КООМДУ БИРИКТИРГЕН БАШКЫ БААЛУУЛУКТАР – БИЛИМДҮҮЛҮК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК

  • 29.07.2026
  • 0

Маалыматтык доордо чындыкты жалгандан айырмалоо – ар бир жарандын жоопкерчилиги. Бүгүнкү күндө социалдык тармакта ар кандай көз караштар жана чагымчыл билдирүүлөр таралууда. Мындай шартта маалыматтык сабаттуулуктун мааниси канчалык? Коомдук биримдикти кантип сактай алабыз? Ушул багытта эксперт, коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев менен маек курдук.

 Акыркы учурда социалдык тармактарда ар түрдүү багыттагы маалыматтар жайнап кетти. Бир тарабы өлкөдө кытай жарандарынын көбөйүшүнө, алардын мыйзамсыз жүрүм-турумуна тынчсызданса, экинчи тарабы мындай экономикасы өнүккөн өлкө менен алака түзүү Кыргызстан үчүн утуш алып келет дешет. Элдин калың катмары кайсы тараптын сөзүн угарын билбей, кайсалап тургансыйт. Сиз учурдагы абалга кандай баа бересиз? Элдин тынчсыздануусу жүйөлүүбү?

— Маалыматтык күрөш бул азыркы доордун өзгөчөлүгү. Интернеттин заманында маалымат өтө көбөйүп кетет, калп-чындыкты айырмалоого кыйын болуп калат. Бул нерсе тек гана Кыргызстанда эмес, бүт дүйнөгө таандык нерсе. Кытай басып кетти деген нерсе байма-бай Кыргызстан эгемендик алгандан бери келаткан медиа тема. Бул тема өзгөчө саясатташып кеткен. Буга туура мамиле кылыш үчүн ар бир жаранда билим, критикалык көз караш жана ички маданият болуусу зарыл. Бул тема жөнүндө Президент Жапаров да өз позициясын так жана ачык айтты, Өкмөттүк ММКлар күнүгө түшүндүрмө берип атышат, Өкмөт мүчөлөрү да эсеп-чотун чыгарып, чыныгы жагдайды ачык айтып берип атышат… Түшүнгөндөр түшүнүп атат, түшүнгүсү келбегендер атайын аракеттерди жасап, кырдаалды курчутуп атышат… Кыргызстан эркин, эгемен, демократиялык мамлекет. Интернетти эч ким жапкан жок, социалдык желелер каалагандай иштеп атат… Өкмөт биринчи ирээтте кытай жарандары боюнча маалыматты жашырбаш керек: ачык маалымат берип туруу зарыл. Канча кытай иштеп атат бүгүнкү күндө, кайсы проекттерде, качан киришкен, визасы качан бүтөт, качан чыгып кетет деген маалымат ачык болсо, ар кандай фейк маалыматтарга бөгөт коюлат. Баары бир Өкмөт ал маалыматты жашыра албайт, аны толугу менен ачыкташ керек. Экинчиден, ар бир чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын мыйзамын сакташ керек, аларга баш ийиш керек. Мыйзамды бузган чет өлкөлүктөр дароо жазасын алып туруусу зарыл, убагында депортация  болуп турса гана эл Өкмөткө ишенет бул маселе боюнча. Үчүнчүдөн, өзүбүздүн жарандар да бул теманы жамынып алып, массалык башаламандыкка чакырыктарды,саясий- экономикалык абалды курчутпаш керек! Мыйзам баарына бирдей болсо эле эл туура түшүнөт.

Учурдагы мамлекеттин туруктуулугуна доо кетире турган айрым маалыматтык чакырыктарга каршы күрөшүүдө мамлекет, жарандык коом жана ЖМКлардын кызматташуусу кандай болушу керек?

— Президент Жапаров ар дайым айтып келет: «Мыйзам бузуулар болсо кабарлагыла, мамлекет чара көрөт сөзсүз!» — деп. Мына, ушул эреже кынтыксыз иштеш керек. Мыйзам бузгандарга чара көрүү – бул  Өкмөттүн укугу эмес! Бул анын ыйык милдети! Ушул маанилүү. Медиа, НПОлор бул маселеде абдан тыкыс иштеш керек Өкмөт менен. Өкмөт, бийлик болсо алар келтирген фактыларга сөзсүз көңүл буруп, чара көрүп, коомчулукка билдирип турушу зарыл. Коомчулуктун сигналдары албетте бийликке ыңгайсыздык жаратат, ал түшүнүктүү. Бирок, демократиялык мамлекетте бийлик элдин, коомчулуктун көзөмөлүндө иштейт. Башка жол жок! Эл менен эсептешип, алардын оюна көңүл бурган гана бийликтин келечеги болот.

Маалыматтык манипуляциялар менен фейк маалыматтарды жөнөкөй жаран кантип айырмалай алат?

— Эгер сен маалыматка текшербей, бир угуп же көрүп алып эле ишенип кете берсең – анда  сен маалыматтык кулсуң! Маалыматты текшерүү жолдору толтура азыр. Жасалма Интеллект өнүккөндөн бери, ар бир эле маалыматка ишене бербеш керек деген ой дагы бир жолу тастыкталып отурат. Ар бир маалыматка сын көз (!) менен караш керек! Ушул чынбы же калппы деген суроону өзүңө өзүң ар дайым беришиң лаазым заманда жашап атабыз. Маалыматтык гигиена деген эле ушул… Мисалы, бир дарыны ичээрде сен врачтан сурайсың да, пайдасы барбы, зыяны жокпу деп… Соцтармакта деле ушундай болуу зарыл: сурап, текшерип, чын калпын аныктап, анан реакция кылуу керек. Күмөн санасаң, анда ал маалыматты таратпа, өчүрүп кой, бирөөгө жибербе… Болгону эле ошол! Ар бир маалыматка ишене бергидей мал эмеспиз да… Кудай берген мээни иштетиш керек да…

— Коомдук пикирди калыптандырууда интеллигенциянын жоопкерчилиги эмнеде?

— ⁠Интеллигенция азыр өзү оор абалда, аларды уккан эч ким жок, тилекке каршы… Бирок, интеллигенция, билимдүүлөр, мекенчилдер, ар бир тармактын адистери коомдук талкууларга катышып туруу бул алардын социалдык парзы… Милдети. Алар айтпаса, сүйлөбөсө анда бир кемчонтой, түркөй, өзүмчүл адамдар бийлеп алат коомдук чөйрөнү! Ага коомчулук да, бийлик да жол бербеши керек..

— Ушундай эл ичине жарака салуучу маалыматтык чабуул учурунда коомду бириктирген эң башкы баалуулуктар кайсылар болуш керек деп эсептейсиз?

— ⁠Коомду бириктирген эң башкы баалуулуктар бул билимдүүлүк, кайдыгер эмессиздик жана жоопкерчилик! Жоопкерсиз наадан – бул  эң коркунучтуу катмар! Кооз сөздү сұйлөгөндөрдүн баары эле чыныгы Инсан эмес. Адамдын сөзүнө караганда анын иш аракетине, жасаган иштерине, орусча айтканда «поступокторуна» көбүрөөк ишениш керек деп ойлойм.

Маек курган Асел Кенжебек кызы.

Бөлүшүү

Комментарийлер