КЕСИПТЕР ТРАНФОРМАЦИЯСЫ:КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАНЫН ШАРТТАРЫНА КАНТИП ЫЛАЙЫКТАШУУДА
- 08.09.2026
- 0
Кечээки кесип бүгүн актуалдуулугун жоготуп коюшу мүмкүн. Технологиялык прогресс өнүккөн сайын эмгек рыногу да тездик менен өзгөрүүдө. Мындай динамикалуу шартта жаштарды бир гана конкреттүү кесипке эмес, замандын талабына ылайык өзгөрүүлөргө тез ыңгайлаша алган адис кылып даярдоо кесиптик лицейлердин алдында турган эң маанилүү милдеттердин бирине айланууда.
Бүгүнкү муун кесип тандоодо мурдагыдай анын коомдук аброюна гана таянбайт. Жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү, кирешеси, келечеги жана заманбап технологиялар менен байланышы чечүүчү ролду ойнойт. Бул тенденция кесиптик лицейлердин окутуу багыттарына да түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Мисалы, №98 кесиптик лицейде салттуу кесиптер менен катар веб-иштеп чыгуу, системалык администрлөө, IT коопсуздук жана графикалык дизайн сыяктуу санариптик багыттар окутулат. Мындан тышкары, сулуулук индустриясына байланыштуу чач тарач, визажист жана барбер кесиптери да суроого ээ.

Чинара Мелисбековна Сагынбековна №98 лицейдин директору
Лицейдин директору Чинара Мелисбековна Сагынбекованын айтымында, акыркы жылдары жаштардын кесип тандоого болгон көз карашы түп-тамырынан бери өзгөрдү.
«Азыр алар кесиптин престижине гана эмес, эмгек рыногундагы реалдуу суроо-талапка жана келечектеги киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө көбүрөөк көңүл буруп жатышат», — дейт Ч.Сагынбекова.
Бул жагдайды жөн гана жаштардын кызыгуусунун өзгөрүшү катары кароого болбойт. Анткени анын артында бүтүндөй эмгек рыногунун глобалдык трансформацияланып жатканы турат.
Диплом эмес, рынокко керектүү көндүм
Бүгүн иш берүүчү үчүн жөн гана дипломдун болушу жетишсиз. Адис өз ишин сапаттуу аткара билиши, заманбап технологияларды эркин колдонушу жана жаңы шарттарга тез көнүшү зарыл.
Ушундан улам кесиптик билим берүүдө теория менен практиканын байланышын күчөтүү маанилүү болууда. №98 лицейде окуучулардын алган билимин өндүрүштө колдонуусуна өзгөчө көңүл бурулуп, иш берүүчүлөр менен кызматташуу кеңейтилүүдө. Лицей 2026-жылы 63 жеке менчик уюм жана 13 мамлекеттик орган менен кызматташуу боюнча келишим түзгөн. Мындай байланыш окуучулардын өндүрүштүк практикадан өтүүсүнө гана эмес, окуу программаларын эмгек рыногунун талабына ылайык туруктуу жаңылоого да өбөлгө түзөт.
Директор бул процессти жөнөкөй кызматташтык катары эмес, адис даярдоонун бирдиктүү системасы катары баалайт.
«Кесиптик лицей менен иш берүүчү бири-биринен бөлүнүп иштебеши тийиш. Экөөнүн максаты бир — сапаттуу адис даярдоо», — деп белгилейт ал.
Бул жерде негизги суроо туулат: окуу жайда эмгек рыногунун талабына жооп бербеген кадр даярдалса, дипломдун баасы кандай болот? Демек, азыр кесиптик билим берүүнүн сапатын окуучулардын же дипломдордун саны менен гана өлчөө жетишсиз. Бүтүрүүчүнүн реалдуу түрдө кандай ишти жасай алары жана жумушка орношо алары баарынан маанилүү.
IT: жаңы мүмкүнчүлүкпү же зарыл талаппы?
№98 лицейдеги өзгөрүүлөрдүн ичинен өзгөчө көңүл бурган багыт — IT жана санариптик технологиялар. IT тармагынын башкы артыкчылыгы — анын географиялык чек арасы жок экендигинде. Адис Кыргызстанда туруп эле аралыктан чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташууга мүмкүнчүлүк алат. Бирок бул мүмкүнчүлүк кесиптик талаптардын да кескин жогорулашын шарттайт.

Ч.Сагынбекованын пикиринде, келечекте жөн гана баштапкы программалоо көндүмдөрүнө ээ болгондорго караганда, өз алдынча иштеп, толук кандуу сайт же тиркеме түзө алган тажрыйбалуу адистерге суроо-талап жогору болот. Лицейдин максаты — окуу мөөнөтүндө негизги билимди гана бербестен, өз алдынча иштей ала турган практикалык деңгээлди калыптандыруу. Бул жерден кесиптик билим берүүнүн жаңы логикасы көрүнөт: окуучу «эмнени билем?» деген суроого гана эмес, «эмнени жасай алам?» деген суроого да так жооп бере алышы керек.
10 айдан 2 жылга чейин: өзгөрүүнүн мазмуну
Мурда №98 лицейде 10 айлык мөөнөттө кесиптик даярдык жүргүзүлүп келсе, азыр окуу мөөнөтү эки жылга узартылды. Мунун өзгөчө мааниси IT сыяктуу тез өзгөрүп жаткан тармактарда айрыкча сезилет. Кыска убакытта базалык гана билим берүүгө мүмкүн болсо, татаал практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн убакыт талап кылынат.
Ошол эле учурда окуу мөөнөтүнүн узарышы автоматтык түрдө сапаттын жогорулашын билдирбейт. Натыйжа окутуунун мазмунуна, педагогдордун квалификациясына жана иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышка түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан 2026-жылы лицейде мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жана окуу программаларын заманбап талапка ылайык жаңылоого өзгөчө көңүл бурулган.
Жасалма интеллект адисти алмаштырабы?
Кесиптердин келечеги тууралуу сөз болгондо жасалма интеллекттин (ЖИ) ролун айланып өтүү мүмкүн эмес. Ал айрым кайталанма иштерди автоматташтырып, адистердин иш ыкмасын өзгөртүүдө. Лицей жетекчилиги жасалма интеллектти адистин ордун ээлей турган атаандаш катары эмес, анын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү күчтүү курал катары карайт.
«Эң негизгиси — буюмду же инструментти туура колдоно билүү. Жакшы даярдалган адис жасалма интеллектти өз билимин толуктоо, ишин тездетүү жана инновациялык чечимдерди табуу үчүн пайдалана алат», — дейт директор.
Албетте, жасалма интеллект берген маалыматты сын көз караш менен текшербей колдонуу коркунучу да бар. Андыктан келечектеги кесиптик билим берүүдө технологияны колдонуу менен катар сынчыл ой жүгүртүү, маалыматты анализдөө жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өстүрүү маанилүү.
12 жылдык билим берүү жана кесиптик багыт
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү кесиптик багыт берүү багытын да кайра кароону талап кылат. Кесип тандоо мектепти аяктагандан кийин гана башталбашы керек. Жаш адам өзүнүн жөндөмүн жана кызыгуусун эртерээк түшүнүп, келечектеги кесибине мектеп курагынан баштап даярдалышы зарыл.
Бул жерде кесиптик лицейлер мектеп менен эмгек рыногунун ортосундагы көпүрө кызматын аткарып, окуучуларга ар түрдүү кесиптердин реалдуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу багыт бере алат.
Аймактагы негизги тоскоолдук: өндүрүштүк практика
Кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда эң негизги көйгөйлөрдүн бири — окуучулар үчүн реалдуу өндүрүштүк практикадан өтүү шарттары. Ири шаарларда ишканалар көп болгондуктан, бул маселе оңой чечилет, ал эми аймактарда мүмкүнчүлүктөр чектелүү.
Ч.Сагынбекованын пикиринде, жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик мекемелер кесиптик лицейлер менен активдүү кызматташып, окуучуларды реалдуу иш процессине тартууга шарт түзүшү зарыл. Бул жумушчу кесиптердин коомдогу кадыр-баркын жогорулатууга да өбөлгө түзөт.
Келечектин адиси кандай болушу керек?
Келечектеги кесиптик билим берүүнүн формуласы айкын болуп калды: кесип + практика + технология + үзгүлтүксүз үйрөнүү.
Бирок директор дагы бир маанилүү жагдайга басым жасайт: «Технологиялар жана талаптар өзгөрөт. Бирок адамдын баалуулуктары, мекенге болгон жоопкерчилиги, өзүнүн ким экенин түшүнүүсү жана коом алдындагы милдети эч качан маанисин жоготпошу керек».
Кесиптик лицейлер бүгүн жаштарга жөн гана диплом берүү менен чектеле албайт. Ийгилик окуучулардын саны менен эмес, алардын канчасы реалдуу эмгек рыногунда өз ордун таба алганы менен өлчөнөт. Себеби бүгүнкү жаш муунду өзгөрүп жаткан дүйнөдө заманбап кесип менен ийгиликтүү жашап кетүүгө даярдоо — мезгил талабы.
Мадина КУРБАНОВА,»Кут Билим»