КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕН ОКУУЧУЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН КЕТИП КАЛУУДА?

  • 12.10.2026

Кесиптик лицейге тапшыруу — жаштардын эмгек жолундагы алгачкы олуттуу кадамы жана келечекте өз ордун табуусунун пайдубалы. Бирок окууга кабыл алынган студенттердин бардыгы эле билимин аягына чейин улантып, адистик дипломуна ээ боло алышпайт. Айрымдары үй-бүлөлүк же социалдык-материалдык шарттардан улам окуусун токтотууга аргасыз болсо, экинчилери тандаган кесибине кызыгуусун жоготуп, эрте эмгек рыногуна чыгууну артык көрүшөт. Мындай көрүнүш жаштардын жеке келечегине гана эмес, бүтүндөй кесиптик билим берүү системасынын натыйжалуулугуна да терс таасирин тийгизбей койбойт.

Окуучулардын кесиптик лицейлерден чыгып кетишине кандай жагдайлар себеп болууда? Алардын билим алуусун улантуусуна тоскоол болгон тоскоолдуктарды кантип чечсе болот? Жаштарды кесиптик билим алууга кызыктырып, тандаган адистигин толук өздөштүрүүсүнө кандай шарттар зарыл?

Бул сыяктуу орчундуу суроолорго жооп алуу максатында  №22 кесиптик лицейдин директору Турганбаев Байыш Мукашович  менен маектештик. Маекте окуудан чыгып кетүү себептери, мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу жолдору жана кесиптик билим берүүнүн бүгүнкү абалы тууралуу кеңири сөз болду.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕН ОКУУЧУЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН КЕТИП КАЛУУДА?

Акыркы жылдары кесиптик лицейлерде окуучулардын окуудан чыгып кетүү көйгөйү канчалык деңгээлде байкалууда? Сиз жетектеген окуу жайда абал кандай?

Кесиптик билим берүү тармагында окуучулардын окуусун таштап кетүү маселеси актуалдуу бойдон калууда. Биздин дагы Таштанбек Ибраев атындагы №22 кесиптик лицейинде да айрым учурларда окуучулардын окуудан чыгып кетүүсү кездешет. Бирок ар бир окуучунун кетүү себебин өзүнчө карап, мүмкүн болушунча окуусун улантууга шарт түзүүгө аракет кылабыз.
Биздин лицейде азыркы учурда 258 окуучу билим алат. Алардын арасында социалдык жактан колдоого муктаж, үй-бүлөлүк кыйынчылыктарга туш болгон жана ар кандай себептерден улам сабакка үзгүлтүксүз катыша албай калган жаштар бар. Ошондуктан окуучунун сабакка келбей калышын дароо эле окууга кызыкпагандыгы катары баалабай, анын жагдайын аныктоо маанилүү.
Биздин негизги максатыбыз — окуучуну окуудан чыгаруу эмес, аны сактап калуу, кесипке үйрөтүү жана келечекте өз алдынча жашоого даярдоо.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕН ОКУУЧУЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН КЕТИП КАЛУУДА?
 

Акыркы үч жылда лицейиңизден канча окуучу окуудан чыгып кетти?

Акыркы үч жылды алсак 2024-жылы 17 окуучу биздин окуу жайдан чыгып кеткен , анын ичинен 3 окуучу үй бүлөлүк шартка байланыштуу республикабыздын башка кесиптик лицейлерине которулушкан, 2025-жылы 10 окуучу чыккан анын ичинен 1 окуучу башка лицейге которулган. 2026-жылы 6 окуучу окуудан чыкты.
Окуудан чыгуунун негизги себептери болуп башка окуу жайга которулуу, үй-бүлөлүк жагдай, ден соолукка байланыштуу , чет өлкөгө чыгып кетиши жана окууга кызыгуусунун төмөндөшү болуп эсептелет.

 Окуучулардын окуусун таштап кетишинин негизги себептери эмнеде? Сиздин тажрыйбаңызда кайсы себептер басымдуулук кылат?

Менин оюмча, окуучулардын окуусун таштап кетишине бир эле себеп эмес, бир нече жагдай таасир этет.
Биринчиден, социалдык-экономикалык көйгөйлөр. Айрым үй-бүлөлөрдүн материалдык абалы оор болгондуктан, жаштар окуунун ордуна иштеп, үй-бүлөсүнө жардам берүүгө аргасыз болушат.
Экинчиден, кесипти туура эмес тандоо. Кээ бир окуучулар лицейге ата-энесинин сунушу менен же башка себептерден улам келип, кийин тандаган кесибине кызыгуусу жок экенин түшүнүшөт.
Үчүнчүдөн, үй-бүлөлүк жагдайлар, ден соолук көйгөйлөрү, сабакка болгон кызыгуунун төмөндөшү жана окуучунун өз алдынча жашоого даяр эместиги да таасирин тийгизет.
Биздин тажрыйбада окуучунун сабакка катышуусундагы көйгөйлөрдү эрте аныктоо абдан маанилүү. Эгерде класс жетекчи, өндүрүштүк окутуу устаты, социалдык педагог, психолог жана ата-эне биргелешип иш алып барса, көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын алууга болот.

 Материалдык кыйынчылыктар, үй-бүлөлүк шарт, жумушка эрте орношуу же кесипти туура эмес тандоо окуучулардын чечимине канчалык таасир этет?
Бул факторлордун таасири чоң. Айрыкча, материалдык жактан кыйналган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн окууну улантуу дайыма эле оңой эмес. Кээ бир жаштар күнүмдүк киреше табууну билим алуудан маанилүүрөөк деп эсептеп, эрте жумушка орношуп кетишет.

Ошол эле учурда окуучунун иштешине гана тыюу салуу менен маселени чечүү мүмкүн эмес. Ага билим алуу менен кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн келечектеги пайдасын түшүндүрүү керек.Кесипти туура эмес тандоо дагы маанилүү себептердин бири. Ошондуктан кесиптик багыт берүү иштерин мектептин жогорку класстарынан баштоо зарыл. Окуучу кесиптин мазмунун, эмгек шарттарын жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала билүүгө тийиш.
Лицейдин милдети — ар бир окуучунун жагдайын эске алуу менен ага туура багыт берүү жана окуусун улантууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Окуучулардын кесиптик лицейге болгон кызыгуусу кандай? Алар тандаган кесибине ишеними менен келеби же окуу учурунда багытын өзгөрткүсү келгендер да барбы?

Окуучулардын кызыгуусу ар кандай. Кээ бирлери өзүнүн келечектеги кесибин так билип, максаттуу келишет. Башкалары болсо кесипти толук түшүнбөстөн тандап, окуу процессинде гана анын өзгөчөлүктөрүн таанып-билишет.
Биздин лицейде ашпозчу-кондитер, электр жана газ менен ширетүүчү, электр станцияларын жана тармактарын тейлөөчү сыяктуу практикалык көндүмдөрдү талап кылган кесиптер окутулат. Бул кесиптерди өздөштүрүүдө окуучунун кызыгуусу, жөндөмү жана эмгекке болгон мамилеси чоң мааниге ээ.
Ошондуктан биз теориялык билим менен катар практикалык сабактарга, өндүрүштүк окутууга жана кесиптик сынактарга өзгөчө көңүл бурабыз. Окуучу өз колу менен сапаттуу буюм жасап же тамак даярдап, эмгегинин натыйжасын көргөндө кесибине болгон ишеними да жогорулайт.
Кесип тандоодо күмөн санаган окуучулар менен өзүнчө сүйлөшүп, алардын кызыгуусун жана жөндөмүн аныктоо зарыл.

 

Окуудан чыгып кетүү коркунучу бар окуучуларды сактап калуу үчүн кандай иштер жүргүзүлөт? Натыйжа берген конкреттүү мисал келтире аласызбы?
Окуучулардын окуудан чыгып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн биринчи кезекте алардын сабакка катышуусуна туруктуу көзөмөл жүргүзүү зарыл. Окуучу сабакка бир нече күн келбей калса, анын себебин өз убагында аныктоо керек.
Бул багытта класс жетекчилер, өндүрүштүк окутуу устаттары, социалдык педагог, психолог жана ата-энелер менен биргеликте иш алып баруу маанилүү. Зарыл болгон учурда окуучунун үй-бүлөсү менен байланышып, анын социалдык абалы жана окуусуна тоскоолдук жаратып жаткан жагдайлар аныкталат.
Биз окуучунун сабакка келбей калышын дароо тартип бузуу катары гана карабастан, анын артында кандай көйгөй турганын түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек. Кээде жөнөкөй сүйлөшүү, түшүндүрүү жана колдоо көрсөтүү окуучунун окуусун улантуусуна жардам берет.
Конкреттүү мисал жөнүндө айтканда, мындай учурлар бизде жылда эле кездешет. Окуучу күнүмдүк үй-бүлөлүк же материалдык кыйынчылыктан улам окуусун токтотууну ойлоп, окууну таштап иштеп кетем же чет өлкөгө чыгып акча табам деген учурлар болгон . Биз андай учурларда аны менен жеке сүйлөшүп, ата-энеси менен байланышып, жеткиликтүү колдоо жолдорун карап чыгып, материалдык дагы моралдык дагы колдоо көрсөтуп лицейди толугу менен аяктап кесип алуусуна жардам беребиз.
Биз үчүн эң негизгиси — көйгөйдү окуучу окуудан чыгып кеткенден кийин эмес, алгачкы белгилери байкалганда чечүүгө аракет кылуу.

 Сиздин оюңузча, бул көйгөйдү чечүүдө негизги жоопкерчилик кимге жүктөлөт? Мамлекет, окуу жайлар жана ата-энелер кандай чараларды көрүшү керек?

Менин оюмча, бул көйгөйдү чечүүдө жоопкерчилик бир гана окуу жайга же ата-энеге жүктөлбөшү керек. Бул — мамлекеттин, билим берүү мекемелеринин, үй-бүлөнүн жана коомдун биргелешкен милдети.
Мамлекет кесиптик билим берүүнү каржылоону жакшыртып, окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын жаңылоого, социалдык жактан колдоого муктаж окуучуларга жардам берүүгө жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна шарт түзүүгө тийиш.
Окуу жайлар билим берүүнүн сапатын жогорулатып, окуучуларга туура кесиптик багыт берип, сабакка катышуусун көзөмөлдөп, окуудан чыгып кетүү коркунучу бар жаштар менен жекече иш алып барышы керек.
Ата-энелер балдарынын окуусуна кайдыгер карабай, алардын сабакка катышуусуна, кесип тандоосуна жана келечектеги максаттарына көңүл бурушу зарыл.
Иш берүүчүлөр окуучуларды өндүрүштүк практикага кабыл алып, жаш адистерди жумушка орноштурууга жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүшү керек.
Эгерде ушул тараптардын ортосунда тыгыз байланыш түзүлсө, окуучулардын окуудан чыгып кетүүсүн азайтууга жана кесиптик билим берүүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө болот.

Кесиптик лицейлер жаштар үчүн жагымдуу жана келечектүү билим берүү жайына айланышы үчүн биринчи кезекте эмнени өзгөртүү зарыл?
Биринчи кезекте кесиптик билим берүүнүн коомдогу кадыр-баркын көтөрүү керек деп эсептейм. Азыркы учурда жаштарга жогорку билим гана эмес, конкреттүү кесипти мыкты өздөштүрүү, эмгек менен киреше табуу жана өз ишин ачуу мүмкүнчүлүгү да маанилүү экенин түшүндүрүү зарыл.
Экинчиден, окуу программаларын эмгек рыногунун талабына ылайык жаңылап, заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу керек. Окуучу бүтүргөндөн кийин жумуш берүүчү талап кылган билимге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушу зарыл.
Үчүнчүдөн, окуучулардын социалдык көйгөйлөрүнө көңүл буруу маанилүү. Материалдык кыйынчылыкка туш болгон жаштарды колдоо, кесип тандоодо туура багыт берүү жана психологиялык жардам көрсөтүү алардын билим алуусун улантуусуна өбөлгө түзөт.
Төртүнчүдөн, кесиптик лицейлердин жетишкендиктерин коомчулукка кеңири таанытуу зарыл. Биздин окуучулардын WorldSkills сыяктуу кесиптик сынактарда ийгиликтерге жетишүүсү жаштарга кесиптик билим алуу аркылуу чоң натыйжаларга жетүүгө болорун көрсөтөт.
Жыйынтыктап айтканда, кесиптик лицей жөн гана диплом берүүчү жай эмес. Ал жаш адамдын келечегине жол ачкан, кесипке үйрөткөн жана коомго керектүү адис даярдаган билим берүү мекемеси болушу керек. Окуучуну сактап калуу үчүн ага сапаттуу билим, колдоо жана келечекке болгон ишеним берүү зарыл.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү