КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН МУГАЛИМДЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА БИЛИМ АЛУУСУ: ПРАКТИКАЛЫК КЕҢЕШТЕР
- 15.10.2025
- 0
“Мугалим окууну токтоткон күнү — окутууну да токтотот”
Карл Роджерс
“Өз алдынча үйрөнүү — бул адамдын чыныгы эркиндигинин жана өз алдынчалыгынын белгиси” Альберт Эйннштейн
Ааламдашуу доорунда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен билим берүү тармагы кескин өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Инновациялык технологиялардын өнүгүшү, маалыматтык агымдын тездеши жана билим берүүнүн глобалдашуусу мугалимдерден үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүнү талап кылат. Ошондуктан изденүү менен ар бир педагог өзү дагы жаңыланууга даяр болуп, өз алдынча билим алууга да биринчи кезекте кызыктар болуусу керек. Өз алдынча билим алуу — бул педагогдун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, окутуунун сапатын жакшыртууга жана билим берүүдө инновацияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берген негизги факторлордун бири. Макалада мугалимдердин өз алдынча билим алуусунун мааниси, анын негизги принциптери жана натыйжалуулугун камсыз кылуу жолдору каралат.

Өз алдынча билим алуунун мааниси жана актуалдуулугу
Билим берүү процесси динамикалуу өзгөрүп турган шартта мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу билим берүү усулдук борборлорго жана институттарга гана таянуусу жетишсиз. Качан курска чакыруу келгенде курстан өтөм деген көз караштан арылуу керек. Өз алдынча билим алуу – бул мугалимдин кесиптик жана интеллектуалдык өсүшүнүн үзгүлтүксүз процесси болуп саналат. Билим сапатын жогорулатууда да педагогдун кесипкөй болуусу, өз предметин терең билүүсү өтө маанилүү. Окуучуларга кызыктырып сабак өтүү үчүн да изденүү заман талабы.
Ал төмөнкү негизги максаттарды көздөйт:
- Кесиптик компетенттүүлүктү жогорулатууда – жаңы педагогикалык ыкмаларды, методикаларды жана учурдагы билим берүүдөгү тренддерди өздөштүрүү, практикада колдонуу менен натыйжага жетүү;
- Санарип технологияларды өз алдынча колдоно алуу жана заманбап билим берүү платформалары менен иштөөнү үйрөнүү (бул сүйлөмдү бекер айткан жокмун, предметтер боюнча облустук семинарларга барганда сабак өтүп жаткан мугалим эмес санариптик технологияларды колдонууда, башка кесиптеши жардамга келип, ал да жардамдашып ошол иш алып барып калган учурлар да болот, ал жаман эмес, бирок ошону өзү көрсөтүп берсе, окуучулардын оюу эки жакка алагды болбойт эле);
- Инновациялык сабак өтүү методдорун ар бир мугалим өздөштүрүү – окуучулардын критикалык ойломун, чыгармачылыгын жана аналитикалык жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган жаңыча ыкмаларды ишке ашыруу;
- Карьералык өнүгүү – билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүү менен өз ишмердүүлүгүндө пайдалануу. Мугалимдин социалдык статусун жогорулатуу.

Өз алдынча билим алуунун негизги принциптери
Өз алдынча билим алуу натыйжалуу болушу үчүн төмөнкү принциптерди сактоо зарыл:
- Үзгүлтүксүздүк жана системалуулук
Билим алуу процессинде үзгүлтүккө учурабоо үчүн мугалим өзүнө узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү максат, пландарды коюшу керек. Ал үчүн:
Өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча окуу планын түзүү;
Убакытты туура пайдалануу менен белгиленген убакытта жаңы билимдерди өздөштүрүү;
Окуган усулдарды, маалыматтарды практикада колдонуу маанилүү.
- Маалыматты туура тандоо жана анализдөө
Заманбап технологиялар маалыматтын чоң көлөмүн сунуштагандыктан, мугалим ишенимдүү булактарды тандап, аларды сынчыл көз караш менен өз алдынча да изилдеп, анализдеп практикалоо зарыл. Буга илимий журналдар, билим берүү боюнча эксперттик платформалар жана интернет булактары кирет.

Мугалим өзүнүн предметтик мазмуну боюнча терең билимге ээ болуп, актуалдуу маалыматтарды конспектилеп, системалуу түрдө жаңылап турушу керек. Андан тышкары предмети боюнча энциклопедия, монография, гезит-журналдар, интернет булактары менен билимин жогорулатуу;

Предметин терең өздөштүрүү менен катар эле эң негизги адамдык мамилени да билими менен эриш-аркак алып кетүү. Мугалимдин адамгерчиликтүүлүгү жана мээримдүүлүгү окуучуга болгон камкордугу ар бир баланын жүрөгүнөн түнөк табуу менен окуучуларды билимге кызыктыруу.
- Практикалык багыттуулук
Өз алдынча билим алуу теориялык гана болбостон, практика менен айкалышуусу керек. Себеби аны практикада колдонуп көрбөсө, алган билими супсак болуп калат. Практикалоо менен сабакты кызыктуу өтүүгө өбөлгө түзүлөт. Окуган жаңы усулдарды реалдуу сабактарда колдонуу жана натыйжалуулугун байкоо. Окуган, үйрөнгөн усулдарын өзү сабак өткөн класстардын жаш өзгөчөлүгүнө карап, ыңгайлаштырып, иштеп чыгуу да мугалимдин чыгармачылыгына байланыштуу. Салттуу сабактар окуучулар үчүн учурда кызыксыз экенин практика көрсөтүүдө. Тактоо иретинде айта кетсем, биз иш сапарлар менен райондорго, айылдарга барганда сабак өткөн мугалимдер жана окуучулар менен да атайы маектешип, пикир алышканда Агартуу министрлиги уюштурган окуу курстарынан окуп, жаңы усул ыкмалар менен өткөн сабактары окуучуларга да жакканын айтып беришти. Демек, окуган курстарда, усулдар менен сабак өтүп, практика жүзүндө ишке ашырсак, окуучуларга да кызыктуу болорун билдик. Жаңы ыкмалар менен сабак өтүп, билим сапатын жогорулата алабыз.
- Өзүн-өзү баалоо жана рефлексия
Өзүн-өзү баалоодо адам өзүнүн билим деңгээлин, компетенциясын, иш-аракеттерин жана жетишкендиктерин көз карандысыз өз алдынча баалоо процесси. Бул инсандык жана кесиптик өнүгүүнүн маанилүү аспектиси болуп, өзүнүн күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого жардам берет. Рефлексия – адам өзүнүн ойлорун, эмоцияларын, аракеттерин жана алардын натыйжаларын талдап, түшүнүү процесси. Бул негизи өзүңдүн тажрыйбаларыңдан сабак алууга, өнүгүү жолдорун аныктоого, анализдөөгө, келечектеги ишмердүүлүктү жакшыртууга шарт түзөт. Өз алдынча билим алуу процесси өзүн-өзү баалоо менен коштолушу керек.

Ал үчүн:
Окуган материалдардын пайдалуулугун баалоо;
Өзүнүн кесиптик өсүшүндөгү жетишкендиктерди жана кемчиликтерди анализдөө;
Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо аркылуу окутуу процессинин эффективдүүлүгүн талдоо керек.

Мугалим өзүн-өзү баалоо үчүн атайын таблицада көрсөтүп берейин. Өзүнүн күчтүү жана алсыз жактары менен иштөө керектигин сунуштайм. Төмөндө ар бир тилкенин мисал катары толтурулган жоопторун көрсөтөм:
| Баалоо критерийи | Суроолор | Баамдоо (ооба, жок, кээде гана) | Өнүгүү пландары |
| Предметтик билим | Өзүмдүн сабагым боюнча терең жана актуалдуу билимге ээминби? | Ооба | Илимий макалаларды окуу. |
| Өздүк китепкана | Өздүк китепканам барбы? Предметим боюнча энциклопедия, сөздүк, илимий китептер, педагогика, психология боюнча китептер барбы? | Китепканам бар, бирок, предметтик билимге арналган китептерим жок | Энциклопедия алышым керек. Психология жаатында китептерге маани берген эмесмин. Алууга аракет кылам. |
| Окутуу усулдары | Окуучулардын муктаждыктарына жараша окутуу усулдарын колдоно аламбы? | Жарым-жартылай | Интерактивдүү усулдарды көбүрөөк колдонуу. |
| Баалоо жана рефлексия | Сабактарымдын натыйжалуулугун талдап, жакшыртуу жолдорун издей аламбы? | Ооба | Сабактан кийин анализ жүргүзүү, окуучулардын пикирлерин угушум керек экен. |
| Окуучулар менен байланыш | Окуучулар менен ачык жана колдоочу мамиле түзө аламбы? | Ооба | Индивидуалдык маектешүүнү көбөйтүшүм керек экен. |
| Жеке жана кесиптик өнүгүү | Жаңы билимдерди өздөштүрүп, квалификациямды жогорулатып турамбы? | Кээде гана | Семинар, вебинарларга катышып, турушум керек. |
| Технологияларды колдонуу | Сабактарымда заманбап окутуу технологияларын өз алдынча колдоно аламбы? | Жок | Санариптик технологияларды колдонууну тереңирээк өздөштүрүү. |
| Коомдук жана кесиптик ишмердүүлүк | Коомчулук, ата-энелер менен активдүү иштеше аламбы? | Ооба | Активдүү иштешүү. Мамиле кура билүүгө көңүл бурушум керек. |
| Онлайн, офлайн курстарга, семинар-тренингдерге катышуу | Курстарга өз алдынча катышып, окууга кызыгамбы? | Кээде | Көп эле онлайн курстардын жарнамаларын көрөм. Бирок, маани бербейт элем эми семинар-тренингдерге катышууну биринчи орунга коём. |
Жогоруда таблицада мисал катары гана бердим. Эгерде ар бир педагог өз үстүнөн иштөөдө ушул сыяктуу өзүн-өзү баалоо критерийлерин түзүп алып, ишмердүүлүгүндө пайдаланса, өзүн-өзү өнүктүрүүгө көңүл бурса, андан мыкты мугалим, окуучу сүйүп, күткөн мугалим болоору талашсыз.
Өз алдынча билим алуу үчүн практикалык кеңештер
- Билим берүү платформаларын активдүү колдонуу
Санарип технологиялар мугалимдерге дүйнөлүк билим базаларынан билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Төмөнкү платформалар кесиптик өнүгүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн:
Coursera, EdX, Udemy – дүйнөлүк алдыңкы университеттердин акысыз жана онлайн акылуу курстарын сунуштайт;
Khan Academy, FutureLearn – билим берүүнүн заманбап методикалары боюнча онлайн курстар;
Google for Education, Microsoft Education – санарип билим берүү технологияларын колдонуу боюнча окуу материалдары өздөштүрүү
Санарип кампа плотформасы.
- Китеп жана илимий макалаларды окуу
Мугалимдер жаңы методологиялык багыттарды, педагогикалык изилдөөлөрдү, когнитивдик психология боюнча илимий эмгектерди окуп, сабак өтүү усулдарын өркүндөтө алышат. Педагогика боюнча белгилүү изилдөөчүлөрдүн эмгектерин окуу, жаңыча ой жүгүртүү жана методикалык жаңылыктарды колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Кесиптик коомчулуктарга жана конференцияларга катышуу
Мугалимдер кесиптик иш-чараларда, билим берүү тармагына байланыштуу форумдарында жана симпозиумдарда активдүү болуу. Макала жазуу. Ар кандай илимий-практикалык конференцияларга катышуу. Баяндама жазуу жана аны презентациялоо;
Социалдык тармактардагы (Facebook, LinkedIn) билим берүү боюнча топторго кошулуу, тажрыйба алмашуу, видеосабактарды көрүү, анализдөө, конспектилөө;
Кесиптештер менен тажрыйба алмашуу жана жаңы окутуу усулдары боюнча барган семинарларын талкуулоо пикир алмашуу. Презентациялап берүү.
Өз алдынча изилдөө жүргүзүү жана сабак өтүүдөгү эксперименттер
Мугалим жаңы педагогикалык ыкмаларды өз алдынча изилдеп, сабак өтүү процессинде колдонуу аркылуу билим берүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулата алат. Практикада колдонуп көрүү. Бул инновациялык усулдар менен эксперимент жүргүзүү жана алардын натыйжалуулугун баалоо аркылуу ишке ашыра алат. Артыкчылык жана кемчиликтерин баамдап, кийинкиде эске алуу менен кесипкөйлүгүн арттырат.
Онлайн жана офлайн семинарларга катышуу
Учурда көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык билим берүү мекемелери семинарлар, тренингдер жана вебинарларды өткөрүшүүдө. Аларга катышуу — мугалимдердин билим берүү чөйрөсүндөгү акыркы өзгөрүүлөр менен таанышууга жардам берет. Онлайн курстарга катышуу менен педагогикалык чеберчилигин жогорулата алышат. Атайын облуска же борборго окуу курсуна жетекчилик качан жиберет деп күтүп отурбастан, заман талабына ыңгайлашуу менен ар кандай курстардан аралыктан болсо да окуп, кесипкөй мугалим болууга умтулуу зарыл. Учурда качанкы алган билимибиз менен сабак өтүү окуучуларды кызыктырбайт. Кызыкпаган окуучуга билим да жукпайт. Билим сапатын да жогорулата албайбыз. Ошон үчүн мугалимдер күн сайын изденип, билим алууга өзү кызыктар болушу шарт.
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда жана өз алдынча билим алуусунда көңүлгө алуучу маселелер таблица түрүндө берилет:
| № | Кесипти өнүктүрүү ыкмасы
| Мазмуну | Пайдасы |
| 1 | Өз алдынча билим алуу | Китептер, макалалар, илимий эмгектерди окуу, видеосабактарды көрүү. | Теориялык билимди тереңдетүү. |
| 2 | Онлайн курстар жана вебинарлар | Coursera, EdX, Khan Academy, FutureLearn Google for Education, Microsoft Education – Санарип кампа ж.б. платформасы. | Замандын талабына ылайык жаңы технологияларды үйрөнүү. |
| 3 | Кесиптик коомчулуктарга катышуу | Конференциялар, педагогикалык форумдар, симпозиумдар. | Жаңы идеялар жана усул алмашуу, тажрыйба алмашуу, илим чөйрөсү менен таанышуу, баарлашуу. |
| 4 | Санариптик технологияларды колдонуу | Интерактивдүү окутуу технологиялары, онлайн платформалар. | Окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, окуучуларды кызыктыруу менен сабак өтүү. |
| 5 | Илимий-методикалык изилдөөлөр | Сабак өтүүдө жаңы ыкмаларды сыноо, педагогикалык эксперименттер. | Инновацияларды ишке ашыруу. |
| 6 | Кесиптештер менен тажрыйба алмашуу | Сабактарды биргелешип, анализдөө. Мастер- класстарды талкуулоо. | Педагогикалык компотенцияны жакшыртуу. Билим куржунун толтуруу. Өзүн-өзү өнүктүрүү. |
Төмөндө мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүндө өз алдынча билим алуунун кайсы аспектилерге таасир этерин көрсөттүм. Өз алдынча билим алуунун мугалимдердин чеберчилигине тийгизген таасири (%) проценттери менен берилди.
Маселен, педагогикалык чеберчилик (30%) — бул эң чоң үлүшкө ээ, андан кийин окутуунун инновациялык ыкмаларын өздөштүрүү (25%), санариптик компетенция (20%), өзүн-өзү баалоо жана рефлексия буга маани берүү зарыл. Өзүн-өзү баалоо менен артыкчылык жана кемчилигин өзү билип, ошонун үстүнөн иштегенде гана өсүш болот (15%). Илимий -изилдөө жүргүзүү (10%). Бул маалыматтар мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүндө кайсы багытка көбүрөөк көңүл бурушу керектигин түшүнүүгө жардам берет. Жогоруда 1-таблицада көрсөткөндөй өзүн-өзү баалоо менен бир топ кесиптик чеберчилигиндеги артыкчылык жана кемчиликтерин анализдеп ошонун негизинде өз билимин өркүндөтүү менен педагогикалык чеберчилигин да өз алдынча жогорулата алат. Албетте, атайын курстардан өтүү зарыл. Бирок, андай мүмкүнчүлүк ар бир мугалимде боло бербейт. Өз алдынча изденип, билимин тереңдетүүгө окууга маани берүү зарыл.

Ошондуктан, өз алдынча билим алуу – XXI кылымдын мугалиминин башкы ресурсу жана профессионалдык ийгиликтин ачкычы болуп саналат. Бул жараяндын стратегиялык жана натыйжалуу ишке ашырылышы билим берүү тармагын сапаттык жаңы деңгээлге чыгара алат. Өз алдынча билим алуу — бул мугалимдин кесиптик өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү. Ал ар бир педагогдун чыгармачылыгын, инновациялык жөндөмүн жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Өз алдынча окуу системалуулук, аналитикалык ой жүгүртүү, практикалык колдонуу жана үзгүлтүксүз өнүгүүнү талап кылат. Заманбап билим берүү чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүү, квалификациялуу жана жаңычыл мугалим болуу үчүн өз алдынча окуу маданиятын өнүктүрүү — ийгиликтүү кесиптик карьеранын өсүшү.
«Карл Роджерс жана Леонардо да Винчи айткандай: “Билим алуу — бул жашоонун үзгүлтүксүз, чексиз процессин түзгөн жана адамды руханий, интеллектуалдык жактан өркүндөтүүгө багытталган иш” дегендей, мугалимдер өздөрүнүн чеберчилигин жогорулатуу үчүн ар дайым жаңы билимдерди өздөштүрүп, бул ишти үзгүлтүксүз улантышы керек. Төмөндө цитаталар мугалимдерге өз ишмердүүлүгүн жана чыгармачылык чеберчилигин өркүндөтүү үчүн мотивация берет деген ишеничте төмөндөгү учкул сөздөр менен макаламды жыйынтыктаймын.
- «Мугалим өзү үйрөнбөсө, башкаларды эч качан үйрөтө албайт» – Жон Дьюи
- «Чыныгы мугалим түбөлүк окуучу бойдон кала берет» – Константин Ушинский
- «Окуу процессинде эң башкысы – фактылар эмес, аларды колдонуу чеберчилиги» – Альберт Эйнштейн
- «Мугалим – бул өткөндү үйрөткөн жана келечекти жараткан адам» – Генри Адамс
- «Билим берүү – дүйнөнү өзгөртө турган эң күчтүү курал» – Нельсон Мандела
- «Жакшы мугалим – үмүт жаратат, шыктандырат жана балдардын фантазиясын ойготот» – Брэд Генри
- «Чыныгы билим – бул алга умтулуу жана өзүңдү өркүндөтүү» – Сократ
Салтанат БЕЙШЕНОВА,
Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору
Адабияттар:
- Калдыбаева А.Т., Койлубаева Н.К., Бектуров Т.М., Жолдошова Б.А., Челпакова С.М., Иманкулова С.Э. “Педагогикалык чеберчиликтин негиздери” Бишкек 1019 (1. 3-бет циата)
- Арзыматова Г. (2020). Педагогикалык чеберчилик жана инновациялык окутуу методдору. Бишкек: Билим басма үйү.
Цитаталар төмөнкү китептерден:
- Дьюи Дж. (2018). «Образование и опыт». Москва: Педагогика.
- Ушинский К. (2019). «Человек как предмет воспитания». Санкт-Петербург: Просвещение.
- Эйнштейн А. (2017). «Мир, каким я его вижу». Москва: Наука.
- Адамс Г. (2020). «Образование и развитие общества». Лондон: Oxford Press.
- Мандела Н. (2015). «Долгий путь к свободе». Кейптаун: Macmillan.
Комментарийлер