АКАДЕМИЯЛЫК ЧЫНЧЫЛДЫК — САПАТКА ӨБӨЛГӨ

  • 27.01.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде жогорку окуу жайларда кышкы сессия учурунда ачык-айкындыкты камсыз кылуу жана окуу процессин уюштурууну жөнгө салуу максатында атайын түзүлгөн комиссия борбор калаадагы бир катар окуу жайларды текшерди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 21-январда Билим берүү жана илим министрлигинде жыйын өтүп, министр Болотбек Купешев жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилерине катуу тапшырмаларды берди. Комиссия аныктаган мыйзам бузуулар кайра кайталана турган болсо, жетекчилерге катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Комиссия сегиз окуу жайды: Кыргыз улуттук, Кыргыз мамлекеттик, Кыргыз-Орус Славян, Кыргыз мамлекеттик техникалык, Юридикалык, Бишкек мамлекеттик, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университеттерин, Кыргыз медициналык академиясын текшерди. Анда окуу жайлардагы кышкы сессияга даярдык жана аны өткөрүүдө ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактоо деңгээли, тартиби жана сессияга киргизилген, канааттандырарлык эмес баа алган, экзаменге келбеген студенттердин саны, кайталап тапшырган, сессияны мөөнөтүнөн мурун же кечиктирип тапшырган студенттердин саны, ачык-айкындыкты камсыздоого жана коррупцияны жоюуга багытталган иш-чаралардын жүргүзүлүшү (ишеним телефондору, каттар үчүн үкөктөр) боюнча анализ жасалып, студенттер арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлдү.

ШИБЕГЕНИ КАПКА КАТА АЛБАЙСЫҢ

Кыргызда “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген сөз бар. Жогорку окуу жайларда фамилиясы гана окуп, өзү чет мамлекетте иштеп жүргөн же болбосо Кыргызстанда эле жүрүп,  бирок окууга барбастан, кандайдыр бир жолун таап, сессиясын бүтүрүп, дипломдук иш жактап кеткен учурлар жок эмес. Муну  акыркы окуялар деле тастыктап койду. Эми биз бул ооруну жаап-жашыргандын ордуна, тескерисинче, ачык айтып, дарттан арылуунун жолун таап, жабыла күрөшүп, тазаланууга бел байлашыбыз керек.

  • Академиялык чынчылдык боюнча 2003-жылы чоң долбоор баштаганбыз. Нарын мамлекеттик университети менен Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулук курамы студенттер менен биз академиялык чынчылдыкты, акыйкаттыкты сактайбыз, экзамендерди таза өткөрүп, сабакка калтырбай келип, плагиат дегенди токтотобуз, бирөөнүн эмгегин уурдап алуу, алдамчылык, экзаменде акча берүү, шпаргалка менен жооп берүү – моралдык этикага жатпаган нерселер деп келишим түзүп башташкан. 13 жогорку окуу жайдын студенттик активин, жетекчилерин чакырып, кеңешип, ушул ишти республикага жайылталы дегенбиз. Тилекке каршы, биз кеткенден кийин ал токтоп калган. Ошол иш азыркыга чейин улана бергенде, көп маселелер болмок эмес, — дейт мурунку билим берүү министри Ишенгүл Болжурова.

ЖООПКЕРЧИЛИК БААРЫН ЖОЛГО КОЕТ

Окуу жайын, өзгөчө жеке менчик окуу жайларды тандоодо ата-энелер жаңылбашы керек. Аларга балам сапаттуу билим алып чыга алабы деген суроого жооп таба алган окуу жайын гана тандоо сунушталат. Себеби баласынын төрт-беш жылдык убактысы, эмгеги, өзүнүн кара жанын карч уруп тапкан акчасы текке кетпеши керек. Анан тандап алып баласын окутуп жаткан окуу жайдын кандай билим берип жатканына ата-энелер өздөрү кызыкдар болуп, көзөмөлдөшү зарыл.

  • Академиялык чынчылдык — бул окутуучунун же окуу жайдын эле жоопкерчилиги эмес. Бул студенттердин дагы, ата-энелердин дагы, коомчулуктун дагы жоопкерчилиги. Жоопкерчиликтин жоктугун, керек болсо депутаттарга чейин экзаменге келбей диплом алганын көрүп жатабыз. Эми бул илдетке каршы студенттерден баштап окуу жайлар, ата-энелер, коомчулук жапырт каршы турбаса, маселе чечилбейт, — дейт Ишенгүл Садыковна. — Балам жакшы билим албаса, келечеги кандай болот деген түшүнүк ата-энелердин аң сезимине сиңиши керек.

Мейли бир жыл өтөбү, он жыл  өтөбү, баары бир билим, жөндөм, шык балага керек болот. Анан эч нерсе окубай туруп, сессия убагында акча берип коюп, экзамен-зачетторун бүтүрүп алуу – бул арам иш, түшүнгөн адамга өтө жаман көрүнүш. Бул рухий кесепети чоң кылмыш. Мектептен ЖОЖго жаңы келген баласын ошондой иштерге үйрөткөн ата-энелер да жоопкерчиликти сезиши керек. Бул маселеде ЖОЖдор эле жооп берсин деген туура эмес.

Кандай таланттуу балдар окуп, чет өлкөлөрдө иштеп, өзүнүн билимдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Ошол эле учурда диплому бар жогорку билимдүүлөр мигрант болуп, көбү кара жумушта иштеп жатат. Демек, ал дипломду сатып алынган, эч нерсеге жарабаган диплом деп эсептесе болот. Биз рухий бузулуудан рухий баалуулуктарга өтүшүбүз, балада бош кагаз эмес, билим болушу керек. Баары бир коом акырындап ошого барат. Ошондуктан ар бир ата-эненин, баланын, коомдун жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Ар бири жогорку окуу жайга диплом эмес,  билим алам деп келиши керек. Ага көзү жетпесе, баштапкы же орто кесиптик окуу жайлардан, кыска мөөнөттүү курстардан окушсун. Алардан эч ким жогорку билим  керек деп талап кылган жери жок. Азыр тескерисинче, курулушчулар, тигүүчүлөр, сантехник, электриктер, унаа оңдоочу мастерлер талап кылынууда. Бирок ал жакта да академиялык  чынчылдык жерде калбасын. Себеби электрик токту кандай кошуш керектигин, кантип зымдарды туура туташтырыш керектигин билбесе, өзү да, башкалар да зыян тартат. Ошондуктан бул академиялык  чынчылдык качан болбосун, кайсы жерде болбосун абдан маанилүү. Мурун биз жасап баштаган иштер кайрадан көтөрүлүп, улантылышы керек.

УУРУЛУКТУ ИЛИМ АРКЫЛУУ ТОКТОТОЛУК

Онлайн университеттин негиздөөчүсү, коммуникация илимдери боюнча PHD доктору Элира Турдубаева жогорку окуу жайларда академиялык чынчылдыкты жөнгө салуу үчүн ириде 1-курстан баштап илимий изилдөө иштери, академиялык жазуу деген сабактарды киргизүү керек деп эсептейт. Анткени азыр илим изилдөөнүн методикасын, анын жолдорун студент эмес, окутуучу өзү билбеген учурлар көп.

  • Муну билген студент эч качан курстук, дипломдук иштеринде, реферат, өз алдынча иштерди жазганда интернеттен бирөөнүн ишин көчүрүп албайт. Тилекке каршы, адабиятты талдоону, шилтеме бергенди билишпейт. Академиялык жазуу сабагында болсо жазганды үйрөнөт. Бизде азыр жазмак турсун, окубай калышты. Окутуучулардын кесиптик чеберчилигин дагы жогорулатуу маселесин чечүү зарыл. Себеби илимий изилдөө жүргүзгөндү окутуучулар өздөрү билбей жатат. Азыр плагиатты аныктоо эң оңой. Көп программалар бар, — дейт Элира Турдубаева.

ОКУУ ЖАЙЛАР КӨРГӨН АРАКЕТТЕР

Албетте, бир да окуу жай “ооба, бизде мынча студент сабакка келбейт, же мынчасы сыртта жүрөт, мынчасы иштейт” деп айтпайт. Себеби алардын көбү  — жетекчилигине жеткирбей жең ичинен бүтүрүп кеткендер, тааныш-билиштикке салгандар. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн ар бир окуу жай деле алынын жетишинче күрөшүп келет. Ал үчүн академиялык чынчылдык эрежелерин жана стандарттарын бекитип алышкан. Мисалы, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде академиялык чынчылдык боюнча сапат бөлүмү иштеп, студенттерден сессия учурунда сурамжылоолорду жүргүзүп турат. Анын жыйынтыгына жараша келип чыккан көйгөйлөрдү жоюу боюнча иш-чаралар мерчемделип, жыл бою аткарылат. Бул университетте да башка окуу жайлар сыяктуу эле ишеним телефону, электрондук почта жана ишеним кутучалары бардык окуу корпустарына коюлган. Экзамен, зачеттор тестирлөө жана сурамжылоо жолу менен график боюнча экиден окутуучунун катышуусунда өтөт. Эгерде 1-2 модулду ийгиликтүү тапшырса, жыйынтыктоочу экзаменге кирбейт, AVN автоматтык түрдө жыйынтык чыгарып берет.

Жогорку окуу жайларга AVN маалыматтык системасы киргизилгени студенттер мурдагыдай окутуучу менен бетме-бет отуруп экзамен-зачет тапшырбай калган. Алардын билими модулдардын жыйынтыгы менен бааланып, тийиштүү балл топтой албай калгандары гана бул порталдын жардамы менен компьютердик тестирлөөдөн өтүп, билимин тастыктап беришет.

Жогорку окуу жайларга AVNдин кириши менен мурункудай фамилиясы гана окуган студенттер азайып, окутуучуларга сессия учурунда тыйын-тыпыр чогулта коюу дээрлик жоюлуп баратканын, бирок ошол эле учурда  сырттан же дистанттык формасындагы окутууда бул маселе орчундуу бойдон калып жатканын айтышат.

  • Аралыктан окутууда студент окуу жайга келбейт. Алар пароль, логин аркылуу порталга кирип, лекцияларды окуп, суроолорго жооп берип, экзамен-зачетторун ошол жактан эле тапшырат. Тилекке каршы, көпчүлүгү ошол пароль, логинин билбейт, порталга кирип окубайт. Жөн эле акча берип койсо, алардын ордуна окутуучулары, методисттер же айтишниктер окуп, экзамен, тесттердин баарын тапшырып коет. Ошентип, көпчүлүгү дипломду сатып алып жатат. Ушул жагына көбүрөөк маани берип, Онлайн университети кылып жаткандай Zoom же GoogleMeetтен жандуу сабактарды өткөрүү керек. Кечинде 2-3 сааттан сабак өтүлүп, окутуучу менен студент баарлашып, суроолоруна, түшүнбөгөн жерлерине жоопторду алып, кайтарым байланыш болушу зарыл. Онлайн экзамен учурунда жаңы окууга тапшырып жатканда болобу, сессия убагындабы, айтор, кандай текшерүү болбосун студенттин өздүгүн тастыктай турган көптөгөн программалар чыккан, ошолор аркылуу  эле студенттердин катышын көзөмөлдөп койсо болот, — дейт Элира Турдубаева.

АКАДЕМИЯЛЫК ЧЫНЧЫЛДЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Академиялык чынчылдык түшүнүгү беш баалуулукка негизделген:

  • ак ниеттүүлүк,
  • ишенимдүүлүк, адилеттүүлүк,
  • сый-урмат, жоопкерчилик.

Академиялык чынчылдыкты бузуунун түрлөрү: плагиат, алдамчылык, фалсификация (жасалмалоо), өз тапшырмасын башка бирөөгө аткартуу же бирөөнүн ордуна тапшырма аткаруу ж.б.у.с.

Бул баалуулуктарды окуу жайдын жетекчилигинен баштап окутуучулук-профессордук курам, студенттерге чейин кармана албаса, анда тилекке каршы, студенттердин билим алуусуна, чыгармачыл изденүүсүнө, өсүп-өнүгүү маданиятынын калыптанышына, ошондой эле окуу жайдагы жалпы билим берүү чөйрөсүнүн абалына терс таасирин тийгизет.

Негизи өзүнүн келечегин ойлогон ар бир студент убактылуу жеңил оокатка качырбастан, дилгирлик менен жигердүү окуусу шарт. Ал академиялык чынчылдык эрежелерин так сактап, мыкты окуса өзүнүн өнүгүүсүнүн пайдубалын куруп, кесипкөй катары кайда болбосун суроо-талапка ээ болуп,  жумуш берүүчүлөр арасында  жакшы таанылат, университеттен алган билимин кандай жерде, кандай иш болбосун пайдаланып, иштеп кете алат.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер