КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ:КЕЛЕЧЕКТИН ТАЛАБЫ ЖАНА ЖАҢЫ БАГЫТТАР

  • 18.09.2026

Бүгүнкү күндө диплом алган соң жумуш издей баштаган жаш адиске эң биринчи эмне керек: теориялык билимби же колунан иш келген практикалык көндүмдүүлүкпү? Ал эми бир-эки жылдан кийин эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап күчөйт? Кесиптик лицейлер бул өзгөрүүгө азыртан кантип даярданып жатат?

Бул суроолор кесиптик билим берүүнүн алдыдагы багытын аныктоодо өзгөчө мааниге ээ. Жакынкы 1–2 жылда лицейлердин алдында эмгек рыногунун талабына толук жооп бере турган, практикалык көндүмү күчтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо милдети турат. Бул максатта практикалык окутуунун көлөмүн жана сапатын арттыруу, окуу программаларын заман талабына ылайыктап жаңылоо, өндүрүштүк жабдууларды жакшыртуу, иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүү жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна туруктуу шарт түзүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга басым жасалууда.

Бирок бул стратегиялык максаттар турмушта кандай реалдуу өзгөрүүлөрдү талап кылат? Лицейлер заманбап кесиптерди өздөштүрүүгө кандай даярдык көрүүдө? Бүгүнкү окуу программалары эмгек рыногунун талаптарына толук жооп бере алабы? Материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана иш берүүчүлөрдүн талаптарын окуу процессине интеграциялоо маселеси кандай чечилүүдө?

Бул көйгөйлүү жана актуалдуу суроолорго жооп издөө максатында №59 кесиптик лицейдин директору Канышай Дүйшөнкуловна Кенешова менен маектештик.

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ:КЕЛЕЧЕКТИН ТАЛАБЫ ЖАНА ЖАҢЫ БАГЫТТАР

Кесиптик лицейлердин алдына жакынкы 1-2 жылда кандай негизги максаттар коюлууда?

Жакынкы 1-2 жылда негизги максатыбыз — эмгек рыногунун талабына жооп бере турган, практикалык көндүмдөрү  күчтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо. Окуу процессин заманбап талаптарга ылайыкташтырып, практикалык окутуунун көлөмүн жана сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл  бурабыз.Ошондой эле иш берүүчүлөр менен байланышты күчөтүп, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна шарт түзүү негизги багыттарыбыздын бири болот.

 

Эмгек рыногунун азыркы талабына байланыштуу лицейлерде кайсы багыттарды өзгөртүү же күчөтүү зарыл деп эсептейсиз?

Биринчи кезекте практикалык окутууну күчөтүү зарыл. Бүгүнкү иш берүүчү дипломдон тышкары, даяр адистин реалдуу иштей билүүсүнө кызыгат. Ошондуктан өндүрүштүк практика, дуалдык окутуу, иш берүүчүлөрдүн талаптарын окуу программаларына киргизүү манилүү. Биздин лицейде тигүүчү, веб-мультимедиа, автослесарь,автомеханик, сварщик, электромонтёр, сантехник, айыл чарба техникаларынын устаты сыяктуу кесиптер боюнча практикалык даярдыктарды дагы күчөтүү зарыл.

 

Алдыдагы жылдары кайсы кесиптерге суроо-талап көбөйөт деп күтүлүүдө жана жаңы лицей бул өзгөрүүгө  кандай даярдык көрүүдө?

Алдыдагы жылдары техникалык, инженердик жана тейлөө  багытындагы кесиптерге, анын ичинде электрик, ширетүүчү, автоунаа оңдоочу адистерге, айыл чарба техникасын тейлөөчү адистерге, сантехниктерге жана санариптик багыттагы адистерге суроо-талап жогору бойдон калат деп эсептейбиз. Ошондуктан лицей жаңы кесиптерди киргизүүдө аймактын жана иш берүүчүлөрдүн талабын эске алышы керек. Ошондой эле учурдагы кесиптердин мазмунун жаңылап, заманбап жабдуулар менен камсыздоо маанилүү.

Окуу программаларын жана окутуу ыкмаларын жаңылоо боюнча кандай иштер пландалууда?

Окуу программаларын иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык жаңылоо, теория менен практиканын байланышын күчөтүү пландалууда. Окутууда долбоордук окутуу, практикалык тапшырмалар, дуалдык окутуу, заманбап санариптик технологияларды колдонуу кеңири жайылтылышы керек.Мындан тышкары, мастерлердин жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга, жаңы технологияларды үйрөнүүсунө шарт түзүү зарыл.
 

Кесиптик лицейлердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча кандай муктаждыктар жана пландар бар?
Материалдык-техникалык базаны жаңылоо — эн , маанилүү маселелердин бири. Айрыка өндүрүштүк окутуу кабинеттерин жана устаканаларды заманбап жабдуулар, станоктор, шаймандар жана окуу материалдары менен камсыз  кылуу зарыл. Биздин лицей үчүн автомеханика, электрика, ширетүү, тигүүчүлүк, айыл чарба техникасы жана санариптик технологиялар боюнча практикалык базаны жаңылоо маанилүү. Бул учун мамлекеттик колдоо менен бирге иш берүүчүлөр, өнөктөштөр жана долбоорлор менен кызматташууну кеңейтүү каралууда.

Иш берүүчүлөрдүн талаптарын окуу процессине киргизүү боюнча жакынкы жылдарга кандай иштер каралууда?
Иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүп, алардын сунуштарын окуу программаларын түзүүдө жана жаңылоодо эске алуу керек.Өндүрүштүк практиканы реалдуу ишканаларда өткөрүү, иш берүүчүлөрдү квалификациялык экзамендерге жана практикалык сабактарга тартуу маанилүү. Ошондой эле лицей — иш берүүчү — окуучу ортосунда туруктуу байланыш түзүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна чейин коштоп туруу системасын күчөтүү зарыл.

Алдыдагы 1-2 жылда лицейдин бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун жакшыртуу үчүн эмнеге басым жасоо керек?
Биринчиден, иш берүүчүлөр менен түз байланышты күчөтүүгө басым жасоо керек. Экинчиден, студенттерди практика учурунда эле иш берүүчүлөргө тааныштыруу зарыл. Мындан тышкары, окуучуларга жумуш издөөнүн жолдорун, өзүн тааныштыруу, резюме түзүү, маектешүүдөн өтүү сыяктуу көндүмдөрдү үйрөтүү пайдалуу. Эн негизгиси — бүтүрүүчү лицейден чыкканда ез кесиби боюнча теориялык билимге гана эмес, иш жүзүндөгү көндүмгө ээ болушу керек.

 Сиздин оюңузча, кесиптик билим берүү системасында жакынкы жылдары эң чоң, өзгөрүү кайсы багытта болушу керек?
Менин оюмча, эң чоң , өзгөрүү «билим берүү» моделинен «эмгек рыногуна даяр адис даярдоо» моделине өтүүдө болушу керек.Башкача айтканда, окуучу кесипти окуп эле тим болбостон, аны иш жүзүндө өздөштүрүп, заманбап жабдуулар менен иштей билиши керек. Лицейлердин ишинин натыйжасы окуучулардын саны менен гана эмес, алардын алган кесиби, практикалык жөндөмү жана жумушка орношуусу менен бааланышы зарыл. 59-кесиптик лицейдин негизги багыты — сапаттуу кесипке окутуу,заманбап технологияларды киргизүү, иш берүүчүлөр менен өнөктөштүктү кеңейтүү жана жаштарды туруктуу кесипке ээ кылуу.

 

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү