КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ — КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН ЖАҢЫ КӨПҮРӨСҮ
- 25.11.2026
- 0
Цзянси провинциясынын делегациясынын Бишкекке сапары кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө тажрыйба алмашуудан биргелешкен долбоорлорго өтүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.
Бүгүнкү күндө кесиптик билим берүү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен стратегиялык тармактардын бирине айланды. Эмгек рыногунда жаңы кесиптер пайда болуп, технологиялар тез өзгөрүп жаткан шартта окуу жайлардын алдында бир гана адис даярдоо эмес, иш берүүчүлөрдүн талабына жооп берген, заманбап жабдуулар менен иштей алган, практикалык көндүмдөргө ээ кадрларды тарбиялоо милдети турат. Бул жагынан алганда Кыргызстан менен Кытайдын кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыгы өзгөчө мааниге ээ.

2026-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордо Цзянси провинциясынан келген делегация менен өткөн жолугушуу эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы мазмун менен толуктоо мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Кытай тараптан Цзянси кесиптик-техникалык университетинин партиялык комитетинин мүчөсү, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ши Вэньбин, Цзянси өнөр жай кесиптик-техникалык колледжинин директору, партиялык комитетинин катчысынын орун басары Юй Шилинь жана Цзянси провинциясынын Билим берүү департаментинин кесиптик жана чоңдорду окутуу бөлүмүнүн башкы адиси Цзоу Хайян катышты.

Жолугушуунун өзөгүн кесиптик билим берүү тармагындагы эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү, окуу программаларын жакындатуу, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана студенттер үчүн практикалык даярдык мүмкүнчүлүктөрүн түзүү маселелери түздү. Бул демилгелер Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Ухань борбордук тышкы экономикалык жана техникалык кызматташтык тобунун ортосундагы меморандумдун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер менен да байланыштуу.
Тажрыйба алмашуудан системалуу кызматташтыкка
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөнүнө 34 жыл болду. Бул аралыкта эки өлкөнүн байланышы соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция, инфраструктура, энергетика жана башка тармактарда кеңейип, жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти. Эми бул өнөктөштүктүн маанилүү багыттарынын бири катары адам капиталын өнүктүрүү, анын ичинде кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтык алдыга чыгууда.
Бул багыттагы маанилүү демилгелердин бири — Кытай–Кыргыз кесиптик билим берүү жана өндүрүштү интеграциялоо альянсы. Анын түзүлүшү эки өлкөнүн билим берүү мекемелерин, өндүрүш ишканаларын жана тармактык уюмдарын бир аянтчага бириктирүүгө багытталган. Альянстын башкы артыкчылыгы — кесиптик билим берүүнү өндүрүштүн реалдуу муктаждыктары менен байланыштыруу. Башкача айтканда, окуу жайлар адистерди эмгек рыногунун талабына ылайык даярдап, иш берүүчүлөр окуу процессине түздөн-түз катыша турган шарт түзүлүшү керек.
Цзянси провинциясынын тажрыйбасы бул жаатта өзгөчө кызыгууну жаратат. Цзоу Хайяндын айтуусунда провинцияда ар кандай деңгээлдеги жана багыттагы 15 миңден ашуун билим берүү мекемеси иштейт. Анын ичинде 260тан ашык кесиптик окуу жайы болуп, кесиптик билим алып жаткан студенттердин саны 1 миллиондон ашат. Мындан тышкары, Цзянси тарап кесиптик билим берүүнүн тажрыйбасын башка өлкөлөргө жайылтуу максатында чет мамлекеттерде «Тяньгун» аттуу кесиптик билим берүү институттарын да түзүп келет.

Мындай масштаб Кыргызстан үчүн даяр үлгүнү көчүрүп алуу эмес, өзүнүн экономикалык жана эмгек рыногунун өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган натыйжалуу механизмдерди үйрөнүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Кадр даярдоодо практикалык окутуунун орду
Кызматташтыктын натыйжасы кагаз жүзүндөгү меморандумдар менен гана чектелбеши керек. Анын негизги көрсөткүчү — окуучунун алган билимин өндүрүштө колдоно алышы, бүтүрүүчүнүн жумушка орношуусу жана иш берүүчүнүн талап кылган адисти таба алышы. Ошондуктан биргелешкен окуу программаларын иштеп чыгуу, практикалык сабактардын үлүшүн көбөйтүү жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ.
Бул багытта кыргызстандык педагогдордун Кытайдагы окуу-тажрыйба алмашуу программалары маанилүү кадам болуп жатат. 5–15-ноябрь күндөрү бир катар окутуучулар Артуш шаарындагы Кызыл-Суу кесиптик-техникалык окуу жайында жана Цзюцзян шаарындагы Цзянси кесиптик-техникалык университетинде «Курама курулуш технологиясы» боюнча окуудан өтүштү. Алар Кытайдагы окутуунун усулдары, өндүрүш менен билим берүүнүн байланышы жана практикалык даярдыкты уюштуруу боюнча тажрыйба топтошту.
Мындай сапарлардын мааниси — педагогдордун жаңы маалымат алышы менен эле чектелбейт. Алар өздөрү иштеген окуу жайларга кайтып келгенде үйрөнгөн ыкмаларын окуу процессине киргизип, кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга салым кошо алышат. Ошондуктан тажрыйба алмашуунун кийинки баскычында алынган билимди жайылтуу, методикалык материалдарды даярдоо жана окутуучулар арасында туруктуу байланыш түзүү зарыл.
Жолугушууда да эки негизги багытка көңүл бурулду. Биринчиси — кыргызстандык жана кытайлык адистердин биргелешип окуу пландарын, программаларын жана окуу-методикалык материалдарын иштеп чыгуусу. Экинчиси — маалымат алмашууну күчөтүү, окуу жайлардын ортосундагы байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүү жана кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн педагогдорго, жетекчилерге жана окуучуларга жеткирүү.
Жаңы технологиялар — жаңы адистиктер
Кесиптик билим берүүнүн келечеги заманбап технологияларды өздөштүрүүгө түздөн-түз байланыштуу. Электр унааларынын санынын өсүшү аларды тейлөө жана оңдоо боюнча адистерге болгон суроо-талапты күчөтүүдө. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда электр унааларын тейлөө багытында окуу-өндүрүштүк устакана түзүү маселеси талкууланды. Мындай борбор окуучуларга теориялык билимди гана эмес, заманбап жабдуулар менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн да өздөштүрүүгө шарт түзмөкчү.
Мындан тышкары, «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында туризм тармагына адистерди даярдоо маселеси да актуалдуу. Тоо-лыжа туризми жана эс алуу инфраструктурасы өнүккөн сайын мейманкана иши, конокторду тейлөө, ашпозчулук, гиддик кызмат, бариста жана башка багыттар боюнча квалификациялуу кадрларга муктаждык өсөт. Долбоордун алкагында үч миңге жакын адисти даярдоо мүмкүнчүлүгү талкууланып, бул багытта кесиптик окуу жайлар менен тармактык мекемелердин кызматташуусу каралууда.
Мындан тышкары, «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында туризм тармагына адистерди даярдоо маселеси да актуалдуу. Тоо-лыжа туризми жана эс алуу инфраструктурасы өнүккөн сайын мейманкана иши, конокторду тейлөө, ашпозчулук, гиддик кызмат, бариста жана башка багыттар боюнча квалификациялуу кадрларга муктаждык өсөт. Жолугушууда Республикалык илимий — методикалык окуу мекемесинин директору Акпаралы Карапаев бул долбоордун алкагында үч миңге жакын туризм адисин даярдоо маселесин көтөрдү. Анын айтымында, мейманкана жана тейлөө тармагы, гиддик кызмат, ашпозчулук жана башка багыттар боюнча адистерди даярдоо келечектеги туристтик инфраструктуранын кадрдык муктаждыгын камсыз кылууга багытталышы керек.

Кытай делегациясынын Бишкектеги №93 кесиптик лицейге жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейине барышы да кызматташтыктын практикалык мазмунун аныктоого багытталды. Мындай таанышуулар окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын, окутуу шарттарын жана келечектеги биргелешкен иштердин мүмкүнчүлүктөрүн баалоого жол ачат.
Натыйжага багытталган өнөктөштүк
Эл аралык кызматташтык өзүнөн өзү натыйжа бербейт. Анын ийгилиги максаттардын так коюлушуна, жооптуу тараптардын аныкталышына, каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелеринин чечилишине байланыштуу. Ошондуктан Кыргызстан менен Кытайдын кесиптик билим берүү тармагындагы өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө биргелешкен программаларды иш жүзүндө киргизүү, студенттердин алмашуусун уюштуруу, окутуучуларды даярдоо жана окуу жайлардын өндүрүш менен байланышын бекемдөө башкы милдет болушу керек.
Цзянси провинциясынын делегациясынын сапары ушул максаттарга жетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого шарт түздү. Эми негизги маселе — жетишилген макулдашууларды конкреттүү иш-пландарга айландыруу. Анткени кесиптик билим берүүгө салынган инвестиция — бул бир гана окуу жайдын өнүгүүсү эмес, өлкөнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн, экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жаштардын келечегин бекемдөөгө багытталган инвестиция.
Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»