КЕСИПТИК БИЛИМ: БАЛЫК ЧАРБАСЫНА ЗАМАНБАП АДИСТЕР КЕРЕК

  • 16.10.2026

 

“Сапаттуу билим адамдарга жумушка орношуу жана татыктуу эмгектенүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү берет. Билим берүү — элибиздин жашоо сапатын жана өнүгүүсүн камсыз кылуунун милдеттүү  шарты»

Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү тармагы комплекстүү жаңыланууда. Бул — билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, окуучунун заманбап көндүмдөрүнө басым жасоо, жаңы технологияларды киргизүү жана баланы келечектеги жашоого даярдоо. Анын ичинде башталгыч кесиптик билим берүүнүн маанилүү милдети — Кыргызстандын экономикасына керектүү жумушчу кадрларды даярдоо.

 Негизги багыттар

Экономиканын өсүү темпи биринчи кезекте кадрдык потенциал менен түздөн-түз байланыштуу. Акыркы жылдары республикабыздагы айрым тармактар, мисалы, аквакультура, кайра иштетүү өнөр жайы, логистика жана заманбап өндүрүш тармактары кесипкөй ихтиологдорго, инженерлерге, технологдорго жана техникалык багыттагы адистерге абдан муктаж экени айкын болууда. Эгерде совет мезгилинен кийинки жылдарда кесиптик лицейлер менен колледждер экинчи пландагы же толук бааланбаган окуу жайлар катары каралып келсе, азыр аларды өлкөнүн экономикалык потенциалын көтөрүүчү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү стратегиялык борборлорго айлантуу зарыл.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров эл менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөздөрүндө билим берүү системасын заманбап дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтыруу зарылчылык экенин баса белгилеп келет. Президенттин айтымында, келечекте лицейлерди жана колледждерди бүтүргөн жаштар жөн гана диплом ээси болуп калбастан, өндүрүшкө түздөн-түз аралашып, экономиканын түрдүү тармактарында жогорку маяналуу жумуш орундары менен камсыз болушу кажет. Ошондой эле калктын социалдык аялуу катмарын колдоо жана кесиптик билим алууга болгон жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында окуу акысын негизсиз жогорулатууга мораторий киргизилиши жаштардын кесип алуусуна жана өлкөдөгү адистердин жетишпеген көйгөйүн тез арада чечүүгө чоң шарт түзүп жатат. Президенттин бул багыттагы саясаты ар бир жарандын өз кесибин таап, мамлекеттин экономикалык өсүшүнө салым кошуусуна жол ачат.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жүргүзүлүп жаткан реформалар формалдуу отчеттуулукка же кагаз жүзүндөгү көрсөткүчтөргө эмес, тармактын реалдуу муктаждыктарына багытталганын белгилейт. Реформалар билим берүүнүн мазмунун заманбап талаптарга ылайыкташтырууну көздөөгө жана ошондой эле мектептер жана кесиптик окуу жайлары жөн гана диплом таратуучу жай же формалдуу түрдөгү эмгек биржасы болбоого тийиш.

Балык чарбасындагы кадр маселеси

Республикабыздын экономикасынын өсүү темпи билим берүү тармагына да заманбап талаптарга жооп берген жаңы адистерди даярдоону талап кылууда. Акыркы мезгилде масштабдуу өзгөрүүгө багыт алган балык чарбасы жана аквакультура кесипкөй ихтиологдорго жана технологдорго муктаж. Адистер балык чарбасы айыл чарбасынын экинчи даражадагы тармагынан бара-бара өлкө экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экспорттук тармакка айланып жатканы айтылууда. Өлкөбүздөгү мөңгүдөн башат алган тузсуз тунук суулардын жана тоо дарыяларынын молдугу аквакультура үчүн зор потенциал берет.

Форель өстүрүү — Кыргызстандын балыкчылык тармагынын негизги багыттарынын бири. Айрыкча тор тосмолордо (садок), бассейндерде жана көлмөлөрдө кубулжума форелин өстүргөндөрдүн чакан чарбаларынын негизги бөлүгү Чүй жана Ысык-Көл облустарында топтолгон. Ошондой эле Нарын дарыясынын бассейнинин эсебинен Жалал-Абад облусу да бул процесске жигердүү кошулууда. Акыркы жылдары Кыргызстан балык өндүрүүнүн жана аны сыртка сатуунун көлөмүн бир топ эсеге арттырды. Сатуунун негизги рыногу катары ЕАЭБ өлкөлөрү, биринчи кезекте Россия менен Казакстан саналат. Балык өстүрүүчү чарбалар интеграцияланган кластерлерге жигердүү өтүүдө. «Аква Сервис», «Тянь-Шань Фиш», «Аква Пром» сыяктуу ири ишканалар толук циклди: чабактар менен тоютту өзүнөн чыгаруудан баштап, балыкты кайра иштетүүгө жана даяр продукцияны экспорттоого чейин камтууга умтулушуп жатат. Ички суроо-талап жана тармактын жагымдуулугу кайра иштетүү менен тамак-аш өнөр жайына тартылган финансылык салымдардын туруктуу өсүшүнө алып келгени, акыркы мезгилде эле инвестициянын өскөндүгү байкалган.

Бирок тез темптеги өсүшкө карабастан, тармакта олуттуу сыноолор жана тоскоолдуктар кездешет. Ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө талаптары өтө эле катуу болгону бир топ чектөөлөрдү жаратып жатканы жашыруун эмес. Ошол эле учурда кандай кырдаал болбосун, кыргыз балыкчылары негизги талапты — ЕАЭБдин катаал техникалык регламенттерин сактоого милдеттүү. Адистер мурда өндүрүлгөн продукциянын сапаты туура келбегендигине байланыштуу «Россельхознадзор» тараптан убактылуу чектөөлөрдүн киргизилиши тармактын аялуу тараптарын ачык көрсөткөнүн белгилешүүдө. Учурда чукул арада лабораторияларды модернизациялоо жана сапат стандарттарын кайра карап чыгуу зарылчылыгы курч турат. Импорттук чийки затка көз карандылык да курч турган маселелердин бири. Чарбалардын басымдуу бөлүгү ушул күнгө чейин уруктандырылган жогорку сапаттагы икраны жана атайын теңдештирилген тоюттарды чет өлкөлөрдөн импорттоого мажбур. Бизнес өкүлдөрү аквакультура үчүн жер салыгын реформалоо жана экспортту тариздөөдө бюрократиялык процедураларды жөнөкөйлөтүү зарылдыгын үзгүлтүксүз билдирип келишет.

Жаңыдан өрүш алып келаткан бул тармак атайын билими бар адистерге муктаж. Тиешелүү адистердин жетишпестиги кадр тартыштыгын жана экологиялык тобокелчиликти жаратууда. Интенсивдүү өстүрүүнүн заманбап технологиялары менен иштей алган квалификациялуу адис-балыкчылардын жана ихтиологдордун жетишсиздиги ачык байкалат. Мындан сырткары, суу объектилерине кылдат экологиялык мониторинг жүргүзбөй туруп баш аламан пайдалануу суу ресурстарынын булганышына жана балык илдеттеринин жайылышына коркунуч жаратат.

Кадр маселесин чечүү жолдору

Баш калаабыздагы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин технология жана биоресурстар факультетинде бул багытта системалуу иштер жүргүзүлүп келет. Факультеттин деканы, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Чынара Кадырованын айтымында, балык чарбасы боюнча кадрларды аталган факультеттен тышкары КУАУнун агрардык-техникалык колледжи даярдайт.  Окуу жайдын негизги максаты — дипломдуу гана эмес, өндүрүштөгү көйгөйдү көрүп, аны талдап, илимий негизделген практикалык чечим сунуштай алган адисти даярдоо.

КЕСИПТИК БИЛИМ: БАЛЫК ЧАРБАСЫНА ЗАМАНБАП АДИСТЕР КЕРЕК

— Университетте балык чарбасы боюнча кадрларды даярдоо 2013-жылдан бери жүргүзүлүп келет. 2016-2017-окуу жылынан 2025-2026-окуу жылына чейин жалпысынан 97 бүтүрүүчү даярдалган. Былтыр 12 студент аяктаган, ал эми 2026-2027-окуу жылында бул багытта тогуз студент билим алууда. Биз үчүн бүтүрүүчүлөрдүн саны менен бирге эле алардын ишке орношуусун, кесиптик өсүшүн жана балык чарбасынын өнүгүшүнө кошкон салымын системалуу баалоо өтө маанилүү. Бүтүрүүчүлөр арасында өндүрүштө, жеке сектордо, билим берүүдө жана илимде эмгектенип жаткан адистер бар. Алардын бири — Аликов Анвар аспирантурада окуп, «Токмок шаары жана Чүй облусунда өстүрүлгөн кубулжума форель менен карп тукумундагы балыктардын ички органдарынын жана ткандарынын салыштырма-гистологиялык изилдөөсү» илимий темасы боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Бул жаш адистин билим берүү, илим жана кесиптик өнүгүүнү айкалыштырып жатканын көрсөтөт, — дейт.

Акыркы он жылдын ичинде даярдалган адистердин саны азырынча тармактын суроо-талабын толук канааттандыра албайт. Чынара Тойчубековнанын пикиринче, бул адистик жаңы болгондуктан, мындай багытта билим алууну каалагандар азырынча салыштырмалуу аз. Ошондуктан университет бакалаврларды даярдап эле тим болбой, кыска мөөнөттүү практикалык курстарды ачуу максатында микроквалификация борборун өнүктүрүүнү караштырууда. Студенттерге, иштеп жаткан адистерге, фермерлерге жана жаштарга багытталган кыска мөөнөттүү курстар кадр жетишсиздигин тез арада азайтууга көмөктөшөт.

Аталган окуу жайдан тышкары, жетишпей жаткан адистерди жер-жерлердеги кесиптик лицейлерде даярдоо зарылчылыгы бар. Балык өстүрүү эң кеңири жайылган Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул өрөөнүндө, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларындагы кесиптик лицейлерде ихтиологдорду даярдоочу бөлүмдөрдү ачуу маселеси курч турат. Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейдин директору Гүлжан Калпакбаева балык чарбасы чоң жоопкерчиликти жана каражатты талап кылган татаал татаал тармак экенин, Нарын суусунун муздак жана тунук агымы форель өстүрүүгө өтө ылайыктуу болгону менен, баштапкы капиталдын жоктугу жана лицензиялоо машакаттары тоскоол болорун белгилейт. Ал ошондой эле балыктын илдеттерин алдын алуу үчүн регионалдык лабораторияларды ачуу жана сапаттуу тоют менен камсыз кылуу маанилүү экенин айтты.

Жыйынтыктап айтканда, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана экономикалык потенциалды көтөрүү — бул жөн гана окуу жайлардын санын көбөйтүү эмес, бул өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана туруктуу өсүшүн камсыз кылуучу пайдубал.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү