КМШнын МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ АТАЛГАН АСЕЛЬ АДИЕВА
- 31.01.2025
- 0
№94 кесиптик лицейинин окутуучусу Адиева Асель Астанада өткөн “Bilim orkenieti” сынагында КМШнын мыкты окутуучусу номинациясына ээ болду. Ал беш жылдан бери аталган окуу жайда окутуучу, методист, директордун тарбия иштер боюнча орун басары кызматтарында иштеп келет.
“Bilim orkenieti” сынагы үч этап менен онлайн форматта өткөрүлүп, үч айга созулду. Алгач сынактын катышуучулары менен келишим түзүлүп, кандай убакытта болсо дагы тапшырмаларды аткарууга милдеттендирилет. Биринчи этаптын суроосуна 20 мүнөт берилип, анда берилген тапшырманы окуучу башкалардан мурда аткарып бүтсө, мугалим кандай реакция кылышы керек деген тапшырма коюлду. Экинчи этапта окуучунун психологиялык абалына жараша мугалимдин тактикасы аныкталды. Үчүнчүсүндө мугалимдин мамлекеттик сыйлыктары эске алынды. Сынактын суроолору казак тилинде берилип, жооптору орус, англис тилдеринде кабыл алынды.
Аталган сынак Казакстандын Билим берүү министрлиги тарабынан 15 өлкөнүн элчиликтери менен биргеликте уюштурулган.
Негизги максаты — КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдери арасында кызматташтыгын бекемдөө. Кыргызстандык окутуучуларга төрт квота берилген.
— Сынак тууралуу билип, дароо эле катышууга бел байладым. Сынак мага жеңил эле болду. Бирок КМШ өлкөлөрүнүн арасынан мыкты деп табылган окутуучулардын арасынан биринчи орунду алуу мага күтүүсүз болду, өзгөчө эмоцияларды сездим. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо конференциясына барганда абдан толкунданып турдум. Түркмөнстан, Азербайжан, Калмыкия, Россия, Красноярск, Алтай ж.б. катышты. Иш-чарада Кыргызстандын желегин желбиретип, Гимн аткаруу мага чоң сыймык болду. Атүгүл, Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси да чуркап келип, желекти маңдайына басты, — дейт.
Асель Абдиева башталгыч кесиптик билим берүү багытында 30 жылдан бери эмгектенип келет. Кесиби боюнча инженер-педагог. Айтымында, эмгек жолунун алгачкы жылдарында эле облустарды кыдырып, тарбиясы төмөн же түрмөдө тарбияланган, коомчулукка кошула албай жүргөн окуучуларга сабак берчү. Жаш болгонуна карабай ар кандай балдар менен иштөөсү ага канат болуп, педагогикалык жолдо чыйралууга жардам берген. Азыр да “мугалимдер күн сайын билимин жаңылап турушу керек” деген ураанды бийик тутуп, ар кандай онлайн да, офлайн да сабактарга катышып, өзүн ар кыл тармактарда өнүктүрүп
турат.
Ошону менен бирге Асель Абдиева ар бир окуучунун тилин таба билген мыкты окутуучу. Окуучуларды окууга кызыктыруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонот. Алардын бири — окуучунун артыкчылыктарын белгилеп, даңктап туруу. Балдардын тилин табууга окутуучуга башталгыч кесиптик окуу жайда алты жыл психолог болуп иштегени да жардам берген.
– Эгерде ар бир адамды эле “сен начарсың” дей берсе, ага терс таасир тийгизет. Мисалы, Макаренконун методундай кылмышкер балага да ишеним билдирсе, ал жакшы жакка өзгөрөт. Окуучуга “мен сага аябай ишенем, сенден келечекте көптү күтөм. 30 окуучунун ичинен сенден үмүтүм чоң” деген сөздөрдү айтып турсак, ишенимди актоо үчүн да аракет кыла баштайт. Сөзсүз стимул пайда болот. Ошондо “эң тентек” “эң начар” деген бала да мыкты инсан болуп чыгат. Педагог баланы 180 градуска буруп, инсан катары калыптандырат. Себеби биз адам ресурсу менен иштеп жатабыз, — дейт мугалим.
Ошондой эле мугалим окуучуларга ар кандай кызыктуу фактыларды айтып берип, алардын көңүлүн бурганга аракеттенет. Мугалимдин айтымында, сабакты дароо “конспект текшерем” деген сыяктуу сөздөр менен баштоо кандайдыр бир стресске алып келет. Сабакты негативден баштоо окуучулардын гана эмес, мугалимдин да деңгээлин түшүрөт.
Асель Абдиева Кочкор районунда туулуп-өскөн. Мектеп курагында эле мугалимдерди үлгү тутуп, агартуучулардын катарын толуктап, алардай болуп сүйлөсөм деп кыялданчу. Аны мугалимдердин бийик маданияты, кийингени да суктандырчу. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктагандан кийин эмгек жолун өзү туулуп-өскөн Кочкор районунда баштаган. №15 кесиптик лицейде 15 жыл тарбия иштери боюнча директордун жардамчысы болуп иштеген. Кийин Бишкекке көчүп келип, №20 лицейде ишин уланткан. Ал эми №94 лицейде 2017-жылдан бери эмгектенет.
30 жылда Билим берүүнүн мыктысынан баштаган бир канча сыйлыктарга татыган. Алсак, 2007- жылы «Кесиптик билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, 2013-жылы президенттин “Алкыш” баракчасы, 2024-жылы Республикалык профсоюз комитетинен » Ардак грамота» жана башка көп грамота, ыраазычылык каттар менен сыйланган.
Айгерим Токтобаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер