КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ:ОКУУДАН ӨНДҮРҮШКӨ ЧЕЙИНКИ ЖОЛ
- 07.10.2026
- 0
Кесиптик билим берүүнүн бүгүнкү башкы талабы — окуучуга кесиптин теориясын үйрөтүү менен гана чектелбестен, аны реалдуу эмгек рыногуна даярдоо. Бул үчүн билим берүү мекемеси менен өндүрүштүн ортосунда бекем байланыш болушу зарыл. Бишкек шаарындагы №97 кесиптик лицейде дал ушул багытта өндүрүштүк жана кызмат көрсөтүү ишмердигин өнүктүрүүгө басым жасалууда.
Кесиптик лицейде билим алган жаштардын келечектеги жумушу алардын алган билиминин сапатына гана эмес, ошол билимди практикада колдоно билүүсүнө да байланыштуу. Андыктан заманбап кесиптик билим берүү системасында «окуду — диплом алды» деген түшүнүктөн «окуду — практикадан өттү — тажрыйба топтоду — ишке орношту» деген моделге өтүү зарыл.
№97 кесиптик лицейдин директору Альберт Сексенбаевич Колопов да лицейдин алдыдагы өнүгүүсүн ушул багыт менен байланыштырат. Анын пикиринде, окуучу кесипти окуу китебинен гана үйрөнбөстөн, аны иш жүзүндө өздөштүрүүгө тийиш.

«Биздин негизги максатыбыз — кесиптик лицейде билим алып жаткан окуучуларга теориялык билим менен катар практикалык көндүмдөрдү да берүү жана аларды эмгек рыногуна даяр, атаандаштыкка жөндөмдүү адис катары калыптандыруу», — дейт Альберт Колопов.
Бул максатка жетүү үчүн лицейде бир нече багытта өндүрүштүк жана кызмат көрсөтүү иштерин уюштуруу каралууда.
Кардар менен иштөөнү окуучу лицейден үйрөнөт
Кесиптик билим берүүдө практика дегенде көбүнчө окуучунун устаттын жанында иштеп, белгилүү бир операцияны аткаруусу түшүнүлөт. Бирок бүгүнкү эмгек рыногу мындан кеңири көндүмдөрдү талап кылат. Адис өзүнүн кесибин билүү менен бирге кардар менен иштешүүнү, кызмат көрсөтүүнү, убакытты туура бөлүштүрүүнү жана аткарган иши үчүн жоопкерчилик алууну да үйрөнүшү керек.
Ушул жагынан алганда №97 лицейдин тамак-аш даярдоо багытындагы окуучулары үчүн кейтеринг кызматын өнүктүрүү идеясы өзгөчө кызыгууну жаратат.Лицейде билим алган окуучулар конференцияларга, семинарларга, жолугушууларга, майрамдык жана башка иш-чараларга тамак-аш кызматын көрсөтүүгө тартылышы мүмкүн. Бул жерде окуучу сабакта алган билимин реалдуу шартта сынап көрөт.
Директордун айтымында, мындай ыкма жаштардын кесиптик тажрыйбасын гана эмес, алардын өз алдынча иш алып баруу жөндөмүн да өнүктүрөт.
«Окуучу теориялык билимди практика менен айкалыштырганда гана кесибин терең өздөштүрө алат. Реалдуу кардар менен иштеп көрүү — бул окуучу үчүн чоң тажрыйба», — деп белгилейт лицей жетекчиси.
Кейтеринг багытынын дагы бир артыкчылыгы — окуучу келечекте жалданып иштөө менен гана чектелбестен, өзүнүн чакан ишин баштоого да даярдык көрөт. Башкача айтканда, лицейдин дубалында алынган билим ишкердик көндүмдөр менен толукталат.
Автоунаа оңдоодон сантехникалык кызматка чейин
Өндүрүштүк жана кызмат көрсөтүү ишмердигин кеңейтүүнүн дагы бир багыты — техникалык жана тиричилик кызматтары.
Автоэлектрик, автослесарь, сантехник сыяктуу кесиптерде билим алып жаткан окуучулар үчүн практикалык иштин мааниси өзгөчө чоң. Анткени бул кесиптерди китептен окуп гана үйрөнүү мүмкүн эмес. Жаш адис шайманды кармап, техниканы көрүп, көйгөйдү аныктап, аны чечүүнүн жолун практикада өздөштүрүшү зарыл.Лицей жетекчилиги тиешелүү кызматтарды мыйзамдардын талаптарын сактоо менен калкка жана уюмдарга көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.Мындай модель бир эле учурда эки маселени чечүүгө шарт түзөт: окуучу тажрыйба топтойт, ал эми лицей өндүрүштүк ишмердигин кеңейтет.
«Биз окуучуну бүткөндөн кийин гана ишке аралаштырууну күтпөшүбүз керек. Ал кесибинин чыныгы шарттарын окуп жаткан мезгилинде эле көрүп, ага даярданышы зарыл», — дейт Альберт Колопов.
Мында дагы бир маанилүү жагдай бар. Окуучу иш жүзүндө канчалык көп тажрыйба топтосо, бүтүргөндөн кийинки жумуш ордуна көнүү процесси ошончолук жеңил болот. Ал эми иш берүүчү үчүн бул — кайрадан башынан үйрөтүлүшү керек болгон эмес, белгилүү бир практикалык көндүмү бар жаш адис.
Айыл чарбасы да — чоң мектеп
Кесиптик лицейлердин өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болгондо айыл чарба багытын өзүнчө кароого болот. Айрыкча аймактардагы лицейлер үчүн бул багыттын мүмкүнчүлүгү кең.
Жер иштетүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм алуу, продукцияны даярдоо жана сатуу, фермердик чарба, балык чарбасы сыяктуу багыттар окуучуга өндүрүштүн бүтүндөй процессин үйрөнүүгө шарт түзөт.
Бул жерде эң маанилүүсү — окуучу өндүрүштүн бир эле баскычында калбайт. Ал жерди даярдоодон баштап, продукцияны өндүрүү, даярдоо жана сатууга чейинки проссеске катышат.Мындай тажрыйба жаш адиске кесиптин экономикалык жагын да түшүнүүгө жардам берет.
«Окуучу өндүрүүнү гана эмес, өндүргөн продукциясын даярдоону жана аны сатуу жолдорун да билиши керек. Азыркы адиске мындай түшүнүк абдан зарыл», — деп белгилейт Колопов.
Бул жагынан алып караганда, лицейдеги өндүрүш окуу процессинин өзүн практикалык аянтчага айлантат. Окуучу алган билимин дароо сынайт, катасын көрөт, кайра оңдойт жана акырында өзүнө ишеним пайда болот.
Лицей үчүн да, окуучу үчун да мүмкүнчүлүк
Өндүрүштүк жана кызмат көрсөтүү ишмердигин өнүктүрүү окуучуга гана пайда алып келбейт. Лицейдин өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого да мүмкүнчүлүк түзөт.Өндүрүштөн жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражатты кайрадан окуу процессине, жабдууларды жаңылоого, практикалык базаны жакшыртууга багыттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Ошентип, лицейде «билим берүү — практика — өндүрүш» деген өз ара байланышкан система түзүлөт.

«Окуучу үчүн — бул теориялык билимди практика менен айкалыштырып, кесиби боюнча чыныгы иш тажрыйбасын алуу. Лицей үчүн — өндүрүшүн жана кызмат көрсөтүү багыттарын өнүктүрүп, материалдык базасын чыңдоо. Ал эми иш берүүчү жана жергиликтүү коомчулук үчүн — практикалык жактан даяр, квалификациялуу кадр», — деп түшүндүрдү ал.
Бул жерде кесиптик лицейдин коомдогу ролу да кеңейет. Ал жөн гана жаштарга кесип үйрөткөн билим берүү мекемеси эмес, ошол эле учурда эмгек рыногу менен байланышкан практикалык борборго айлана алат.
«Окуу — практика — өндүруш — ишке орношуу»
Бүгүн иш берүүчүлөр жаш адистен эмнени күтөт? Биринчи кезекте — диплом эмес, өз ишин билүүнү. Жаңы бүтүрүүчү жумушка келгенде кесиптик көндүмү канчалык жогору болсо, анын эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүгү да ошончолук кең болот.Ошондуктан кесиптик лицейлер үчүн өндүрүш менен байланыш түзүү — кошумча багыт эмес, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүү шарты.
№97 кесиптик лицейдин концепциясында да ушул ой өзөк болуп турат. Лицейдин алдыга койгон максаты — окуучуну окуу учурунда эле эмгек рыногунун талаптарына жакындатуу.
«Биздин негизги милдет жөн гана адис даярдоо эмес. “Окуу — практика — өндүрүш — кызмат көрсөтүү — ишке орношуу” деген бирдиктүү системаны түзүү болушу керек», — деди Альберт Колопов.
Мындай система ишке ашкан учурда окуучу кесибин практикада өздөштүрөт, лицей өзүнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, ал эми иш берүүчү даярдыгы бар жаш кадрды алат.
Кесиптик билим берүүнүн келечеги да ушундай практикага жакын моделдер менен тыгыз байланышта. Анткени бүгүнкү күндө өлкөгө дипломдуу гана эмес, өз кесибин колу менен жасап билген, жоопкерчиликтүү, эмгек рыногуна даяр адистер керек.
Ал эми мындай адисти даярдоонун эң туура жолу — окууну турмуш менен, теорияны практика менен, билимди өндүрүш менен байланыштыруудан башталат.
Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»