КООМЧУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛОО АГЕНТСТВОСУ (АРИС)

  • 16.09.2021
  • 0

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов      райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11млн. АКШ доллары. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2017-2021-жылдар.

КООМЧУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛОО АГЕНТСТВОСУ (АРИС)

АРИСтин долбоорлору ишин жыйынтыктоодо

Бообекте жаңы мектеп курулду

АРИС  ишке ашырып келген КР Министрлер Кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды турукту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Бообек (Новомихайловка) айылында 100 окуучуга эсептелген мектеп ачылды.

Мектепти сагынганын жашыра албаган балдар бири-бирине жаңы бүткөн мектептин ичи-сыртындагы кооздуктар, жаңылануулар жөнүндө айтып, сыймыктануу менен кубанып жатат. Ачылыш аземине айыл тургундары, ата-энелер да келип баталарын камдап турууда.  Кошумча корпустун ичиндеги класстар кенен, жарык жана жаңы имеректер менен жабдылган. Жаңы мектепте беш окуу классы, дарыгерлердин бөлмөсү, китепкана, китептер үчүн архив бөлмөсү, тамактануучу зал, буфет, компьютердик класс, санитардык түйүн, кампа жана техникалык бөлмөлөр бар. Курулуштун жалпы аянты 828,6м2 түзөт.

КООМЧУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛОО АГЕНТСТВОСУ (АРИС)

-Чүйдө, Кеминде мугалимдик кесипти аркалап иштеп жүргөн кезде ушул мектепке директор болуп иштөө сунушталып калды. Алгач эскилиги жетип, аянычтуу акыбалда турган мектепти көрүп,  кулап калбаса экен деген санаага батып калдым. Бирок мектептин ички аурасы менин ичимдеги демилгеге дем кошту. Жаңылануу үчүн эмне кылуу керек деп, интернет булактарын аңтарып, жолун издөө менен алек болдум. Акыры долбоор менен иштөө туура болооруна токтолдум.  Ата-энелер, коомчулук, жергиликтүү тургундар менен биргеликте Кеминде АРИСтин офисинде окууларга катышып, долбоорубуз өтүп, акыры ушундай жаркыраган мектеп туруп калды , — деп айтып өттү Аскат Кылычев.

Бообек айылынын эли жаңы мектепке абдан муктаж эле. 1950-жылы курулган бул имарат окуу-өндүрүштүк бригада болгон. Архитектура-курулуш нормаларына жооп берчү эмес. Имарат пайдубалы жок курулуп, дубалдары самандан жасалган. Имарат капиталдык ремонттон өткөн эмес. Айылда мектеп болбогондуктан  жети жылдык башталгыч мектеп кылып берилген. Андан бери айыл калкы көбөйүп, мектеп окуучулары батпай калды. “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, сунуштардын арасынан Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башталгыч класстар үчүн мектеп куруу долбоору жактырылган. Мектепти куруга 26 145 421 сом сарпталды, анын ичинен 25 822 648 сом  донор тарабынан бөлүнгөн грант, ал эми Чым-Коргон айыл аймагынын коомчулугунун салымы 322 733 сомду түздү.

КООМЧУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛОО АГЕНТСТВОСУ (АРИС)

— Кошумча корпус куруу маселеси жаралып турганда, АРИСте жакшы долбоор болуп, катышып, утуп алдык. Бул долбоор 2017-жылы башталган. 2018-жылы экспертизадан өтүп, 2019-жылы курулуш иштери башталды. Карантин учурунда гана бир аз тосколдуктар болбосо, курулуш иштери убагында аяктады. Өз мөөнөтүнөн кечиктирбей бүтүрүп бергендиги үчүн АРИС жана УКС ДСК АЗАТ компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз, — дейт Макеев Эмил экс-айыл өкмөт.

Жаңы имараттын ачылуу аземин Кемин шаарынын акими Эркин Тентишев куттуктоо сөзү менен ачты.

Урматтуу Бообек айылынын тургундары, мугалимдер, окуучулар! Бүгүн абдан чоң майрам, себеби агартуу имаратына дагы бир жаңы мектеп кошулууда. Ушул мектеп куттуу болсун! – деп жылуу каалоо тилектерин жолдоду.

Ошондой эле салтанаттуу ачылыш аземинде Таалайбек Жумаев, Кемин районунун администрация башчысы, КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун координатору Улан Капар, Райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тулебаева Айнагуль, Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Анвар Абдрахманов, Кемин РИИб башчысы Талантбек Мурадилов, Жергиликтүү Кеңештин депутаты Алтынбек Өмүралиевдер долбоордун жетекчилигине ыраазычылыгын айтып, жергиликтүү тургундарды, мектеп жамаатын, окуучуларды жаңы мектеби жана жаңы окуу жылы менен куттуктады.

Кеминдин райондук ооруканасында жаңылануу

Жогоруда аталган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Кемин райондук ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнүн капиталдык ремонтун бүтүрдү.

Инфекциялык бөлүмдүн имараты 1968-жылы курулуп, 15 жылдан бери ички-сырткы оңдоо-түзөө иштерин көргөн эмес. Капиталдык ремонттун натыйжасында бейтаптарды санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралып, жалпы район калкы үчүн сапаттуу медициналык тейлөө алуусуна шарт түзүлдү.

Имараттын аянты 930м2. Объекттин жалпы баасы 17 926 260 сом, анын ичинен донор бөлгөн грант 17 274 947 сом, ал эми райондук администрациянын салымы 896 313 сомду түздү. Инфекциялык бөлүмдүн палаталары кенен, жарык, заманбап санузел, душ кабиналары менен камсыздалган. Жылытуу системасы толугу менен электрлештирилип, кошумча (авариялык) шаймандар менен жабдылган. Толук реконструкция жүргүзүлүп, подвалдык пайдаланылбай жаткан ээн жерлер пайдалуу бөлмөлөргө: складдык, чарбалык жана кенен конференц-залга айланган. Ачылыш аземине райондун жетекчилери келип лента кесип, куттуктоо айтты.

Заманбап тейлөө борбору

Кемин районунун Боролдой айыл аймагында жол жээктеги комплекс курулду. Бул комплексти куруу демилгеси жергиликтүү тургундарды жумуш орду менен камсыздоо жана жүргүнчүлөрдү тейлөө сервисин уюштуруу болуп эсептелет.

КООМЧУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛОО АГЕНТСТВОСУ (АРИС)

-Долбоор 2018-жылы башталып, быйыл 2021-жылы аяктады. Жазда ишке киргизүүнү көздөп турабыз. Комплекстер түшкөн киреше жергиликтүү бюджетке өбөлгө түзөт. АРИСтин жалпы жамаатына жана жетекчилигине, анын ичинде аткаруучу директору Супаналиев Бекжан, Бакыт Абдылдаевге, Капар Уланга тынымсыз көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз, — деди Акылбек Мурсалиев, Боролдой айыл өкмөт башчысы.

Комплекс азык-түлүк дүкөндөрүн, тамактануучу зал, кафе, эс алуу бөлмөлөрүн, санитардык түйүн, жеңил жана жүк ташуучу унаалар токтоочу жай, даараткана, балдар аянтчасын камтыйт. Аянты 315 м2, жалпы наркы 12 569 781сом, анын ичинде 12341 292 сом көлөмүндө грант бөлүнгөн, ал эми Боролдой айыл аймагынын салымы 228489 сомду түздү.

«Р-1, Р-2, Р-3» каналдары калыбына келип жатат

Чүй облусунун Боролдой айыл өкмөтүндө, Чу жана Кичи-Кемин дарыяларынын ортосунда жайгашкан каналдар Ильич, Кичи-Кемин, Боролдой жана Кара-Булак айыл  аймактарын камтыйт. Каналдардын жалпы узундугу 12,9 чакырым жана 2600 га жердин аянтын суугарууга жөндөмдүү. Аларды калыбына келтирүү сугат суусунун талааларга толук көлөмдө жетишине шарт түзөт. Андыктан, оңдоп-түзөө долбооруна ылайык, суунун жоголушуна азайтуу үчүн каналдарды бетондоо каралган.

Учурда даярдык иштери аяктап, Р-1 каналында 5,2 чакырым бетондолду, Р-2 каналында 4,6 чакырымдын 1,8 км бетондолду. Дыйкандар сууну үнөмдүү жана рационалдуу пайдалануу керектигин айтууда.

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер