КЕЧ БҮРДӨП, ЭРТЕ БЫШКАН ЖАЗУУЧУ
- 06.11.2025
- 0
Кыргыз журналистикасына өмүрүн арнап, адабияттын төрүнөн өзүнүн татыктуу ордун табышкан калемгерлер арбын. Саткын Сасыкбаев, Жапар Саатов, Кудайберген Жуманазаров,Таш Мияшев, Абдыжапар Эгембердиев, Абдилаат Дооров, Өмүрбек Дөлөев сыяктуу калемгерлер гезиттин тегирмен ташын дээрлик өмүр бою катуу тегеретишти. Ошол эле учурда кара сөздүн, ыр дүйнөсүнүн желегин бийик желбиретишти. Жогоруда аты аталган акын-жазуучулардын жолун уланткандардын катарына Алимжан Алибековду кошсок болот.

А.Алибеков адабий чөйрөгө, кара сөз майданына алтымыш жашында келди. Мындайча айтканда, сөздү бапестеп баккан багбан маалында аңгеме менен эссенин майын чыгарып жазууга шымаланып киришти. Ар бир аңгемесин бири-биринен айырмалантып жазууга бел байлады. Мезгилдик басма сөзгө, социалдык тармактарга А.Алибековдун бир топ аңгемелери, эсселери, ой-толгоолору жарыяланды. Республикалык басылмаларда гана эмес, а түгүл өрүкзарлуу, айгүл гүлдүү Баткен облусунун «Баткен Таңы», куш ысымдуу Лейлек районунун «Ата-Журт Лейлек» гезиттеринде да жарык көрдү.
Кыргызда «эң биринчи» деген кулакка жагымдуу сөз бар. Анын сыңарындай, Алибековду жазуучу катары эң биринчи элге тааныткан тырмак алды чыгармасы — «Августтун сегизи».
Чыгарманы окуп чыккан соң, белгилүү акын Майрамбек Токторов «Алимжандын бул аңгемесин кайра кайталап окуй бергиң келет. Эң сонун жазылган. Жасалмасыз, турмуштун дал өзү көркөм да, реалдуу да баяндалат. Окуган адамга жагымдуу эстетикасы менен рахат да тартуулай алат. Бул Алимжандын мыкты аңгемечи, көркөм сүрөткер экендигинен толук кабар берип турат. Алимжандын мындан башка да бир топ аңгемелерин окуп, кубандым. Ийгилик!», — деп жазса, адабиятчы окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты Ризван Исмаилова «Бакыт издеген баткендик аял» деген көлөмдүү адабий иликтөөсүндө аңгеменин ажарын ар тараптуу ачууга далалат жасады. Ушунча болду мен да ушул чыгарма тууралуу өз пикиримди билдире кетейин. «Августтун сегизи» аңгемесинде автор кыргыз тилинин кору, лексикасы абдан мол экендигин каармандардын тили аркылуу чагылдырды деп ойлойм. Бир мисал келтирели: «Шаардиктариң курусун! Кызым Дордойдо бирөөдүн үйүдө турат. Битта тамаркада он бешта үй-бүлө жашайттар, тоова. Бири-бири менен пакас иштери жок.– Эже жакасын кармады». Жазуучу диалект сөздөрдүн фонетикалык табиятына, ыргагына өзгөчө маани берет: «Гамшиңдап– кемшиңдеп, дамдап – демдеп; чилдирман– чылдырман; ошоетте – ошол жерде; минияк – мына бул жак; нимеси–эмнеси; жашайттар – жашашат; ийласа–ыйласа; икам – үкөм (иним); дүния – дүнүйө, дүйнө; бовойт – болбойт; кичик –кичүү, кичинекей; бир шонго – бир ошого; девеңдер–дебеңер (дебегиле); пышырып – бышырып; саккиз – сегиз; тоова– тобо». Мына ошентип, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, Абдиламит Матисаков, Абдимитал Камалов, Мирзохалим Каримов, Абдыкерим Муратов, Нууман Сайдуллаев, Аскар Ражабалиев, Мамат Сабыров, Абдил-Ахат Курбанов, Абдинаби Даабеков өңдүү жазуучулардын жолун улантып, түштүк диалектисиндеги анардын кызыл ширесиндей ширин сөздөрдү өтө ийкемдүү колдонгондугун баамдап алдыңыздар.
Айтор, А.Алибековдун өзү мындай деп айтат: «Августтун сегизи» аттуу аңгемем мени жазуучу катары калыптандырды». Дал ушул аңгеме филология багытындагы ЖОЖ студенттери үчүн «Азыркы адабият» окуу курсуна киргизилгени быйылкы жылдагы жагымдуу жаңылык болду.
Жазуучунун «Үнсүз булбул» деген аңгемесинин аталышынын өзү эле сонун оксюморон экендигин билдирет. Чыгарманын ичине кирсең, окуяны кубалап, аңгеменин аягына кантип чыккандыгыңды билбей каласың! Бул аңгемеде автор окуяны Айкөкүл аттуу өспүрүм кыздын айланасында өнүктүрөт. Чыгармада өткөн жыйырманчы кылымдын отузунчу жылдарындагы колхоздоштуруу мезгилиндеги оош-кыйыштар, эл башына түшкөн кайгы-муң, Алайдан Кытайга качып баратышкан адамдардын азап-тозогу сүрөттөлөт. «Мекенсиз адам – үнсүз булбул,»– деп айтат Айкөкүлдүн атасы. Ошентип, тополоңдо тозгон адамдар, бөтөн журттун чегинде кармалып, көбү өлүп, азы тирүү калгандар туулуп-өскөн жерине кайтышат. Жаш жазуучу Арген Мажитов бул аңгемеге төмөнкүдөй баа берет: «Биз өз мекенибизде гана эркин сүйлөп, ойноп күлүп жүрө алабыз. Улутубуз ырынан, рухубуз нурунан ажырабасын! Тарыхый доорду эске салган мыкты чыгарма экен».
Ии, баса, эки жыл илгерирээк Ош облусунун Алай районундагы С.Карыев атындагы орто мектебинин окуучулары бул аңгеменин негизинде сахналык көрүнүш даярдашты. Мына ушуну чыгарманын экинчи өмүрү деп айтсак болот. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, окумуштуу Алмаз Токтомаметов «Үнсүз булбулга» «Кыт куйган сакадай болгон, эгемендиктин барк-баасын, нарк-насилин таамай ачып берген чакан, бирок салмактуу чыгарма экен» деген баасын берди.
Жазуучу өзүнүн «Таранчы кемпир» аңгемесинде тарых темасына кайрылып, элдик уламышты тарых чындыгы менен жуурулуштурууга аракет жасады. Балбак баатырга байланыштуу бир-эки эпизод көркөм сөздүн күчү менен күүгө келет. Бекеринен «Таранчы кемпир» аңгемеси казак тилинде жарык көргөн кыргыз жазуучуларынын китебине кирбеди дейсиз. Бул чыгарманы дагы бир чыгармачылык менен иштеген таластык мугалим Эдиса Кыдырмышева сахналаштырганынан кабарым бар. Сахналык көрүнүш мектепте өткөнү менен, каармандардын кийимдери облустук драма театрынан алынган үчүн чыгарма көрүүчүлөргө өтө ынанымдуу тартууланды.
Ал эми «Саякатчы кемпир» аңгемесинде азыркы учурдагы социалдык көйгөйгө, бактысыз карылыкка туш болгон кемпирдин аянычтуу тагдырын башкача бир жагдайдан, үч-төрт кырдуу призмадан баяндайт. Көрсө, башкы каарман болгон орус кемпир өз жалгыздыгын унутуу үчүн күн сайын троллейбуска түшүп, кээде өзү, кээде курбусу Иннеса Ивановна менен шаарды түрө кыдырат экен. Бул зар замандын, тар замандын көңүл ооруткан көрүнүшүн автор көшөгөнүн ары жагына катып койгон. Мына– биз издеген подтекст! Коё туруңуз, дал ушул «Саякатчы кемпир» аңгемеси алты өлкөнүн калемгерлери катышкан эл аралык «Достук көпүрөсү» адабий сынагында жеңүүчү аталып, «Алтын калем» диплому менен сыйланды.
Алимжан Алибековдун «Тарыхчы аке» аңгемесинин сюжети чыныгы турмуштан алынгандыгын чыгармачыл мугалим Байыш Мүсүралиев баса белгилейт. Бул аңгеме тууралуу окумуштуу адабиятчы Ризван Исмаилова мындай дейт: «Мыкты аңгеме…Билсе-билбесе тарыхчыдай өзүн көрсөтүп, «билерман» болгон адамдын образы жакшы ачылган. Эмнегедир В.Шукшиндин поездде бараткан «генералын» эске салды. Тарыхчынын оозун караган, ал эмне десе ишенген маңыроолук, сабатсыздыктын кулач жайып баратышына тынчсыздануу, бери дегенде алдын алган коңгуроо. Санжырага (тарыхый факты эмес да) таянып алып, кайсы бир урууну өйдө көрүү, кайсы бирин кемсинтүү, шылдыңдоону адатка айландырган керооз кишилерге сабак болчудай…»
Ошентип «Керегем сага айтам, келиним сен ук» дегендей, санжыраны, тарыхты чала-чарпыт билип, көөдөндү көтөргөндүн, курулай мактануунун кесепети оор экендигин, менменсинүүнүн, кыйынсынуунун кереги жоктугун автор көзгө сайып көрсөтөт.
Калемгердин «Жылкычы чымчык» аттуу аңгемеси кудайдын буйругу, тагдырдын табышмактуу тартуусу менен чет өлкөдө өмүрүн өткөргөн кыргыз кызынын армандуу ички кайрыгын баяндайт. Бул аңгеме тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова «Эң сонун чыгарма экен. Алыста жүргөндөрдүн сагынычы зээнди кейитти» деген пикирин билдирди. Айтор, трагедияны ачуу үчүн сөзсүз түрдө Шекспир болуунун кереги жоктугун А.Алибеков таамай, таасын далилдеп олтурат.
Көркөм сөз зергеринин «Ата» аңгемесин окуп бүткөн соң, Шабдан Рыскулов аттуу окурман авторго кайрылып, төмөнкүчө пикирин билдирди: «Кимге болсо да жашоодо чоң мотивация берүүчү аңгеме жазыпсыз. Айтылчу ой терең, адам өмүрүнүн кайталангыс сабактары, тагдырга кайдыгер карабооого аракет, үмүттүн шооласы өчпөөрүн унутпоо деген олуттуу маселе даана коюлган. Баарын бириктирип кыска аңгемеге батырганыңыз – кылдаттыгыңыз. Кыска жазуу – бул чоң чеберчилик». Айтор, Ш.Рыскулов чыгармага кудум такшалган адабият таануучулардай так, таамай баам-парасаттуу баа берип олтурат.
Жазуучу балдар үчүн «Мугалим тийип турган күндөй», «Кайсыл тил күчтүү?» деп аталган кыска-нуска аңгемелерди жаратты. Аталган чыгармалардын көлөмү өтө чакан, а бирок көтөргөн жүгү, тарбиялык мааниси кыйла салмактуу. Биринчисинде автор мугалимди асмандагы күнгө салыштырса, ал эми экинчи аңгемеде жаш муундарды эне тилди сүйүүгө чакырат.
Көркөм сөз чеберинин «Эски үйдүн жаңы окуялары» эссе түрмөгү окурмандардын бүйүрүн кызыткан чыгармага айланды. Бул эссенин каармандарынын бейнеси чыныгы жашоодо кандай болсо, жазуучу ошол бойдон алымча-кошумчасы жок сүрөттөйт. Аталган эссеге Абдиламит Матисаков, Майрамбек Токторов, Гаарба Орозматов, Клара Ниязова, Зуура Маметова, Айзада Жалилова, Абдыганы Эшиев, Максуда Ормонова сыяктуу чыгармачыл инсандардын астейдил көңүл бургандыгынын өзү эле кыргыз адабиятына жаңы ысымдын, жаңычыл үндүн келгендигин далилдеп тургансыйт. Эссенин ар бир бөлүгү бизди жаңы каармандар менен тосуп алат. Мында идеалдаштырылган образдар жок. Калемгер өз каармандарын реалдуу турмушта кандай болсо, дал ошондой сүрөттөйт. Чыгарма ошонусу менен баалуу жана кызыктуу.
А.Алибековдун чыгармаларындагы окуялардын басымдуу бөлүгү тарыхтын, тагдырдын, жашоонун, өмүрдүн жолунда өтөт. Жол – жазуучунун тандап алган категориясы. Жол – поэтикалык образ. Жол – метафора, жол – эпитет. Жол – табылга. Каармандар, прототиптер жол менен, мезгил менен кошо чуркашат, биргеликте жарышка түшүшөт.
Түштүктө тыт деген дарак өсөт. Бул дарак өтө кеч бүрдөсө да, мөмөсү абдан тез бышат. Мен калемгер А.Алибековдун жазуучулук тагдырын дал ошол бышкан тытка салыштырам. Себеби, кеч бүрдөгөн тыт дарагы эрте гүлдөгөн өрүктү артта калтырып, тез бышат. Алимжан агай гезиттин иши деп жүрүп, кыргыз журналистикасында төбөсү көрүнүп, проза жанрына кеч келди. А бирок, кечиккендигине карабастан, кыргыз адабиятына мыкты аңгемелерди тартуулады. Саналуу аңгемеси менен улуттук адабияттан өз ордун таба алды. Жакынкы келечекте бул сөз чеберинин, кеп кеменгеринин проза китеби колубузга тезирээк тийүүсүн каалайбыз. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок…
Тайир АШИРБАЙ, Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү
Комментарийлер