КЕСИБИН СҮЙГӨН ЗАМАНБАП МУГАЛИМ
- 02.04.2025
- 0
«Мугалим окуучуга кайык эмес, канат бере алат».
К. Д.Ушинский
17 жылдан бери №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде эмгектенип келаткан Чолпон Насырынбекова жаңычыл мугалим.
Чолпон Насырынбекова 1985-жылы 8-февралда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин химия жана химтехнология факультетине тапшырып, 3-курсту аяктаган соң, которуу жолу менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетин ийгиликтүү аяктап, биология жана химия мугалими кесибине ээ болгон.
2008-жылдын декабрынан тартып ал №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин өспүрүмдөр уюмунун жетекчиси болуп дайындалган. 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап биология мугалими болуп эмгектенип келе жатат.
Биология предметин окутуудагы негизги проблема – биологиялык билим ар бир адам баласынын жаратылышка, коомго, өзүнө болгон мамилелердин маданиятынын негизин түзөт. Андыктан өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө жаңы инновациялык технологияларды, усулдарды, STEM-билим берүү ыкмасын колдонуп, замандын талабына ылайык, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууда күн сайын жаңылануу менен келечек муундарга татыктуу тарбия-билим берип келүүдө.
Ч.Насырынбекова 2019-2022-жж. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин “Табигый илимдик билим берүү” багыты боюнча кесиптин ээси болгон.
Элеттик мугалим бардык ишке жоопкерчилик жана чыгармачылык менен мамиле жасайт. Өзүн ар тараптан өнүктүрүүдө. “ Мугалим — кесиби боюнча окутуучу, жүрөгү боюнча тарбиячы, жан дүйнөсү боюнча дем берүүчү”.
2020-2021-окуу жылында биология предмети боюнча райондук олимпиадалык деңгээлдин 2-турунда ал окуткан 10-класстын окуучусу Максатбекова Айгерим 2-орунду камсыз кылып, облустук турга катышып келген. 2022-2023-окуу жылында олимпиаданын райондук этабынын 2-турунда 10- класстын окуучусу Алтынбекова Шаазат 3-орунга ээ болду.
Өз кесибин сүйгөн мугалим 2020-жылы “Химия предметин окутуунун теориясы жана методикасы” программасы боюнча 72 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттөгү дасыгууну жогорулатуу курсунан өттү. Ушщул эле жылы “ Биология предметин окутуунун теориясы жана методикасы” боюнча 72 сааттык курсун аяктады. Ошондой эле квалификацияны жогорулатуу тууралуу “7-11- класстар үчүн билим берүүдөгү математика жана табигый илимдер тармагындагы предметтик стандарттары” боюнча кыска мөөнөттүү курсунан өттү.
2022-жылы “Туруктуу өнүгүү максатында негизги компетенцияларын калыптандыруу” программасы боюнча72 көлөмдөгү кыска мөөнөттүк жогорулатуу курсун аяктаса, 2023-жылы “Жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу жана баалоо” программасы боюнча 72 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттөгү дасыгууну жогорулатуу курсунан өтсө, 2023-жылы “Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM-билим берүүнүн негиздери” программасы боюнча 72 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттөгү дасыгууну жогорулатуу курсунан өттү.
Ч.Насырынбекованын эмгеги жерде калган жок. Ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин артынан ал мекеме-уюмдардын алкышына жана сыйлыгына татыктуу болду. Алсак, биздин каарман 2018-2019-окуу жылы ГЭФ-БУУӨПтүн “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн биоартүрдүүлүктү жана токой ресурстарын сактоо” долбоору колдоого алган “Парктар маршы” акциясынын жумалыгында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын грамотасы менен сыйланган 2021-жылы Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланса, 2022-окуу жылында Тогуз-Торо райондук Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.
2023-жылы Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн билим берүүгө кошкон салымы, окутуу-тарбиялоо ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн Ардак грамотасы тапшырылган. Ал эми
2024-жылы «USAID”дин “Окуу керемет” долбоору тарабынан уюштурулган “Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!” аттуу конкурсунда “Баш байгени” алгандыгы үчүн мектеп директорунун грамотасы менен сыйланган.
Чолпон эжей өз кесибин, окуучуларын сүйгөн мыкты мугалим экенин кесиптештери айтып келет. Анын адамгерчилигинин бийиктиги окуучуларды өзүнө тартып турат. Ал дайыма сапаттуу билим берүү үчүн дайыма изденип, чыгармачылык жөндөмүн өркүндөтүп, жаңычылык ыкмаларды пайдаланып сабак өтөт.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»
ӨСҮМДҮКТҮН ТАМЫРЫ АРКЫЛУУ АЗЫКТАНУУСУ ЖАНА ДЕМ АЛУУСУ
(Биология, 6-“а” классы)
Максаты: Окуучулар өсүмдүктүн тамыры аркылуу дем алуу жана азыктануу процессин түшүнүшөт.
— Өсүмдүктүн тамырынын функцияларын изилдөө жана аныктоо.
— Өсүмдүктүн адамдардын жашоосу үчүн тийгизген таасири.
Көндүмдөр: Байкоо, салыштыруу, изилдөө, гипотеза, баарлашуу, жыйынтык чыгаруу, баалоо.
Ресурстар: Видеоролик, слайд, ватман, көк, кызыл түстөгү сыя маркер, микроскоп
Сабактын жүрүшү:
Сабактын этаптары | Мугалимдин иш-аракети | Окуучунун иш-аракети |
1. Кызыктыруу (шыктандыруу) | Саламдашуу. Окуучулардын сабакка даярдыгын текшерүү. Жагымдуу маанай тартуулоо. Топторго бөлүү. “6 шляпа” ыкмасы менен үй тапшырманы сурап алуу. Слайд 1. 1. Эгер өсүмдүк дем албаса эмне болот деп ойлойсуңар? 2.Топуракты адамдарга эмнеге окшоштуруп айта алабыз? — Келгиле, бүгүн табияттын бул эң маанилүү системаларын түшүнүп, аларды сактоо үчүн эмне кылаарыбызды изилдеп көрөлү. Мугалим: — Сабак үч негизги бөлүктөн турат: 1.Теория — өсүмдүктүн тамыр аркылуу азыктануусу жана дем алуусу. 2. Практика — топуракка адамдардын тийгизген таасирин анализдөө. 3. Жыйынтыктоо — экологиялык жоопкерчилик. | Саламдашышат. Окуу куралдарын даярдашат. Интерактивдүү досканы пайдаланып жүрөкчөлөрдүн ичинде катылган сөздөрдү табышат. 3 топко бөлүнүшөт. Окуучулар суроолорго жооп беришет. Окуучулар экранда табышмактуу сүрөттөрдү жана берилген суроолорго жооп берүү менен бирге сабактын темасын жана максатын аныкташат.
|
2. Изилдөө | Так жана кызыктуу формада видеоролик аркылуу теманы тааныштыруу. 1. Өсүмдүктөр кантип тамыр аркылуу дем алып, азыктанат? 2. Дем алуу процесси эмне үчүн маанилүү? 3. Адамдар өз иштери менен топуракка кандай таасир этет? 4. Ар бир топко тапшырма берилет изилдешет. (Ватман, маркер) Мугалим сабактын ар бир этабында окуучуларга багыт берүүчү болуп саналат. | Окуучулар видеороликти көрүп, тапшырмаларды алышат. Изилдөө учурунда жогоруда аталган көндүмдөрдү эске алуу менен теманы изилдешет. Практикалык тажрыйбаларды жасашат. (Алдын ала даярдалган гүлдөргө изилдөө жүргүзүшөт) Тамырдын түзүлүшүн, түрлөрүн микроскоптон карап жазып чыгышат. Окуучулар өз ойлорун жыйынтыктап, ватманга түшүрүп презентация жасашат.
|
3. Түшүндүрүү | Мугалим окуучулар менен бирдикте теманы талкуулашат. Чагымчыл, жөнөкөй, катмарлуу суроолор берилет. Силер билесинерби, өсүмдүктөрдүн тамырлары 1 гектар жерден бир жылда 10 тонна топурактан азык заттарды соруп чыгат? Эгерде бул система бузулса, өсүмдүк тамаксыз калат. Мугалим слайд менен теманы түшүндүрөт. | Ар бир топ презентация жасап далилдеп беришет.Тажрыйбаларды көрсөтүп беришет. Жасалаган даяр макетке суунун сорулушу боюнча анализ жүргүзүшөт. Кошумча суроолорго жооп беришет. Окуучу өзү да суроо берүүгө милдеттүү. |
4. Тереңдетүү | WordWall/ LerningAPPs платформасында түзүлгөн тапшырмалар берилет. Демек, балдар биз силер менен топурактагы, тамырдагы эритмелердин коюулугунун айырмасы — тамыр басымын пайда кылат. Тамыр басымы суунун тамырдан сабакка агып келишине көмөк көрсөтөт. Себеби улам өйдө жакта эритме коюураак болгондуктан, ал сууну дайыма өзүнө тартат. Суу жана анда эриген заттар, өсүмдүк ширеси сабак аркылуу анын бардык органдарына дайыма таралып турат. Жогоруда тажрыйба көрсөткөндөй, өсүмдүктөрдү жаандан кийин топурак нымга каныккан кезде, кошумча азыктандырган жакшы. Жер семирткичтерди белгилүү өлчөмдө гана чачуу керек. Алардын көп болуп калышы өсүмдүктөрдү зыянга учуратат. Жер семирткичтер өз убагында туура чачылса, айыл чарба өсүмдүктөрүнөн жогорку түшүм алууга болоорун силердин жардамыңар менен изилдеп билип алдык.
| Окуучулар платформада берилген тапшырмаларды аткарышат. Тамырдын аткарган кызматтарын платформа аркылуу түшүнүшөт. |
5. Баалоо | Мугалим окуучулардын өздүк билимин баалоо үчүн Quizizz платформасы менен түзүлгөн тест берилет. Ар бир окуучу топтордо өз билимдерин жекече баалай алышат.
| Окуучулар тесттик тапшырмаларды аткарышат. Билимдерин баалашат жана бири-биринин билимдерин баалашат. |
6. Үй тапшырма | &22, доклад жазып келүү.
| Өсүмдүктөрдүн адамзаттын жашоосунда канчалык маанилүү экендигин тастыктап, доклад жазып келишет. |
Чолпон Насырынбекова, Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин биология мугалими
Комментарийлер