КЕЛЕЧЕКТИ КЕСИПКӨЙ АДИСТЕР МЕНЕН КУРАБЫЗ

  • 19.11.2021
  • 0

Расул ӨКҮМАЛИЕВ – мугалим, журналист. Бишкектеги К.Карасаев атындагы БМУнун бүтүрүүчүсү, аспиранты, Кувейт эл аралык университетинин окутуучусу, “Брайт” эл аралык мектебинин мугалими. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арчалы айылында туулган. Эки кесиптин ээси. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

КЕЛЕЧЕКТИ КЕСИПКӨЙ АДИСТЕР МЕНЕН КУРАБЫЗ

Расул ӨКҮМАЛИЕВдин мектеп окуучуларына, алардын ата-энелерине, лидер жаштарга жана студенттерге арналган медиа долбоорлору:

— “Жеткинчек KG”

— “Жаштар KG”

— Студент KG” гезиттери;

— “Медиа-менеджмент”

— “Тегирмен”

— “Ата-энелер институту” долбоорлору.

Долбоорлордун артыкчылыгы: бала тарбиялоодо мектеп мугалимдери менен ата-энелердин кызматташтыгын бекемдөө, элеттен келген студенттерге ар тараптан колдоо көрсөтүү.

КЕЛЕЧЕКТИ КЕСИПКӨЙ АДИСТЕР МЕНЕН КУРАБЫЗ

Мен эмне үчүн депутат болгум келет

Бүгүнкү зымырык куштай сызып учкан заманда бүгүнкү жаңылык эртең тарых болгон, санарип ааламында, баарыбыз ааламдашуу доорунда жашап жатканыбыз менен жан дүйнөбүз ички маданиятыбыз бөксөрүп баратканын сезип жатабызбы? Мына, биз кечээ эле мугалимди аалым тутуп, алдынан кыя өтпөй келсек, бат эле байкуш мугалим, карапайым мугалимге айландырдык. Мен да мугалиммин, бирок мен бирөөгө көз каранды, карапайым мугалимдин катарында эмес, өзүмдү жаратман мугалимдердин катарында көргүм келет.

Мен элдин трибунасы болгон Жогорку Кеңештин трибунасында элдин мүдөөсүн бийликке жеткирген билимдүү депутаттардын катарында болгум келет. Мен чыныгы эл өкүлдөрү аталган, элдин таламын талашкан, элдин бакубат жашоосун камсыз кыла турган мыйзам чыгаруучу депутат болгум келет!

Менин алдыга койгон максаттарым

Мен жакынкы келечекте “Мугалим – мектеп – ата-эне” үчилтигин ишке ашыруучу мугалим депутат болууну максат койдум. Биз мугалимдер – жаңы муунга билим берүүчү болсок, силер – ата-энелер – аларды жаратуучу, тарбиялоочусуңар. Ушул жерден мугалим — ата-эне – окуучу үчилтиги жаралат. Мугалимди сыноочу эмес, сыйлоочулардан бололу, урматтуу ата-энелер, себеби ар бирибиз ата-энебиз, ар бирибизде бала бар. Мугалимдерге оппозиция эмес, өнөктөш, жардамдаш болуңуздар деп кайрылгым келет, себеби – максатыбыз бир, ал – Кыргызстандын билимдүү, дени сак, мекенчил, таалим-тарбиялуу, ыймандуу адамдарын тарбиялоо! Мен агартуучу катары билим берүү түзүмү практика менен айкалыштырылып иштөөсүн камсыз кылган мыйзам жаратуучу депутат болгум келет. Мен жаштардын алган билими өзүбүздүн өлкөбүздү гүлдөтүп-өстүрүүгө салым кошконун көргүм келет.

КЕЛЕЧЕКТИ КЕСИПКӨЙ АДИСТЕР МЕНЕН КУРАБЫЗ

Биздин баалуулуктарыбыз кандай болушу керек

Азыр заман башка, мурдагыдай жамбаштап жатып алып асмандагы айды эңсеп, же президентти, депутаттарды сындап жата берген доордон өттүк. Биз башка муундун өкүлүбүз. Жогорку Кеңешке билимдүү, жаңычыл, жаратман депутаттар керек. Өңгөнү карап өнүгөлү, өсөлү! Кыргызстанды өнүктүрөлү! Ал үчүн Америка ачыштын кереги жок, жадагалса, китепканага барыштын да кереги жок, дүйнөлүк маалыматтын баары алаканыбызда. Ошол эбегейсиз көп маалыматты иргеп, пайдалуусун пайдаланганды үйрөнөлү. Балдарыбызга да ошону үйрөтөлү. Коомго чогуу-чаран сиздер менен бирге жаңы муундун өкүлдөрүн тарбиялайлы! Курсакты тойгузган оңой, жан дүйнөнү азыктандыруу кыйын. Балдарыбызды эмне үчүн түшүнбөй жатабыз? Себеби алар кызыккан, алар билген нерселерди билбей, алардан артта калып жатабыз.

Баланы бала бакчадан баштап тарбиялоо, билимине инвестициялоо керек. Ал түгүл ушуга далалат кылган мыйзамдарды иштеп чыгуу шарт.

Орус элинин улуу жазуучусу Фёдор Достоевскийдин мындай деп жазганы бар: “Апам бизге дайыма “Атаң үйгө келгенде жүзүнө карап жылмайгыла, себеби үйдөгү абалга караганда, сырткы дүйнө кыйраткыч келет, атаңарды кыйратып коюшу мүмкүн” дечү эле. Эне бизди тогуз ай курсакта көтөрсө, ата бизди өмүр бою көтөрүп жүрөт экен… Эне бизди ачка болбосун деп кам көрсө, ата бизди ачка калбаштын жолун үйрөтөт экен… Энелик сүйүү төрөлгөндөн башталса, атанын сүйүүсүн сен өзүң ата болгондон кийин билет экенсиң”.

КЕЛЕЧЕКТИ КЕСИПКӨЙ АДИСТЕР МЕНЕН КУРАБЫЗ

Сындаган оңой. Балдарыбызды сындап, урушпай, алардын ички дүйнөсүнө үңүлүп, туура түшүнгөндү, туура багыт бергенди үйрөнөлү. Келгиле, ар бирибиз колубуздан келген ишти аткаралы, мугалимдер балдарды окутушсун, ал эми силер ар бириңер ата-энесиңер, ата болгондор аталык милдетибизди аткаралы, эне болгондор энелик вазийпабызды аткаралы. Күнүгө кайсы саясатчы кай жерде эмне деди, кайсы ырчы кайсы тойго кандай көйнөк кийип барды деген ызы-чуу, ушак-айыңдарды көрбөй, пайдалуу тасмаларды көрүп, дүйнө таануубузду кеңейтпейлиби?! Көркөм китеп окубайлыбы, улуу ойчулдардын жазганын үйрөнүп, билбейлиби?!

Бул өтө баалуу, пайдалуу, бирок ашыкча бир тыйын талап кылбаган иш. Мен азыр Кыргызстандын экономикасын көтөрөлү, мугалимдердин, догдурлардын айлыгын көтөрөлү деген эң популярдуу сөздөрдү айтып, башыңарды айланткым келбейт. Менин айтаарым эң жөнөкөй – жаңыланууну, жаратман болууну өзүбүздөн баштайлы, майда деп маани бербей жүргөн иштен баштайлы дегим келет. Сөздөн ишке өтөлү. Бул баарыбыздын колубуздан келет!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер