КАРАНТИН ШАРТЫНДА ОКУУЧУ БАЛДАРГА КАНТИП ДЕМ БЕРҮҮ КЕРЕК

  • 26.11.2020
  • 0

БААУнун Инновациялык колледжинин башкы деректири Чыңгыз ШАМШИЕВдин ата-энелерге берген пайдалуу кеңешин окуп коюӊуздар.

Балдардын дареметине ишенели

Балдардын дараметине ишенүү абдан чоӊ мааниге ээ. Аларга “Сен муну жасай аласың, сен жөндөмдүүсүң, сенин колуңдан келет, сен жашоодо ийгиликке жетишесиң” деп такай айтып туруу гана эмес, буга сиз өзүңүз да жан дүйнөңүз менен ишенүүңүз керек. Ансыз балдар сиздин кебиңиздеги жасалмалуулукту сезип коюшат.

Биз ата-энелер менен көп баарлашабыз, айрыкча рекрутинг (адистерди тандап алуу) процессинде. Ошондо биз көп ата-энелердин өз баласына ишенбегенине, аларды акылсыз деп эсептегенине, мектепте сабактардагы жетишкендиктери начар болгонун айткандарына күбө болобуз. Мындай өзүнө ишенбөөчүлүк сезим ата-энелерден балдарга өтө да, алар тигил же бул сабактарды окуп-үйрөнө албайт экенмин деп калат. Анан коркуу мээнин окуп-билүү жөндөмүн чектеп, натыйжада адам эч нерсени иликтей албай калат. Бул өз кезегинде ого бетер чоң стресске, коркууга жана өзүнө ишенбөөчүлүккө кабылтат.

Ошондуктан мен балаңарга ишенгиле деген принциптин өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет. Алардын потенциалына ишенгиле жана адамдын мындай өзүнө-өзү ишенүү сезимин аларга өткөрүп бергиле.

Балдар ата-эненин колдоосуна дайым таяна аларын сезип-туюп турушу керек. Кеп ата-энелер тараптан талашсыз жана талкуулоосуз ар тараптуу колдоо жөнүндө болуп жатат. Баланын өзүнө ишенүү сезими абдан маанилүү. Учурда балдар өтө татаал өзгөрүү мезгилин башынан өткөрүп жатат. Алар көп сандаган илимий жаңылыктарды өздөштүрүп жатат. Мунун баары баланын борбордук нерв системасы менен психикасын абдан сезимтал жана назик кылууда. Дайым алар менен бирге экениңизди, каалаган кырдаалда колдоо көрсөтүп, айыптабай турганыңызды билдирип туруңуз.

Бул, албетте, аларды бош коюп, оюна келгендин баарын жасоого уруксат берүү керек экендигин билдирбейт. Эрежелер сакталышы керек. Бала эң оболу сиздин жакшы көрөрүңүздү билиши керек. Эгер кайсыл бир нерсеге тыюу салсаңыз, демек сиз алардын жакшылыгы жана келечеги үчүн ушундай чектөөгө барганыңызды түшүнүүсү керек.

Баланын өз оюн айтуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз

Колуңуздан келишинче балдарыңыз менен көп сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Алар менен эртең мененки, түшкү жана кечки тамак учурунда түрдүү темаларда баарлашыңыз. Кино, китеп жана башка каалаган нерселерди талкуулоого болот. Алардын көз карашын тыйып салбаңыз, сөзүн бурбаңыз, өз оюн айтуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Мисалы, биздин колледжде окутуучулар студенттердин талкуулоосун талап кылышат. Студенттер үйлөрүндө да эч тартынбай сөзгө аралашуусу керек. Өз оюн билдирүү, өз көз карашына ээ болуу аракети колдоого алынышы керек. Ар дайым балаңыздан ой-пикирин бышыктап берүүсүн өтүнүңүз. Эгер келтирген жүйөлөрү анчалык ынандыраарлык болбосо, анда сылык-сыпаа, достук маанайда, акырын айтып түшүндүрүңүз.

Мындай аракет балдарыңызда өзүнө ишенүү жана логикалык ой жүгүртүү сезимин өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Балдар менен чогуу китеп окуңуз

Балдарыңыз менен чогуу китеп окууга аракет кылыңыз. Кыска окуялар камтылган китептерди же ыр китептерди алып, үн чыгарып окуңуздар. Сиз окуңуз же ал окусун, кезектешип окусаңыздар да болот. Мындан сырткары китептин бөлүмдөрүн бөлүп алып, бүт үй-бүлө менен чогуу окууга да болот.

Чыгарма же ырды окуп бүткөндөн кийин ар бириңиздер өз оюңуздарды ортого салыӊыздар, түшүнгөнүңүздөрдү айтып бериӊиздер. Автордун негизги ою эмнеде экенин табыӊыздар, жаккан жана жакпаган 3 нерсени бөлүп, талкуулаӊыздар. Ким эмнеге макул жана эмнеге каршы экенин сүйлөшүӊүздөр. Мунун баары, албетте, ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө себепчи болот.

Үй тапшырмаларын аткарууга катышыңыз

Балдарыңардын үй тапшырмаларын аткаруусуна активдүү катышууну сунуштайм.  Кеп балдардын ордуна тапшырмаларды аткаруу эмес, алардын сөзүн угуу, кантип аткарып жатканын сурап, эмне себептен дал ошентип аткарып жатканына кызыгуу жөнүндө болуп жатат. Балаӊыз аткарган тапшырмасын сизге айтып, көрсөтүп берсин. Үй тапшырмасын талкуулап, суроо бериңиз.

Бул балдарга үй тапшырмасын жакшы аткарууга жардам берет. Аларды аткарууга каалоосу күчөйт, анткени ал үй тапшырманы ата-энеси менен талкуулай турганын, ата-энесинин ага кызыгарын билет. Бул аларды шыктандырат.

Балдар менен ойноӊуз

Сөздөр, шаарлар же стол үстүндө ойнолчу оюндарды чогуу ойноӊуз. Андан ары барып, үй шартында концерт же спектакль койсоңуздар да болот. Буга үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн аралаштырууга аракет кылыңыз. Бул балдарыңыздын чыгармачыл, интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн ачууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле өз ара жакындатып, бири-бириңиздердин билбеген жактарыңыздарды билүүгө көмөктөшөт.

Билим берүү жана келечек жөнүндө сүйлөшүңүздөр

Балдарыңыздын болочок карьерасы жөнүндө кеп куруңуз. Балдар 5, 10, 15 жылдан кийин ким болору тууралуу кыялдансын, ой жүгүртсүн. Баарын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берсин. Мейли, алар реалдуу эмес нерселер тууралуу деле айта берсин. Балким, алардын ою келечекте ишке ашат, ким билет? Эмнеси болсо да, келечек жөнүндө мындай баарлашуу билим алуу зарылдыгы жөнүндө сүйлөшүүгө себепчи болот. Адатта адамдар белгилүү бир илимдерди окуп-үйрөнүүнү талап кылган кесиптер тууралуу кыялданышат, бирок иш жүзүндө ал илимдерди (сабактарды) жактырышпайт. Мына ушундай абалда баланын кыялы орундалышы үчүн ага ошондой илимдерди иликтөө зарыл экенин түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү туулат.

Мамиле курууну үйрөнүңүз

Балдарыңызга башка адамдар менен жакшы, конструктивдүү, өз ара сыйга негизделген мамиле курууну үйрөтүңүз. Алар менен тайпалаштары, классташтары, кошуналары, достору жана башкалар менен түзгөн мамилелери жөнүндө сүйлөшүңүз. Эч кимди айыптабаңыз, сындабаңыз, бирок балага башка адамдар менен кантип мамиле түзүү жолдорун үйрөтүңүз. Баштан өткөргөн окуялардан алган сабактарыӊызды балдарга айтыӊыз – мунун таасири абдан чоӊ болот.

Илим, билимди туу тутуңуз

Эгер сиз балдарыңызга талыкпай билим алуу зарылдыгын айтып, бирок башкалар менен сүйлөшкөндө “дипломдун кереги жок, окубастан туруп деле жашоодо кандайдыр-бир ийгилик жаратуу мүмкүн” деген кептерди айтсаңыз, анда сиздин суроо-талабыңыз менен дүйнөгө көз карашыңыздын ортосунда чоң ажырым пайда болот. Албетте, бул абал балдарыңыздын окууга жетишүүсүнө да таасирин тийгизет. Эгер балаңыз жакшы окусун десеңиз, анда мындай ачакей ойлорду эч качан айтпаӊыз.

Окуу үчүн жагымдуу шарт түзүңүз

Ырас, кээде ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет. Ошентсе да баланын эч ким тоскоол болуп, тынчын албаган, жарык, желдене турган жана таза иш орду болуусу абдан зарыл. Стол менен отургучтун бийиктиги тиешелүү деңгээлде болушу абзел. Жамбаш менен тизе 90 градус бүгүлгөн абалда болушу кажет. Ушул сыяктуу эле чыканактардын да столго койгондогу абалы да эске алынсын. Өтүнүч буга көңүл буруңуз. Анткени көп өспүрүмдөр туура эмес абалда отурушуп, кан айлануусу бузулуп, натыйжада окуп-билүү жөндөмү начарлап, тез чарчай турган болот.

Өспүрүмдүн өзүнчө болушуна да мүмкүнчүлүк бериңиз

Кээде баланын өзү жеке отурушуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл. Анткени бул жаш куракта балдар инстинкт боюнча “уядан учууга” умтулушат. Алар өзүн өз алдынча адам катары сезүү үчүн ата-энелерден алыстай баштайт. Бул алардын келечеги үчүн маанилүү.

Мындай каалоого түшүнүү менен мамиле жасаңыз, бирок ошол эле учурда аша чаппай, үй-бүлөдөн өтө алыстап кетпей, сиздер менен баарлашып турганы жакшы.

Үйдө чыгармачылык үчүн материалдар болсун

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, үйдө китеп, түстүү кагаздар, сүрөт тартуу үчүн альбом, сүрөт тартуучу каражатттар жана башкалардын болуусу инсандын интеллектуалдык, чыгармачыл жана руханий жактан өсүп, окууда ийгиликке жетиши жана келечекте мыкты кесипкөй болуп чыгышы үчүн өбөлгө түзөт.

Эгер каржылык жактан мүмкүнчүлүк болсо, аталган каражаттарды сатып берип туруӊуз. Балким, балаңыз аларды дароо эле колдоно баштабайт, бирок эртедир-кечтир баары бир аларды колуна алат. Мына ошондо эч ким билбеген таланттары ачылышы толук ыктымал.

Кысым көрсөтпөңүз

Ар кандай шарттар болот. Кээде үй-бүлө чакан бөлмөдө жашап, натыйжада бала “бул жерде турба, тигил жерге тур, антпе, минтпе” деген сыяктуу кептерди көп уга турган болот. Эч качан антпеңиздер, баланы ары-бери түрткүлөп, кысымга албаңыздар. Өзүнө ишенүү сезимин өчүрбөңүздөр. Баланы мейкиндик чектеп койбошу үчүн, мейкиндикти бала тескей билиши керек. Мунун баары өзүнө ишенүү сезиминин өсүшү жана окууда ийгиликтүү болуусу үчүн маанилүү.

Мактап туруӊуздар

Эгер балаңыз сүрөт тартса, бирдемелерди жасаса, сөзсүз түрдө мактаңыз. Алардын жасаган эмгектерин, сүрөттөрүн талкуулаӊыздар. Дубалга илип, дос-туугандарга көрсөтүӊүздөр.

Эсиңизде болсун: Сиз мактоо менен баланы буза албайсыз. Жашоодо ал күмөн санаган учурлар көп болот, ошондуктан ашыра мактап койгонуӊуз деле ага зыян тийгизбейт. Ишенип коюңуз. Айрыкча кайсы бир багыттагы алгачкы кадамын колдоп, мактоо зарылдыгын унутпаңыз.

Фото интернеттен алынды: https://blog.wikium.ru/kak-pravilno-motivirovat-rebenka-horosho-uchitsya-v-shkole.html

 

Бөлүшүү

Комментарийлер