«КЕЛЕЧЕК ОЮНДАРЫ»: СПОРТ МЕНЕН ИНТЕЛЛЕКТТИН ЖАҢЫ ДООРУ
- 30.07.2026
- 0

Астанада жаңы доордун символуна айланган мелдеш старт алды
2026-жылдын 29-июлунда Казакстандын борбору Астанада дүйнөнүн көңүлүн бурган ири эл аралык мелдеш – «Келечек оюндары» (Future Games) салтанаттуу түрдө ачылды. «Барыс Аренада» өткөн ачылыш аземине Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон катышып, бул оюндардын эл аралык маанисин дагы бир жолу тастыктады.
Бул жөн гана кезектеги спорттук мелдеш эмес. Бул – адамзаттын технологиялык өнүгүүсү менен салттуу спорттун айкалышынан жаралган жаңы доордун көрүнүшү. Бүгүн дүйнө өзгөрүп жатат. Ошол өзгөрүүлөр менен кошо спорт дагы жаңы нукка түшүүдө.
Спорттун жаңы философиясы
«Келечек оюндары» – физикалык күч менен санариптик интеллекттин өзгөчө айкалышы болгон фиджитал спорттун эң ири эл аралык мелдеши.
«Фиджитал» аталышы англис тилиндеги physical (физикалык) жана digital (санариптик) деген эки сөздөн куралган. Анын маңызы жөнөкөй: спортчу алгач оюнду виртуалдык мейкиндикте өткөрөт, андан кийин ошол эле таймашты реалдуу спорттук аянтчада улантат. Акыркы жыйынтык эки баскычтагы көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат.
Мындай система спортчудан күчтү гана эмес, аналитикалык ой жүгүртүүнү, тактикалык чечим кабыл алууну, технологияларды мыкты өздөштүрүүнү жана жогорку интеллектуалдык даярдыкты талап кылат.
Ошондуктан бул оюндардын негизги өзгөчөлүгү – дене күчү менен акылдын биримдиги.
Астана – дүйнөлүк фиджитал кыймылынын борборунда
Астанадагы оюндарга дүйнөнүн 34 мамлекетинен 800дөн ашуун спортчу катышууда. Алар 29-июлдан 9-августка чейин сегиз фиджитал дисциплинасы боюнча күч сынашат.
Алардын катарына:
- фиджитал-футбол;
- фиджитал-баскетбол;
- фиджитал-жеке таймаш өнөрү;
- фиджитал-шутер;
- фиджитал-бий;
- Dota 2;
- Mobile Legends: Bang Bang;
- PUBG: Battlegrounds кирет.
Мелдештин жалпы байге фонду 4,65 миллион АКШ долларын түзөт. Бул дагы жаңы форматтагы спорттун дүйнөдө канчалык тез өнүгүп жатканын көрсөтөт.
Токаев: «Бул – спорт менен интеллекттин биримдиги»
Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бул оюндардын философиясына өзгөчө токтолду.
Анын айтымында, «Келечек оюндары» – спорт менен интеллекттин айкалышы, физикалык күч менен интеллектуалдык мүмкүнчүлүктүн атаандаштыгы.
Президенттин белгилешинче, бул эки сапат бири-бирине каршы келбейт. Тескерисинче, бири-бирин толуктап, адамзаттын тынчтыкка, прогресске жана гармонияга умтулган келечегин символдоштурат.
Бул ойдун артында терең философия жатат. XXI кылымда чемпион болуу үчүн күчтүү булчуң жетишсиз. Санарип дүйнөсүн түшүнгөн, маалымат менен иштей алган, тез чечим кабыл алган жана жаңы технологияларды өздөштүргөн спортчу гана ийгиликке, бийиктиктерге жетет.
Санарип доорунун спорту
Бүгүн дүйнө Жасалма Интеллект, робототехника жана виртуалдык технологиялар дооруна кадам таштады.
Мындай шартта спорт дагы өзгөрүүдө. Казакстан бул багытты мамлекеттик деңгээлде колдоп келет. Өлкөдө Санарип кодекси кабыл алынып, Жасалма Интеллект жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. 2026-жыл өлкөдө Санариптештирүү жана Жасалма Интеллект жылы деп жарыяланып, AI Sana мамлекеттик программасы аркылуу жүз миңдеген жаштар жаңы технологиялар боюнча билим алып жатышат. Жакынкы мезгилде Астанада Жасалма Интеллект университетинин ачылышы жана нейрон тармактары аркылуу тартылган фильмдердин эл аралык фестивалынын өткөрүлүшү да пландалууда.
Бул кадамдардын баары спорт менен технологиянын ортосундагы байланыш мындан ары дагы күчөй турганын көрсөтөт.
Жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк
Фиджитал спорту эң оболу жаштардын кызыгуусун жаратууда. Бул оюндар компьютердик оюндарга кызыккан өспүрүмдөрдү реалдуу спорт менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Натыйжада алар ден соолугун чыңдап гана тим болбостон, логикалык ой жүгүртүүсүн, реакциясын, команда менен иштөө жөндөмүн жана заманбап технологияларды колдонуу көндүмдөрүн дагы өркүндөтүшөт.
Демек, фиджитал спорт – бул жөн гана көңүл ачуу эмес. Ал келечектеги инженерлерди, программисттерди, аналитиктерди жана жаңы муундагы спортчуларды тарбиялоочу уникалдуу платформа болуп баратат.
Кыргызстан үчүн кандай сабак бар?
Быйылкы оюндарга Кыргызстандын спортчулары катышпай калганы өкүнүчтүү. Коңшу турган өлкөдө өтүп жаткан оюндарга катышуу жаштарды ийгиликтерге шыктандырып, тажрыйба топтоого өбөлгө түзмөк. Кыргызстандык жаштар катышпай калганын негизи себеби Эл аралык же дүйнөлүк фиджитал спорт уюму бул оюндарга катышуу үчүн атайын чакыруу жиберген эместигин, 2026-жылдын спорттук календарлык планына дагы кирбей калганын өлкөнүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев билдирди. Ачылышына президент Садыр Жапаров баргандан кийин Кыргыз туусун көтөрүп чыккан делегацияны көрүү кубанычтуу жана жагымдуу болмок. Бирок өлкөбүздөн эл аралык калыстар тобуна өкүлдөрдүн чакырылышы жакшы көрүнүш. Бул оюнга кыргызстандык үч калыс чакырылып, калыстык кылып жатышат.
Бул Кыргызстан дагы дүйнөлүк фиджитал кыймылынан четте калбашы керек деген белги.
Ошондуктан эми улуттук федерацияларды, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт тармагындагы түзүмдөрдү, жогорку окуу жайларын жана IT коомчулугун бириктирип, өлкөдө фиджитал спортту өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу зарыл. Анткени келечектеги дүйнөлүк чемпиондор бүгүнкү мектептерде жана университеттерде тарбияланып жатат.
Келечекке карай чоң кадам
Алгачкы «Келечек оюндары» 2024-жылы Орусиянын Казан шаарында өтүп, жаңы форматтагы спорт дүйнөгө тааныштырылган. 2025-жылы мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөрүлсө, эми эстафетаны Астана кабыл алды.
Бул үч шаарды бириктирген жалпылык – келечекке болгон ишеним.
«Келечек оюндары» дүйнөгө бир чындыкты көрсөттү: спорт эми мурдагыдай эле күчтүүлөрдүн гана таймашы эмес. Ал акылдын, инновациянын жана технологиянын атаандаштыгына айланып бара жатат.
Эртеңки чемпион – бул күчтүү спортчу гана эмес, санарип дүйнөсүн түшүнгөн, жасалма интеллект менен иштей алган, жаңычыл ой жүгүрткөн инсан.
Балким, бүгүн биз фиджитал спортту жаңы көрүнүш катары кабыл алып жаткандырбыз. Бирок убакыттын өтүшү менен ал дүйнөлүк спорттун ажырагыс бөлүгүнө айланары шексиз.
Ошондуктан Астанадагы «Келечек оюндары» – жөн гана мелдеш эмес. Ал XXI кылымдын жаңы спорт маданиятынын, технология менен адам мүмкүнчүлүгүнүн биримдигин даңазалаган тарыхый окуя болуп калмакчы.

Phygital Athlete Participating in the Digital Side of a Phygital Competition
Олимпиада кыймылы жана фиджитал спорт: атаандаш эмес, өнөктөш
Акыркы жылдары айрымдар фиджитал спортту салттуу спорттун атаандашы катары кабыл алып жатышат. Менин оюмча, бул жаңылыш түшүнүк.
Олимпиада кыймылы эки миң жылдан ашуун тарыхы бар адамзаттын эң улуу маданий жана спорттук мурастарынын бири. Ал элдердин достугун, таза атаандаштыкты, тынчтыкты жана адамдын дене мүмкүнчүлүгүнүн чексиздигин даңазалайт. Олимпиада чемпиону болуу үчүн спортчу жылдар бою машыгып, эркин, мүнөзүн жана чыдамкайлыгын тарбиялайт.
Ал эми фиджитал спорт XXI кылымдын жаңы реалдуулугун чагылдырат. Ал жаштарды санарип дүйнөсү менен спорттук аянтчанын ортосундагы көпүрөгө айландырат. Бул жерде күч менен катар интеллект, ыкчам ой жүгүртүү, стратегиялык эсеп жана заманбап технологияларды өздөштүрүү биринчи орунга чыгат.
Ошондуктан бул эки кыймыл бири-бирин жокко чыгарбайт. Тескерисинче, бири экинчисин толуктап турат.
Олимпиада кыймылы адамдын физикалык мүмкүнчүлүгүнүн туу чокусу болсо, фиджитал спорт ошол мүмкүнчүлүккө интеллектуалдык жана технологиялык артыкчылык кошот.
Келечектин чемпиону кандай болот?
Бүгүнкү күндө дүйнөдө чемпиондун жаңы образы калыптанып жатат. Кечээ чемпион күчтүү, ылдам жана чыдамкай болушу керек эле. Бүгүн ал сапаттарга аналитикалык ой жүгүртүү, маалымат менен иштөө, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү, жаңы технологияларды өздөштүрүү жана тез чечим кабыл алуу жөндөмү кошулууда.
Эртең болсо бул талаптар дагы кеңейет. Демек, келечектин чемпиону – бул спорт залында гана эмес, санариптик дүйнөдө да өзүн эркин сезген, билимдүү, чыгармачыл жана инновациялык ой жүгүрткөн инсан болушу зарыл.
Кыргызстан бул багыттан артта калбашы керек
Биз Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, дүйнө чемпионаттарында кыргыз спортчуларынын чоң жеңиштерине күбө болуп келдик. Алар өлкөбүздүн желегин дүйнөлүк ареналарда бийик көтөрүп жүрүшөт.
Эми ошол ийгиликтерге жаңы муундун өкүлдөрү фиджитал спорт аркылуу дагы салым кошо турган мезгил келди.
Бул үчүн мектептерде, университеттерде жана спорт клубдарында заманбап технологиялар менен салттуу спортту айкалыштырган жаңы долбоорлорго көңүл буруу зарыл. Фиджитал борборлорун түзүү, машыктыруучуларды жана калыстарды даярдоо, эл аралык мелдештерге катышуу бүгүнтөн башталышы керек. Анткени ылдам темпте өнүгүп жаткан дүйнөлүк спорт эч кимди күтпөйт.
Спорт – бул эч качан бир орунда турбаган тирүү дүйнө
Адамзаттын тарыхын барактасак, ар бир доор спортко өзүнүн мүнөзүн, философиясын жана жаңы мазмунун алып келгенин көрөбүз. Байыркы Грециядагы Олимпия оюндарынан тартып бүгүнкү күнгө чейинки узак жол адамдын күчүн, эркин, кайратын жана акылын сыноонун тарыхына айланды.
1896-жылы Афинада заманбап Олимпиада оюндары кайра жаралгандан тартып дүйнөлүк спорт жаңы доорго кадам таштады. Олимпиада кыймылы миллиондогон адамдарды бириктирген, мамлекеттерди жакындаткан, элдердин ортосундагы достукту чыңдаган улуу гуманисттик идеяга айланды. Олимпиада чемпиондору рекорддорду гана жаңыртпастан, бүтүндөй муундар үчүн эрктин, мекенчилдиктин жана жеңишке болгон ишенимдин символу болуп келишет.
Бирок дүйнө өзгөрүп жатат. Илим менен технологиянын өнүгүшү, интернеттин пайда болушу, санариптик революция жана жасалма интеллект адамзаттын жашоо образын түп-тамырынан өзгөрткөндөй эле, спорт дүйнөсүн да жаңы нукка бурду.
Эгер кечээ спорттун башкы күчү булчуң менен чыдамкайлык болсо, бүгүн ага аналитикалык ой жүгүртүү, маалыматты иштете билүү, санарип технологияларды өздөштүрүү жана тез чечим кабыл алуу жөндөмү кошулду.
Бул табигый мыйзам ченемдүүлүк.
Спорт коомдон бөлүнүп жашабайт. Коом кандай өзгөрсө, спорт дагы ошондой өзгөрөт.
Он эки Олимпиада оюндарын, алты Азия оюндарын, беш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана дүйнө чемпионаттарын жеринен чагылдырган журналист катары акыркы отуз жылдан ашуун убакытта дүйнөлүк спорттун кандай тездик менен өзгөргөнүнө өз көзүм менен күбө болдум.
Кезинде түстүү телевидение чоң жаңылык болсо, кийин спутниктик берүү, интернет, социалдык тармактар, электрондук хронометраж, VAR системасы, биомеханикалык талдоо жана Жасалма Интеллект спорттун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Кечээ фантастика болуп көрүнгөн технологиялар бүгүн кадимки күнүмдүк көрүнүш болуп калды.
Мына ушундай эволюциянын мыйзам ченемдүү уландысы катары дүйнөдө жаңы түшүнүк – фиджитал спорт жаралды. Бул жөн гана компьютердик оюндардын мелдеши эмес.
Бул – спорттун классикалык баалуулуктарын сактап калуу менен санариптик дүйнөнүн мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган жаңы философия. Фиджитал спорт жаштарды кыймылга, билимге, инновацияга жана чыгармачылык ой жүгүртүүгө үндөйт. Анда жеңишке жетүү үчүн күчтүү дене гана эмес, күчтүү интеллект дагы талап кылынат.
Ошондуктан мен фиджитал спортту Олимпиада кыймылынын атаандашы катары эмес, анын XXI кылымдагы табигый өнөктөшү катары көрөм.
Анткени Олимпиада кыймылы адамдын физикалык мүмкүнчүлүгүн даңазаласа, фиджитал спорт ошол мүмкүнчүлүктү заманбап технология жана интеллект менен жаңы деңгээлге көтөрөт.
Бүгүнкү жаштар дал ушул эки дүйнөнүн — классикалык спорт менен санариптик цивилизациянын кесилишинде жашап жатышат. Алардын келечектеги ийгилиги күчкө, билимге жана инновациялык ой жүгүртүүгө бирдей таянат.
Астанада өтүп жаткан «Келечек оюндары» ушундай жаңы доордун жарчысы болуп калмакчы.
Эң башкысы – бул өзгөрүүлөрдү сырттан карап байкап турбастан, алардын активдүү катышуучусу болуу. Анткени дүйнөлүк спорттун эртеңки тарыхы бүгүн жазылып жатат. Ошол тарыхта Кыргызстандын да өз орду, өз үнү жана өз чемпиондору болушу керек.
Казакстан – ири спорттук мелдештерди өткөрүүнүн Борбор Азиядагы лидери
Астанадагы «Келечек оюндарынын» ийгиликтүү башталышы кокусунан болгон көрүнүш эмес. Бул Казакстандын көп жылдардан бери эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүүдө топтогон тажрыйбасынын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы.
Акыркы он беш жыл ичинде коңшу өлкө дүйнөлүк жана континенттик деңгээлдеги бир катар ири спорттук форумдардын ишенимдүү уюштуруучусу боло алды.
2011-жылы Астана менен Алматы VII Кышкы Азия оюндарын эң жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүп, бүтүндөй Азия коомчулугунун жогору баасына татыган. Жаңы муз сарайлары, лыжа комплекстери жана заманбап спорттук инфратүзүмдөр ошол оюндардын мурасы катары бүгүнкү күнгө чейин кызмат кылып келет.
2017-жылы Алматыда өткөн XXVIII Дүйнөлүк кышкы универсиада да Казакстандын уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу дүйнөгө таанытты. Студенттик спорттун дүйнөлүк майрамына ондогон өлкөлөрдөн миңдеген спортчулар катышып, мелдеш жогорку деңгээлде өткөн.
Казакстан кышкы спорт боюнча дүйнөнүн эң чоң форумун өткөрүүгө да өтө жакын калган. 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарын кабыл алуу укугу үчүн күрөштө Алматы Эл аралык Олимпиада комитетинин финалдык добуш берүүсүндө Бээжинге болгону төрт добуш айырма менен утулуп калган эле. Жеңишке жетпегени менен, ошол талапкерлик Казакстандын спорттук инфраструктурасынын, уюштуруучулук потенциалынын жана эл аралык аброюнун канчалык жогору экенин айгинеледи.
2024-жылы өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да түрк дүйнөсүнүн тарыхын, маданиятын жана улуттук спорт оюндарын дүйнөгө жаңы деңгээлде тааныткан чоң окуя болду. Көчмөн цивилизациясынын мурасын заманбап форматта даңазалаган бул оюндарга дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери катышып, Борбор Азия элдеринин маданий байланышын дагы бекемдеди.
Эми ошол бай тажрыйбанын уландысы катары Астана «Келечек оюндарын» өткөрүү менен дагы бир жолу дүйнөгө жаңы спорттук багыттын ишенимдүү борборлорунун бири экенин көрсөттү.
Бул форумдар бир гана Казакстандын эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын эл аралык кадыр-баркын көтөрүп жатат. Себеби дүйнөлүк деңгээлдеги ар бир мелдеш жаңы спорттук объектилердин курулушуна, адистердин тажрыйбасынын өсүшүнө, жаштардын спортко кызыгуусунун артуусуна жана эл аралык кызматташтыктын кеңейишине өбөлгө түзөт.
Бул тажрыйба Кыргызстан үчүн дагы маанилүү
Биз үчүн коңшу өлкөнүн жетишкендиктерине суктануу эле жетишсиз. Андан сабак алып, мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүү маанилүү.
Кыргызстан дагы акыркы жылдары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп, дүйнөлүк коомчулуктун жогорку баасына ээ болгон. Бул биздин өлкөнүн да ири эл аралык спорттук иш-чараларды уюштурууга жөндөмдүү экенин далилдеген.
Эми жаңы мезгил жаңы замабап чакырыктарды коюуда. Эгер дүйнөлүк спорт фиджитал багытка багыт алып жатса, Кыргызстан бул процесстен четте калбашы керек.
Менимче, келечекте Борбор Азия мамлекеттери классикалык спорт боюнча гана эмес, фиджитал спорт, киберспорт жана санариптик инновациялар багытында дагы биргелешкен мелдештерди өткөрүүгө жетишет. Бул жаштардын ынтымагын чыңдап, аймактагы жаңы технологиялардын өнүгүшүнө жана дүйнөлүк спорттук интеграциянын кеңейишине күчтүү түрткү берет.
Спорт тарыхына көз чаптырсак, ар бир жаңы доор өзүнүн жаңы оюндарын жараткан. Бүгүн ошол тарыхтын дагы бир жаңы барагы ачылып жатат. Аны ким биринчи түшүнүп, ким биринчи колдосо, эртең дүйнөлүк спорттун жаңы ийгиликтерине да ошолор биринчи жетет.
Борбор Азия – дүйнөлүк спорттун жаңы борборуна айланып баратабы?
Акыркы он жылдыкка көз чаптырсак, Борбор Азия дүйнөлүк спорт картасында улам барган сайын көрүнүктүү орунду ээлей баштаганын байкоого болот.
Казакстан Кышкы Азия оюндарын, Дүйнөлүк кышкы универсиаданы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана бүгүнкү «Келечек оюндарын» ийгиликтүү өткөрүү менен эл аралык спорттук форумдардын ишенимдүү уюштуруучусу экенин далилдеди.
Кыргызстан дүйнөгө көчмөн цивилизациясынын улуу маданий жана спорттук мурасын тартуулаган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү аркылуу өзүнүн тарыхын, маданиятын жана улуттук спортунун бай салтын дүйнөгө таанытты.
Өзбекстан болсо акыркы жылдары Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында жана дүйнө чемпионаттарында жетишкен жогорку ийгиликтери менен эл аралык спорттогу жаңы күчкө айланып келе жатат. Өлкөдө ири спорттук комплекстер курулуп, эл аралык мелдештерди өткөрүү боюнча тажрыйба кеңейүүдө.
Тажикстан дагы өзүнүн спорттук инфраструктурасын жаңылап, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
Булардын бардыгы биригип, Борбор Азияны дүйнөлүк спорттун жаңы өсүү чекиттеринин бирине айлантып жатат.
Эң башкысы – мамлекеттер бири-бирин атаандаш катары эмес, өнөктөш катары көрүп жатышат. Спорттун тили жалпыга түшүнүктүү. Ал чек араны тааныбайт. Ал элдерди жакындатат, жаштарды бириктирет жана келечекке ишеним жаратат.
Дүйнөлүк спортта ийгилик кокусунан жаралбайт. Ал узак мөөнөттүү мамлекеттик саясаттын, билимдин, илимдин, заманбап инфраструктуранын жана таланттуу жаштарга болгон ишенимдин натыйжасы.
Бүгүн дүйнө жаңы доорго кадам таштап жатат. Жасалма интеллект, санарип технологиялар жана фиджитал спорт жакынкы жылдары дүйнөлүк спорттун өнүгүү багытын олуттуу өзгөртөрү шексиз.
Демек, келечекте Олимпиада чемпиондору менен бирге фиджитал чемпиондор да дүйнөнүн жаңы каармандарына айланышат.
Ошол чемпиондордун арасында кыргыз жаштарынын болушу – бүгүнкү муундун даярдыгына, мамлекеттин көрөгөч саясатына жана жаштардын билимге, спортко жана инновацияга болгон умтулуусуна байланыштуу.
Мен кыргыз жаштарына бир гана тилек айтат элем: дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн эч качан артта калбагыла. Спорт менен билимди, интеллект менен мекенчилдикти, улуттук баалуулуктар менен заманбап технологияларды айкалыштыра билгиле.
Анткени XXI кылымда күчтүү мамлекетти жараткан күч – бул билимдүү, дени сак, дүйнөгө ачык жана жаңычыл жаштар.
«Келечек оюндары» бизге дал ушул жөнөкөй, бирок өтө маанилүү чындыкты дагы бир жолу эске салды.
Келечек алыста эмес. Келечек бүгүнкү жаштардын ойлорунда, бүгүнкү машыгууларында, бүгүнкү билиминде жана бүгүнкү чечимдеринде жаралып жатат.
Ошондуктан бүгүнкү күндүн эң чоң жеңиши – медаль гана эмес, келечекке даяр болгон жаш муунду тарбиялоо.
Андай муун бар жерде мамлекеттин да, спорттун да, элдин да келечеги кең болот.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорт баяндамачы
Комментарийлер