КЕСИПКЕ АЙЛАНГАН ТАГДЫР

  • 24.11.2026

КЕСИПКЕ АЙЛАНГАН ТАГДЫРМындан кырк эки жыл мурда өзү билим алган мектепке жаш мугалим болуп келгенде Бүбүжамал Абыканова бир кезде партада отуруп сабак уккан химия кабинетин жетектеп каларын, өзү таасирленген мугалиминдей болуп, канчалаган балдардын кесип тандоосуна себепчи болорун ойлоду бекен? Бүгүн анын окуучуларынын арасында дарыгерлер, агрономдор, ветеринарлар, илим менен алектенген адистер, өзү сыяктуу химия мугалимдери бар. Айрымдары менен шаардагы ооруканалардан кездешсе, кээ бирлери айылда элдин саламаттыгына кам көрүп жүрүшөт. Ал эми өзү дале мектепте. Болгону, мурда реактив издеп коңшу айылдарга каттаса, азыр жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүп, виртуалдык лабораторияларды пайдаланып, сабагын жаңыча уюштуруунун үстүндө иштеп жатат. Жакында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Ардак» медалына татыган Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектептин химия мугалими Бүбүжамал Абыканованын педагогикалык жолу — айыл мектебинин мүмкүнчүлүктөрү, мугалимдин кесиптик жоопкерчилиги жана мезгил менен кошо жаңылана билүү тууралуу өзүнчө бир баян.

Бүбүжамал Камбарбековна быйылкы жылды өзүнүн эмгек жолундагы өзгөчө жылдардын бири катары кабыл алууда. Мындан бир топ жыл мурда Ардак грамотага көрсөтүлүп, бирок сыйлык албай калган экен. Ага таарынып, көңүлү калганын айтпайт. Өзү сүйгөн кесиби менен алектенип, окуучуларын окутуп, күнүмдүк түйшүгү менен жүрө берген. Быйыл минтип мамлекеттик сыйлыкка татыды. Бирок анын түшүнүгүндө медаль — өткөн эмгектин баасы гана эмес, алдыда аткарыла турган иштер үчүн дагы бир чоң жоопкерчилик.

— Бул медаль мен үчүн жөн эле сыйлык эмес, кырк эки жылдык эмгегиме берилген баа. Өмүрүмдүн көп жылын жаш муундарга билим берүүгө, аларды тарбиялоого арнадым. Өзүм сүйгөн кесип болгондуктан, ушул күнгө чейин талыкпай эмгектенип келем. Буга чейин деле бир топ сыйлыктарды алдым. Ар бир сыйлык алган сайын жоопкерчилигим күчөчү. Бул жолу да ошондой сезимде болдум. «Ардак» медалын жеке өзүмдүн гана эмгегимдин үзүрү деп эсептебейм. Бул — мени менен бирге иштеген кесиптештеримдин, үй-бүлөмдүн, менден билим алган миңдеген окуучуларымдын да сыймыгы, — дейт педагог.

Мугалимдик кесипке болгон кызыгуу анын мектепте окуп жүргөн жылдарында эле ойгонгон. 1961-жылы 18-декабрда Ак-Талаа районунун Баетов айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген Бүбүжамал бала кезинен табигый илимдерге, өзгөчө биология сабагына кызыгып чоңойгон. Анын класс жетекчиси Ракан Жумабековна да химия жана биология мугалими болгон. Окуучуларына талапты катуу коё билген, сабагын мыкты өткөн ошол эженин таасири болочок кесип тандоодо аз эмес болсо керек.

1979-жылы М.В. Ломоносов атындагы орто мектепти аяктап, В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун химия-биология факультетине тапшырган. 1984-жылы жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, өзү билим алган, азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы мектепке мугалим болуп кайтып келген.

Кечээ эле окуучу катары кирип-чыгып жүргөн кабинетине эми мугалим катары ээлик кылуу, мурда сабак берген устаты менен кесиптеш болуп калуу жаш адис үчүн өзгөчө сезим болгон. Кабинетин жасалгалап, окуучулар менен иштөөнүн ар кандай жолдорун издеп, алгачкы ийгиликтерине да ушул мектептен жетишкен. Кийин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, 1985-жылы Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы мектепке которулат.

Жаңы келген мектебинин шарты анчалык көңүл жылытарлык эмес эле. Имараты эски, химиялык реактивдер жетишсиз, лабораториялык приборлор аз. Химия мугалими үчүн мындан өткөн ыңгайсыздык болбосо керек. Анткени химияны жалаң теория, формула менен түшүндүрүп, окуучуга анын кызыктуу дүйнөсүн толук ачып берүү кыйын. Жаш мугалим кол куушуруп отуруп калган жок. Коңшу мектептерден реактив издеп, жолдон жүк ташуучу машиналарды тосуп, керектүү каражаттарын алып келип, практикалык сабактарды өткөрүп жүрдү.

1988-жылы айылдын так ортосуна үч кабаттуу типтүү мектеп курулуп, пайдаланууга берилгенде Бүбүжамал эженин да кубанычы койнуна батпай калган. Жаңы мектеп химиялык реактивдер, лабораториялык приборлор жана башка керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Ошол кездеги айрым приборлорду азыркыга чейин пайдаланып жүргөнүн айтат.

Бирок ошол жылдардагы реактив издеп айыл аралаган күндөрү анын педагогикалык тажрыйбасында өчпөс из калтырды. Мугалимдин чеберчилиги даяр шартта гана көрүнбөйт экен. Кээде дал ошол шарттын жетишсиздиги анын тапкычтыгын, өз кесибине канчалык берилгендигин сынайт.

Бүбүжамал эженин химияны окутуудагы негизги принциби — баланы жаттоого эмес, түшүнүүгө үйрөтүү. Химияны окуучулардын көбү татаал формулалардан, түшүнүксүз теңдемелерден турган оор предмет катары кабыл алышат. Мугалим ошол түшүнүктү өзгөртө алганда гана балада илимге карата кызыгуу пайда болот деп эсептейт ал. Анткени химия мектептин кабинетинде эле жашаган илим эмес. Күн сайын колдонгон тиричилик буюмдарыбызда, тамак-ашыбызда, дары-дармекте, айыл чарбасында, айлана-чөйрөбүздө болуп жаткан кубулуштардын баарында химия бар.

Ошондуктан анын сабагында эксперименталдык метод биринчи орунда турат. Химиялык кубулуштарды окуучуга көрсөтүп, байкатып, коопсуз шартта өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп, андан соң жыйынтык чыгарууга үйрөтөт.

— «Миң уккандан бир көргөн артык» деп коёт эмеспи элибизде. Окуучуга канча жолу айтып, түшүндүргөнүң менен, өзү көрүп, өз колу менен аткарган ишин жакшы эстеп калат. Ошондо анын кызыгуусу да артат. Анан проблемалык методду көп колдоном. Эмне үчүн мындай болду? Эмнеден улам өзгөрдү? Суроонун артынан суроо берип отуруп, окуучунун өзүн жыйынтык чыгарууга жетелегенге аракет кылам. Бул мугалимден да көп даярдыкты талап кылат. Бирок натыйжасы жакшы, — дейт Бүбүжамал эже.

Чындыгында, баланын берген суроосуна даяр жоопту айтып коюу оңой. Ал эми ошол жоопту окуучунун өзү табышына шарт түзүү мугалимден кыйла чеберчиликти талап кылат. Мындай сабакта окуучу мугалимдин айтканын көчүрүп жазып, кайра айтып берүү менен чектелбейт. Ал ойлонот, салыштырат, өзүнүн божомолун айтат, жаңылышса, катасын түшүнөт. Бара-бара өз алдынча чечим чыгарууга көнүгөт.

Бүбүжамал Камбарбековна жетинчи, сегизинчи, тогузунчу класстарда интерактивдүү оюндарды, викториналарды, химиялык доминолорду, пазлдарды кеңири колдонот. Айрым дидактикалык материалдарды өзү да даярдап алат. Теңдемелерди толуктоо, түшүнүктөрдү дал келтирүү, туура жана туура эмес жоопторду ажырата билүү сыяктуу тапшырмалар менен өтүлгөн теманы бышыктайт.

Кырк жылдан ашык тажрыйбасы бар мугалимдин акыркы мезгилде кызыгуу менен өздөштүрүп жаткан методдорунун арасында 3C+1E жана 5E окутуу моделдери да бар. Өзгөчө быйыл 3C+1E моделин көбүрөөк пайдаланып жатыптыр. Окуучунун кызыгуусун ойготуу, суроо коюу, жаңы теманы түшүндүрүү, өз алдынча иштетүү жана алган билимин бышыктоо ага жакшы натыйжа берүүдө. Wordwall, Tarsia Maker сыяктуу санариптик тиркемелерди да сабагына киргизген.

Ушул жерден мугалимдин кесиптик бейнесинин дагы бир маанилүү жагы ачылат. Көп жылдык тажрыйба кээде адамды өзүнүн көнүп калган иш ыкмасынан чыкпай калууга түртөт. «Мен ушунча жылдан бери ушундай окутуп келем» деген түшүнүк жаңыланууга тоскоол болушу мүмкүн. Бүбүжамал эжеде андай мамиле жок. Ал мурдагы тажрыйбасынан баш тартпастан, анын натыйжалуу жактарын жаңы методдор менен айкалыштырып келет.

Химиялык тажрыйбалар, лабораториялык иштер мурда кандай мааниге ээ болсо, азыр да ошондой. Болгону, алардын катарына виртуалдык лабораториялар, видеоэксперименттер, интерактивдүү презентациялар кошулду. Мугалим үчүн булар окуучуга татаал теманы жеткирүүнүн, мектептин мүмкүнчүлүгү чектелген учурда сабакты мазмундуу уюштуруунун кошумча каражаттары.

Айыл мектеби дегенде көбүнчө анын жетишпеген жактарын санап киребиз. Материалдык-техникалык базасы, интернеттин сапаты, лабораториялык жабдуулар, кошумча билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жагынан шаар мектептеринен айырмачылыктар бар экени талашсыз. Бүбүжамал эже бул көйгөйлөрдү жашырбайт. Бирок айыл мектебинин артыкчылыктарын да көрө билүүгө чакырат.

Анын пикиринде, айылда таланттуу балдар аз эмес. Болгону, алардын жөндөмүн өз убагында байкап, кызыгуусун туура багыттап, жекече иштөөгө убакыт табуу зарыл. Химия сабагына жумасына эки гана саат бөлүнгөндүктөн, олимпиадага даярданууга, тереңдетилген тапшырмалар менен иштөөгө убакыт жетишсиз болуп калат. Ошондуктан мугалим окуучулары менен түштөн кийин, сабактан тышкаркы убакта иштейт. Химия ийрими мурда айына бир жолу өтсө, азыр жумасына бир саат өткөрүлүп калды.

Олимпиадага окуучу тандоодо Бүбүжамал эже анын билим деңгээлине, жөндөмүнө эле эмес, өзүнүн каалоосуна да көңүл бурат. Анткени балада кызыгуу болбосо, аны мажбурлап даярдоодон майнап чыгышы кыйын. Тандалган окуучулардын билим деңгээли да бирдей эмес. Ар биринин өзүнө жараша күчтүү жана чабал жактары болот. Мына ошол айырмачылыкты эске алып, жекече иштөө гана жакшы натыйжа берет деп эсептейт тажрыйбалуу педагог.

Бүбүжамал Камбарбековна он беш жылдай убакыттан бери жарым ставка менен иштеп келе жатканына карабастан, окуучуларды олимпиадага даярдоосун токтоткон эмес. Жыл сайын экиден-үчтөн окуучусун даярдап, сынактарга өзү алып барат. Балдарынын жыйынтыгын карап, район боюнча башка окуучулардын көрсөткүчтөрү менен салыштырып, өз ишине да баа берет.

— Олимпиаданын биринчи күнүндө окуучуларым биринчи орунга чыгып калса, аябай сүйүнөм. Эми кийинки күнү да ушундай жыйынтык көрсөтсө экен деп тилеп каласың. Кээде биринчи орунду сактай албай, байгелүү орундар менен чектелип калабыз. Кээде орун албай калган учурларыбыз да болот. Балдар менен кошо кубанасың, алар менен кошо капаланасың. Жакшы эле даярдадым го, кайсы жерден кемчилик кетти экен деп өзүңө суроо бересиң. Бирок ошол даярдыктын текке кетпегенин кийин көрүп жүрөм, — дейт мугалим.

КЕСИПКЕ АЙЛАНГАН ТАГДЫРАнын бул сөздөрүндө окуучусунун ийгилигин өзүнүкүндөй кабыл алган педагогдун мүнөзү жатат. Олимпиададан орун ала албай калууну ал баланын жөндөмсүздүгү катары кабыл албайт. Тескерисинче, даярдык учурунда окуучу канча нерсени үйрөнгөнүнө, кандай тажрыйба топтогонуна, алдыдагы максатына канчалык жакындаганына карайт.

Бүбүжамал эженин иш тажрыйбасы олимпиадалардын маанисин медаль же диплом менен гана өлчөөгө болбой турганын көрсөтөт. Олимпиадага даярданган бала өз алдынча изденүүгө, татаал тапшырмаларды аткарууга, убактысын туура пайдаланууга үйрөнөт. Илимге кызыгуусу артып, өзүнө болгон ишеними бекемделет. Эң негизгиси, келечектеги кесибин тандоого багыт алат.

Мугалимдин айтымында, химияга кызыккан, олимпиадаларга даярданган окуучулары Жалпы республикалык тест тапшырууда химия боюнча предметтик тестинен 60тан жогору, айрымдары 80–90 упайга чейин алып жүрүшөт. Жыл сайын бирден-экиден окуучусу медициналык жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына өтөт. Мугалим үчүн бул да олимпиададагы жеңиштен кем эмес жыйынтык.

Айыл мектебинин дагы бир артыкчылыгы — окуучунун жергиликтүү турмуш менен тыгыз байланышта чоңоюшу. Айыл чарбасына аралашкан, жер иштетүүнү, мал багууну көрүп өскөн бала табияттагы көптөгөн кубулуштарга күн сайын күбө болот. Мугалим ошол турмуштук тажрыйбаны сабак менен айкалыштыра алса, химиянын да, биологиянын да маанисин түшүндүрүү кыйла жеңилдейт.

Жер семирткичтердин пайдасы менен зыяны, азык-түлүктүн курамы, экология, дары-дармектердин касиеттери, тиричиликте колдонулган заттар — мунун баары айылдык окуучуга да жакын темалар. Бала алган билиминин турмушта кайсы жерде кереги тиерин түшүнгөндө, предметке болгон мамилеси да өзгөрөт. Химия баа алуу үчүн гана окула турган сабак болбой калат.

Бүгүн өлкөнүн билим берүү системасы чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Он эки жылдык билим берүү моделине өтүү, окутуунун мазмунун жаңылоо, санариптик технологияларды кеңири колдонуу мугалимдин өзүнө да жаңы талаптарды коюуда. Кырк эки жылдан бери мектепте иштеген Бүбүжамал Абыканова бул өзгөрүүлөрдү сырттан карап турган жок. Кесиптештери менен кошо окуп, жаңы методдорду өздөштүрүп, заманбап технологияларды пайдаланууну үйрөнүүдө.

«Алтын Казык» программасынын алкагындагы окутуулардан тышкары, өз алдынча онлайн курстарга катталып, билимин өркүндөтүп келет. Анын айтымында, «Санарип мугалим» онлайн курсунун жыйынтыгы менен 25 мугалим Алматы жана Астана шаарларына барып келишкен. Нарын облусунан 20 STEM мугалими англис тили боюнча окутуудан өтүшкөн. Табигый илимдерге тиешелүү англисче терминдерди түшүнүү, башка тилдеги маалыматтык ресурстарды пайдалануу химия мугалимдери үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Бир кезде коңшу мектептерден реактив издеп жүргөн Бүбүжамал эже азыр ChatGPT, Gemini сыяктуу жасалма интеллект каражаттарын колдонуп, санариптик билим берүү ресурстарын пайдаланып калды. Мамлекет тарабынан берилген «Алтын Казык» ноутбугундагы санарип кампа, даяр окуу материалдары, онлайн жана офлайн курстар мугалимдин ишин кыйла жеңилдеткен.

Жоробек Сатылганов атындагы мектептин материалдык-техникалык базасында да жылыштар бар. «Нама» фондунун демөөрчүлүгү менен кабинеттерге ноутбуктар берилген. Учурда окуу кабинеттери компьютерлер, проекторлор менен жабдылган. Мектепте эки интерактивдүү панель бар. Мурдагы окуучулары да мектебин унутпай, экран алып берип, колдон келген жардамдарын көрсөтүп турушат. Интернет байланышы үзгүлтүккө учураганда мугалимдер телефон аркылуу интернетке чыгып, сабагын улантууга аракет кылышат.

Албетте, санариптештирүү химия сабагындагы бардык көйгөйлөрдү чечип салбайт. Виртуалдык лабораториянын мүмкүнчүлүгү канчалык кеңири болбосун, чыныгы лабораториялык жабдууларга болгон муктаждык жоголбойт. Бүбүжамал эженин химия кабинетинде азыр оңдоо иштери жүрүп жатат. Кабинетин заманбап талаптарга ылайык жасалгалоону пландап, жаңы лабораториялык жабдууларга да буйрутма беришиптир. Алар келгенде практикалык сабактарды өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгү дагы кеңеймекчи.

Бул жерде он эки жылдык билим берүү системасына өтүүнүн маанилүү бир жагы көрүнөт. Реформанын натыйжасы жаңы стандарттардын, окуу программаларынын кабыл алынышынан гана көз каранды эмес. Анын ийгилиги ошол өзгөрүүлөрдү күн сайын класста ишке ашыра турган мугалимдин даярдыгына да байланыштуу. Айылдагы химия мугалиминин жаңы технологияны үйрөнүп, сабак өтүүнүн жаңы жолдорун издеп, кабинетин жаңылоого аракет кылып жатышы — реформанын мектептеги күнүмдүк турмуштан көрүнгөн белгиси.

Кырк эки жылдык эмгек жолунда Бүбүжамал Абыканова канча окуучу окутканын, алардын канчасы кайсы кесипти тандаганын атайын эсептеп көрбөптүр. Бирок турмуштун өзү ага эмгегинин жыйынтыгын улам көрсөтүп турат. Ооруканага барса, бир кезде өзүнөн сабак алган кыздарына жолугат. Шаардагы медициналык мекемелерден да окуучуларын кезиктирет. Айылдарда иштеп жүргөн медайымдары, ветеринарлары, агрономдору бар. Айрым окуучулары илимий иштер менен алектенишет.

Ал эми беш-алты окуучусу өзүнүн жолун жолдоп, химия мугалими болуптур. Алардын «Сизге таасирленип ушул кесипти тандадым» деген сөздөрү Бүбүжамал эже үчүн өзгөчө кымбат.

Кызыгы, анын өзүнүн мугалимдик кесипти тандоосуна да мектептеги химия жана биология мугалими түрткү болгон эле. Эми минтип өзү дагы бир нече педагогдун кесиптик тагдырына таасир этти. Бир кезде Ракан Жумабековнадан алган таалим азыр анын окуучулары аркылуу башка мектептерде, башка класстарда уланып жатат. Мугалимдин эмгегинин өлчөөсү кыйын болгон эң баалуу жагы да ушунда чыгар.

Бүбүжамал эже жаш кесиптештерине кеп-кеңешин айтканда, биринчи кезекте өз предметин сүйүүгө, сабакка дайыма даярданып кирүүгө, окуучуларды ойлонууга үйрөтүүгө чакырат.

— Мугалимдик жөн эле кесип эмес, өтө чоң жоопкерчилик. Анткени биз адамдын тагдырынын калыптанышына катышабыз. Илим күн сайын өнүгүп жатат. Мугалим кечээги билими менен калбашы керек. Дайыма үйрөнүп, жаңы технологияларды, окутуунун заманбап методдорун өздөштүрүп турушу зарыл. Ар бир окуучунун жөндөмүн байкай билгиле. Сабакты турмуш менен байланыштырып өткүлө. Химия мугалимдерине өзгөчө айтарым — окуучунун коопсуздугун биринчи орунга койгула. Баланын өмүрү, ден соолугу баарынан маанилүү, — дейт ал.

Насаатчылык тууралуу да анын өзүнүн көз карашы бар. Көп жылдык эмгек стажы жаш мугалимдерге үйрөтүүгө укук берет, бирок алардан үйрөнүүгө тоскоол болбошу керек деп эсептейт. Улуу муундагы педагогдордун топтогон тажрыйбасы канчалык баалуу болсо, жаштардын жаңычыл идеялары да ошончолук маанилүү.

— Насаатчылык бир тараптуу үйрөнүү эмес, бул — өз ара үйрөнүү. Жаштар улуулардан тажрыйба алса, биз да алардын жаңы идеяларын кабыл ала билишибиз керек. Анан окуучуга билим берүү менен эле чектелбей, адамкерчиликке, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке, мекенди сүйүүгө тарбиялайлы, — дейт Бүбүжамал Камбарбековна.

Бул жөнөкөй сөздөрдүн артында бүтүндөй педагогикалык философия жатат. Мектептин милдети химиялык формулаларды мыкты билген, тесттен жогорку упай алган окуучуну гана даярдоо эмес. Алган билимин элдин пайдасына жумшай билген, өз ишине жоопкерчиликтүү, адамдык сапаттары бийик инсанды тарбиялоо да мугалимдин мойнунда.

Кырк эки жыл аз убакыт эмес. Ушул мезгил аралыгында өлкө өзгөрдү, билим берүү системасы бир нече жаңыланууну башынан өткөрдү, окуу китептери, программалар, окутуунун ыкмалары алмашты. Мугалимдин бор менен жазган доскасынын жанына интерактивдүү панель келди. Мурда керектүү маалыматты китепканадан издеп тапса, азыр дүйнөлүк билим берүү ресурстарын ноутбук аркылуу пайдалана алат. Бирок Бүбүжамал эженин кесибине болгон мамилеси, окуучусунун келечегине күйгөн сапаты өзгөргөн жок.

Алдыдагы максаты — көп жылдык педагогикалык тажрыйбасын жаңы билим берүү системасынын талаптары менен айкалыштырып, окуучуларга сапаттуу билим берүү, жаш мугалимдерге насаатчылык кылуу. Күчү жеткенче мамлекетке, элге кызмат кыла турган мыкты адистерди тарбиялоону уланткысы келет.

— Мен мугалимдик кесипти тандаганыма эч качан өкүнбөйм. Мен үчүн эң чоң байлык — билим берген окуучуларымдын бүгүн ар кандай кесиптин ээси болуп, элге кызмат кылып жатканы, — дейт ал.

Химияда ар бир заттын өзүнүн формуласы бар. Ал эми мугалимдик ийгиликтин баарына бирдей жарай турган даяр формуласы жок. Аны ар бир педагог өзүнүн эмгеги, изденүүсү, тажрыйбасы менен табат. Бүбүжамал Абыканованын кырк эки жылдык эмгек жолунан анын өз формуласы даана көрүнөт: кесипти сүйүү, баланын жөндөмүнө ишенүү, кыйынчылыкка моюн сунбоо жана канча жыл иштебесин, үйрөнүүдөн тажабоо.

«Ардак» медалы — ошол эмгекке мамлекет тарабынан берилген баа. Ал эми мугалимдин күн сайын турмуштан алып жаткан сыйлыгы башка. Ал — ооруканадан жолуккан дарыгер кызы, айылда эмгектенген ветеринар баласы, бюджеттик орунга өткөнүн сүйүнчүлөгөн бүтүрүүчүсү, өзүнөн таасирленип мектепке мугалим болуп барган окуучусу.

Бүбүжамал эже үчүн кырк эки жылдык эмгектин эң чоң үзүрү да, мугалимдик өмүрдүн эң кымбат сыйлыгы да — ушулар.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү