КАТЫШУУЧУ ЭЛЕ ЭМЕС, ӨНӨКТӨШ БОЛОЛУ

  • 24.08.2026
  • 0

Бишкек шаарында 21-22-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” Улуттук педагогикалык форумунун экинчи күнүндө мектепке чейинки билим берүү, мектептик билим берүү, кошумча билим берүү жана ошондой эле кесиптик билим берүүдө быйылкы жылы окуу кандай форматта жүрөрү, кандай максаттарга жетишүү керектиги жана алдыга кандай пландар коюлганы тууралуу Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова айтып берди.

— Форумдун экинчи күнүндө уюштурулган сессияларда мектепке чейинки билим берүү темалары:Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү жасалма интеллект”; “Мектепке чейинки курактагы балдардын санариптик сабаттуулугу менен алардын мектепте окууга даярдыгынын өз ара байланышы”; “Бала бакчанын жаңы улуттук модели”; “Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн интеллектуалдык-чыгармачылык мелдештер”; “Үй-бүлөлүк навигатор: катышуудан өнөктөштүккө карай” деп аталды. Былтыркы жылы бардык нормативдик документтер менен, ченемдик иштерден чыккан документтерди, мамлекеттик стандартты, билим берүү программаларын тааныштырган болсок, быйылкы жылы жасалма интеллекттин мектепке чейинки билим берүү тармагында колдонулушу, сабаттуулуктун мектепке чейинки билим берүү тарбиялоодо, балдарды мектепке даярдоодогу орду, байланышы, жаңы улуттук моделди талкууладык. Андан сырткары, интеллектуалдык балдар оюндарын мектепке чейинки билим берүүдө да кандай өткөрүү керектиги талкууланды. Андан дагы бир өзгөчө бөлүк, бул үй-бүлөлүк навигатор, катышуудан өнөктөштүккө деген тема болду. Бул тема атайын энелер менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматташтыгына арналган секцияда өттү. Биз биринчи кезекте тарбиячыларды, методисттерди, бүт секциялык иштерди окутуп алып, андан кийин сентябрь айынын биринен баштап, 15-сентябрга чейин өлкө боюнча ата-энелер менен иштешүү күндөрүн белгилеп жатабыз. Анын максаты — өнөктөштүктү, кызматташтыкты түзүү. Башкача айтканда, ата-энелер менен иштешүүдө эмнеге өзгөчө көңүл бурушубуз керектигин ачык билишибиз керек. Бала бакчада болобу, мектепте болобу, көпчүлүк учурда ата-энелер балдарды мугалимдерге жүктөп коюшуп, ата-энелердин жоопкерчилиги каралбай калат. Ошол үчүн да бир эле билим берүү уюму эмес, үй-бүлө дагы балдардын өнүгүүсүнө салымын кошушу керектигин эсибизден чыгарбоо зарыл. Мисалы, бала бакчада жаз темасында сөз болсо, бала үйүнө барганда ошол теманы дагы улантып, бышыкташы үчүн ата-энеси жардам бериши керек, — дейт Н.Касымова.

Үй-бүлө жана бала бакча өнөктөштүгү

Мектепке чейинки билим берүү тармагында балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган жаңы демилгелер жана долбоорлор жигердүү ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө негизги басым баланын жөн гана байкоочу эмес, жигердүү изилдөөчү катары калыптанышына жана бул жараянга үй-бүлөнү түздөн-түз тартууга жасалууда.

Долбоордун башкы урааны — “Үй-бүлө жөн гана катышуучу эмес, баланын өнүгүүсүн камсыздоочу өнөктөш”. Ата-энелер менен биргеликте тапшырмаларды аткаруу, өтүлгөн темаларды үй шартында бышыктоо баланын алган билимин контекстте түшүнүүсүнө көмөктөшөт.

Нурзида Касымова быйылкы окуу жылында ар бир бала бакчаны чакан лабораторияга айландыруу максаты коюлуп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, бул ыкма аркылуу балдардын өнүгүүсүнө төмөнкүдөй үч багытта шарт түзүлөт. Биринчиси, математикалык жана логикалык өсүш: Эсептөө, салыштыруу жана себеп-натыйжа байланыштарын түшүнүү. Экинчиси, чыгармачылык жана дизайн: Арт-өнүгүү, графикалык көндүмдөрдү калыптандыруу жана элестетүү жөндөмүн арттыруу жана үчүнчүсү, социалдык-эмоционалдык өнүгүү: Курчап турган чөйрө менен өз ара аракеттенүү жана сезимдерди башкаруу.

Негизги максат — балага ар бир нерсени кол менен кармап, жасап көрүү жана изилдөө аркылуу оз алдынча чечим чыгаруу деңгээлине жетүүгө шарт түзүү.

Тарбиячылардын ишиндеги жасалма интеллект

Заманбап санариптик доордо жасалма интеллект (ЖИ) куралдары билим берүү тармагына жигердүү кирип жатат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ЖИ баштапкы этапта балага эмес, эң оболу тарбиячылардын ишмердүүлүгүн жогорулатууга багытталат.

Педагогдор ЖИ аркылуу алдыңкы методикаларды жана даяр сабак пландарын иштеп чыгып, топтук, жекече жана кезектешип ойнолуучу оюндарды пландаштыра алат жана ЖИ жардамы менен түстөрдү, формаларды ажыратуучу жана балдардын логикасын өстүрүүчү жаңы интерактивдүү оюндарды уюштурушат.

Тарбиячыларга жасалма интеллектти укуктук жана методикалык нормаларга шайкеш келтирүү, аны туура жана коопсуз колдонуу эрежелерин үйрөтүү максатында уюштурулган атайын сессия уюштурулду. Бул багытта тажрыйба бөлүшүү үчүн IT тармагынын белгилүү адиси Динара Руслан чакырылып, мектепке чейинки билим берүү тармагында санариптик куралдарды натыйжалуу пайдалануу боюнча өз билими менен бөлүштү.

Бала бакча баланы өнүктүрүүчү лаборатория болсун

КАТЫШУУЧУ ЭЛЕ ЭМЕС, ӨНӨКТӨШ БОЛОЛУ

Динара Руслан — CODIFY IT-компаниясынын жана балдарды өнүктүрүү боюнча AI-платформасынын негиздөөчүсү. Ал балдар менен өспүрүмдөргө санариптик жана IT-билим берүү, ошондой эле билим берүү тармагында жасалма интеллект багытын өнүктүрүү менен алектенип келет.

— Соңку жылдары жасалма интеллекттин жардамы менен дүйнө канчалык тез өзгөрүп жатканына күбө болуудамын. Ошондуктан бүгүнкү күнү менин башкы милдетим — балдарга IT-көндүмдөрдү гана үйрөтпөстөн, ата-энелерге, педагогдорго жана билим берүү уюмдарына баланын өнүгүүсү үчүн жасалма интеллектти кантип туура колдонуу керектигин түшүнүүгө көмөктөшүү.

Жасалма интеллект буга чейин эле биздин реалдуулуктун бир бөлүгүнө айланды жана билим берүү бул өзгөрүүлөрдөн четте кала албайт. Жасалма интеллектти программалоочулар үчүн гана арналган татаал технология катары кабыл албашыбыз керек. Бүгүн бул — бала бакча жетекчисине жумушту пландаштырууга, маалыматты анализдөөгө, документтерди даярдоого, билим берүү материалдарын түзүүгө, сабактар үчүн идеяларды иштеп чыгууга жана абдан көп убакытты үнөмдөөгө жардам бере турган курал. Маселен, жетекчи жасалма интеллектти өзүнүн жардамчысы катары колдоно алат: андан иш планын түзүмдөөнү, документтин долбоорун даярдоону, иш-чаранын сценарийин түзүүнү, ата-энелер менен өз ара аракеттенүү үчүн идеяларды ойлоп табууну же белгилүү бир маалыматты анализдөөгө жардам берүүнү сурана алат.

Бирок бул жерде абдан маанилүү бир учур бар: ЖИ педагогду же жетекчинин ордун, ролун алмаштырбашы керек. Ал алардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшү зарыл, — дейт Динара айым.

Педагогдор эмнени билиши маанилүү

Бүгүнкү күндө педагогдор үчүн классикалык кесиптик билимге гана ээ болуу жетишсиз. Динаранын айтымында педагог AI-сабаттуулукту өнүктүрүү менен бирге төмөндөгүлөрдү түшүнүшү керек:

Жасалма интеллект деген эмне жана ал базалык деңгээлде кантип иштейт;

Кандай тапшырмаларды ЖИге коопсуз тапшырууга болот;

Сурамдарды (промптторду) кантип туура түзүү керек;

ЖИ берген маалыматты кантип текшерүү керек;

AI-сервистерге кандай маалыматтарды жүктөөгө болбойт;

Оюндарды, окуяларды, тапшырмаларды жана башка өнүктүрүүчү материалдарды түзүү үчүн ЖИни кантип колдонуу керек;

ЖИнин жардамы кайсы жерден бүтүп, педагогдун өзүнүн жоопкерчилиги кайсы жерден башталат.

Өзгөчө жасалма интеллект ката кетириши мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү. Ошондуктан “ЖИ айтты — демек, бул чындык” деген принципке, өзгөчө балдар менен иштөөдө жол берилбейт.

Мектепке чейинки курактагы бала эмнени билиши керек?

Адис төмөнкү нерселерди өзгөчө белгиледи:

Биз бала бакчаны программалоо мектебине айландырбашыбыз же кичинекей балдарды компьютерде отурууга мажбурлабашыбыз керек.

Мектепке чейинки балдар үчүн келечекте технологиялар менен туура өз ара аракеттенүүгө жардам бере турган базалык көндүмдөрдү калыптандыруу алда канча маанилүү. Тагыраак айтканда, алар: билүүгө ынтызарлануу, чыгармачыл, сынчыл ой жүгүртүү, суроо бере билүү, реалдуулукту ойдон чыгарылгандан айырмалай билүү, коммуникация жана маселелерди өз алдынча чечүү.

Эгерде бала жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн сүрөттү көрсө же маалыматты укса, ал “Муну ким түздү? Бул кайдан белгилүү? Буга ишенсе болобу? Ал эми бул калп болушу мүмкүнбү?” деген суроолорду берүүгө үйрөнүшү керек. Анткени AI-сабаттуулук дал ушундай жөнөкөй суроолордон башталат.

Балдардын санариптик коопсуздугу

Жасалма интеллект жашообузга канчалык көп кирсе, балдарга жеке маалыматтарды, сүрөттөрдү, даректи, ата-энесинин маалыматтарын жана башка жеке кабарларды интернетке ойлонбой туруп берүү туура эмес экендигин түшүндүрүү ошончолук маанилүү.

— Жасалма интеллект тууралуу баланын үйрөтүүчүсү биринчи кезекте ата-энелер жана педагогдор болушу керек. Муну менен катар, балдарга технологияларды жөн гана тыюу салууну туура эмес деп эсептейм. Интернетке же жасалма интеллектке толугу менен тыюу салуу мүмкүн эмес. Биздин милдет — баланы технологияларды коопсуз жана аң-сезимдүү колдонууга үйрөтүү.

Жакынкы жылдары ЖИ жетекчи үчүн да, тарбиячы үчүн да кадимки жумушчу куралга айланат. Күнүмдүк стандарттуу тапшырмалар бара-бара автоматташтырылат, ал эми педагогдордо эң башкы нерсеге — бала менен жандуу баарлашууга көбүрөөк убакыт пайда болот. ЖИ материалдарды, идеяларды, пландарды жана документтерди даярдоого жардам бере алат, бирок адамдык эмпатияны, камкордукту, сүйүүнү, эмоционалдык байланышты жана педагогдун белгилүү бир баланы туя билүү жөндөмүн алмаштыра албайт. Ошондуктан мен билим берүүнүн келечегин адам менен жасалма интеллекттин атаандаштыгы катары эмес, кызматташтык катары көрүү керек деп эсептейм.

Биздин милдет — балдарды бул келечекке жөн гана даярдоо эмес. Биздин милдет — аларды бул келечекти аң-сезимдүү, коопсуз жана коомго пайдасы тийгидей кылып түзүүгө үйрөтүү, — дейт Динара Руслан.

Билим берүүдөгү оптимизация жана Япония тажрыйбасы

КАТЫШУУЧУ ЭЛЕ ЭМЕС, ӨНӨКТӨШ БОЛОЛУ

Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Иса кызы Ишенбүбү атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Гүлнара Жумакадыровна Туйбаева өзү жетектеген бала бакчада мектепке чейинки билим берүү тармагын реформалоо, инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу жана эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү боюнча аракеттер жигердүү улантылып жатканын айтып берди.

— Бүгүнкү күндө жергиликтүү билим берүү мекемелери имараттардын ички мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу менен балдарды бакчага камтуу көрсөткүчүн жогорулатууну башкы максат кылып коюуда. Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги уктоочу бөлмөлөрдү жана ички мейкиндикти эффективдүү пайдалануу аркылуу балдарды бакчага камтуу деңгээлин 83% чейин жогорулатуу мерчемделүүдө. Бул ыкманын негизги артыкчылыктары: бөлмөлөрдү туура трансформациялоо, мекемелердеги уктоочу бөлмөлөрдүн аянтын күндүзгү иш-чараларга жана өнүктүрүүчү оюндарга ылайыктап оптимизациялоо. Ата-энелердин муктаждыктарын чечүүдө кошумча имарат курууну күтпөстөн, ички ресурстардын эсебинен кезекте турган балдарга орун бошотууда жардамы чоң экени талашсыз.

— Биз жакында эле Жети-Өгүз районунун акиминин жеке демилгеси менен Японияга барып алардын билим берүү системасы менен таанышып, тажрыйба алмашып кайттык. Сапардын алкагында Япония педагогикасынын негизги баалуулуктары, мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоодогу бир катар өзгөчөлүктөрү менен тааныштык. Айрыкча бизге жакканы — балага ишеним көрсөтүү жана эркиндик берүү, б.а., ашыкча кооптонуудан жана чектөөлөрдөн качып, балага ишеним менен мамиле жасоо, өз алдынчалыкка тарбиялоо — балдарды кичинекей кезинен тартып өз алдынча болууга үйрөтүү, мисалы, өз тамактарын даярдоо, идиштерин жыйнап алуу жана өздүк гигиенаны сактоо жана чөйрөнү изилдөөгө эркиндик берүү аркылуу баланын чечим чыгаруу жөндөмүн өстүрүү аркылуу жоопкерчиликти калыптандыруу ыкмалары жөнүндө билдик, — дейт.

Эл аралык изилдөөдөн алынган бул баалуу ыкмаларды жана бөлмөлөрдү оптимизациялоо стандарттарын жергиликтүү бала бакчаларга киргизүү мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын да, жеткиликтүүлүгүн да жогорулатууга өбөлгө түзөрү анык.

Гаджеттерди туура колдонуу жана эрте курактагы санарип гигиенасы

КАТЫШУУЧУ ЭЛЕ ЭМЕС, ӨНӨКТӨШ БОЛОЛУ

Бүгүнкү күндө заманбап технологиялар күнүмдүк турмуштун ажырагыс бөлүгүнө айланып, мектепке чейинки билим берүү тармагын да айланып өткөн жок. Форумдун секциялык жыйынында №172 “Арген” бала бакчасынын жетекчиси Гүлнара Мукамбетова “Санариптик сабаттуулук жана мектепке даярдык» деген темада баяндама жасап, заманбап технологияларды эрте жаштан туура колдонуу маселесин ортого койду.

— Техника менен санариптик куралдарды таптакыр четке кагуу мүмкүн эмес. Башкы милдет — балдарга технологияны жөн гана көңүл ачуучу же убакыт өткөрүүчү оюн катары эмес, билим алуучу жана изилдөөчү курал катары таанытуу. Санариптик сабаттуулукту калыптандыруунун негизги багыттарына биринчиден, туура багыт берүү: гаджеттерди баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша таанымдык жана өнүктүрүүчү максаттарда пайдалануу; экинчиден, ата-энелердин көзөмөлү: Атайын боттор, интерактивдүү программалар жана ата-энелик көзөмөл аркылуу баланын санариптик чөйрөдөгү коопсуздугун камсыздоо жана санариптик куралдар аркылуу баланын логикалык ой жүгүртүүсүн жана мектепке болгон кызыгуусун арттырууну белгилегим келет, — дейт Гүлнара Мукамбетова.

Маектешибиз баса белгиленгендей, бүгүнкү күндө ата-энелердин арасында баланы алаксытуу же тамак ичирүү үчүн кол телефонду берип коюу адаты кеңири жайылган. Ошондон улам “Телефонго алаксытуу” көйгөйү жана физикалык өнүгүүдөгү тобокелчиликтер пайда болууда. Бул ыкма баланын ден соолугуна жана психологиялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатканы кейиштүү.

Адистер ашыкча жана көзөмөлсүз телефон колдонуунун төмөнкүдөй коркунучтарын белгилешет: биринчиден, бул — физикалык жигердүүлүктүн азайышы. Аз кыймылдоо баланын физикалык жактан калыптанышына жана моторикасына кедергисин тийгизет. Экинчиден, бала психологиялык көз карандылыкка дуушар болот. Балада визуалдык ашыкча жүктөмдөрдүн пайда болушу жана айлана-чөйрөгө болгон кызыгуу төмөндөйт.

Демек, санариптик куралдарды ченеми менен, белгилүү бир тартипте жана туура методика аркылуу колдонгондо гана ал баланын өнүгүүсүнө оң өбөлгө түзөт. Түзмөктөрдү туура багытта пайдалануу — мектепке даярдоо жараянындагы эң натыйжалуу заманбап кадамдардын бири.

КАТЫШУУЧУ ЭЛЕ ЭМЕС, ӨНӨКТӨШ БОЛОЛУ

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер