхый өзгөрүүлөрдү баштан өткөргөнү менен, анын башкы милдети өзгөргөн жок — өлкөнүн документтик мурасын сактоо.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында мамлекеттик архив кызматынын кеңири тармагы иш алып барат. Борбордук мамлекеттик 3 архив (Борбордук мамлекетик архив, Борбордук мамлекеттик коомдук саясий-документтер архив, Борбордук мамлекеттик киносүрөтабаздокументтер архиви), 7 облустук мамлекеттик архивдер, 53 райондук, шаардык мамлекеттик архивдери, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери кирет. КР БМА (1800дон ашык фонд. 570 000 көктөмөлөр, топтоо булактары 185 мекеме) Жалпы архив тармагында 800дөн ашык кызматкерлер эмгектенет
2026-жылдын башындагы маалыматтарга ылайык, өлкөнүн архивдеринде 4,3 миллиондон ашык документ сакталууда. Алардын ичинен 2,7 миллиону — туруктуу сактоо документтери, ал эми 1,6 миллиону — жеке курам боюнча материалдар.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы архив тармагын өнүктүрүү багытында системалуу иштерди жүргүзүп келет. Архив кызматынын төрайымы Базарбаева Нуркыз Алтынбекованын жетекчилиги алдында архив мекемелеринин ишин өркүндөтүү жана заманбап талаптарга ылайык уюштуруу боюнча бир катар иштер аткарылууда.
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин директору Момунов Мамат Амановичтин жетекчилиги алдында архивдик документтерди электрондук форматка өткөрүү, маалымат базаларын түзүү жана архивдик маалыматтарды пайдаланууну жеңилдетүү багытында иштер этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Бул иштер архивдик документтердин сакталышын камсыз кылууга, алардын издөөгө жана пайдаланууга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошол эле учурда архивдик документтердин түп нускалары өзүнүн тарыхый жана юридикалык маанисине ылайык кагаз түрүндө да сакталууда.
Г.Ж. Муканова,
КРнын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
Архив кызматынын КРнын Борбордук мамлекеттик архивинин
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти
Комментарийлер