«Тепкениң — үзүлөт, чапканың сынат”. Калемдешке кат
- 29.01.2025
- 0
Ардактуу иним Арслан!
“Добул-Таштык “Заратустранын” аңгемеси” аттуу китебиңди кунт коюп окуп чыктым. Баса, береги баяныңдын барагын ачмакка урунаардын босогосунда ичимден кыйла ташпишке түштүм көрүнөт. Анткенимдин анык себебин мурдагы романдарың, колумдагы повестиң туурасындагы сакалдуу-көкүлдүү жоон топ замандаштарыбыздын буга чейинки жылуу бааларынын, алкоо кептеринин көңүлүмдө кыттай уюп жүргөнүнө жорудум. “Эми менин менчик оюм тигилердин пикирлерине кайчы келип калбагай эле” дегенчелик жүрөксүйт турбайсыңбы, киши. Кариет, андай болгон жок. Асыресе, пенденин мээси эң ыңгайлуу кинотеатр экенин мыкты адабий чыгармага сүңгүп киргенде сезесиң дешкени өтүрүк эместей. Сүйлөмгө сүйлөм, абзацка абзац, бетке бет жалгашып, ардагер чекистин мажүрүм талдын көлөкөсүндө он чакты гезитти бир сыйра караганынан, баягы “кара макаланын” авторунун Кызыл-Аскердеги шыйпыр чатырлуу сыраканада байма-бай көтөргөн тосторунан баштап, түркүн-түркүн көрүнүш, окуялар утур-утур, элес-булас чагылып, карек алдымдан каз катар тизиле, зыпылдап өтүп жатпадыбы. Анүстүнө кадимкинин манасчыларынын таасирине канык кара жаак тилиңдин жатыктыгы, күтүүсүз “бырс” эттирген жумшак юморуң, сом темир сымал солкулдабас логикаң азыноолак камылгалуу китепкөйдүн алдагы текстке карата кызыгуусун арттырбаса, кемитпейт.
Узун-кыска аңгемелерден куралган “…Аңгемеңде” сен ак менен каранын алмустактагы алгачкы адамзат жамияттарынан бери токтобой да тынчыбай, ар убактан бир убак уланып келаткан айыгышпас кармашынын жаратылышын, жөн-жүйөөлөрүн кечээки тотолитардык коомдун айрым мисалында, арабызда тиричилик кечирген жарандардын элестүү бейнелери аркылуу чечмелөөгө, түбөлүк бүтпөс талашты көсөөлөп козгоп, ортобузга таштоого астейдил аракет жасаптырсың. Баракелде! Ий-е, агымдагы сөз өнөрүбүздүн куржунунда деле, ушундай, учкай бакканда, көсөм аалым Фридрих Ницшенин улуу мурастарына окшош, бирок, мазмуну балгын, мезгили бизге жакын, биресе философиялык, биресе прозалык туунду барлыгына шүгүр.
Кундуу көркөм дөөлөт улуттун бүтүндүгүн ширетүүгө өбөлгө эмеспи. Бүгүнкү окурман, чагымда, жаңы “Ак кемеге”, жаңы “Сынган кылычка” абдан муктаж. Ырас, үркөрдөй тобубузда таланттуу калемгерлер узанат, кызыктуу нерселер кездешет. Сыйлык, наамга туйтунгандар арбын. Кээ бир “жолдуу” кесиптештерибиз, а түгүл, Түндүк Кореянын эки ийининен тарта, шымынын кош багелегине дейре орден-медаль, артыкчылык белгилери тагылуу аскер лашкерлерин элестетет. Мейли, ич тардык кылбайлы. Нетсе дагы, аларыбыздын сыпайыгерчиликти туура түшүнүп, биртке атак-даңктын реалдуу шарт, мүмкүнчүлүктөрүн жеке чыгармачылыгын курчутууга, жалпыга жарактуудай идеяларын жайылтууга жумшаганы түзүк.
Сага кайрылсам, иним, ушу тапта өзүң тарыхчы-илимпоз сыпатында, бөтөнчө жазуучу иретинде баралыңа толгон маалың. Тепкениң — үзүлөт, чапканың — сынат. Буюрса, жакабелиңде “Арслан Койчиев доорубуздун ажайган сүрөтүн сонундан сонун бир сонун тартат, ошентүүгө кайрат-каркыны жетиштүү” деген үмүткөрлөр оголе көпбүз. Ийгилик! Ылайым, камбыл мүнөзүңө капилет көз тийбесин?!
Санаалаштык саламым менен, Абибилла Пазылов
Комментарийлер