КЛАСС ЖЕТЕКЧИНИН БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДО МЭЭНЕТИ КҮЧ

  • 09.04.2025
  • 0

Баланын инсандыгын калыптандырууда, анын өзгөчөлүгүн, жөндөмдүүлүктөрүн жана потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачууда, укуктарын коргоодо жана таламдарын талашууда өзгөчө роль класс жетекчисине байланыштуу.

Мектептин, окуучулардын ийгилиги биринчи кезекте класс жетекчилерге таандык. Бул алардын бардык жоопкерчиликти өзүнө алган эмгегинин жемиши. Класс жетекчинин иши оор, бирок ошол эле учурда кызыктуу. Ал өзүнүн классын жүрөгү менен сезип, балдарына болгон сүйүүсүн арнашы керек. Ошондо гана баары ойдогудай болот.

КЛАСС ЖЕТЕКЧИНИН  БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДО МЭЭНЕТИ КҮЧ

Класс жетекчиге окуу планына ылайык бир билим берүү программасын өздөштүргөн бир курактагы окуучулар — класс ишенип берилет. Класс жетекчи ага ишенип берилген балдардын өнүгүүсүн, сабактарга катышуусун, таалим-тарбиясын жыл аяктаганга чейин көзөмөлдөйт.

Белгилүү педагог К.Д.Ушинский “Класс жетекчиси – тарбия процессинин борбордук фигурасы, анын баланын инсандыгын өнүктүрүүдөгү ролу жогору. Адамды бардык жагынан тарбиялоо үчүн, аны бардык жагынан билүү керек”, — десе, азыркы педагогдор Е.А.Алисов, Л.С.Подымова «… класс жетекчинин негизги иши инсандын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, анын чыгармачылык потенциалын ишке ашырууга, баланын активдүү социалдык корголушун камсыз кылууга, балдардын өз көйгөйлөрүн чечүү аракеттерин активдештирүү үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды түзүү болуп саналат», — деп эсептейт. Бул максатка жетүү үчүн төмөндөгүдөй шарттарды камсыз кылуу зарыл болот:

* ар бир окуучунун ийгилигин жогорулатуу үчүн окуучулар тобунун окуу, таанып-билүү иш-аракеттерин уюштурууга көмөктөшүү;

* мектептин класстан тышкаркы иштерине окуучулардын катышуусун камсыз кылуу;

* ата-энелер менен байланыш түзүү жана окуучунун үй-бүлөсү менен өз ара аракеттенүү;

* класстын ар бир окуучусунун инсандык өнүгүү процессин чагылдырган документтерди жүргүзүү;

* балдардын тарбиясын аныктоо, жыйынтыгына жараша ар бир окуучунун дене-бой жана руханий өнүгүүсүнө педагогикалык коррекция жүргүзүү.

Класс жетекчинин кесиптик ишинин мазмуну мектепте кабыл алынган, региондук өзгөчөлүктөрдү жана конкреттүү социалдык, табигый жана материалдык-техникалык шарттарды эске алуу менен иштелип чыккан билим берүү программасы менен анык-
талат.

КЛАСС ЖЕТЕКЧИНИН  БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДО МЭЭНЕТИ КҮЧ

Бул максатка жетүүгө мүмкүндүк берген беш негизги маселе бар:

  1. Гуманисттик мамилелердин, адеп-ахлактык жүрүм-турум салттарын бекитүүнүн, балдардын тобун жамаатка бириктирүүнүн жана баалуулукка багытталган топтук иш-аракеттердин негизинде класста жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү;
  2. Татаал социалдык мамилелерге кирип жаткан окуучунун ар тараптуу топтук жана жекече иш-аракеттерин уюштуруу; ар кандай иш-аракеттер (таанып-билүүчүлүк, трансформациялык, көркөм, баарлашуу) ар бир окуучуну дүйнө менен кеңири өз ара аракеттенүүгө кошуу үчүн түзүлүшү керек;
  3. Жашоону (коомдук жана жеке) түшүнүүнүн өзгөчө ролун, ошондой эле жеке “менин” түшүнүү максатында балдардын руханий-адеп-ахлактык ишмердүүлүгүн уюштуруу;
  4. Ар биринин потенциалдуу чыгармачылыгын ишке ашыруу максатында колдоо көрсөтүү;
  5. Окуучуда адамзаттын өкүлү, өз Мекенинин жараны, коомдун, үй-бүлөнүн, мектеп жамаатынын мүчөсү жана башкалар менен шериктештикте гана жашоого жөндөмдүү инсан катары мамилени калыптандыруу.

Бүгүнкү күндө айрым класс жетекчилердин балдар менен мамилеле түзө албай жатканынын бир канча себеби бар. Окуучулар өспүрүм куракта абдан сезимтал болушат. Алар адилетсиздикке, ачууланууга, оройлукка чыдабайт жана кечирбейт. Ошондуктан балдарга этияттык менен мамиле жасоо керек.

Класс жетекчи окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жана таанып-билүү активдүүлүгүн өнүктүрүүгө дайыма көңүл бөлүүсү кажет. Предметтик мугалимдер жана ата-энелер менен тыгыз кызматташып, балдардын окууга болгон аң-сезимин калыптандырат, окууну, тартипти, класстын жана жалпы эле мектептин коомдук турмушуна катышуусун камсыздайт.

Ар тараптуу жана көп пландуу класстан тышкаркы тарбиялык иштер дагы класс жетекчинин мойнунда. Ал аны балдар менен биргеликте мугалимдердин, ата-энелердин жана коомчулуктун активдүү катышуусу менен жүргүзөт.

Класс жетекчи — мектеп менен ата-эненин ортосунда да алтын көпүрө. Ата-энелер менен мамиле түзүүнүн этаптары төмөнкүдөй:

1) ата-энелер менен байланыш түзүү;

2) балага карата үй-бүлөнүн жана мектептин бирдиктүү талаптарын иштеп чыгуу;

3) ата-энелер жамаатын уюштуруу, анын тарбиялык потенциалын өнүктүрүү;

4) ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу.

Ата-энелер менен иштөөнүн формалары:

* жеке (сүйлөшүүлөр, кеп-кеңештер ж.б.);

* топтук (ата-энелер комитетинин чогулуштары, топтук сүйлөшүүлөр жана кеп-кеңештер ж.б.);

* массалык (лекциялар, үй-бүлөлүк тажрыйба алмашуу боюнча конференциялар, ачык эшиктер күнү, талкуулар, ата-энелер күндөрү, класстык чогулуштар, суроо-жооп кечелери ж.б.).

Класс жетекчи ата-энелер менен иштөөдө жолугушуулардын форматын да өзгөртүшү керек. Башкача айтканда, аларга педагогикалык кеп-кеңештерди берүү зарыл. Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу ишинде дифференциялуу мамиле жасоо принцибин сактабай туруп, каалаган ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүн эмес. Анын негизги мааниси педагогикалык билим берүү жана көндүмдөрдү үйрөтүү.

Ата-энелер үчүн ачык сабактарды уюштуруп туруу да жакшы натыйжа берет. Ачык сабактан кийин алар менен аңгемелешүүдө төмөнкүдөй жоопторго күбө болот:

“Мен сабакка катышып олтуруп, кызымдын мурда эч бир оюма да келбей турган кемчиликтерин байкай баштадым”.

“Ачык сабак биз үчүн өтө пайдалуу…”

“Бизге ата-энелерге ачык сабак эң көп нерселерди берет: бул жерде өзүңдүн балаңдын теңтуштарынын арасында иштеп жатканын көрөсүң, анын иштерин башкалардын иштери менен салыштырасың, тарбиясындагы кемчиликтерди да байкайсың…”

“Мен ачык сабакка катышып олтуруп, алардын ата-энелерге өтө пайдалуу экендигине ынандым”.

“Сабакка катышып олтуруп балдардын тарбиясы үчүн жоопкерчилигиңди дагы бир жолу сезесиң. Аны менен бирге мугалим балдарды окутуп жана тарбиялаш үчүн кандай чоң эмгек коротооруна, анын эмгегин урматтоо керек экендигине дагы бир жолу ынанасың”.

Албетте, ата-энелер үчүн ачык сабактардын баарын универсалдуу деп эсептөөгө болбойт. Тажрыйба көргөзгөндөй, аны педагогикалык маданиятты жогорулатуунун бир формасы катары мектепке даярдоо тайпаларында колдонуу пайдалуу. Мындай жолугушуулар мектеп менен үй-бүлө шериктеш болуп, бири-бирин урматтоого, бири-бирине жардам берүүгө, эриш-аркак иштөөнү, балдарга бирдей талап коюуну үйрөтөт.

Кийинки жылдарда мындай жолугушуулар ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуунун жаңы формасы катарында бекемделүүдө. Бул аталар менен энелердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Класска, мектепке кандай жардам бере аласыз?” деген анкета жүргүзүү да пайдалуу. Мугалим сунуш кыла турган иштердин тизмесин күн мурун доскага жазып коет. Мисалы, балдарды саякатка алып баруу, классты, мектепти жасалгалоого жардам берүү, белгилүү инсандар менен жолугушуу, балдардын майрамдарын өткөрүү, көрсөтмө куралдарды жасоо, өздүк көркөм чыгармачылыкты уюштуруу, конкурстарды, спорттук мелдештерди, оюндарды уюштуруу, ден соолукка байланышкан лекцияларды окуу, үй гүлдөрүн өстүрүүгө көмөктөшүү ж.б. Ата-энелер бул тизмени окугандан кийин, өздөрүнүн кесибине байланышкан же мүмкүнчүлүгүнө ылайык аткара ала турган иштерди кат жүзүндө тизмелеп чыгып, сунуштарын беришет.

Ата-энелер класс жетекчисине жогорку талаптарды коюшат, ошондуктан алар менен туруктуу мамиле түзүш керек. Биринчи жолугушуулар абдан маанилүү. Ата-энелер менен да, балдар менен да. Ата-энелер чогулушу бардыгы ойлонулуп, жакшы даярдалууга тийиш. Анткени биринчи таанышуудан жагымдуу таасир калат. Ата-эне баласынын жанында кесипкөй жетекчи, дос жана мугалим турганын сезиши керек.

Класстын окуучуларынын тарбиясы алардын социалдык-маданий өнүгүү деңгээлине жараша бааланат. Класс жетекчинин ишин иш-чаралардын саны жана ар түрдүүлүгү менен эмес, класстагы мамилелер жана класстын канчалык жөндөмдүү экендиги, андагы интеллектуалдык жана адеп-ахлактык деңгээл кандай экендиги, ал «жамааттык кызматкер» катары эмнени чагылдыргандыгы менен баалоо керек.

Балдардын тарбиясын аныктоону класс жетекчи мектептин психологу жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары менен бирге жүргүзөт.

Шахризада Бусурманкул кызы, Тогуз-Торо районунун
№6 Бирдик орто мектебинин башталгыч классынын
мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер