КЕСИПТИК БИЛИМ –ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ КҮЧ

  • 05.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 4 –ноябрда кесиптик башталгыч билим берүү Агенттигинин аппарат кызматкерлери жана Бишкек шаарынын директорлору менен жолугушуу өткөрдү.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Мукамбетович Кыдыралиев тармактын азыркы учурдагы абалы жана аткарылып жаткан иштери туралуу баяндама жасады. Агенттиктеги беш бөлүмдө 25 кызматкер эмгектенет, республикабызда кесиптик –техникалык билим берүү багытында 93 окуу жайлары иштеп жатат. 6 окуу жайы түзөтүү колониясынын башкармалыгынын алдында турат. Токмок шаарында бир индустриялык –педагогикалык колледж бар. Окуучулардын контингенти 30 миңден ашуунду түзөт. Окуу жайларында кесиптин 120 түрүнө ээ боло алышат. Агенттиктин алдында республикалык илимий –методикалык борбор, эмгек резерви спорттук комплекси, маданият үйү жана «Барчын» эс алуу борбору бар. Кесиптик баштапкы билим берүү тармагы эл аралык уюмдар, өнүктүрүү банктары менен иш алып барышат. Бүтүрүүчүлөрдүн 77-85 пайызы иш менен камсыз болушат.

«Өнүккөн өлкөлөрдө кесиптик билим берүү эң катмарлуу тармак болуп эсептелет. Учурда жогорку окуу жайларында 180 миңдей студент бар экен. Аларда баклавариятты 3 жылга түшүрүү каралып жатат. Кесиптик окуу жайларында окутууну 2 же 3 жыл дебестен кыска мөөнөткө өтүү бүгүнкү кұндұн талабы болуп баратат. Теориялык сабакты азайтып практикалык үйрөтүүнү көбөйтүү зарыл»,- деп билдирди министр Бейшеналиев.

Эмгек рыногу талап кылбаган кереги жок кесиптерди жабалы да жаңы кесиптерди ачалы. Өлкөнүн экономикасын көтөрүү керек. Ал үчүн бизге кесиптик окуу жайларын көбөйтүү зарыл. Окуучулардын сабакка катышуусу, сабактардын өтүлүшү реалдуу болушу зарыл. Биз формалдуулуктан чыга албай келе жаткан маселелер арбын. “Калк айтса, калп айтпайт” –дегендей, кээ бир окуу жайларында абал начар. Катталып тизмеде тургандар жана сабакка келбегендер арбын. Текшерүү келет дегенде чогулта калмай бар. Ар ким өзүнүн терезесинен карайт. Аткарылып жатат, баары жакшы дебей, болуп жаткан ишти да моюнга алуу керек. Айыл өкмөттөр менен тыгыз байланышып иштегиле.

Мектептердин көбү интернет булактарына туташтырылып аяктап калды, бүт дүйнө жүзү санариптик байланышта. Ар бир жаңыланган ишке чыгармачылык жолду табуу менен оптималдаштырууга баруу керек. Реформаларды жүргүзүп, заман талабына жараша иштей башташыбыз керек. Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Германияда кесиптик билим берүү тармагы жакшы жолго коюлган.

Жолугушуу учурунда Алмазбек Бейшеналиевич бир нече суроолорго жооп берди.

-Кесиптик баштапкы билим берүү тармагы мурда башка министрлик болгон, ар кайсы министрликтин алдына баш ийдире берилди, эми агенттик бириктирилеби?

Кээ бир мамлекеттерде жогорку окуу жайлары да өзүчө агенттик. Кесиптик жана билим министрлиги, Кесип жана илим министрлиги бар. Кеп тармактык комитетпи, министрликпи, агенттикпи атында эмес да. Кеп иштин жыйынтыгында да. Кеп чыныгы кесиптин ээсин даярдоодо да. Кеп окуу –тарбия ишиңердин айкындуулугунда, сапатында

да. Кеп биздин бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна, базар талабына жооп бере алашында да. Кесиптик баштапкы билим берүү тармагы өзүңөр обочолонуп жатасыңар. Министрликтен бала бакчадан жогорку окуу жайларына чейин бардыгы тапшырма алышты. Сиздер жоксуздар. Биздин системадан четте тургандай туюласыңар. Ошондуктан мындан ары кандай багытта жана кандай форматта иштейсиздер сиздер сунуш бериңиздер. Эң жакшы натыйжа чыгаруу менен жаңыланууга баруу керек.

-Кесиптик лицейлер кызмат көрсөтүүдөн тапкан пайдаларын өкмөттөн ала албай келишет?

Мен кызматтка келээрим менен жеке эле сиздерде эмес, бардык окуу жайларынын тапкан пайдасы толук кайтарылышына сунуш киргиздим. Бул жагы толук чечилет. Ар бир тапкан киреше окуу жайларды өнүктүрүүгө жумшалышы керек.

Окуу жайдагы ремонт иштерин өзүбүздүн күч менен оңдоп бүткөрүп алууга болот. Бирок тендер, мамлекеттик сатып алуулар колду байлап жатат?

Бул маселе боюнча атайын жобо иштеп чыгуу керек. Буюрса Премьер – Министр менен акылдашып чечебиз.

Кесиптик башталгыч билим берүү тармагында кол менен кармап үйрөтүү ишке ашырылгандыктан, онлайн окутуу менен кесипке үйрөтүү кыйынчылык алып келүүдө?

Бул туура маселе. Биз да кат жибердик. Ар бир окуу жайы өз районундагы санитардык көзөмөл башкармалыгына кайрылыңыздар, алардын уруксааты менен иштеңиздер. Жугуштуу дарт аз санда болуп жаткан жерлерде окутууну уюштуруу жоопкерчилигин жергиликтүү бийлик алсын. Чет өлкөлөрдө 8 миңдей мигранттарыбыз бар. Алардын кызыкчылыгын колдоого алышыбыз керек. Онлайн окууларды уюштуруу менен, аларды кесипке ээ кылсак, айлык маяналары он беш миң рублга чейин көтөрүлөт экен.

Эгемберди УСУПОВ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер