КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮГҮНКҮ АБАЛЫ: 2026-ЖЫЛЫ ЭМНЕ ӨЗГӨРҮҮДӨ?

  • 07.09.2026

Эмгек рыногунда практикалык көндүмгө ээ адистерге болгон талап жыл сайын өсүүдө. Бул кесиптик лицейлердин алдына жаңы милдеттерди коюп, окуу программаларын жаңылоону, заманбап жабдуулар менен камсыздоону жана иш берүүчүлөр менен байланышты күчөтүүнү талап кылууда. 2026-жылы кесиптик билим берүүдө дуалдык окутуу, өндүрүштүк практика, санариптик технологияларды колдонуу жана эмгек рыногуна ылайык адистерди даярдоо маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда.

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жаткан шартта кесиптик лицейлердин ролу да өзгөрүшү мүмкүн. Бул багыттагы өзгөрүүлөр тууралуу Ош мамлекттик университетинин №12 кесиптик лицейинин директору Калматов Бакалбай Айтиевич менен маектештик.КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮГҮНКҮ АБАЛЫ: 2026-ЖЫЛЫ ЭМНЕ ӨЗГӨРҮҮДӨ?

— Бакалбай Айтиевич, бүгүнкү күндө кесиптик лицейлердин абалын кандай баалайсыз? №12 лицейде кандай негизги өзгөрүүлөр болуп жатат?

— Бүгүнкү күндө кесиптик лицейлердин коомдогу ролу абдан маанилүү деп эсептейм. Анткени эмгек рыногунда практикалык көндүмгө ээ, өз кесибин мыкты билген адистерге суроо-талап жылдан-жылга өсүүдө.

№12 кесиптик лицейде да акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Биз билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, заманбап жабдуулар менен камсыздоого жана иш берүүчүлөр менен байланышты күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Ошондой эле окуучулардын теориялык билимин практика менен айкалыштыруу боюнча иштерди кеңейтүүдөбүз.КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮГҮНКҮ АБАЛЫ: 2026-ЖЫЛЫ ЭМНЕ ӨЗГӨРҮҮДӨ?— 2026-жылы лицейде кандай жаңы багыттар же өзгөрүүлөр киргизилди?

— 2026-жылы негизги максатыбыз — лицейди заманбап кесиптик билим берүү мекемесине айландыруу багытындагы иштерди күчөтүү.

Бүгүнкү күндө окуу процессинде дуалдык окутууга, өндүрүштүк практикага, иш берүүчүлөр менен өнөктөштүккө жана санариптик технологияларды колдонууга басым жасалууда.

Мындан тышкары, ашпозчу-кондитер, тигүүчүлүк, электр-газ менен ширетүү, сантехникалык жана вентиляциялык системаларды монтаждоочу сыяктуу адистиктер боюнча практикалык даярдыкты жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө Түштүк компетенттүүлүк борборунун мүмкүнчүлүктөрүн билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу процессинде натыйжалуу пайдаланууга көңүл буруудабыз.

— Азыркы учурда жаштар арасында кайсы кесиптерге суроо-талап жогору?

— Бүгүнкү күндө жаштар арасында тез арада жумушка орношууга жана жеке ишкерлик менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берген кесиптер популярдуу. Мисалы, ашпозчу-кондитер, тигүүчү, электр-газ менен ширетүүчү кесиптерине суроо-талап жогору.

Айрыкча ашпозчулук кесиптин артыкчылыгы — бүтүрүүчү жумушка орношуп гана тим болбостон, келечекте өзүнүн чакан бизнесин ачууга да мүмкүнчүлүк алат.

— Эмгек рыногунун талабына ылайык окуу программалары өзгөртүлүп жатабы? Эгер өзгөрсө, кандай багыттарга басым жасалууда?

— Ооба, азыркы шартта кесиптик билим берүү эмгек рыногунан өзүнчө өнүгө албайт. Окуу программалары иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алуу менен жаңыланып турушу керек.

Биз биринчи кезекте практикалык көндүмдөргө, заманбап өндүрүштүк технологияларга, эмгек коопсуздугуна, санариптик сабаттуулукка жана ишкердикке басым жасоодобуз. Башкы принцип — бүтүрүүчү диплом алып эле тим болбостон, эртеси күнү өндүрүшкө барып, өз кесиби боюнча иштей алышы керек.

— Окуучулардын теориялык билими менен практикалык даярдыгын айкалыштыруу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

— Бул биздин негизги артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Практикалык сабактардын сапатын жогорулатуу, өндүрүштүк практиканы реалдуу иш шарттарына жакындатуу жана окуучуларды ишканаларга практикадан өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле теория менен практикалык айкалыштырган окутууну кеңейтүү маанилүү. Окуучу бир жагынан лицейден теориялык билим алса, экинчи жагынан ишканада реалдуу өндүрүш процессине катышып, кесиптик тажрыйба топтойт.

— Иш берүүчүлөр менен кызматташуу кандай деңгээлде? Алар окуучуларды даярдоо процессине катышабы?

— Иш берүүчүлөр менен кызматташуу — кесиптик лицейдин ийгилигинин негизги шарттарынын бири. Биздин максат — иш берүүчүнү окуучу практикага барганда гана эмес, окуу программасын түзүүдөн баштап бүтүрүүчүгө коюлган талаптарды аныктоого чейин процесске тартуу.

Келечекте иш берүүчүлөрдүн мастер-класстарды өткөрүшүнө, өндүрүштүк практикага жетекчилик кылышына, квалификациялык сынактарга катышуусуна жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка кабыл алуусуна шарт түзүү зарыл.

— 12 жылдык билим берүү системасына өтүү кесиптик лицейлердин ишине кандай таасир берет деп ойлойсуз?

— 12 жылдык билим берүү системасына өтүү кесиптик билим берүү үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп ойлойм. Бул жерде эң маанилүүсү — жалпы билим берүү менен кесиптик багыт берүүнүн ортосундагы байланышты күчөтүү.

Окуучу мектепте окуп жүргөн кезинен эле өзүнүн жөндөмүнө жана кызыгуусуна жараша кесип тандоого багыт алышы керек.

Кесиптик лицейлер жаштарга «жөн гана кесип үйрөтүүчү мекеме» эмес, келечектеги кесиптик жолун аныктоого жардам берген билим берүү борбору катары кызмат кылышы керек.

— Азыркы учурда кесиптик лицейлердин алдында турган эң чоң көйгөй кайсы?

— Менин оюмча, негизги көйгөйлөрдүн бири — заманбап материалдык-техникалык базаны туруктуу жаңыртып туруу. Технология тез өзгөрүп жатат. Бүгүнкү өндүрүштө колдонулган жабдуу менен бир нече жыл мурунку жабдуунун айырмасы чоң.

Демек, окуучуну заманбап өндүрүшкө даярдоо үчүн лицейдин устаканалары жана лабораториялары да ошол деңгээлде болушу керек. Ошондой эле квалификациялуу өндүрүштүк окутуу устаттарын даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатуу маанилүү.

— Жасалма интеллект жана санариптик технологиялар кесиптик билим берүүгө кандай таасир берип жатат? №12 лицейде бул багытта иштер барбы?

— Жасалма интеллект жана санариптик технологиялар бардык тармакка, анын ичинде кесиптик билим берүүгө да чоң өзгөрүү алып келүүдө.

Биз санариптик технологияларды окуу процессинде, административдик иштерде жана маалымат менен иштөөдө кеңири колдонууга умтулуудабыз. Окуучуларга санариптик сабаттуулукту гана эмес, жаңы технологияларды кесиптик ишинде туура жана натыйжалуу пайдаланууну үйрөтүү маанилүү.

Мисалы, ашпозчу үчүн санариптик рецепттер жана технологиялык карталар, тигүүчү үчүн заманбап долбоорлоо программалары, техникалык кесиптер үчүн электрондук окуу материалдары колдонулушу мүмкүн.

— Эгер сизге №12 лицейдин ишин жакшыртуу боюнча кошумча мүмкүнчүлүк берилсе, биринчи кезекте эмнени өзгөртмөксүз?

— Биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны толугу менен жаңылоого көңүл бурмакмын.

Ар бир кесип боюнча окуучу чыныгы өндүрүштө кездешүүчү заманбап жабдуулар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышы керек. 2025-жылы Ош шаарында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурда биздин ашкана да бузулууга туш болгон. Азыркы учурда заманбап ашканага жана жатаканага муктажбыз. Себеби окуучуларыбыздын көпчүлүгүн алыскы райондордон келген жаштар түзөт. Мүмкүнчүлүк болгондо биринчи кезекте ушул маселелерди чечүүгө бүт аракетимди жумшамакмын. Бул үчүн мамлекет тарабынан колдоо керек.

Экинчи багыт — иш берүүчүлөр менен өнөктөштүктү дагы күчөтүү. Үчүнчүдөн, өндүрүштүк окутуу устаттарынын жана педагогдордун квалификациясын жогорулатууга инвестиция салуу зарыл.

Менин түшүнүгүмдө, заманбап жабдуу + күчтүү педагог + иш берүүчү менен тыгыз байланыш = сапаттуу кесиптик билим.

— 5 жылдан кийин №12 кесиптик лицейди кандай деңгээлде көргүңүз келет?

— Беш жылдан кийин №12 кесиптик лицейди Ош шаарындагы жана Кыргызстандын түштүк аймагындагы заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү кесиптик билим берүү борборлорунун бири катары көргүм келет.

Биздин бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда талап кылынган, өз кесибин мыкты билген адистер болушун каалайм. Лицейдин иш берүүчүлөр менен туруктуу өнөктөштүк системасы, заманбап устаканалары жана лабораториялары, санариптик билим берүү мүмкүнчүлүктөрү болушу керек.

Эң негизгиси — №12 лицейди бүтүргөн ар бир жаш «мен туура кесип тандадым, бул кесип менен келечегимди кура алам» деп ишенимдүү айта алган деңгээлге жетишибиз керек. Бул — биздин негизги максатыбыз.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү