КИТЕП – КӨӨНӨРБӨС, ТҮБӨЛҮКТҮҮ БАЙЛЫК

  • 03.06.2021
  • 0

Мектеп окуучуларынын  китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу   максатында ачылган  “Билим кербени”  долбоордун облустук туру 26-майда Нарын шаарында өтүп, ага жалпы облус боюнча 70 окуучу ат салышты. Ал эми 27-майда “Китеп тойдо” жыйынтыкталып, катышкан жалпы 70 окуучуга диплом, ноутбук, планшет, уюлдук телефон, сааттар, статуэтка, медаль, китеп жана баалуу белектер тапшырылды.

КИТЕП – КӨӨНӨРБӨС, ТҮБӨЛҮКТҮҮ БАЙЛЫК

Китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган долбоор

— Долбоордун максаты — мугалим, ата-эне жана окуучу биргеликте иш алып барып, жаштарыбыздын арасында китеп окуу маданиятын өнүктүрүп, жайылтууга  багытталган. Бул долбоордун алкагында  мамлекеттик жана билим берүү мекемелери менен биргеликте кызматташып, ар кандай тематикадагы китептерди конкурска коюп, мектеп ичи, (айылдык) мектептер аралык, аймактык, райондук, облустук жана республикалык деңгээлде уюштурууну көздөгөнбүз. Келечек ээлери болгон жаштарыбызга ыйман, акыл, билим инвестициясын жумшоо. Өлкөнүн баардык орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге атайын алдыга умтулууга шык (мотивация) берүү максатында жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүү. Ошондой эле алардын лидерлик сапатын жогорулатуу менен дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтип, коомго салым кошуусуна үндөө болуп саналат, — дейт уюштуруучулардын бири Кошой Мөңдүрбаев.

Долбоордун өзгөчөлүгү — китеп конкурсу уюштурулуп, атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алдыңкы орунду ээлегендерге белектер, акчалай сыйлыктар жана кийинки турга жолдомолор берилди.

— Китеп конкурс Мамбетасан Ибраев агайдын “Эмне үчүн китеп окуйбуз?”, “Биз эмнеге муктажбыз?”, “Болоор бала” китептеринин негизинде облустук деңгээлде уюштурулуп, жалпысынан 3000ге жакын окуучу катышып, 2-турга 300 окуучу жолдомо алышса, ал эми 3-турга 70 мыкты деген алдыңкы окуучулар жеңүүчү аталышты. “Китеп той — 2021 ”     Нарын шаарында болду. “Китеп той — 2021” иш-чарасын  КРнын өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Нарын облустук казыяты, “Биздин Тилек” коомдук жаштар кайрымдуулук фонду  жана  “Биздин Муун” кайрымдуулук мекемелери биргеликте  чогуу уюштурду, — дейт К.Мөңдүрбаев.

КИТЕП – КӨӨНӨРБӨС, ТҮБӨЛҮКТҮҮ БАЙЛЫК

“Билим кербени” долбоорунун демилгечиси, негиздөөчүсү Мамбетасан Ибраевдин айтымында,  жүздөгөн келечек ээлери кароо-сынакка катышып, 3-турга 70 окуучу тандалып алынганын баса белгиледи.

— Жакшы иштер жанаша болот демекчи, 27-майда элибизде жакшы салтка айланып бара жаткан «Китеп той» кечеси Нарын шаарында өттү. Иш-чарага облус губернатору, акимдер жана билим берүү жана окутуу мекемелеринин башчылары катышты. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да жүздөгөн окурмандардын алдында «Китеп той» кечесинде болду. Эң кызыгы жана кубантарлык окуянын бири окуучуларга сыйлык тапшыруу учурунда орун алды. Биздин китепкөй ини-карындаштарыбызга көрүүчүлөрдүн ичинен демөөрчүлүк кылган инсандар чыгып, 1-орундан 10-орунду алган окуучулардын төрт жылдык окуу контрагын төлөп бергенге сөз беришти. Жана да Марс Ибраев «Адеп башаты» коомдук фондунун атынан беш балага стипендия бергенге убада берди. Кечеде китеп жарманкеси да уюштурулуп, келген көрөрман, окурман журтчулук китептүү болуп кайтышты, — дейт негиздөөчү.

КИТЕП – КӨӨНӨРБӨС, ТҮБӨЛҮКТҮҮ БАЙЛЫК

Жалпыбызга маалым болгондой, кадыресе тойлордун катарына акыл толтуруп, көөдөн тойгуза турган «Китеп той» кошулганы коомду бийиктикке алып чыкты. Бул иш-чаранын идеясын «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун жамааты көтөрүп, Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде, Бишкекте өткөрүп келишти. Айтмакчы, Нарын шаарында өткөн «китеп тойго» 500 киши келсе, 300 адамга билет сатылып, андан түшкөн каражатка облустагы 144 мектептин тизмесин жазып, капыстан тандап алуу аркылуу тандалган эки мектептин ар бирине 10000 сом өлчөмүндөгү акчага китептер  жөнөтүлгөн.

Атбашылык окуучулар алдыга чыгышты

Ат-Башы районунан катышкан  он окуучудан үч окуучу байгелүү орунга ээ болушту. 2-орунга  Ой-Терскен мектебинен Замирбек к. Хадича, 4-орунга  Апыш Табылдиев атындагы мектептен Айтмамбет кызы Зарина, жана 10 байгелүүгө А.Чортеков мектебинен Канатбекова Айтолкун кирди. Бул окуучуларга жогорку окуу жайга өткөндө төрт жылдык окуу контрагын жана алгачкы  беш балага 4000 сомдон стипендия убадаланды.

Ой-Терскен орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүланда Асанованын айтымында, “Китеп кербени” долбоорунун 1-турунда мектептин үч окуучусу 2-турга өтүшкөн.

— Токтобаева Гүлсүнай, Замирбек кызы Хадича жана Алмазбек кызы Диана. 2-туру быйыл мартта өтүп, ага биздин эки окуучу облустук турга өткөн. Алмазбек кызы Диана мектепти бүтүп кеткендигине байланыштуу катышпай калды. Ал эми сынактын 3-туру 27-майда өткөн «Китеп тойдо» Токтобаева Гүлсүнай жогорку балл алгандардын катарын толуктап диплом менен сыйланса, Замирбек кызы Хадича 70 окуучунун арасынан 2-орунду камсыздады. Демөөрчүлөр анын жогорку окуу жайга өткөндө контрагын төлөп бермей болушту. Окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз жана бул сыяктуу иш-чаралар ар дайым болуп турса, окуучулардын китепке болгон сүйүүсү артат деп ишенем, — дейт окуу бөлүмүнүн башчысы.

Экинчи орунду багындырган Замирбек кызы Хадичанын айтымында, ал  биринчи турда Мамбетасан Ибраевдин «Эмне үчүн китеп окушубуз керек?» деген китепти окуп, суроолоруна жооп берип,  3-орунду алып, экинчи турган өткөн.

— Экинчи турунда «Биз эмнеге муктажбыз?» деген китепти окуу менен 1-орунду ээлегем, анда 50 суроо менен тест болгон. Ошентип, 3-турга келип «Болор бала» аттуу Хакан Метандын кыргызчага которулган китеби менен даярданып 2-орунду алдым. 70 суроо болуп, 67 суроосуна туура жооп бериптирмин. 3-турга абдан жакшы деңгээлде даярдангам. Аябай толкундандым, бирок өзүмө ишендим. Бул турда жеңүүчү болуп, мен Samsung Tab A үлгүсүндөгү планшет, кубок, диплом жана дагы белектерге ээ болдум. Ушуну менен бирге демөөрчүлөр жогорку окуу жайга өткөндө төрт жылдык контрагымды төлөп бермей болушту. Аны менен кошо айына 4000 сом стипендия каралды. Бул долбоордо мен көп нерсени өзүмө ала алдым, жана китеп окууну адатка айланттым, — дейт сүйүнүчү койнуна батпаган бүтүрүүчү. Ал эми атайын дипломго ээ болгон Гүлсүнай Токтобаева сынактын жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи.

— Мен конкурска былтыркы жылдын бери катышып келе жатам. 27-майда өткөн жыйынтыктоочу сынакта мен диплом жана белектер менен сыйландым. Мектебибиздин, айылыбыздын, районубуздун ишеничин актап, ийгиликтүү келгенибизге абдан кубанычтабыз, — дейт окуучу.

Ал эми маалыматка таянсак,  «Бир адамдан бир китеп» долбоору 2019-жылдан бери республикабыздын баардык айыл-аймактарында ишке ашырылып келет. Аталган долбоордун алкагында жалпы 160 миңдей китеп чогултулуп, 200 китепканага бөлүштүрүлгөн. Анын ичинен айрым китепканар долбоордун арты менен жаңы ачылган.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер