КАЙСЫ МАМЛЕКЕТТЕ МУГАЛИМ БАРКТУУ ЖАНА БААЛУУ?

  • 27.01.2022
  • 0

Советтик мезгилде эң абройлуу кесип – мугалимдик кесип эле. Айлык акысы башкаларга салыштырмалуу жогору, отун-суусу, энергия төлөмү, жол киреси бекер болчу. Эң башкысы ал дайыма сый-урматка бөлөнүп, эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүп турчу. Ошол кезде Кыргызстанда эки айылдык мугалим Социалисттик Эмгектин  баатыры наамына ээ болгон. Азыркы тапта ары түйшүктүү, ары татаал кесиптин ээлеринин абалы биздин өлкөдө мышык ыйлагыдай. Ал эми чет мамлекеттерде мугалимдин баркы  кандай? Андан эмесе Varkey Foundation фонду өткөргөн эл аралык изилдөөгө көз чаптырып көрөлү.

ЯПОНИЯ

КАЙСЫ МАМЛЕКЕТТЕ МУГАЛИМ БАРКТУУ ЖАНА БААЛУУ?

Япондуктар мугалимдерди өзгөчө баалашат жана сыйлашат. Бул  кесипти – ыйык деп айтышат. “Мугалимдердин күнү” деген майрам жок, анткени япондук агай-эжейлер үчүн күнүгө майрам. Метродо алар үчүн атайын орундуктар каралган, атайын дүкөндөр иштейт. Бардык унааларга билет  алууда кезекке турушпайт.

КАЙСЫ МАМЛЕКЕТТЕ МУГАЛИМ БАРКТУУ ЖАНА БААЛУУ?

ПОЛЬША

Польшада “Мугалимдер күнү” 14-октябрда белгиленет. Польшалык педагог Агнешка изилдөөчүлөргө берген маегинде мындай дейт: “Бул күнү окуучулар мугалимине гүл белекке берет жана концерт тартуулашат. Эгерде ата-эне баалуу белек алып келсе, ар бир өзүн сыйлаган мугалим албайт. Бирок эмгек акысы өтө чоң эмес. Көбүрөөк эмгек акы алуу үчүн айрым мугалимдер 1,5 ставкада иштешет. Жумасына 27 сааттан ашпашы керек. Ар бир мугалим жумасына эки жолу акысыз кошумча саат өтөт. Окуучуларды экскурсияга алып чыгат, же болбосо бир ийримди уюштурат. Польшалык мугалимдин орточо айлыгы 800 долларды түзөт. Негизи айлык педагогдун жашаган аймагына жараша төлөнөт. Ар  бир жергиликтүү бийлик (воеводство) өздөрүнүн бонустарын кошот. Маселен, жол киреге 50% арзан же болбосо атайын бөлүнгөн каражатка дүкөндөн тамак-аш алса болот. Мындан сырткары, мугалим окуучусуна жеке сабак бербейт, бул этикага жатпайт. Ошондой эле кесиптештер  бири-бирин ата-энеге репетитор катары сунуштабайт.

ГЕРМАНИЯ

Немис мугалимдери өздөрүнүн жашоосуна нааразы эмес. Орто эсеп менен алардын эмгек акысы 2500 еврону түзөт. Ошол эле кезде жумасына 25 саат менен иштегендер 3500 евродон кем эмес алышат. Мындан сырткары алар чиновник деген статуска ээ болушат. Бул салык аз чыгат жана учуру келгенде пенсиясы абдан жогору болот дегенди билдирет. Бир мектептин директору Ренатанын изилдөөчүлөргө берген маалыматына таянсак, немис мугалимдердин жашоосу жогорку деңгээлде.

Германияда 600 – 700 еврого үч комнаталуу батирди  ижарага алышат. Ал эми эс алуу учурунда алган эмгек акысына эле дүйнө жүзүн кыдырса болот экен.  Немис мугалимдери бир нече предметти окута берсе болот. Маселен, физика, немис тилин, ошол эле кезде дене тарбия сабагын да бере алат.

 

Мектепке мугалим болуп кирүү үчүн жогорку окуу жайын аяктаган соң, бир нече сынактан өтөт.  Биринчи мамлекеттик сынак, андан кийин бөлүштүрүлгөн боюнча эки жылдык практикадан өтүп, андан кийин экинчи жолу мамлекеттик сынак тапшырат. Ошондон кийин гана мектепте иштөө үчүн жумуш издешет. Мугалимдердин иштөө графиги эркин түзүлөт экен. Эгерде бир эле сабагы болсо, аны керели-кечке мектепте болосуң деп эч ким мажбурлабайт. Польшадагыдай эле бул жердин мугалимдери дагы өз окуучусуна жеке сабак бербейт.

ТҮРКИЯ

Түркияда мугалимдин орточо эмгек акысы 1000 долларды түзөт. Бул мамлекетте дагы мугалимге бонустар берилет. Маселен, илимий даражасына – 200 – 300 $, билимин жогорулатуу курсуна барганы үчүн – 200 $, өздөрүнүн балдары үчүн – 100 – 170 $ кошумча акы кошулат. Ошондой эле жол киреси 50% арзандатылган. Мугалим керели-кечке мектепте болбойт, болгону өзүнө бөлүнгөн сааттарды өтүп коюп, кете берет, ошондо жарым күн гана иштейт.

«Меридиан» эл аралык мектептин директору Юмит Карагозлюнун маалыматы боюнча, “Мугалимдер күнү” 24-ноябрда белгиленет. Бул күн өзгөчө күн болуп эсептелинет. Анткени Түркияда мугалимдер абдан сыйлуу. Ата-эне баласын мектепке берип жатканда, “Бала Сиздики” деп тапшырып беришет. Андыктан окуучу да мугалимге өзгөчө сый-урмат көрсөтөт. Эгерде окуучу топчуланбай келатканда педагог алдынан чыкса дароо топчуланат. Ал эми башталгыч класстын бүтүрүүчүлөрү ыраазычылык билдирүү максатында устаттарынын колдорун өбүшөт. Ата-эне менен мугалим өтө тыгыз байланышта болот. Көп учурда мугалимди үйгө конокко чакырып, майрамдарда белектерди балдары аркылуу жөнөтүп турушат.

ФРАНЦИЯ

КАЙСЫ МАМЛЕКЕТТЕ МУГАЛИМ БАРКТУУ ЖАНА БААЛУУ?

Бул мамлекетте мугалим болуп иштөө оңой эмес. Эмне үчүн? Жогорку окуу жайды бүттү деген диплом менен жаш адис эч жерге орношо албайт. Анткени жумушка мектеп эмес, мамлекет алат (мектеп директору аны “өйдө” тараптын макулдугусуз иштен бошото албайт). Жыл сайын мугалимдикке белгилүү гана орун бөлүнүп, ага сынак жарыяланат. Каалоочулар абдан көп болгондуктан, көбү өтпөй калат. Сынактын жеңүүчүлөрү  бөлүштүрүлгөн орундар боюнча иш менен камсыз болушат. Бирок 18 сааттык жүктөм ар башка мектепке бөлүштүрүлгөн үчүн мугалимдер бир мектептен экинчиге, бир шаардан экинчи шаарга барып иштейт. Албетте, жол киресин мамлекет төлөп берет. Маселен, бир мугалим Марселден Авиньонго жумасына эки жолу 87 км аралыкты басчу экен. Бирок мындай кыйынчылыкка чыдашат, себеби француз мугалимдердин орточо эмгек акысы 2068 еврону түзөт. Мындан сырткары 100 – 130 евронун тегерегинде  кошумча акы төлөнөт. Ошондой эле “кесипкөй карточка” берилет. Аны менен улуттук музейлерге бекер, ал эми жеке музейлерге арзандатылган баа менен кире алышат. Ал окуучуга үнүн да катуу чыгарбайт. Үйгө тапшырма берилбейт. Кызыгы,  сабак учурунда мугалим гезит окуганга укугу бар.

БРИТАНИЯ

Великобританияда Франция менен Германиядагыдай эле мугалим статусуна татыктуу болуш керек. Британиялык эл аралык мектептин директору Аластер Болдвиндин айтуусу боюнча, университеттин бүтүрүүчүсү атайын педколледжден бир жылдык курстан,  андан соң бир мектепте бир жылдык практикадан өтөт. Ушул убакыт аралыгында жаш адисти тажрыйбалуу инспектор көзөмөлгө алып, кийин анын мугалим болуу тагдырын чечет. Мугалимдин орточо айлыгы 3500 – 3650 $.

КАЙСЫ МАМЛЕКЕТТЕ МУГАЛИМ БАРКТУУ ЖАНА БААЛУУ?

Мамлекеттик мектепте иштегендер жумасына бир кошумча саат  өтсө, жеке мектептерде 2 – 3 саат бекер өтүшү керек. Британиялык мугалимдер саатынын аздыгына же көптүгүнө карабай милдеттүү түрдө эртең мененки саат 8.30дан – 15.30га чейин мектепте болушу шарт. Кошумча сабак бергенге тыюу салынган.

ГРУЗИЯ

Грузияда “Мугалимдер күнү” октябрь айынын биринчи ишембисинде белгиленет. Бул күнү окуучулар улуттук кийимдерди кийип, мугалимдерине гүл, конфет белекке беришет.  Мугалимдердин эмгек акысы орто эсеп менен алганда 570 лари (345,45 $) түзөт. Ошондуктан көп мугалимдер жеке сабак берет. Эмгек акыга кошумчалары да бар. Маселен, класс жетекчиликке – 62 лари (37,57 $) кошулат. Социалдык бонустары дагы бар. Медициналык камсыздоону мамлекет төлөйт, жол кире 50 тетри болсо, мугалимдер 20 тетри төлөйт. Чет тилинен бергендерге тилдин ээси болгон  жардамчы берилет.

Мугалимдер тест берип, атайын “кесипкөй мугалим” деген сертификат алат. Сертификат үчүн 75 лари (45,45 $) кошулат. Эгерде англис тили менен компьютерди жакшы билсе дагы 125 лари (75,75 $) эмгек акыга кошулат.

ИЗРАИЛЬ

Израилде иштеген Ирина Гимпельсондун изилдөөчүлөргө берген маалыматына таянсак, орточо айлык 2500 $ түзөт. Жаш адистер менен башталгыч класстын мугалимдери 1350 $ алат. Жумасына аларга 24 саат эмес, 40 сааттан бөлүштүрүлгөн экен.

Мугалимдер мектепте саат 8.00дөн – 16.00гө чейин болушу керек. Келген-кеткени тууралуу магниттик карточка аркылуу белгиленип турат. Израилдик мугалим алты жылда бир жолу бир жылга эмгек акысы сакталуу менен чыгармачылык эс алууга чыгат.

Сөз соңу

Ошентип, изилдөөгө катышкан 35 мамлекеттен  35 миң  адам сурамжылоодон өткөн. Мугалим болуп Кытайда, Малайзияда жана Тайванда иштеген оң. Анткени бул мамлекеттерде агай-эжейлерди өзгөчө сыйлашат. Түштүк Корея менен Сингапурда да мугалим баалуу, барктуу.

Изилдөө учурунда ата-энеге баласы мугалим болуусун каалашабы деген да суроо берилген. Кытай, Индия жана Ганадагы көп үй-бүлө балдары бул кесипти тандашса, каршы эместигин билдирген. Ал эми Россия, Израиль жана Япониядагы ата-эне мындай чечимден баш тартуу керек экенин баса белгилешкен.

10 мамлекетте мугалимдин статусу жогору. Алар: Кытай, Малайзия, Тайвань, Россия, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия, Индия, Жаңы Зеландия, Сингапур.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер