КАРА-СУУДАГЫ КЕСИПКӨЙЛҮК ДАРСТАРЫ

  • 11.10.2022
  • 0

Жакында Республикалык педагогикалык кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу жана  кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов жана директордун орун басары Алмаз Шергазиев Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапованын кайрылуусунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районуна барып, мектеп жетекчилерине кызматтык ишине байланышкан эң бир зарыл нускамаларды берип, кесиптик билимдерин байытып келди.

КАРА-СУУДАГЫ КЕСИПКӨЙЛҮК ДАРСТАРЫ

Бул окуу ишине жалпысынан 180 мектеп жетекчиси камтылды. Жеринде өтүлүүчү курстардын биринчи этабы 27-28-сентябрда Кара-Суу районундагы Чолпон орто мектебинде уюшулуп, ага 68 мектеп директору катышса, 29-сентябрда райондогу Кычан Жакыпов атындагы мектеп-гимназиясындагы дарстардан 64 мектеп жетекчиси өз кесиптик билимин жогорулатты. 30-сентябрда ушул эле мектеп-гимназияда улантылган курстардан райондогу 48  директорлордун окуу иштери боюнча орун басарлары керектүү билимдерге ээ болду.

КАРА-СУУДАГЫ КЕСИПКӨЙЛҮК ДАРСТАРЫ

Белгилүү болгондой, мугалимдердей эле мектеп жетекчилери: директорлор жана алардын окуу, тарбия иштери боюнча орун басарлары беш жылда бир жолу 72 сааттык курстан өтүп, өзүнүн кесиптик билимин жогорулатып турууга тийиш. Түштүк жергисинде мектеп жетекчилеринин кесипкөйлүгүн арттыруу иштерин  Ош облустук билим берүү институту колго алган.

КАРА-СУУДАГЫ КЕСИПКӨЙЛҮК ДАРСТАРЫ

— Биз облустук институттагы кесипкөйлүк дарстарына мектеп жетекчилерин график боюнча үзбөй жөнөтүп турабыз. Институт бизге зор жардам берүүдө. Өзүңөр жакшы билгендей, учурда мектеп реформасы жүрүп жатат. Окутуунун мазмуну өзгөрдү. Мектепти башкарууда да чоң жаңылыктар бар. Мектеп жетекчилерибиз эң бир зарыл билимдерди улуу устаттардын өз оозунан уксун деп, Алмазбек Даткабековичке кайрылдык. Дароо келип, жаңы билимдери менен бөлүшүп кетишти, — деди Кара-Суудагы билим кербенинин демилгечиси, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова.

КАРА-СУУДАГЫ КЕСИПКӨЙЛҮК ДАРСТАРЫ

Борбордон келген окумуштуу-педагогдор карасуулук мектеп жетекчилеринин билимге болгон мамилеси таптакыр башкача экенин айтышат.

— Чолпон мектеби Ош шаарына чукул экен, ошол жерде, анан Кара-Суунун өзүндө мектеп директорлоруна, директорлордун окуу иштери боюнча орун басарларына Алмаз Даткабекович азыркы билим берүүнүн багыты, стратегиясы, мен болсо нормативдик документтер менен иштөө тууралуу жаңы билимдерди бердик. Бирөөсү да жооп сурап кетпей, баары баштан-аяк активдүү катышып, түшүнбөгөн суроолорун беришти. Дарстарыбыз кызыктуу, эң башкысы, угуучулар үчүн пайдалуу болду, — деп айтат Мугалимдер институтунун директорунун орун басары Алмаз Шергазиев.

Мектеп жетекчилеринин жаңы билимдерге муктаж экенин бизге  Алмаз Жакшылыкович дагы эки жүйөлүү себеп менен түшүндүрдү.

— Ушу тапта Президенттин Жарлыгына ылайык жер-жерлерде мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо жүрүп жатат. Конкурстан ийгиликтүү өткөн директорлорго, албетте, жаңы билимдер зарыл. Мектеп директорлору үчүн дагы бир жүрөк өйүгөн жумуш бул аккредитация маселеси болуп эсептелет. Мектеп директору өз мектебин аккредитациядан ийгиликтүү өткөрүү үчүн нормативдик документтер тууралуу толук билгиси келет, — деди Мугалимдер институтун директорунун орун басары.

Кара-Суудагы билим кербенинен соң, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун  илимпоз-усулчулары мектеп жетекчилеринин кесиптик билимин жогорулатуу курстарын башка облустарда да улантууну ниеттенүүдө.

— Ушул күндөрү  биздин институттун окутуучулары карасуулук мектеп жетекчилерине дистанттык онлайн түрүндө башка предметтерден сабак берүүдө. Бул курсубуз жыйынтыкталса, Талас, Жалал -Абад, Баткен облустарында улантууну чечтик, — дейт Алмаз Жакшылыкович.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер