КРЕАТИВДҮҮ ЖАШТАР ГАНА ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТ

  • 19.04.2022
  • 0

Аксы районунда балдарга карата зордук-зомбулуксуз жана социалдык тоскоолдуксуз билим алуу үчүн таасирдүү чөйрө түзүү аракеттери жасалып келатат.

КРЕАТИВДҮҮ ЖАШТАР ГАНА ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТАр бир жеткинчекти өлкөбүздүн билимдүү жана маданияттуу инсаны кылып тарбиялоо жеке эле мугалимдин эмгегинин натыйжасы эмес. Ал жашаган чөйрөнүн таасири да зор роль ойнойт. Заман талабына ылайык, адамга карата багыттуу билим жана тарбия берүү өзгөчө мамилени талап кылууда. Илим менен техника өнүгүп турганда, жаштарыбызга заманбап технологиялардын пайдасынан зыяны көбүрөөктөй сезилет…

Доор алмашып, заман өзгөрүп, экономикабыз турукташып, элибиздин саны көбөйгөн сайын кыздарыбыз, балдарыбыз өзгөлөрдөн эле эмес, өз ата-эне, бир туугандарынан да зордук-зомбулукка дуушар болгон фактылар жок эмес. Уруп жазалоо – таш боордуктун белгиси. Мындай ыкмалардын натыйжасында балдардын ойлоо жана сүйлөө, чечим чыгаруу, тандоо мүмкүнчүлүктөрү төмөндөшүн эл аралык изилдөөлөр да аныкташууда.

Аксы районунда балдар арасында жагымдуу чөйрөдө тартип орното алуу жөндөмдүүлүгү окуучулардын өзүн-өзү башкаруусуна, жоопкерчиликке үндөп, келечекке ишенимдүү барууга шарт түзүү максатта бир топ жумуштар аткарылып жатат. Мугалим мектептеги, ата-эне үйдөгү чөйрөдө балага жагымдуу маанай түзө алганда гана үлгүлүү жүрүм-турумга гана эмес, сабактарды да талаптагыдай өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Балада өнүгүү, шык, жөндөм, талант, өз алдынчалуулук, боорукерлик ойгонот. Маселен, USAIDдин башталгыч класстардын окуучулары үчүн “Окуу керемет!” долбоору да мугалимдерге, ата-энелерге жана мектеп китепканачыларына семинар-тренингдер аркылуу балдарга жагымдуу маанай тартуулоонун ыкмаларын, бала өз оюн сүйлөө жана жазууда эркин, сылык, маданияттуу жеткирүүгө жетиштирүү максатындагы аракеттерди жасап келет. Мында сабактагы тартип маселелерин жөнгө салууда зордук-зомбулуксуз, эффективдүү жана проактивдүү мамилелерди өнүктүрүүнү, кол көтөрүү, чабуу, коркутуп-үркүтүү, кыйкыруу, кемсинтүү, мажбурлоо ж.б. аракеттерге альтернатива катары позитивдүү тарбиянын усулдары жана ыкмалары сунушталган. Бала болобу, мугалим болобу ар дайым маанайы жакшы болсо, келечекке үмүт менен умтулса гана максаттары ишке толук ашат жана билим алуу, тарбия берүү толук кандуу болот.

КРЕАТИВДҮҮ ЖАШТАР ГАНА ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТ

Райондогу мектептер эл аралык долбоорлор менен үстүбүздөгү окуу жылында тынымсыз иш алып барууда. Мектептерде кластердик жолугушуулар уюштурулуп жатат. Кластердик жолугушуулар учурунда окуу жана жазуу сабактарынан окуучулар жана мугалимдер арасында өзгөчө шыктануулар байкалат.

Райондогу бардык мектептерде “Мен китеп жаратамын!”, “Өзүбүз китеп жазып, жасайбыз!” деген темада окуучулардын автордук кол өнөрчүлүгү аркылуу китепчелер жасалып, мектептер сынак жарыялоо менен мыктылар аныкталууда. Китеп жасоо менен кетирген каталарды, кооздукту сезүүгө, сабатсыздыкты жоюуга үйрөнүштү. Ар бир бала тарткан сүрөттөрүнө жана жазган сөздөрүнө терең талдоо жасап, өз иштеринин сапатын жогорулатууда чыдамкай болууга тарбияланышты. Иш-чараларга жигердүү катышып, мыкты эмгек жараткан мектептерге долбоорлор тарабынан шыктандыруучу белектер (китептер) таратылууда.

Мындан сырткары, USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору жарыялаган республикалык заманбап балдар аңгемелеринин автордук сынагына С.Качыкеев атындагы №1 орто мектептин башталгыч классынын мугалими Елена Варворкина “Моя подруга – фиалка”, Т.Үмөталиев атындагы мектептин директору Узен Атаканов “Эне мышыктын камкордугу” аңгемелери менен катышып, КР Билим берүү жана илим министрлигинин диплому жана кызыктыруучу сыйлык – Б.Жакиевдин китеби менен лауреат катары сыйланышты. Мектептердеги мугалимдер жана китепканачылар да карап турбастан, класстарда жана мектептерде китеп банкын уюштуруп, байытып, окуучуларды кызыктырууда. Учурда окуучулар компьютердик оюндардан тажап, мектептин эле эмес, айылдын да китепканаларына барып, илим таанууга киришип, ар кандай иш-чараларга тартынбай катышып жатканы жакшы экени айкын.

Мындай иш-аракеттер, сынактар аркылуу балдарыбыз бир кыйла ар тараптан өнүгүп жатканы байкалды. Көп окуган, көп эмгектенген креативдүү жаштар гана өлкөбүздү өнүктүрө алат деген ишенимдебиз.

Мындан ары да ата-эне, мугалим, окуучу жана коомчулуктагы колдоого кол сунган фонддор менен иштешүү пайдалуу экени турмушта көрүнүп жатат, себеби балдар окууга кызыгуу менен ар бир иш-чарага катышуу аркылуу мектебин, мамлекетин, элин, тилин, жерин сүйүүгө жана урматтоого, коргоого, сыйлоого тарбияланып өсүшөт.

У.Жанузакова,
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер