Катардагы мугалимден өсүп чыккан эл өкүлү. Токтобүбү Ашымбаева 60 жашка толду

  • 16.11.2026

Жогорку Кеңештин депутаты, педагогика илимдеринин кандидаты, билим берүү тармагынын тажрыйбалуу ишмери Токтобүбү Абасовна Ашымбаева кутман курак — 60 жашка толду. Бул маараке бүтүндөй өмүрүн билим берүүгө жана мамлекеттик кызматта элдин мүдөөсүн коргоого арнаган ишмердин басып өткөн байсалдуу жолуна кылчайып, кызуу куттуктап,  ак тилектерди айта турган турган кубанычтуу  окуя.

Катардагы мугалимден өсүп чыккан эл өкүлү. Токтобүбү Ашымбаева 60 жашка толду

Улуттук университеттен, Улутттук академиядан башталган жол

Токтобүбү Ашымбаева 1966-жылы 14-ноябрда теңир-тоолук Нарын облусунда жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен билимге дилгир өскөн каарманыбыз 1984–1989-жылдары Кыргыз улуттук университетинин химия факультетинде билим алып, химик, окутуучу адистигине ээ болгон.

Ал өзүнүн эмгек жолун илим менен тыгыз байланыштырып, 1989–1995-жылдары Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын органикалык эмес химия институтунда инженер-химик, илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. Лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин ал теориялык билимин практикада, тагыраагы, мектеп турмушунда колдонууну чечет. 1995-жылы Аламүдүн районундагы Мрамор орто мектебине химия мугалими болуп кирип, 2000-жылы ошол эле мектептин директору кызматына көтөрүлгөн.

Жетекчилик тажрыйба

Мектеп жетекчилигинде топтогон тажрыйбасы, уюштуруучулук жөндөмү жана жоопкерчиликтүү мамилеси аны райондук деңгээлдеги билим берүү тармагын башкарууга алып келди. 2003–2014-жылдары он бир жыл бою Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп, райондогу мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана окутуунун сапатын жогорулатууга зор салым кошту. Бул аралыкта өз билимин да өркүндөтүп, Кыргыз билим берүү академиясында социалдык педагог адистигин окуду, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктады.

2014-жылы SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексин жетектеп, ошол эле жылдын ноябрь айында КР билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалган. 2014–2017-жылдары министрдин орун басары катары өлкөнүн билим берүү саясатын заманбап жолго салууда алгылыктуу иштерди алып барды.

Катардагы мугалимден өсүп чыккан эл өкүлү. Токтобүбү Ашымбаева 60 жашка толду

Андан кийинки жылдары да билим берүү жана илим чөйрөсүнөн алыстаган жок:

  • 2017–2022-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасын жетектеп, 2020-жылы педагогикалык илимдердин кандидаты илимий даражасын ийгиликтүү коргогон.

  • 2022-жылы Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, андан соң кайрадан билим берүү жана илим министринин орун басары болуп, билим берүү реформаларын ишке ашырууга катышты.

Бүгүнкү күндө Токтобүбү Ашымбаева Жогорку Кеңештин депутаты катары мыйзам чыгаруу  ишине жигердүү катышып, билим берүү, илим, социалдык коргоо жана инклюзия маселелерин көтөрүп, эл өкүлү катары активдүү эмгектенүүдө.

Жаңыланууга умтулуу

Токтобүбү Абасовнаны заманбап жетекчи катары айырмалап турган сапаты — анын дайыма жаңыланууга, дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө болгон умтулуусу. АКШда (Түндүк Каролина), Норвегияда, Эстонияда, Арменияда жана Россияда билим берүү менеджменти, көп тилдүүлүккө окутуу, балдарга гумандуу мамиле кылуу жана инклюзивдик билим берүү жаатында билимин өркүндөтүп, эл аралык долбоорлорго катышкан.

Катардагы мугалимден өсүп чыккан эл өкүлү. Токтобүбү Ашымбаева 60 жашка толду

Оӊдон солго карай: Билим берүү министринин орун басары Т.Ашымбаева, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсанов, КРнын вице-премьер-министри Д.Ниязалиева.

Анын көп жылдык үзүрлүү эмгеги мамлекет жана коомчулук тарабынан татыктуу бааланып, «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси, Аламүдүн районунун «билим берүүнүн ардактуу кызматкери» наамы, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин, Чүй облустук администрациясынын жана КР Аялдар конгрессинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Урматтуу Токтобүбү Абасовна! Сизди 60 жаш мааракеңиз менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сиздин катардагы мугалимдиктен башталып, илимпоздукка, министрдин орун басарлыгына жана эл өкүлдүгүнө чейин жеткен өрнөктүү өмүр жолуңуз — жаш муундар жана кесиптештериңиз үчүн чоң мектеп.

Сизге бекем ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз. Мамлекетибиздин өнүгүшү, келечек муундун жаркын келечеги жана Кыргызстандын билим берүү тармагынын гүлдөп-өнүгүшү үчүн жасап жаткан иштериңизди мындан ары да албан-албан ийгиликтер коштосун!

Чекиров Кубатбек, «КБ»

Бөлүшүү