КЕЛЕЧЕКТИН ТЕХНОЛОГИЯСЫ: ШКУ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН АКАДЕМИКТЕРИ БИШКЕКТЕ
- 10.07.2026
- 0
Борборубузда кечээ жакында Кыргызстан эл аралык университети, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы жана Сиань Цзяотун университети тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жашыл энергетика боюнча академиктеринин III Форуму болуп өттү.
Форумдун алкагында узак мөөнөттүү стратегиялык мааниге ээ болгон демилгелер ишке ашырылды: «Таза энергия жана энергияны сактоо» кыргыз-кытай биргелешкен лабораториясы ачылды, «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында энергияны үнөмдөө жана энергияны сактоо тармагындагы адистерди даярдоо боюнча демонстрациялык борбор түзүлдү.
Форум аймактагы актуалдуу экологиялык жана энергетикалык чакырыктарды талкуулап, бирдиктүү илимий чечимдерди издеген башкы интеллектуалдык аянтчага айланды. Бул жолугушуу жөн гана пикир алмашуу эмес, ШКУ мейкиндигиндеги илимий элитанын башын бириктирип, таза энергетика чөйрөсүнө жаңы инновацияларды киргизүүнү максат кылат. Сиань Цзяотун университетинин президенти Чжань Лицюнь белгилегендей: «Бул иш-чара билим берүү жана биргелешкен илимий изилдөөлөр тармагына чоң секирик жасаганга өбөлгө түзөт. Форум илимий ачылыштарды жана инновацияларды иш жүзүндө жайылтууга зор мүмкүнчүлүк берет». Форумда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да иш-чаранын маанилүүлүгүн жогору баалашты. Министрлер Кабинетинин жана тармактык министрликтердин жетекчилери өз сөздөрүндө «жашыл» энергетика куру кыял эмес, мектептердин, ооруканалардын коопсуздугу, жаңы жумуш орундары жана аймактарды өнүктүрүү менен түз байланыштуу экенин баса белгилешти. Илимий идеялар лабораториядан инженердик чечимдерге, ал эми окуу аудиторияларынан реалдуу өндүрүшкө чейинки жолду өтүшү керектиги ортого салынды.
«Жашыл» өткөөлдүн тоскоолдуктары жана тобокелдиктери туурасында да ар тараптуу анлизге алынган баяндамалар жасалды. Форумдун катышуучулары негизги басымды куру мактоого эмес, тармактын реалдуу көйгөйлөрүн талдоого жумшашты. Бул багытта КЭУнун Академиялык консорциумунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, академик Асылбек Айдаралиевдин жасаган илимий баяндамасы өзгөчө талкуу жаратты. Ал Кыргызстандын мисалында «жашыл» энергетикага өтүүдөгү көмүскө калган кооптуу тобокелдиктерди жана чечилбеген стратегиялык маселелерди ачык ортого салды.
ШКУ академиктеринин III Форумунан ыраазычылык кат
Форумду өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы, Сиань Цзяотун университетинин Кытай менен Борбордук Азия ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жумушчу кеңешинин Башкы катчысы Ушурова София Рамазановна Кыргызстан эл аралык университетинин Уюштуруу комитетинин дарегине төмөнкүдөй ыраазычылык катын жөнөткөн:
Урматтуу Асылбек Акматбекович
Айдаралиев, кымбаттуу кыргыз кесиптештер!
Бул саптарды жүрөгүмдөгү өзгөчө бир жылуулук менен жазып жатам. Бүткүл кытай делегациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, чексиз меймандостугуңуздар жана Академиктер форуму учурунда бизге көрсөткөн жылуу мамилеңиздер үчүн чын жүрөктөн, жан дүйнөмдөн чыккан «рахматты» айткым келет.
Биз сиздер менен бирге даярдыктын оңой эмес жолун басып өттүк. Ооба, тилдик тоскоолдуктар, түшүнбөстүктөр жана жашырганда эмне, жумуш учурундагы кыйынчылыктар да болду. Бирок билесиздерби, менин эсимде эмне калды? Тоскоолдуктар эмес, сиздердин жылмаюуңуздар, чексиз чыдамкайлыгыңыздар жана кандай гана тилдик же маданий чек аралар болбосун жеңип, жалпы иш жасап жаткандагы таң калаарлык биримдик сезими калды. Сиздердин жан дүйнөңүздөрдүн кенендиги жана оптимизмиңиздердин аркасында гана биздин Форум жогорку деңгээлдеги ийгиликтүү иш-чара гана болбостон, илимдин, ак ниеттиктин жана достуктун чыныгы майрамына айланды!
Мен келечекке кубаныч жана жаркын ишеним менен карайм, ошондой эле биздин достугубуз менен кызматташтыгыбыз мындан ары да чыңдалып, алдыда бизди дагы көптөгөн сонун, шыктандыруучу долбоорлор күтүп турат деп чын жүрөктөн ишенем.
Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чын жүрөктөн бекем ден соолук, сарпталгыс күч-кубат жана жөнөкөй адамдык бакыт каалайм. Үйүңүздөрдө ар дайым кут-береке, балдардын күлкүсү жана сүйүү өкүм сүрүп, ар бир жаңы күн бир гана жакшы жаңылыктарды алып келсин!
Эң жылуу сезимдер жана тез арада жолугушуу үмүтү менен, кытай делегациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан, София Ушурова.
Көрүнүп тургандай, чын дилден жөнөтүлгөн ыраазычылык кат форумдун өз максатына жеткендигинен толук кабар берип турат. Иш-чарада ондогон академиктер жана 100дөн ашык окумуштуулар тарабынан даярдалып жаткан «ШКУ өлкөлөрүндөгү жашыл энергетика: стратегиялар, жөнгө салуу жана келечеги» аттуу фундаменталдык илимий эмгектин алгачкы жамааттык монографиясы сунушталды. Орус жана кытай тилдеринде жарык көрө турган бул китеп илимпоздор менен тармактык адистер үчүн бирдиктүү илимий тилди калыптандырууга кызмат кылат. Бишкек форуму көрсөткөндөй, Кыргызстан ШКУ мейкиндигинде жөн гана эл аралык жыйындарды өткөрүүчү жай эмес, Борбордук Азиядагы ачык илимий-билим берүүчүлүк аянтчага айланууга толук кудурети жетет. Эми илимпоздор сунуштаган заманбап технологиялык чечимдерди мамлекеттик жана инвестициялык деңгээлде колдоого алып, иш жүзүнө ашыруу милдети турат. Форум аяктагандан кийин кытайлык делегация академик А.Айдаралиевге жана Кыргызстан эл аралык университетинин жамаатына иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
М.ТОКТОРОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер