КЕСИПКЕ БОЛГОН СҮЙҮҮНҮН ТЕРЕҢДЕШИ ЖАНА ЖАҢЫ МАКСАТТАР
- 19.12.2025
- 0
Жыл жыйынтыгы
Быйылкы өткөн “Жыл мугалими – 2025” республикалык сынагы башка жылдардан айырмаланды. Конкурстун финалдык туруна катышкан 112 мугалим кур кол кетпей, биринчи жолу Агартуу министрлигинин «Жылдын мыкты мугалими» төш белгиси жана диплом менен сыйланышып, кубанычтары койнуна батпаганын учурунда белгилешти эле. Ал эми Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К.Уметалиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова Баш байгени жеңип алып, батир менен сыйланган. Бирок сыйлыгы алигиче колуна тие элек экен. Жыл жыйынтыкталып жатканда сынактын жеңүүчүлөрү Элзат Асанова менен Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 мектебинин башталгыч классынын мугалими Ардак Токтоноевага кайрылып, конкурстан кийин кандай өзгөрүүлөр болгону тууралуу айтып берүүнү сурандык.

“Ар бир окуучу мен үчүн жаңы дүйнө, жаңы ой, жаңы табылга”
Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон жалпы орто билим берүү мектебинде сегиз жылдан бери кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келатат.

— Мен мугалим болуп иштегенди жакшы көрөм, анткени ар бир күндө жүздөгөн көздөрдөн үмүттү, кубанычты, кызыгууну көрөм; балдардын ийгилигине күбө болгон сайын, өзүмдүн жашоом да маанилүү экенин сезем; менин сөзүмдөн, сабагымдан, демимден жаңы дүйнөлөр ачылып, жаңы кыялдар жаралат; ар бир окуучу мен үчүн ааламдын өзгөчө бир жылдызы, мен ошол жылдыздардын жаркырашына жардам берем; бул кесип жөн гана жумуш эмес, бул – жашоонун маңызы, муундан муунга өткөн чоң жоопкерчилик, кесибимди жанымдай жакшы көрөм, ишимден чексиз эргүү, жашоомо азык алам! Ар бир окуучу мен үчүн жаңы дүйнө, жаңы ой, жаңы табылга. Мен алардан жөн гана билимге умтулуучулукту эмес, жашоону жөнөкөйлүк менен сүйүүнү үйрөндүм. Окуучулар мага ар бир күндү кубаныч менен баштоону, майда нерселерден да чоң маанини табууну үйрөтүштү. Эң башкысы — окуучулардан мен адамдын чыныгы баалуулугу дипломунда эмес, жүрөгүндө экенин, ар бир адамды өзүнчө аалам катары баалоо керектигин үйрөндүм. Ошондуктан мен үчүн ар бир сабак — бул жөн гана окутуу эмес, бири-бирибизден үйрөнүү, бирге өсүү, бирге чоңоюу, — дейт мыкты мугалим.
Элзаттын хоббиси — китеп жазуу, блог жүргүзүү, курс окутуу, жөө басуу экен. Ал кыялында өнүккөн өлкөдө жашаш үчүн ой жүгүртүүсү кенен, мекенчил, билимдүү муунду тарбиялоо зарыл экенин баса белгиледи. Кесиптик амбициялары жөнүндө кеп баштаганда ал замандын талабына жараша жаңы ыкмаларды колдонгон мугалим болуу; жаңы идеяларды жаратып, кесиптештерге дем берүү; өз иши менен коомго үлгү болуп, “мугалим болуу – эң бийик сыймык” экенин далилдөө жана илимий-методикалык иштерди жазып, адистигин тереңдетүү керек экенине токтолду.
“Жыл мугалими” – сынак эмес, өзүмө жасаган чоң инвестиция”
— Сынактан кийин менде көп өзгөрүүлөр болду. Кесипкөй катары: сабак берүүдөгү стилим такталды. Методдорум жаңырды,азыр ар бир сабакта максат, тактык жана логика бар. Сынакта колдонулган тапшырмалар, стратегиялар мага жаңы дем берди. Азыр: критериалдык баалоонун иш жүзүндөгү моделин так колдоном; дифференциацияланган тапшырмаларды көбүрөөк киргизем жана визуал, оюндук жана практикалык ыкмаларды бириктирем. Башкача айтканда, ар кандай деңгээлдеги окуучу үчүн өзүнчө жол таба алам. Жана эң негизгиси мектептеги жөнөкөй мугалим да изилдөөчүлүк менен алектенсе боло аларын, жаңы ыкмаларды, тесттерди жарата аларына ынандым (бирок, мектепте ага убактың жетишпейт, ашыкча тапшырма, кагаздар көп), — дейт элеттик мугалим.

«Жылдын мыкты мугалими» сынагы – бул бир жолку сынак эмес, мугалимдин кесиптик өсүшүнө багыт берген маанилүү баскыч. Конкурстан кийинки этапта алынган тажрыйбаны талдап, аны практикада колдонуу, кесиптештер менен бөлүшүү жана жеке өнүгүүгө багыт алуу мугалимдин чыныгы ийгилигин аныктайт экенин жеңүүчү баса белгиледи.
— Ошондуктан күнүгө изденүүнүн үстүндөмүн. Аалам катуу өзгөрүүгө учурап жатат. Ошонун кучагында билим берүү системасы да бар. Мурда жаттама билимге басым жасалып келсе, тесттерибиз фактылык материалдарды сураган суроолор менен камтылган болсо, азыр андай билим берүү актуалдуулугун жоготту. Анткени ар бир адамдын колунда телефон бар, каалаган маалыматты оңой табат. Мурда технология өнүкпөгөн заманда баарын билген адам “энциклопедия” катары бааланса, азыр алган билимди анализдеп, колдонуп, жаңы нерсе ойлоп таба алат же турмушта кайсы жерде пайдалана алары мааниге ээ. Командада иштей билүү, өзүнүн позициясына турууну, профилдик билим менен өз алдынча кетүүсүнө чейин окуучунун дараметин кантип ачуу керектиги түйшөлттү. Көп маалымат берип, бирок, эмнени эстеп калды сынабай, ал маалыматты кайсы жакта пайдаланарына багыт жасаган тапшырма, тесттерди түзүүгө кириштим. Ар бир бөлүмдө окуучуларды талкууга катыштыра турган, изилдөөгө багыт берген суроолордун үстүндө иштеп, сабактарымда аздан пайдалана баштадым. Тапшырмалар топтому боло турчу эмгегим алдыңкы убактарда жарыяланат, — деди Э.Асанова.

Мыкты мугалим Говард Гарднердин теориясына таянып, мектеп окуучулардын интеллектин, кесип тандоого багыт берүүчү изилдөөлөрдү жүргүзүп көрдү. Көп деңгээлдүү тапшырмаларды түзүүдө окумуштуу С.Рысбаевдин эмгегине таянуу менен иш алып барууда. Окуучулардын окуп-түшүнүүсүн жакшыртуу үчүн чакан топто жарыштарды уюштуруп баштады.
— Өлкөбүздө мыкты мугалимдер көп, бири-бирибизге кесиптик жардам кылуу максатында “Жаратман мугалим” аттуу телеграм каналын ачтым. Өз тажрыйбам менен бөлүшүп ар түрдүү түз эфирлерди жана мугалимдерге тренигдерди өтүп жатам. Эң башкы утуш — бул өзүнө болгон ишенимдин артылышы, кесипке болгон сүйүүнүн тереңдеши жана келечекке карай жаңы максаттардын коюлушу, — дейт баш байгенин ээси.
Элзат үй-бүлөлүү, 5 баланын жана эгиздердин энеси.
СЫНАКТАН АЛГАН БИРИНЧИ ОРУН — ЖАҢЫ ДЕМ БЕРДИ
Республика боюнча өткөрүлгөн сынакта биринчи орунду багындыруу Ардак Токтоноевага профессионалдык өнүгүүсүнө олуттуу дем берди. Бул жетишкендик 12 жылдык билим берүү системасынын мазмунун ишке ашырууга багытталган методикалык иштерди активдештирүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Педагогикалык ишмердүүлүгүн тереңдетип, заманбап билим берүү багытында тажрыйбасын практикада жайылтууга түрткү болду.


Методикалык ишмердүүлүк
Биздин каарманыбыз Бишкек шаарындагы Ленин райондук билим берүү башкармалыгы уюштурган 12 жылдык билим берүү системасы боюнча шаардык мектептердин мугалимдери үчүн «Сингапурдук метод аркылуу маселени натыйжалуу иштетүү стратегиялары» темасында семинар өттү.
Жылдын мыкты мугалими семинардын жүрүшүндө иш-чарага келген 157 мугалимге сингапурдук ыкманын негизинде сабакты уюштуруунун жолдорун көрсөттү. Мугалимдер сингапурдук ыкма боюнча окуучунун ролунда топтук жана жуптук иш аркылуу, практикалык тапшырмаларды аткарып, бул ыкманын окуучулардын активдүү катышуусуна, окуу материалын терең түшүнүүсүнө, сынчыл ой жүгүртүп жыйынтык чыгаруусуна жана алган билимдерин турмуштук кырдаалдарда пайдалана билүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталгандыгына, интерактивдүү ыкмалардын натыйжалуулугуна практика жүзүндө дагы бир жолу ынанышты. Ошондой эле бул ыкма дүйнө жүзүндө жогорку натыйжа көрсөткөн заманбап окутуу ыкмаларынын бири экендиги белгиленди.
— Canva, Wordwall, Umaygra, LearningApps сыяктуу санариптик платформалар аркылуу өзүм түзгөн көнүгүүлөрдү көрсөттүм. Бул платформалар аркылуу даярдалган тапшырмалар окуучулардын активдүүлүгүн арттырууга, критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, логикалык чечим чыгарууга жана алган билимдерин практикада колдонууга шарт түзөрү белгиленди. Санариптик ресурстарды сингапурдук метод менен айкалыштырып колдонуу 12 жылдык билим берүү системасында жогорку натыйжа берери талкууланды, — дейт мыкты мугалим.
Ата-энелер менен иш алып баруу
А.Токоноева 12 жылдык билим берүү системасы боюнча ата-энелер үчүн маалыматтык-түшүндүрүү жыйынын өткөрдү. Анда жаңы билим берүү моделинин максаттары, түзүмү жана баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири айтылды. Тактап айтканда, бул куракта баланын таанып-билүү жөндөмдөрү активдүү калыптанып, окууга болгон кызыгуусу жогору болору, адаптация процесси жеңилирээк өтөрү илимий педагогикалык негизде түшүндүрүлдү. Ошондой эле балдарды алты жаштан баштап окутуу баланын социалдык көндүмдөрүн, өз алдынча иштөө жөндөмүн жана жоопкерчилигин эрте калыптандырууга өбөлгө түзөрү анык. Мындан тышкары, 12 жылдык билим берүү системасынын артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берилип, окуучу мектепти толук бүткөндө жалпы орто билим менен белгилүү бир кесиптик багытта баштапкы билимге ээ болорун айтып берди.

— Бул ыкма бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайларга же кесиптик билим берүү мекемелерине аң-сезимдүү багыт алуусуна, эмгек рыногуна даяр болушуна шарт түзөрүн да белгиледим. Жаңы билим берүү системасында үй-бүлөнүн колдоосу окуучунун ийгилигинин маанилүү фактору деп чогулушту жыйынтыктадым. Ал эми Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин башталгыч класстар боюнча башкы адиси Айнура Мурсаева семинардын негизги максаты алдыңкы мугалимдердин иш тажрыйбасын бөлүшүү экендигине токтолду. Республикалык сынактан жеңишиме үй-бүлөмдүн, жакындарымдын, педагогикалык жамааттын колдоосу чоң салым кошту. Менин атам – Токтоноев Аналбек өз ишине берилген, эл кадырлаган мыкты инсан, мыкты мугалим болгон. Атам арабызда жок болсо да, анын кесипке болгон жоопкерчилиги, адамдык сапаттары жана сыймыктуу эмгек жолу мен үчүн руханий таяныч болуп келет, — дейт Ардак эжей.

Жыйынтыктап айтканда, республикадан алынган Башкы байге менен биринчи орун 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашырууда заманбап окутуу ыкмаларын жана санариптик платформаларды колдонууга багытталган методикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун тастыктайт. Алдыда да педагогикалык тажрыйбаларын мыкты мугалимдер өркүндөтүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иштерди улантуу негизги максаттары болуп саналат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер