КЕНЖЕ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ БАНГКОКТО БААЛАНДЫ
- 18.11.2026
- 0
Кыргызстанда балдарды бала бакчалары, эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу көрсөткүчү 55 пайыздан ашты. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бангкокто өткөн “Азия-Тынч океан чөлкөмүндө балдарды багуу боюнча сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды өнүктүрүү” аталышындагы эл аралык сессияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министр сессияда билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана ар бир баланын өнүгүүсү үчүн жагымдуу, инклюзивдүү чөйрө түзүү тууралуу айтып берди.
Ал өз сөзүндө мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай формаларын, анын ичинде кыска мөөнөттүү жана үй-бүлөлүк бала бакчаларды өнүктүрүүгө, алыскы аймактарда жашаган балдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, ошондой эле сапаттуу билим алуу шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.
Узак жылдар бою Кыргызстанда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 24–28 пайыздын тегерегинде туруп, негизги көйгөй болуп келгени белгилүү. Расмий маалыматтар боюнча акыркы жылдары Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү тармагында системалуу бурулуш жасалып, үч жаштан беш жашка чейинки балдарды бала бакчалар менен камсыздоо көрсөткүчү 2024-жылдагы 28,3 пайыздан 2026-жылдын күзүнө карата 54 пайызга чейин, т.а. дээрлик эки эсеге өстү. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 80%га жеткирүү стратегиялык максат катары коюлган.
Кыска убакыт аралыгында жаңы ыкмаларды колдонуунун натыйжасында төмөнкүдөй секирик жасалган: Жылдар боюнча алсак, 2024-жылы камтуу деңгээли 28,3 пайызды түзсө, 2025-жылы республика боюнча иштеп жаткан бала бакчалардын саны 2 344кө жетип мурунку жылга салыштырмалуу 347ге көбөйгөн. Жалпысынан алганда бала бакчага 320 миңден ашык бала тартылып, көрсөткүч 51 пайызга чыккан. 2026-жылы жаңы мекемелерди ачуу жана альтернативдүү моделдерди кеңейтүүнүн эсебинен камтуу 54 пайызга жетти. Бала бакчалардагы бош орундарды максаттуу пайдалануу, т.а. оптимизациялоо да өз натыйжасын берди. Бош орундарды оптимизациялоо ыкмасын Бишкек, Нарын шаарларындагы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы бала бакчаларда жигердүү пайдаланышкан. Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Иса кызы Ишенбүбү атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Гүлнара Туйбаева белгилегендей, бала бакчада мектепке чейинки билим берүү тармагын реформалоо, билим берүү мекемелеринин имараттарын туура пайдалануу жана эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү аракеттеринин натыйжасында бала бакчаларга камтуу көрсөткүчүн 83 пайызга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Ал айткандай эле райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде уктоочу бөлмөлөрдү жана ички мейкиндикти эффективдүү пайдалануу аркылуу балдарды бакчага камтуу деңгээли жогорулаган. Бул ыкманын негизги артыкчылыктары: бөлмөлөрдү туура трансформациялоо, мекемелердеги уктоочу бөлмөлөрдүн аянтын күндүзгү иш-чараларга жана өнүктүрүүчү оюндарга ылайыктап оптимизациялоо аркылуу кошумча имарат курууну күтпөстөн, ички ресурстардын эсебинен кезекте турган балдарды бош орундар менен камсыздоого болот.
Жогорку көрсөткүчкө жетишүүгө өкмөттүк акселераторлор программасы жана үй тибинде ачылган бала бакчалар да өз салымын кошту. Жаңы имараттарды куруу көп убакытты жана ири каражатты талап кылгандыктан, мамлекет бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга багытталган “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке киргизди. Мурда бюрократиялык ыкмаларга жык толгон лицензиялоону жөнөкөйлөтүү менен үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу үчүн санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптар жеңилдетилип, ишкерлерге жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарында бакча ачууга уруксат берилди.
Салыктык жеңилдиктер берилгени жана насыялоо ыкмасынын киргизилиши да үй тибиндеги бакча ачкан жеке ишкерлерге кеңири жол ачты. Мамлекеттик банктар аркылуу бала бакчаларды куруу жана реконструкциялоо үчүн 10 млн сомдон 70 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Натыйжада прорамманын алкагында өлкө боюнча 257ден ашык үй тибиндеги бала бакча ачылып, өзгөчө ири шаарлардын жаңы конуштарындагы кезек күтүү маселесин жеңилдетүүгө өбөлгө түздү.
Аймактардагы жана айыл жергесиндеги балдарды ыкчам камтуу үчүн толук күндүк бакчалардын ордуна үч сааттык кыска мөөнөттүү жамааттык бала бакчалар жана эрте өнүктүрүү борборлору түзүлдү.

Натыйжада Дүйнөлүк банк жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен республика боюнча 560 кыска мөөнөттүү бала бакча жана 60 эрте курактан өнүктүрүү борбору ачылып, алар аркылуу 32-40 миң бала мектепке чейинки кошумча билимге тартылды. Мындан тышкары, иштеп жаткан 570 мамлекеттик бала бакчада уктоочу бөлмөлөрдү окуу-өнүктүрүү мейкиндигине айлантуу (трансформациялоо) ыкмасы колдонулуп, кошумча 985 тайпа ачылды жана 25 600дөн ашуун бала кабыл алынды.
Жеке секторду өнүктүрүү жана социалдык жактан аялуу катмарды колдоо максатында “Балалык” автоматташтырылган маалымат платформасы жана ваучердик каржылоо механизми киргизилди.
Жеке сектордун үлүшүнө токтолсок, өлкөдөгү 2 344 бала бакчанын ичинен 490 бала бакча — жеке менчик бала бакчалар. Алардын 258и мамлекеттик ваучердик системага расмий катталган. Ваучердик колдоо демекчи, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жеке бакчага баруусу үчүн мамлекет тарабынан ай сайын 2 000 сомдон 4 560 сомго чейин компенсация (ваучер) төлөнөт.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги санариптештирүү системасынын жардамы менен электрондук кезекке туруу, ваучер алуу жана менчигинин түрүнө карабастан бардык бакчалардын бирдиктүү реестри balalyk.edu.gov.kg системасында жүргүзүлүп, коррупциялык тобокелдиктер кыскартылды.
Альтернативдүү жолдордон тышкары, 1990-жылдары мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча имараттарын мамлекетке кайтаруу иштери күчөтүлдү (мисалы, 2025-жылы эле 25 имарат баштапкы багыты боюнча кайтарылган). Ошондой эле мамлекеттик бюджеттин эсебинен жыл сайын ондогон жаңы типтүү бала бакчалар курулуп, пайдаланууга берилүүдө.
Кыскасы, Кыргызстандагы кенже курактагы балдарды бакча менен камтуунун 55 пайызга жетиши — бул жалаң гана жаңы имараттарды куруунун эмес, жогоруда белгиленгендей, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү активдештирүүнүн, кыска мөөнөттүү моделдерди киргизүүнүн жана ваучердик каржылоо аркылуу каражатты “баланын артынан” багыттоонун жыйынтыгы болуп саналат.

Д.Кендирбаева ченемдик стандарттарды өркүндөтүү, педагогикалык кадрларды даярдоо, инклюзивдүү ыкмаларды киргизүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн санариптик чечимдерди колдонуу тажрыйбасы менен да бөлүшүп, үй-бүлөлөрдү колдоо, ата-энелердин жоопкерчилиги жана балдарды эрте өнүктүрүү системасына жеке сектордун катышуусу маселелерине да токтолду.
Министр ошондой эле балдарды багуу боюнча жеткиликтүү кызматтардын социалдык-экономикалык маанисин белгилеп, мындай кызматтар аялдардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтты.
Сессияда аялдардын эмгек миграциясы маселелери көтөрүлүп, өлкө ичинде жумуш орундарын түзүүнүн, аялдардын социалдык ишкердигин колдоонун жана гендердик насыялоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн зарылдыгы жөнүндө кеңири сөз болду. Бул чаралар аялдарга кесиптик ишмердүүлүгүн үй-бүлөлүк милдеттери менен айкалыштырып, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга кошумча шарт түзмөкчү.
Сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын, Кук аралдарынын, Филиппиндин жана Вануатунун өкүлдөрү балдарды багуу боюнча сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана адистерди даярдоо боюнча улуттук тажрыйбалары жана ыкмалары менен бөлүштү.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”